
Индиядагы коррупцияга байланыштуу эң чуулгандуу сот иштеринин бири катары айтылып жаткан териштирүүдө Индиянын Жогорку соту өкмөткө айрым телеком компанияларына 4 жыл мурун берилген мобилдик телефондорду иштетүү лицензияларын жоюуну буюрду. Индиянын коомдук аудитору билдиргендей, лицензиялардын туура эмес сатылышы өлкөнү миллиарддаган доллар кирешеден кур калтырган. Лицензиялардын сатылышына жол берген министр пара алган деп айыпталууда. Бирок ал мыйзам бузганын четке кагууда.
Пакистандын Жогорку соту премьер-министр Юсуф Раза Гилани президентке каршы сот ишин кайра ачтырбаганы үчүн өзү сот жообуна тартылат деп билдирди. Премьер-министр үстүбүздөгу айдын соңунда сотко келип көрсөтмө берүүгө тийиш. Эгер күнөлүү деп табылса Гилани 6 ай абакка кесилип, премьерлик кызматынан четтетилиши ыктымал. Гиланинин адвокаты соттун чечимине каршы Гилани арыз менен кайрылса болот деди. Адвокат Айтаз Ахсандын айтуусунда коституцияга ылайык ал кызматында калышы мүмкүн, анткени айып тагылган статья боюнча ал кызматтан кетиши керек деген жобо жок.Сонку бир нече аптадан бери аскер жетекчилери Гиланынын өкмөтүнө кысым көрсөтүүдө. Премьерди сотко тартып Жогорку Сот армиянын көргөзмөсүн аткарууда депйт айрым серепчилер.

Порт-Саид шаарынын Аль-Мсари командасы менен Каирдин Аль-Ахли командасы ортосундагы кечээки оюн учурунда зомбулуктардан 70 киши каза болду.
Египеттин премьер-министри Камал ал-Ганзури Порт-Саидде футбол ойуну учурунда чыккан зомбулукка байланыштуу Египет Футбол ассоциациясынын бүтүндөй жетекчилиги кызматтан алынганын билдирди. Порт-Саид шаарынын Аль-Мсари командасы менен Каирдин Аль-Ахли командасы ортосундагы кечээки оюн учурунда зомбулуктардан 70 киши каза болду.
Бул окуядан кийин Порт-Саиддин губернатору кызматтан чегинди. Египет парламентинин бүгүнкү сессиясы каза болгондорду бир мүнөт эскерүү менен башталды. Ал-Ахли командасынын күйөрмандары Каирдин чордонундагы Тахрир аянтын ээлеп оюн учурунда ыкшоолук кылды деп полицияны айыптоодо. Египеттеги эң ири саясий кыймыл эсептелген Мусулман бир туугандары уюму башаламандыкты мурунку Мубарактын режининин калдыктары уюштурду деп чыкты. Өткөн жылкы аскердки кеңешке каршы, полицияга каршы акцияларда Ал-Ахли футбол командасынын күйөрмандары активтүу катышкан эле.









