
Мухтар Аблязов
Лондондогу Жогорку сот Казакстандын БТА банкынын мурдагы төрагасы Мухтар Аблязовду камакка алуу жөнүндө буйрук чыгарды.
Сот Найжел Тир мурдагы банкирди 22 айга камакка алуу тууралуу чечимди жарыялаган. Анда Мухтар Аблязов сот бийлигине атайылап жана олуттуу түрдө кенебестик көрсөттү деп жазылган.
Кеп , банкирге каршы мындан мурда чыгарылган сот чечимдерин аткарбаганына байлыныштуу болуп жатат.
Мухтар Аблязовго каршы сот ишин ал Казакстандан Улуу Британияга качып кеткенде БТА банкы уюштурган. Негизги угуулар 2012-жылдын соңунда өтүлүшү күтүлүп жаткан сот процессине Аблязовдон тышкары дагы бир катар кишилер катышмакчы.
Казакстандын башкы прокуратурасы Аблязовду өз өлкөсүнө кайтарып алуу боюнча өтүнүчүн Лондонго жолдогон. Казак бийликтери аны 1.8 миллиард АКШ долларын уурдаган деген айып тагып келишет.
Бирок, мурдагы банкир мындай айыптарды четке кагып, оппозициялык ишмердүүлүгүнө байланыштуу аны бийликтер куугунтуктаганын айтканы бар. Ал Казак бийликтери, анын ичинде президент Нурсултан Назарбаев анын активдерин тартып алгысы келет деп коргонууда.
Мухтар Аблязов Казакстандын БТА банкын 2005-жылдан 2009-жылга чейин жетектеген. 2009-жылы аталган банк 13 миллиард АКШ долларына тете карызга батып, дефолт деп жарыяланган.
Британиядагы гезиттер Аблязовдун Лондонго жөткөп келген байлыгы жана сатып алган кыймылсыз мүлктөрү тууралуу ар түрдүү маалыматтарды чыгарып келишет.









