
Орусиянын ички иштер министрлигинин маалымат боюнча, митингге бардыгы болуп, жүз миңден ашуун киши келген
Орусиянын баш калаасы Москвада президенттик талапкер Владимир Путиндин жактоочулары митинг өткөрүшүп, полициянын маалыматы боюнча бул өнөктүккө жүз миңден ашуун киши катышты.
Лужники стадионундагы көпчүлүктүн алдына Путин өзү келип сөз сүйлөп, чогулгандарды президенттик шайлоодо ага добуш берүүгө үндөп, чет элдик державалар таңуулаган чагымга алдырбагыла деп айтты.
Орусиянын баш калаасы Москвада декабрь айындагы парламенттик шайлоолор бурмаланды деген сындардан кийин оппозициялык дагы, бийликти жактаган дагы акциялар өткөрүлүп келет.
Москвадагы Би-Би-Си кабарчысынын айтымында, бул Путинди жактаган эң ири шаан-шөкөттүү өнөктүктөрдүн бири болду. Анда, катышуучулар Путинге добушубузду беребиз, жана Путинден башка ким бар?, - деген плакаттарды көтөрүп алышкан.
Москва дайрасын жээктеп он миңдеген кишилер жүрүш жасап, футбол стадионуна барышты. Бул президенттик шайлоого болгону бир аптадай убакыт калганда, Путиндин улуттук лидер катары аброюн кайрадан көтөрүүгө багышталган өнөктүк деп эсептелүүдө.
Бирок, митингге катышкандардын бардыгын эле Путинди жактайт деп айтууга болбойт. Маселен, эки темир жол жумушчусу Би-Би-Си кабарчысына аларды чоңдору айдап келгенин айтышкан. Ал эми бир топ университет студенттери митингге катышуу үчүн акча алганын, айрымдары 23-февраль күнүн майрамдоо үчүн чакырылып, бирок, саясий өнөктүккө аралашып калышканын айтып беришкен.
Чагымчыл мигранттар
Орусиянын ички иштер министрлигинин маалымат боюнча, митингге бардыгы болуп, жүз миңден ашуун киши келген. Алардын арасынан ондогон активисттер тескери үгүт иштери үчүн кармалганы айтылган.
Полиция андан тышкары айрым чагымчыл мигранттарды да кармашканын билдирген. Москва полициясынын маалыматында Өзбекстандан келген чагымчыл топтор, өздөрүнүн мекендештерин 600 рубль үчүн бул акцияга катышууга чакырышкан. Муну менен алар митингге мигранттарды дагы кууп келишти дегенди көргөзгүсү келди, - деп айтылат билдирүүдө.
Расмийлер бардыгы болуп 70тей киши кармалганын, алардын көбү Өзбекстандын атуулдары экенин айтышкан.
Митинг башталаар алдында, интернет сайттардагы блоггерлер, бийликтер Путинди жактаган өнөктүккө айрым уюмдар жана мекемелерден кишилерди ташып келүүгө даярдык көрүп жатат деп жазышкан эле.









