
Дамаск көчөлөрүнө чогулгандар Орусиянын Сирияга көрсөткөн колдоосуна ыраазы экенин айтып, кыйкырышкан
Сириянын мамлекеттик телеканалы Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду тосуп алуу үчүн баш калаа Дамасктын көчөлөрүнө чыккан кишилерди көрсөтүшүүдө. Алар, Орусиялык өкүлдүн унаасы өткөндө Сирия-Орусия желектерин колдоруна кармап, булгалап турушту.Чогулгандар Орусиянын Сирияга көрсөткөн колдоосуна ыраазы экенин айтып, кыйкырышкан. Сергей Лавров Сирия президенти Башар Ассад менен сүйлөшүү үчүн келген. Мындан бир күн мурда АКШ Сириядагы элчилигин жаап, Британия дагы дипломаттарын чакыртып алган эле. Батыш өлкөлөрү Орусия менен Кытай Сирия маселесине байланыштуу БУУнун резолюциясына бөгөт койгонуна нааразы.
Сириянын армиясы Хомс калаасын бомбалоону улантууда. Би-Би-Синин Хомсто жүргөн кабарчысынын айтымында, ушунун менен, артиллериялык аткылоолор бул аймакта 4-күнгө созулуп жатат. Активисттердин айтымында, дүйшөмбү күнү кеминде 50 киши көз жумган жана көптөгөн кишилер жаракат алышкан. Сирия өкмөтү аткылоолор Хомстогу куралдуу топтор багынмайынча улана берээрин эскерткен билдирүү таратты.
Малдивдин президенти Мохаммад Нашиид кызматынан чегинди. Ал өлкөдөгү өкмөткө каршы нааразылыктар полициянын көтөрүлүшү менен коштолгондондон кийин мамлекеттик телеканал аркылуу кайрылуу жасап, бийликтен кетээрин жар салган. Анын ордуна вице-президент Мохаммед Вахиид Хассан дайындалууда. Өлкөдөгү талаш-талкуулар мындан бир нече апта мурда кылмыш сотунун жогорку өкүлү камакка алынганда башталган.
Грецияда миңдеген демонстранттар өкмөттүн катаал экономикалык чараларынын мындан ары дагы күчөтүлүшүнө каршы нааразылыкка чыгып, парламент алдына чогулушту. Айрым демонстранттар полициянын катарын бузуп өтүүгө аракет кылышып, алар менен кагылышка кеткен. Жалпы иш таштоолордон улам коомдук транспорт иштебей калып, мектептер жана банктар жабылган. Грециянын коалициялык өкмөтү Европа биримдигинин кысымы менен, катаал экономикалык чаралардын жаңы долбооруна кол коюу алдында турат.
Судандан келген кабарларга караганда өлкөнүн түштүгүндө барымтага алынган Кытай жумушчуларынын көбү бошотулганы айтылууда. Судандын тышкы иштер министрлигинин айтымында Кытай жумушчулары Кызыл Чырым уюмунун өкүлдөрүнө өткөрүлүп, Кениянын баш калаасы Найробиге жеткирилген. Куралчандар өткөн айда Түштүк Кордофан лагерине кол салышып, 29 кытай курулушчусун барымтага алышкан эле. Бээжин Судан өкмөтүн ар дайым колдоп келгенин, барымта окуясынан кийин эки өлкө ортосундагы мамилелер сууганын белгилешүүдө.
Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлкөлөрүндө, англис жазуучусу Чарльз Диккенстин 200 жылдык маарекесине байланыштуу, маданий иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бул датага байланыштуу Британиянын баш калаасы Лондондогу Вестминстер аббаттыгында жазуучунун көрүстөнүндө эскерүү аземи болуп өттү. Чарльз Диккенс Ангилиядагы жакыр адамдардын жашоо-турмушун окурмандарына жеткирүү аркылуу таанылган.









