Бейтараптуулук бизди багыттоочу принцип
Бейтараптуулук жаңылык таркатуудагы башкы талаптардын бири деп саналат. Сиздин берүүдө бул талап сакталганын кантип камсыздайсыз?
Бейтараптуулук Би-Би-Сидеги ишибиздин эң маанилүү бөлүктөрүнүн бири. Биз маселенин эки тарабын тең калыс чагылдырганыбыз үчүн бизге ишеним бар.
Би-Би-Си Академиясынын бул видеосунда продюсер Акчолпон Койчиева жаңылыктар кандайча тандалып, аны текшерүүнүн жана бейтарап чагылдыруунун кандай жолдору бар экенин, эгер башка тараптан аргумент алуу мүмкүн болбосо эмне кылуу керек экенин түшүндүрөт.