
Батыш өлкөлөрү БУУ Сирия Президенти Башар-ал Ассаддын бийликтен кетишин талап кылган Араб Лигасынын сунуштарын колдошу керек деп айтууда.
Батыш өкмөттөрү Сириядагы кагылышуулар күчөп жатканына байланыштуу Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине кайрылып, шашылыш чара көрүүнү талап кылууда.
Батыш өлкөлөрү БУУ Сирия Президенти Башар-ал Ассаддын бийликтен кетишин талап кылган Араб Лигасынын сунуштарын колдошу керек деп айтууда.
Бирок Сириянын негизги союздаштарынын бири Орусия мындай резолюцияга вето коём деп коркутууда. Коопсуздук кеңеши маселени бүгүн талкулап жатат. Орус парламентинин мурдагы мүчөсү, учурда президенттик шайлоого чыккан Владимир Путиндин ишенимдүү өкүлү Сергей Марков мындай резолюция сөзсүз түрдө Сирияга каршы аскердик күч колдонууга жол ачат- деди.
-Ливия маселесинде Орусия Бириккен улуттар уюмунун "Учууга тыйуу салынган аймак, атуулдарды коргоо" тууралуу резолюциясына кол койгон. Бирок Батыш мамлекеттери аны колдонуп Ливияга аскердик кол салышты, бомбалашты, Триполиде карапайым кишилер өлдү. Сирияда дагы так эле ушундай болот.

Сириядагы кырдаал шашылыш чара көрүүнү талап кылат
Сирия билдирүү таратып, өзүн террорчулуктан коргоп жаткандыгын белгилеген жана батыш мамлекеттерин өлкөдө башаламандык орнотууга кызыкдар деп айыптаган.
Сирия өз атуулдарына ок атууну көздөп жатат дегенге Орусия ишенбейт- деди Марков.
-Өкмөттүк күчтөр өткөрүп жаткан бомбалоонун натыйжасында жаш балдар каза табышы мүмкүн. Ошол эле учурда оппозициянын аскердик агрессиясынын натыйжасында деле миңдеген кишилер өлүп жатканын көрүп жүрөбүз.
Марковдун айтуусунда Араб Лигасы сунуш кылган резолюцияны жактаган Сауд Арабиясы өз кызыкчылыктарын көздөөдө:
-Араб мамлекеттер Лигасын учурда Сауд Арабиясы жетектөөдө. Ал Иранга каршы күрөшүп келет. Сирия болсо Ирандын өнөгү. Сауд Арабия аймакта үстөмдүккө жетиш үчүн Иранга каршы күрөшүп жатат, ошондуктан Башар ал-Ассаддын режиминин кулашына кызыкдар. Сауд Арабиясы Иранды кыйраткысы келген үчүн эмнеге Сириялыктар бомбаланышы керек? Андай болбошу керек деп ойлйобуз.









