bbc.co.uk navigation

Талаштуу аймакта Түштүк Корея аскердик машыгуу өткөрдү

Соңку жаңыланышы: 20-февраль, 2012 - 11:30 GMT

Деңиз тилкесиндеги талаштуу аймакта өткөн аскердик машыгуулар эч кандай чыр-чатаксыз аяктады. Машыгуу эки сааттай созулду

Түштүк Корея Түндүк Корея менен чектешкен аралдарда аскерий машыгуу өткөрдү. Иш-чарага байланыштуу Түндүк Корея эскертүүлөрдү жолдогон, ал эми батыш аралдарында жашаган Түштүк Корея тургундарына аймакта чыга турууга кеңеш берилген. Бирок, аскердик машыгуу бул ирет кандайдыр бир чатаксыз аяктады.

Деңиз тилкесиндеги талаштуу аймакта өткөн аскердик машыгуулар эч кандай чыр-чатаксыз аяктады. Машыгуу эки сааттай созулду. Түндүк Корея бул иш чарага байланыштуу эскертүү жолдогон эле. Жекшемби күнү Түндүк Корея машыгууну аскердик чагымчылдык деп атап, эгер өз өлкөсүнө тийиштүү сууларда мыйзамсыз иш-аракеттер болсо, ага күч менен жооп кайтараарын билдиреген.

Аскердик машыгуулар башталаар алдында, Түндүк Корея чек арага жакын жайгашкан Түштүк Корея атуулдарына аймактан чыга турууга кеңеш берген.

Түштүк Корея өткөрүүчү аскердик машыгууларга демейде Пхеняндын мындай реация кылышы демейдеги көрүнүш болуп калаганы менен, Түндүктүн Түштүк Корея атуулдарына коопсуз аймакка чыга турууга үндөгөнү жаңылык болду.

Машыгуу учурунда миңдеген кишилер бомбадан жашырынуучу жер төлөгө киришти. Түштүк Корея бул машыгууну кезектеги иш - чара деп атап, бирок, ошол эле учурда чек ара аймагындагы коопсуздукка өзгөчө көңүл бурганын кошумчалаган. 2010-жылдын ноябрь айында, Түндүк Корея Йонпхион аралын аткылоого алып, төрт киши көз жумган жана ондогон кишилер жаракат алган эле.

Тектеш темалар

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.