
Японияда соода-сатык дефицити январь айында рекорддук деңгээлге төмөн түшүп, импорттун көлөмү экспорттон 19 миллиард долларга ашып кетти. Япон йени жана дүйнөлүк экономиканын солгундашы, өлкөдөгү экспорттун көрсөткүчүн былтыркы ушул убакка салыштырмалуу 9.3%га төмөн болушуна алып келген.
Ал эми Фукусима өзөктүк станциясындагы кырсыктан кийин Япония газ жана мунайзат энегриясына көбүрөөк таянганына байланыштуу импорт 9.8%га өскөн.
Япониянын импорту 1979-жылдан бери экспорттон мынчалык ашып көргөн эмес. Январь айындагы маалыматтар боюнча, Япониянын соода-сатык дефицити 1,475 миллиард йенди түздү, бул болжолу менен он тогуз миллирд долларга барабар.
Япония өзүнүн товарларын сыртка чыгаруу менен байыган биринчи Азия өлкөсү болгон. Бирок, йендин көтөрүлүшү ички өнүрүштүн кирешесин төмөндөтүүдө. Өткөн жылы Япониянын йени Түштүк Кореянын вонуна карата сегиз пайызга көтөрүлгөн эле.
Ал ортодо, Япониядагы күйүүчү майлардын баасы көкөлөдү. Бул өлкөдөгү Фукусима өзөктүк станциясындагы кырсыкка байланыштуу болгону айтылган. Азыр Японияда коопсуздук коркунучтарынан улам, дээрлик бардык өзөктүк станциялар өчүрүлүп, энергия тармагы газ жана мунайзатка көбүрөөк таянууда. Бул дагы өлкөнүн экономикасына олуттуу таасир бергенип айтылып жатат.









