
Германиянын президенти Кристиан Вульф
Германиянын президенти Кристиан Вульф отставкага кетээрин жар салды. Прокуратура соңку айларда коррупциялык ишке аралашкандан чыккан чуудан улам парламентке президенттин кол тийбестик укугун алып салуу боюнча расмий кайрылган эле.
Президент кызмат абалынан аша чапкан деп айыпталууда. Вульф мурдагы кызматында иштеп жаткан учурда жубайынын ишкер досторунан насыя алганы ачыкка чыгып, коомчулуктун нааразылыгын жараткан. Германия парламенттинин төмөнкү палатасы Кристиан Вульфка байланыштуу окуяны талкуулашы күтүлүүдө.
Ал ортодо Германиянын канцлери Ангела Меркель президенттин жеке кызыкчылыгын мамлекеттик кызыкчылыктардан өйдө койгон деп айтылып, отставкага кетип жатканына өкүнгөнүн билдирди. Канцлер саясый партиялардын өкүлдөрү менен кеңшмелерди өткөрүп, кийинки талапкерди көрсөтүү боюнча аракетттер болоорун белгилеген.









