
Орусия баш калаасы Москвада миңдеген кишилер Таза шайлоо үчүн деген ураан астында жөө жүрүшкө чыкты. Октябрь метросунан башталган жүрүш Болотно аянтында митинг менен уланды. Уюштуруучулар жүрүшкө 70 миңден ашуун киши катышты деп айтышууда.
Ал эми расмий бийликтер маалыматтарында мындан эки эсе аз сандарды берген. Ушул эле күнү 20 миңден ашуун Путинди жактаган кишилердин да акциясы өткөрүлдү.
Таза шайлоо үчүн жүрүштөрү "Орусия-Путинсиз деген ураандар алдында өттү. Акцияны уюштуруучлардын бири Владимир Рыжков чогулгандарды колдорундагы ак шарларды обого учурууга үндөп, биз дагы келебиз деп убада берүүгө чакырды.
-Кийинки наарзылык жүрүштөрү 26-февралда болот-деди Рыжков.

Нааразычылык акциялары 4-мартта өтүүчү президенттик шайлоону утурлай уюштурулууда. Жергиликтүү кабарчылардын айтымында мындай жүрүштөр Орусиянын башка бир катар шаарларында да болгон.
Орусияда өткөн жылдын декабрь башында болгон парламенттик шайлоодо кийин бийликке каршы ннаарзылыктар күч алып жатат дейт талдоочулар. Бул шайлоодо бийликчил деп эсептелген Бирдиктүү Орусия партиясы жеңишке жетишкен эле. Бул партияга добуштар кошулуп саналган деп нааразы болгон миңдеген шайлоочулардын наарзылык акциялары декабрь ортосунда жана соңунда 2 жолу өткөрүлгөн.









