
Сириядагы ири шаарлардын бири Хомсту өкмөттүк күчтөр катуу аткылоого алууда деп билдирүүдө активисттер. Алардын айтымында, бомбалоолордон кеминде он беш киши көз жумуп, жарат алгандар көп.
Интернет аркылуу жөнөтүлгөн видеотасмаларда, Хомс шаарынын Баба Амир талаа госпиталындагы абал көрсөтүлгөн. Шаар ракеталык аткылоого алынган бир нече сааттан кийин, киши өлүктөрү жана оор жаралуулар тартылган бул видео ачыкка чыгууда.
Куткаруучулар, оор жарат алгандарга жардам берүүгө аракет кылышууда. Активисттердин айтымында, толкундоолор башталгандан берки эң катуу чабуулдарда, негизинен Баба Амир аймагы бутага алынган.
Алар ошону менен бирге, аймакка танкалар жана аскерлер жылып келе жатканын кабарлашты. Өздөрүн Сириянын эркин армиясы деп атаган топ, өкмөттүк күчтөргө каршылык көрсөтүп жатышат, бирок, алар жеңил куралданган жана артиллериялык соккуларга туруштук берүүсү кыйынга турушу ыктымал.
Активисттер андан тышкары, көтөрүлүшчүлөр ээлеген Забадани калаасы дагы курчоого алынганын айтышкан. Өкмөттүк күчтөр бул жерге танкаларды тартып келишип, имараттарды аткылоого алганы жана бул жерде дагы кишилер көз жумганы кабарланууда.









