bbc.co.uk navigation

Түркмөнстандагы шайлоонун мааниси

Соңку жаңыланышы: 8-февраль, 2012 - 12:24 GMT

Серепчилер бул өлкөдө шайлоо процесстери эркин эмес, авторитардык бийлик жана жеке адамга сыйынуу көрүнүшү күч алганын белгилешүүдө

Түркмөнстан алдыдагы жекшемби күнү президенттик шайлоо өткөрүү алдында турат. Шайлоого аттанган сегиз талапкердин ичинде, азыркы президент Гурбангулы Бердымухаммедов бар.

Байкоочулар азыркы президенттин жеңээри талашсыз экенин айтышууда. Себеби, бул өлкөдө шайлоо процесстери эркин эмес, авторитардык бийлик жана жеке адамга сыйынуу көрүнүшү күч алганын белгилешүүдө.

Жаратылыш байлыктарына, негизинен газ байлыгына ээ бул өлкөдөгү шайлоого жакынкы коңшу өлкөлөрү дагы, алыскы, энергияга муктаж өлкөлөр дагы дыкат байкоо салып турушат.

Би-Би-Си Борбор Азия жана Кавказ кызматынын радектору Жоханнес Делл, Түркмөнстан боюнча Британиялык эксперт Жон Робертске кайрылып, эл аралык коомчулук үчүн Түркмөнстандагы шайлоонун мааниси канчалык чоң деген собол узаткан:

-Түркмөнстандагы алдыдагы шайлоолор, дүйнөдөгү газ жана мунайзат сыяктуу энергия байлыгы чоң өлкө катары, мааниси кандай?

Робертс:

-Мааниси абдан чоң. Бул өлкөдө эгебегейсиз чоң газ ресурстары бар. Алардын көбү дагы деле ачылып, иштетиле элек. Бул өлкө, көптөгөн өлкөлөрдү жана көптөгөн кардарларды газ менен камсыз кыла алат.

Европа биримдиги түркмөн газын тартып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү Европа комиссиясына дайындады. Эми баардык Европа биримдигиндеги өлкөлөр үчүн бир гана орган Түркмөнстан менен иш алып барат

Би-Би-Си:

-Энергия тармагы Түркмөнстандын өзү үчүн дагы чоң ролго ээ деп айтууга болот. Анткени, бул өлкөдөгү стабилдүүлүк негизинен энергия байлыгына таянып турат. Ошол өңүттөн алганда, газ сатууда жаңы рынокторду ача алдыбы?

Робертс:

-Соңку беш жыл ичинде өлкө, чоң бир рынокко эшигин ачты деп айта алам. Бул рынок - Кытай. Кытай соңку айлардан бери, газ сатып алган өлкөлөрдүн эң ириси деп айтаар элем. Бул өлкө Кытай үчүн мындан мурда алдыңкы сапта турган Орусия жана Ирандан озуп өтүүдө. Эмики маселе, Түркмөнстан Индия жана Пакистанга, ошондой эле Европага дагы газ куурун өткөрүүгө жетишеби деген суроо калды.

Би-Би-Си:

-Каспий аркылуу өтүүчү бул куур тууралуу Европа биримдигинде көптөгөн сөздөр жүрүп келет. Бул долбоордо жылыш барбы?

Робертс:

-Ооба, бар. Европа биримдиги Түркмөн газын тартып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү Европа комиссиясына дайындады. Эми баардык Европа биримдигиндеги өлкөлөр үчүн бир гана орган Түркмөнстан менен иш алып барат. Азыр бул аракеттер кандай жыйынтык берет азырынча белгисиз. Бирок, байланыштар жанданганын көрүүдөбүз. Жакында эле, Каспий долбооруна кирген Азербайжан менен Түркмөнстан ортосунда да, бир катар олуттуу жолугушуулар болду.

Би-Би-Си:

-Андан тышкары, Түркмөнстан газын Афганистан аркылуу Пакистан жана Индияга тартуу долбоору дагы талкууланып келет. Кандайдыр бир жылыштар барбы?

Робертс:

-Ооба, жана жок. Ооба дегенимдин себеби, техникалык жана коммерциялык багыттарын алганда өз ара түшүнүшүүлө бар. Соода-сатык келишимдери жана бааларды макулдашуу, булардын баары долбоордун ишке-ашышына реалдуу шарт түзүп турат. Бирок, Афганистан аймагындагы коопсуздук эң негизги маселе болуп турат. Түркмөндөр жана Афганистандагы Америка өкүлдөрү, газ куурун бул аймак менен өткөрүү мүмкүн дегенге ишенип жатышат. Бирок, коопсуздук жагына толук кепилдик болгонго чейин дагы бир катар жылдар керек го деп ойлойм.

Тектеш темалар

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.