Өзгөчөлүү журналистика

Биз жазган материалыбызга оригиналдуулук алып келүү үчүн журналисттик иликтөөлөр жана түшүнүктүү, жеңил жазуу ыкмаларын өздөштүрсөк болот. Социалдык медиа жана коммуникация өнүккөн заманда бул өзгөчө маанилүү.

Ар бир журналист өз чыгармасынын оригиналдуу болушун каалайт.

Бул көрсөтмөлөр «Бүгүн» ( Today) аттуу программанын мурунку редактору Кевин Марштын Би-Би-Си журналисттерине окулган лекцияларына негизделген.

Биз журналистикага оригиналдуу болуш үчүн келдик. «Оригиналдуу же өзгөчөлүү журналистика»  деген сүйлөм тавтологияга, кайталоого жатат. Журнализм – бул кишилерге жаңылыктарды, адаттан тыш окуяларды айтып берүү. Бардык журналисттер, алардын арасында биз суктанган журналисттер дагы, канчалык өзгөчөлүү болдум экен, кайсы жаңылык кызыктуу болот, деп кабатыр. Оригиналдуу болуш үчүн жөндөм керек. Мындай жөндөмдү үйрөнүүгө болот, бирок барган сайын өзгөчө болуу кыйын болуп баратат. 

Мындан бир нече жыл мурдагыга караганда журналисттер азыр көбүрөөк кабар чыгарууда. Андыктан кабар чыгаруу процесске айланып, изденүүгө, иликтөөгө орун калбай калган сыяктуу. Анын үстүнө интернет аркылуу таркап жаткан чын маалымат, жалган маалымат деңизи чындыкты издегендерди чөктүрүп жибериши да ыктымал.

Көнүмүш адаттар 

Өзгөчөлүү болуу үчүн аракет, убакыт, чыгармачылык зарыл. Чала иштегендер өзгөчө боло албайт. Мында жөн гана иштөө эмес, катуу берилип иштөө керек. Бир нече күн гана эмес, ар дайым берилип иштөө керек. Мындай иш аң сезимди, адаттарды өзгөртөт.

Кызыгуу

Мен бул лекцияларды даярдап жатканда Би-Би-Синин эң тажрыйбалуу деген ондогон редакторлору, кабарчылары, продюсерлери, иликтөөчүлөрү менен сүйлөшүп чыктым. Алардын кеңешин сурадым

Ар бири бир нерсени баса белгилешти. Бир сөз. Кызыгуу. Кызыгуу болбосо – убактыңды бекер коротпо. Жакшы кабарлар кызыгуунун арты менен табылат.

«Бир да жолу жумушка өзүң тапкан кабар менен келбесең анда кабар табуу өнөрүн өздөштүрүүгө кириш»

Би-Би-Синин Белфасттагы командасы ушундай жөнөкөй кеңеш берди. Алардын бири келтирген мынабул мисал бир редактор жөнүндө:

"... Көчөнү бойлой басып 500 метрлик аралыкта баарынан көп кабар табам деген максат койчу. Акыр-чикирдин көптүгү, машиналарды токтотуу тартиби, жаңы унаалар саны, парковканы текшерген полициянын иши, кеңседе тыйуу салынгандан кийин кафелерде тамеки чеккендер көбөйгөнү, жаңы дүкөндөр ачылганы, же банкрот болуп жабылганы, кайыр сурагандар, курулуш иштери жана башка, жана башка.

Далай жолу курулуштун тушунан өтүп баратып, эмне куруп жатасыңар деп сураш ойго да келбейт.» 

Дагы бир редактордун кеңеши: 

"Сенин кызыгууң жаныңды жай алдырбашы керек. Бош дубалды карап отурсаң дагы: бул эмне себептен бош?- деп ойлонгончолук кызыгуу болушу керек"

Эмне үчүн – деп сура. Андан соң: эмне үчүн болбосун, деп сура

Эмесе, кызыгууңду кантип өөрчүтүүгө болот?

Албетте машыгыш керек. Бирок эскертип коёюн, эгер кызыгууңду мыктап өөрчүтсөң көптү тажаткан, кыжырын кайнаткан киши болуп каласың. Аң сезимиң бирөөнү угуп жатканда, гезит окуганда, көчөдө басып баратканда «кызык экен, эмне үчүн мындай» демейинче тынч туралбаган абалда болууга тийиш.

Уккан же көргөн нерсе боюнча мүмкүн болушунча суроолорду түз.

Гезиттердин куш-кабар жаңылыктар бөлүгүн карап, кабарда айтылбаган жагдайлары боюнча суроолорду түзүп көр.

Өзүңдүн реакцияңды байка

Кайсы бир жаңылыкты же окуяны уккандан кийин оюңа эмне келгенин байкасаң.

Бейтараптуулукту бир ирмемге унутуп, биринчи келген оюңа көңүл бур. Эмне деп ойлодуң? Башкалар да ошентип ойлоду бекен? Оюңду туура эмес деп четке кагып көрсөңчү? Анда эмне ой пайда болду?  

Күнүгө ушундай издене берсең башкалар байкабаган жагдайды түшүнүү адаты иштелип чыгат.

Би-Би-Си-2нин Newsnightберүүсүнүн редактору Майкл Крик:

"Күнүгө бир эле окуяны чайнап айта берген күндө да «бул жөнүндө бүгүн жаңы эмнени айтууга болот» деп өзүңдү ар дайым сурап тур."

Өзгөчөлүү ой жүгүртүүгө ушундай ыкма менен көнүгүүдө көп нерсени билүүнүн зарылдыгы жок. Болгону кызыгып туруш керек. Дагы бир редактор аймактык радио станциясына адеп орношкондогу учурун эскерет:

"Эмне кылышты эч билген эмесмин. Шаарды да билбейм, киши да тааныбайм, эмнеден баштоону билген эмесмин. Анан эле ал кездеги премьер-министр Маргарет Тэтчер Советтер Союзу менен соодага эмбарго – убактылуу тыйуу жарыялады. Советтер Союзу Афганистанга кирип барган эле. Ошондо эмнеден баштаарды билбей туруп, адегенде жергиликтүү бизнесмендин абалын түшүнүп көрөйүн дедим да шаардагы эң ири экспортердун башчысына чалдым. Натыйжада бул маек биринчи саптарда айтылып, аны жергиликтүү гезиттер, аймактык телеберүү да алып чыкты." 

Staff sign-in

Please wait while we check that you are connected to the BBC internal network

Sorry, we couldn't confirm that you were on the BBC internal network

  • Please check that you are connected to the BBC internal network
  • Please check the link you are trying to access is correct
Close and continue

You are confirmed on the BBC network

Close and continue