Бейтараптуулук

Бейтараптуулук фактыларга негизделген баа келтирүүгө жол берет, журналистикага карата элдин ишенимин арттырат.

Бейтараптуулук Би-Би-Си журналистикасынын өзгөчөлүктөрүнүн бири.

Журналистиканын барысы эле бейтараптуу болбойт. Бүтүндөй журналистика бейтарап болушу зарыл эмес. Мисалы дүйнөгө карата белгилүү бир көз карашты карманган газеталар журналистиканын мыкты үлгүлөрүн жараткан. Окурмандар ал гезитти сатып алуу же албай койууну өз көз караштарына жараша өздөрү чечет.  

Бирок Би-Би-Си журналистикасы айырмалуу. Ал телекөрсөтүүлөр үчүн лицензия сатып алып жаткан Британиянын эли тарабынан каржыланат. 

Демек Би-Би-Си өкмөт эмес, анын кызматтары үчүн төлөп жаткан эл алдында жоопту. Элдин көз караштары ар түркүн, алар ар башка социалдык, маданий, диний катмарлардын өкүлдөрү. Бул тууралуу кабардар болгондон кийин Би-Би-Си бир гана көз карашты карманган позицияда боло албайт.     

Британдык мыйзам боюнча Би-Би-Синин журналисти бейтарап болушу керек. Бул баалуулук жана талап Би-Би-Сини башка маалымат уюмдарынан айырмалап турат. Анын үстүнө ал Би-Би-Синин өз аудиториясы менен түзгөн келишиминин бир бөлүгү.

Бейтараптуулукту кээде туура эмес түшүнүшөт. Бейтараптуу журналистиканы турмушка коошпогон идея дегендер бар.  

Көп кишилердин оюнча “объективдүүлүк”, “нейтралдуулук”, “тең салмак”, “акыйкаттык” деген түшүнүктөр ошол эле “бейтараптуулук” дегенди билдирет.

Алар бул сөздөрдү алмак-салмак колдоно беришет. Бирок булар айырмалуу түшүнүктөр. 

Мисал иретинде Би-Би-Синин кабарчысы Алан Литлдын баянын келтирели:

Сиз кафеге кирип келсеңиз эки киши урушуп жатат.

Алардын бири “экиге экини кошсо төрт болот” деп айтууда. Экинчиси каршы чыгып, “экиге экини кошсо беш болот” деп жатат. 

Эгер бул талашты досуңузга айта турган болсоңуз, муну объективдүү, нейтралдуу, тең салмактуу, акыйкат же бейтараптуу түрдө баяндап бересиз. Ар бир баяныңыз ар башка чыгат.

“Объективдүү” айта турган болсоңуз, эки кишинин айткандарын математикалык, эсептик жалпылоону кошпостон айтып бересиз. Ар биринин айткандары туура же туура эмес экенин айта албайсыз. Сиз билбегениңиз үчүн эмес, антип талдоого негизиңиз болбогону үчүн айта албайсыз.  

“Нейтралдуу” дегенде эки кишинин бири жаңылып жатканын билесиз, бирок алардын айткандарына баа бербестен баяндап бересиз.

“Тең салмактуу” баяндаганда эки кишинин айткандарын бирдей шартта, бирдей ыкмада баяндап, мында да бааңызды кошпойсуз.

“Акыйкат “ айтып бериш үчүн эки кишинин аргументтерин мүмкүн болушунча акыйкат жеткирүүнү көздөп, ар бири өз пикирин жактап келтирген кеңири шарттарын баяндооңуз абзел.

“Бейтараптуу” баяндаганда ар бир кишинин айткандарын мүмкүн болушунча так келтирип, башка да маанилүү көз караштарды келтирүүгө мүмкүн. Мисалы, математика боюнча эксперттин булардын бири жаңылышып, бири туура айтып жатканын белгилеген оюн келтире аласыз.

Бейтараптуулук сизге фактыларга негизделген баа келтирүүгө жол берет. Сиз орчундуу, окуяга тиешелүү көз караш издешиңиз керек. Бул пикирлерди салмактап, далилсиз айтылгандарды же фактыга каршы келгендерди алып салууңуз абзел.     

Бейтараптуулук кеңири көз караштарды чагылдырууну камтыйт.

Талап кылынган бейтараптуулук

Негизи жалпы журналисттик ишиңизде бейтараптуулукка умтулууңуз зарыл. Ошентсе да бейтараптуулук өзгөчө маанилүү болгон жагдайлар бар. Мындайда сиз бир катар көз караштарды топтоп, аларды тең салмактуу берүүгө күч үрөшүңүз керек.  

Карама-каршылыктуу маселени тийиштүү бейтараптуулук менен чагылдыруу зарыл.

Карама-каршылыктуу деп бир коомчулуктун ичиндеги кескин айырмаланган көз караштарды; саясатчылардын келишкис позицияларын; саясаттын өзгөрүшүнө же санкцияларга алып келчү кандайдыр бир талкуу сыяктуу маселелерди айтууга болот.  

Албетте, карама-каршылыктуу маселелердин белгилүү бир тизмеси жок. Маселе андай экенин өзүңүздүн байкооңузга жараша аныктайсыз. Бирок жалпысынан, маалымат каражаттарында чагылдырылган маселелердин дээрлик көпчүлүгү карама-каршылыктуу.

Сөзсүз талап кылынган бейтараптуулук обого чыга турган баяндама же интернетке даярдалган макала нейтралдуу жана тең салмактуу түзүлдү дегенди гана билдирбейт. Ал аталган маселе боюнча бардык орчундуу көз караштар жана позициялар чагылдырылды дегенди билдирет.

Сиз анда баяндоону өзгөчө тартипте курап, же тыянак жасап далилге негизделген бааңызды бере аласыз. Бирок маалымат чогултуунун, баяндаманы түзүүнүн жалпы процесси бейтараптуу жасалууга тийиш.

Белгилүү мөөнөттө жетишилчү бейтараптуулук

Татаал маселелерде бейтараптуулукка белгилүү бир мөөнөттө жетүүгө мүмкүн.

Ар бир жолку баяндоо, өзгөчө жаңылыктар бөлүмүндө чыккан кабар, акыйкат болушу керек. Бирок көп учурда, өзгөчө жаңылык жаңы эле чыгып, улам өзгөрүп жатканда аны бейтараптуу чагылдырууга жетишүүгө чейин бир топ убакыт өтүшү мүмкүн.    

Баяндоонун бейтараптуулугуна жетүү үчүн ар кандай көз караштарды топтоого убакыт кетет.  

Мисалы, окуяга аралашкан тараптардын бири өз позициясын билдирүүдөн баш тартышы окуяны чагылдырууну басаңдатпашы керек. Чукул жаңылык чыкканы тууралуу “чагылган” билдирүү демейде эмне белгилүү экенин гана чагылдырат. Аны чечмелөө, талкуу кийинчерек келет. Коомдун көрүнүктүү өкүлүн талкууга катышууга көндүрүү үчүн убакыт талап кылынышы мүмкүн. Кээде окуяны түшүнүү да бара-бара өзгөрүп, ал боюнча башкача пикирлер пайда болушу ыктымал.

Белгилүү бир мөөнөттө аталган окуяга карата орчундуу көз караштар айтылгандыгын камсыздоо жаңылыктар бөлүмүнүн редакторунун жоопкерчилиги. Кээде, мындай жагдайда, көз караштардын салыштырмалуу салмагын эсепке алуу зарыл, азчылыктын көз карашы көпчүлүтүн ою катары көрсөтүлбөшү абзел.   

Ошондой эле редактор бейтараптуулук боюнча төмөнкүдөй көйгөйлөрдүн алдын алуусу зарыл:  

  • Дүйнө “алсыздар” жана  “жамандар” деп так бөлүнбөгөн соң, баяндоолордо “алсыздарды” жактоого ооп кетпөө керек. Жөнөкөй нерселерден ары өтүп, окуянын маңызын түшүнүүгө, кээде чечүүгө татаал болгон тандоолорго жетүү керек.  
  • Талаштуу жагдайларды көз жаздымда калтыруу – ар тараптуулукту чагылдырууга бел байлаган соң айрым сезимтал жагдайларды, айталы, ар башка азчылыктар ортосундагы расизм, же динге байланыштуу оңтойсуз нерселерди чагылдырбай койо албайсыз.
  • Бейтараптуулук теңдик катары – бекем орун алган көз караштарга жана адаттан тышкары, көнүмүш эмес пикирге ободо бирдей убакыт берүү – бейтараптуулукка жатпайт.
  • Үндөр кошулду  –  “алынды“ деп белгилөө үчүн гана топтолгон ар түркүн үндөр – кеңири көз караштар чагылдырылды же талкуу болду дегенди билдирбейт.   
  • Рефлекс жооптор – ар кандай көз караштар айтылып жатканда журналисттер кээде өзү күтүп жаткандай жоопко жакын пикирлерди тандап алышы мүмкүн. 

Staff sign-in

Please wait while we check that you are connected to the BBC internal network

Sorry, we couldn't confirm that you were on the BBC internal network

  • Please check that you are connected to the BBC internal network
  • Please check the link you are trying to access is correct
Close and continue

You are confirmed on the BBC network

Close and continue