bbc.co.uk navigation

Европалык окуучулардан азиялыктар алдыда

Соңку жаңыланышы: 17-февраль, 2012 - 11:00 GMT

Австралиянын окмуштуулары изилдөө жүргүзүп, Европа менен АКШдагы окуучулар жетишүү көрсөткүчү боюнча өзү теңдүү азиянын айрым аймактарындагы окуучулардан үч жылга артта экенин айтып чыгышты.

Изилдөөчүлөр азиялык окуучулардын көп билип, өзү теңдүүлөрдөн озуп кеткен себебин, мектептердеги катаал талаптардан, практикалык көнүгүүлөрдүн жана педагогикалык стандарттардын жогорку даражада болгонунан деп көрсөтүүүдө.

Ошол эле учурда жетишүү көрсөткүчү бул аймакта көп акча менен ата-энелердин өжөөрлүгүнө байланыштуу эмес деп айтылат.

Окмуштуулар дүйнөдөгү мыкты билим берүүчү мектеп системасы төрт азииялык аймактарга таандык деп айтышкан. Алар гонконгдук, түштүк кореялык, шанхай жана сингапурдук мектептер.

Тектеш темалар

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.