
АКШнын Финансы министрлиги
АКШнын Финансы министрлиги Япониянын якудза уюгунун жана эл аралык кылмыш тобуна кирген деп шектелген бир катар кишилердин банктын эсептерин тоңдурганын билдирүүдө. Алардын арасында Кыргызстан атуулу Камчы Көлбаев дагы бар.
Министрликтин расмий сайтында Ямагучи-гуми деп аталган Япон кылмыштуу тобунун бир катар өкүлдөрү, ошондой эле лидери Кеничи Шиноданын банктык эсептери тоңдурулганы айытылган.
Андан тышкары Brothers’ Circle же Боордоштор жамааты деп аталган эл аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрү деп шектелген адамдардын ысымдары жарыяланып, аларга дагы ушундай эле санкциялар колдонулуп жатканы маалымдалган.
АКШнын финансы министрлигинин расмий сайтындагы бул маалыматта Боордоштор жамаатын Евроазиядан, айрыкча мурдагы Советтик республикалардан чыккан кылмыштуу дүйнөнүн ана башчылары жетктээри айтылган. Алардын ичинде Кыргызстан, Өзбекстан, Орусия жана Бириккен Араб Эмираттарынын атуулдары бар.
Боордоштор жамаатынын негизги фигуралары деп Владислав Леонтьев, Василий Христофоров, Камчыбек Көлбаев жана Гафур Рахимовдун ысымдары аталган.

Япониянын якудза уюгуна да финансылык согуш жарыяланды
Льеонтьев менен Христофоров Орусиядагы баңгизат кылмыштары жана кылмыштуу топтордун ортосундагы атышуулар үчүн жооптуу деп айтылган. Андан тышкары бул эки шектүү оор өнөр жайын көзөмөл кылууга аракет кылганы айтылган. Леонтьевге металлга жана баңгизат иштерине байланыштуу Орусия бийликтери дагы издөө салган деп айтылат билдирүүдө.
Камчыбек Көлбаев Боордоштор жамаатынын Борбор Азиядагы башчысы же смотрящий деп мүнөздөлгөн. Ага бир катар кылмыштуу иштерге, анын ичинде баңгизат ташууга байланышы бар деген айыптар тагылган. 2011-жылдын июнь айында президент Барак Обама Көлбаевди өтө маанилүү эл аралык баңги ташуучу деп атаган.
Андан тышкары, Гафур Рахимов Өзбекстандагы кылмыштуу топтун ана башчысы деп айтылат АКШ сайтында. Ал бир катар өлкөлөргө героин ташуу иштерин жетектээри белгиленген.
АКШ өкмөтү издөө жарыялап, банктык эсептерин тоңдурган бул кишилердин бир катары учурда Бириккен Араб Эмираттарынын Дубаи каласында жашырынып жүргөнү да белгиленген.









