
Бюджеттик чыгымдарды, пенсиялык төлөмдөрдү жана жумуш орундардын кыскартууга каршы нааразылыктар зордук-зомбулуктар менен коштолду
Грециянын парламенти өлкөнүн жаңы экономикалык катаал чараларын бекиткени, дүйнөнүн финансылык рыногуна оң таасир этти. Токио жана Гонк-Конг биржаларында акциялар жарым пайызга бекемделген, жогорулоо Европа рыногунда дагы байкалган.
Жекшемби күнү кечинде Греция парламентинин үчтөн экиси донор өлкөлөрдөн көп миллиард евролук кезектеги куткаруу пакетин алууну көздөгөн келишимди бекитишкен. Европанын валюта иштери боюнча комиссары Олли Рен Грециядагы добуш берүү оң натыйжа берээрине ишенем деп айтты.
Еврокомиссия өкүлү, Греция эми кезектеги куткаруу пакетин алаарына көзүм жетет деп белгилеген. Бирок, жөнөкөй грециялыктар бул чечимдерге катуу каршылык көрсөтүшүүдө.
Бюджеттик чыгымдарды, пенсиялык төлөмдөрдү жана жумуш орундардын кыскартууга каршы нааразылыктар зордук-зомбулуктар менен коштолду.









