
Германиянын оппозициячыл Социал-демократтар жана жашылдар партиялары президентикке талапкер катары укук коргоочу Иоахим Гаукту көрсөттү. Өлкөнүн канцлери Ангела Меркель бул талапкерди колдой турганын айтты. Коррупцияга байланышкан чуудан улам мурунку президент Кристиан Вульф 17-февралда кызматынан кеткен эле.
Сунушталып жаткан талапкер Иоахим Гаук 2010-жылы оппозициялык партиялардын атынан Германиянын президенттигине талапкерлигин коюп, бирок колдоого ээ болгон эмес.
Иоахим Гаук 1940-жылы Росток шаарында туулган. Ал диний ишмер катары да таанылган. Ал 1989-жылы ГДРде болгон тынч революциялардын алдыңкы сабында болгон. 72 жаштагы талапкер эки Германия бириккенден кийин Чыгыш Германиянын мамлекеттик коопсуздук кызматынын архивтерин жетектеген, ошондой эле ал таанымал укук коргоочу катары белгилүү.
Президенттикке добуш берүү март айынын орто ченине чейин Германия парламентинде өтөөрү күтүлүүдө.
Германиянын мурунку президенти Кристиан Вульф өз ыктыяры менен отставкага кетти. Прокуратура соңку айларда коррупциялык ишке аралашкандан чыккан чуудан улам парламентке президенттин кол тийбестик укугун алып салуу боюнча расмий кайрылган эле.
Президент кызмат абалынан аша чапкан деп айыпталууда. Вульф мурдагы кызматында иштеп жаткан учурда жубайынын ишкер досторунан насыя алганы ачыкка чыгып, коомчулуктун нааразылыгын жараткан.









