
Киркуктагы жардыруу
Ирактын баш калаасы Багдатта бир катар жардыруулар жана атышуулар орун алып, кеминде кырк сегиз киши көз жумганы кабарланууда. Бийликтер бул чабуулдар полицияны бутага алганын билдирди.
Эң ири кол салуу шийиттер көп отурукташкан Каррада аймагында болгон. Полиция өткөрмөсүндө жардыруу болуп, кеминде тогуз киши каза тапкан.
Зордук-зомбулуктарга азырынча эч бир тарап жоопкерчилик ала элек. Жыл соңунда Ирактан Америка аскерлери чыгарылып кеткенден бери, зордук-зомбулуктар күч алган.
Бейшемби күнү эртеңменен Багдаттын түндүгүндөгү Кадимия аймагында, мина орнотулга унаанын жарылышынан алты киши көз жумган, дагы алтоо Сарафия районунда мерт болгон.
Кадимиянын соода борборунда удаасы менен төрт машине жардырылганы айтылган.
Кандуу тирешүүллөр
Айрым маалыматтарда көз жумганы кишилердин саны мындан дагы көп болушу ыктымал деген божомолдор айтылган. Киши өлүмдөрү эки жүзгө чейин жеткен болушу ыктымал дегендер дагы бар.
Салахуддин, Диала, Киркук провинцияларында дагы жардыруулар болгону айтылууда.
Кол салуулар көбүнчө Ирактын шийиттер жыш жайгашкан аймактарында күч алган. Шийит диний агымындагы Ирактын лидери Нури Малики сунни партияларынын өкүлдөрү менен тирешкенден бери зордук-зомбулуктар жайылды.









