bbc.co.uk navigation

Жаңы-Өзөн шаарында өзгөчө кырдаал жоюлду

Соңку жаңыланышы: 31-январь, 2012 - 11:30 GMT

2011-жылдын 16-декабрында Жаңы-Өзөн калаасында болуп өткөн толкундоолор

Эрте мененки саат 7ден баштап Казакстандын Мангыстау облусунун Жаңы-Өзөн шаарында өзгөчө кырдаал абалы жоюлду. Маалыматтарда айтылгандай шаардагы аскер техникалары чыгарылып кетүүдө, ал эми полиция кызматкерлери көчөлөрдө көзөмөл кылып турушат.

Өткөн жыл соңунда 16-декабрдагы Жаңы-Өзөндө болгон окуялардан кийин өлкө Президенти Н.Назарбаев бул аймакка өзгөчө кырдаал киргизүү туралуу жарлыкка кол койгон эле.

Өзгөчө кырдаал абалында калаа маалыматтык блокадада болуп, бир канча убакыт кол телефондор жана интернет болбогонун оппозиция өкүлдөрү айтып чыгышкан. Ал эми айрым жергиликтүү тургундар маасалык түрдө кишилерди кармалып суракка алынганын айтып жатышты. Бирок казак бийлиги мындай билдирүүлөрдүн баарын четке каккан.

Жакында эле адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык Human Rights Watch уюму Жаңы-Өзөн аймагындагы башаламандыктарда камакка алынган демонстранттарга күч органдары зордук-зомбулук көрсөткөн деген дооматтарды иликтөөгө чакырган билдирүү тараткан.

Human Rights Watch уюму, 16-декабрда Жаңы-Өзөн калаасында болуп өткөн толкундоолор учурунда камакка алынган кишилер менен жолуккандар, күч органдары демонстранттарга абак жайда зордук-зомбулук көрсөткөнү, уруп-сабаганы жана үстүнө муздак суу куйгуны жөнүндө фактыларды айтышканын жүйөө келтирген.

Казак бийликтер соңку апталарда Жаңы-Өзөндөгү окуялар боюнча бир катар кишилерди камакка алды. Бул камакка алууларга каршылык билдирген казак оппозициясы наарзылык акциясын өткөрдү.

Өткөн жылы Жаңы-Өзөндө мунайзат жумушчуларынын жети айга созулган нааразалык акциясы полиция менен кагылышууга алып келген эле. Коопсуздук күчтөрү куралсыз кишилерге ок чыгарып, кеминде 16 киши көз жумган жана жүзгө жакыны жарат алган. Бул окуядан кийин бийликтер демонстанттарга, көз карандысыз медиага жана өкмөттү сындаган оппозициялык партияларга куугунтук баштаган эле.

Тектеш темалар

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.