bbc.co.uk navigation

Афганистанда Америкага каршы нааразылыктар кулач жайды

Соңку жаңыланышы: 23-февраль, 2012 - 11:09 GMT
Нааразылык кулач жаюуда

Нааразылык кулач жаюуда

Афганистанда Америкага каршы нааразылык акциялары үчүнчү күнгө созулууда. Өлкөдөгү АКШ аскерлери колдонгон авиабазада Курандын нускалары өрттөлгөн деген маалыматтардан кийин наарызылык чыккан.

Шаршемби күндөгү кагылышууларда кеминде жети киши көз жумган. Ири демонстрациялар Баграм авиабазасынын жанында башталган эле. АКШ аскерлери Куранды өрттөгөн деген маалыматтарга байланыштуу толкундоолор Афганистандын башка аймактарына дагы тез эле жайылды.

Баш калаа Кабулдан ташкары алты провинцияда демонстрациялар өткөрүлүп жатканы айтылууда.

Өлкөнүн чыгыш тарабындагы эки шаарда зордук-зомбулуктар менен коштолгон нааразылык акцияларында демонстранттар "Америкага өлүм" деп кыйкырышып, желектерин өрттөшкөн. Көпчүлүк менен полиция ортосунда кагылышуу болуп, асманга ок атылган.

Афган демонстранттары өрттөлдү деп айтылган Куран китептерин көрсөтүшүүдө

Афган демонстранттары өрттөлдү деп айтылган Куран китептерин көрсөтүшүүдө

Талибан Куранды өрттөгөндөрдөн өч алуу катары афгандыктарды Батыштын кишилерин көргөн жерден уруп, өлтүрүүгө чакырган. Президент Хамид Карзай кырдаалды турукташтыруу үчүн саясатчылар жана уруу башчылары менен жолугушууда.

Бирок, көптөгөн Афган расмийлери Америкалыктардын иш-аракеттеринен улам козголгон элге колдоо көрсөтүп турушат.

Ал эми 24-февралда, жума намазынан кийин мындан дагы кеңири толкундоолор башталат деген кооптонуулар айтылууда. Андагы кырдаал мечиттердеги имамдардын үгүтүнө жараша өзгөрүшү ыктымал.

Тектеш темалар

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.