Көз карандысыздык

Аудитория алдындагы милдетинен улам Би-Би-Синин журналисттери өз тыянактарына өз алдынча келгенин көрсөтө билиши керек.

Ишенимге ээ болуш үчүн көз каранды эмес болууңуз шарт.

Көз карандысыз болуу – журналист үчүн башкы талап экени талашсыз ... бирок бул суроолорго эмне деп жооп береер элеңиз?

  1. Сиз жеке өзүңүз жана редакциялык ишиңизде өкмөттүк, саясий, коммерциялык же башка кызыкчылыктардан көз каранды эмессизби? 
  2. Сиз кайсы бир уюмду, анын өндүрүмүн (продукциясын), ишмердигин же кызматын колдоодон баш тартасызбы, колдогондой таасир калтырбайсызбы?
  3. Өз баяндамаңызда кайсы бир өндүрүмдү баса белгилөөдөн алыссызбы?
  4. Негизги ишиңизден тышкаркы аракеттериңиз журналисттик ишиңизге туура эмес таасир этпей турганы аныкпы?

Көз карандысыз болуу – бул аң сезимдин абалы. Өжөрлүк менен бир көз карашты бекем кармануу дегенге жатпайт, көз каранды эмес экенин көрсөтүү үчүн ар кимдин ниетинен күмөн саноо керек дегенди да билдирбейт.

Көз карандысыз болуу менен бирге көз каранды эмес экениңизди көрсөтө билүү да өтө маанилүү.

Сыртыңыздан

Сиз, журналист болгон соң, көз каранды эмес экениңизден эч ким күмөн санабайт деп ойлошуңуз мүмкүн.   

Албетте, Би-Би-Си жана анда иштеген кишилер көз карандысыз. Керек болсо өжөр десек да болот. Журналисттердин баары ошондой.  

Журналисттер өздөрү тууралуу:

"Бизге эч ким буйрук бербейт. Биз окуя тууралуу оюбузду, аны чагылдыруу тартибин өзүбүз түзөбүз. Көз карандысыздык ар дайым бейтараптуулук жана редакциялык принциптер менен коштолуп жүрөт. Биз коркпойбуз жана жактабайбыз. Болду.”

деп ойлогусу келет.

Бирок эски лакапта айтылгандай, "биз өзүбүздү ниетибизге жараша бааласак, башкалар ишке жараша баалайт."

Мен көз карандысызмын деп ойлоо, же көз карандысыз болууга умтулуу – жетишсиз. Чынында эле көз каранды эмесмин деп бардык угармандарды ишендирүү мүмкүн экенине кепилдик жок.   

Угармандар алдындагы милдетинен улам Би-Би-Синин журналисттери өз тыянактарына өз алдынча келгенин көрсөтө билип, бул боюнча күмөн туудурбаска бардык аракетин жасашы керек.  

Эгер жаңылыктарга чыккан кимдир бирөө менен болгон алакаларыңыз күмөндүү ой жаратып жатса, башка адамга бул кандай таасир калтырмак деп өзүңүзгө суроо коюңуз. “Эгер угармандар арасында окуяны кандай чагылдырганымды билген бирөө болсо мени көз карандысыз иштеди деп айтаар беле?”    

Өзүңүздү текшериңиз: сизге таасир этчү жагдайдан жетиштүү деңгээлде алыстадыңызбы? 

Эгерде бизнести чагылдырып, брэнддер менен товарлар тууралуу баяндай турган болсоңуз, сиз ошол товарды даңазалабастан, ал тууралуу айтып жатканыңыз аныкпы?

Staff sign-in

Please wait while we check that you are connected to the BBC internal network

Sorry, we couldn't confirm that you were on the BBC internal network

  • Please check that you are connected to the BBC internal network
  • Please check the link you are trying to access is correct
Close and continue

You are confirmed on the BBC network

Close and continue