bbc.co.uk navigation

Кытай жана Европа өлкөлөрү Бээжинде саммитке чогулду

Соңку жаңыланышы: 14-февраль, 2012 - 12:28 GMT

Кытай жана Европа өлкөлөрүнүн лидерлери Бээжинде эки күндүк саммит өткөрүп, Европадагы экономикалык каатчылык маселесин талкуулоодо. Кытайдын премьер-министри Вен Жибао Европа биримдигинин президенти Херман Ван Ромпэй жана Еврокомиссиянын башчысы Жозе Мануэл Баррозу менен жолугушмакчы.

Саммитте андан тышкары Сириядагы кырдаалдын начарлашы дагы сөз болот деп күтүлүүдө.

Бул жылдык саммит негизинине былтыр эле өткөрүлмөк. Евро аймактагы каатчылыкка байланыштуу жыйын артка жылдырылган.

Грециядагы экономиалык кырдаал дагы деле бүдөмүк бойдон калууда. Өкмөттүн соңку катаал экономикалык чаралары тараптардын макулдашуусунан өтүшү керек. Европа лидерлери, дүйнөдөгү эң ири валюталык резервди кармап олтурган Кытай куткаруу фондуна жардам берет деп үмүттөнүшүүдө.

Премьер-министр Вен Жибао, Кытай жардамдашуу сунуштарын ойлонуп көрө турганын айткан. Жыйындан бир күн мурун Кытайдын байлык фондунун башчысы Европа өкмөттөрүнүн финансылык милдеттемелерине салым кошуу мүмкүнчүлүгүн четке каккан.

Анткени менен дүйнөдөгү эң ири экспортоочу катары Кытай Европа рыногуна кызыгат. Өткөн аптада Эл аралык валюта фонду эгер Евро аймактагы каатчылык улана берчү болсо анда Кытайдын өнүгүү ылдымдыгы жарым жартылай кыскарат деп эскерткен.

Тектеш темалар

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.