
Сириянын президенти Башар Асад өлкөдөгү бардык саясый күчтөр менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. Бул туралуу Дамаск шаарында Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуу учурунда айткан.
-Зомбулуктарды токтотуунун ачык жолу катары өлкөдөгү бардык саясый күчтөрдү ымалага келтирүүгө аракети турат-деди Лавров.
Орусия бул багытта Сириянын бардык оппозициялык күчтөрү менен иштешүү аракетин көрүүдө. Сирия бийликтери сүйлөшүүлөрдөн баш тарткан айрым оппозициялык топторго таасир этүүнү суранган.
Ал ортодо алты араб өлкөсү өздөрүнүн Дамаскдагы элчилерин чакыртып алууда. Алар Сирия армиясынын соңку аракеттерин кескин сынга алышып, наарзылык билдирүүдө.

Төрт күн мурун БУУнун Коопсуздук Кеңеши Сирия боюнча резолюциясын экинчи ирет кабыл алалбай калган. Орусия менен Кытай резолюцияга вето жарыялаганын билдирген
Төрт күн мурун БУУнун Коопсуздук Кеңеши Сирия боюнча резолюциясын экинчи ирет кабыл алалбай калган. Орусия менен Кытай резолюцияга вето жарыялаганын билдирди. Бул резолюция өткөн жылдын март айынан бери уланып жаткан Сириядагы кырдаалга байланыштуу кабыл алынмак.
Араб Лигасынын Сирия президенти Башар Асадды бийликтен кетүүгө үндөгөн резолюциясын Коопсуздук Кеңешинин калган 13 мүчөсү колдогон.
Орусиянын өкүлү Виталий Чуркин айрым өлкөлөр Сириядагы куралдуу кагылышууларды чагым салып күчөтүп жатат, а тескерисинче Москва саясый сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аракет кылып келүүдө деп айткан.
Ал эми Кытай тарап, Бээжин Сириядагы куралдуу кагылышуулардын жана тирешүүлөрдүн кулач жайышын каалабайт, БУУнун мындай резолюциясы, Сириядагы кырдаалды ансайын курчутмак деп белгиледи.
Коопсуздук Кеңешинин калган мүчөлөрү Кытай менен Орусиянын аракетин кескин сынга алышып, Сирия элине жасалган кыянатчылык катары да мүнөздөштү.









