Жоопкерчилик

Коом тарабынан каржыланган Би-Би-Си кызыкчылыгы, маданияты, тарыхы ар башка болгон коомчулуктар алдында жоопту.

Журналисттер кааласа да каалабаса да жооп берүүгө тийиш.

Маалымат уюмунда журналист болуу – аларды элдин алдында жоопту болуусун шарттайт. Өз аудиторияңыз жана кеңири коомчулук алдында да жоопту болосуз.  

Коомчулук алдында жоопкерчилиги болбогон журналистика – балким “көңүл ачуу” дегенге жатаар, бирок ал журналистика эмес.  

Би-Би-Си журналистикасы жоопту болууга атайы милдет алат. Ал коомчулук тарабынан каржыланат. Британияда телеберүүлөр үчүн төлөнгөн лицензиянын эсебинен каражат алат. Демек Би-Би-Синин бардык журналисттери ар бир чечими үчүн аудиториясы алдында жооп берүүгө даяр болушу керек.

Би-Би-Синин кабарчылары ар башка кызыкчылыктагы, ар башка маданияттагы, тарыхы ар башка, күндүн  башкы окуясына карата да ар башка мамиледе болгон кеңири коомчулуктар алдында да жоопту.      

Би-Би-Си бул милдетин:

  • ылайыктуу ыкмада ачык жана түз баяндоосу
  • аудиторияга жогорудан эмес теңи катары кайрылуусу
  • эмне болгонун түшүндүрүүгө умтулуп, окуянын маанисин, аудиторияга кандай тиешеси бар экенин жеткирүүсү  
  • редаторлук чечими үчүн аудитория алдында жооп берүүгө даяр болуусу
  • каталарын оңдоп, алар үчүн кечирим суроосу аркылуу аткарып келет. 

Аудитория алдында жооптуу болуу  - анын жетеги менен иштөө дегенди, же болбосо аудитория каалаган гана  журналистиканы сунуштоо дегенди тунтпайт.

Чечим кабыл алуудан качуу дегенге да жатпайт.

Бирок албетте редакторлук чечимдериңиз үчүн аудитория алдында жооп берүүгө даяр болуу дегенди камтыйт.

Болгондо да, сиз менен макул эмес угарман, окурмандарыңыз да сиз ошондой чечим кабыл алууга негиздүү жүйөөңүз болгонун түшүнгүдөй жеткире билүүңүз абзел.   Ошол жүйөлөрүңүз Би-Би-Синин баалуулуктары менен айкалышаары да айкын болуш керек.

Каталар 

Бир да маалымат уюму, бир да журналист эч жаңылбай, барысын туура жасаган учур болбойт. 

Канчалык тактыкка, акыйкаттыкка жана бейтараптуулукка умтулсаң да убакыттын тартыдыган же бардык фактылар тактала электе баяндоого туура келгенден улам ката кетирген учурлар болот. 

Убакыт кысып турганда жасалган тыянак; мөөнөткө үлгүрүү үчүн чечим чыгаруу; айтылган ойдун маанисин чагылдыра албаган сюжет.  

Көп журналисттер үчүн “кечирим сурайм” деп айтуу абдан татаал. Ошентсе да, ката жасап алганда маалкатпай кечирим сурап койуу -  өз ара ишенимди бекемдөөгө көмөк болот.

Үйрөнүү

Башкалар сыяктуу эле журналисттер да каталардан сабак алат. Эгер катаны моюнга албасаң, ал үчүн жооп бербесең андан сабак да ала албайсың. 

Би-Би-Си коомчулук тарабынан каржыланган уюм, андыктан өзгөчө Би-Би-Си журналисттери өздөрүнө көбүрөк суроо койуусу абзел:

Коомчулук каржылаган уюмга арыздана турган болсом, ага өзүм да салым кошсом, кандай чараларды күтөөр элем?

Жок эле дегенде түшүндүрмө берилишин күтмөксүз. Эгерде ката жасалган болсо анда кечирим сурашат деп күтмөксүз.

Журналисттер түз ободо, уланып жаткан жаңылыкты чагылдырууда же интернетте ката кетиргенин билеер замат оңдой салганы жакшы. Окуялар демейде бара бара өзгөрүп турарын, мурдагы түшүнүк, мурунку тыянактар да өзгөрүшү мүмкүн экенин аудитория түшүнөт.

Ошону менен катар жаңылык кечээки, өзгөрбөйт дегенге болбой калды. Вебсайттар, санариптик сактоодогу материалдар, бири-бири менен байланышкан окуялар – журнализм токтоосуз, ар дайым эле азыркы учурда орун алып калды дегенди билдирет. Каталар да ошондой.

Арыздануу

Кимдир бирөө арызданса:

  • Аны арыздар менен иштешүүнүн тартибине жараша тескеш керек. Бул тартип сизди улам арыздана бергендерден да коргойт. 
  • Арыздануу кандай тил менен кандай үн менен жасалса да сиз сылык, токтоо жооп кылыңыз. Эч качан шашып кетип телефон чалбаңыз, электрондук кат жазбаңыз.  
  • Арызданган кишини маалымдап туруңуз, эгер фактыларды текшерүү зарыл болсо бул тууралуу жана жыйынтык качан чыгаары жөнүндө ага айтыңыз. 
  • Эгер арыздануу негиздүү болсо муну моюнга алып, ал боюнча эмне кылаарыңызды билдириңиз. 
  • Эгер арыз негизсиз болсо, же пикир мыйзамдуу түрдө айырмалуу болсо муну да айтып, сиздики туура экенине эмнеге ишенип жатканыңызды билдириңиз.
  • Жазуу материалдарды сакташ керек, арыз күчөшү мүмкүн.

Staff sign-in

Please wait while we check that you are connected to the BBC internal network

Sorry, we couldn't confirm that you were on the BBC internal network

  • Please check that you are connected to the BBC internal network
  • Please check the link you are trying to access is correct
Close and continue

You are confirmed on the BBC network

Close and continue