bbc.co.uk navigation

ЕБ: жумушсуздукту кантип кыскартуу керек?

Соңку жаңыланышы: 30-январь, 2012 - 15:11 GMT

Европа Биримдигинин лидерлери бүгүн Брюсселде чогулуп континеттеги мамлекеттер бюджеттерин кыскартып жаткан абалда экономиканы өстүрүү жолдоорун талкулоодо.

Саммиттин максаты Еврозонасында жумушчу күчүнүн орто эсеп менен 10 пайызын түзүп жаткан жумушсуздукту кыскартуу жолдорун табуу. Лидерлер келечекте куткаруу фондусунан каражат алуу мүмккүнчүлүгү үчүн бюджетти катуу көзөмөлгө алууну шарттаган келишимди да талкуулашат.

Британия бюджетинин сырттан көзөмөлдөнүшүно каршы чыгып, бул келишимден тышкары болмокчу. Оор финансылык милдеттер талкууланып жатиканда Германия Грецияга кайрылып бюджетин Европалык комиссарларга толук көзөмөлгө өткөрүп берүүсүн сунуш кылды.

Греция бул сунушту четке какты. Грек тургундары өлкөдөгу кризис үчүн саяатчылар күнөлүү деп айтышууда. дейт:

Азыркы абал үчүн Парламент жоопту. Алар коомдук сектордогу коррупцияга таянып каражаттарды коротушкан. Европалыктар канча тытынышпасын маселени чечип беришпейт. Маселе биздин саясий системада-дейт грек тургундарынын бири.

Тектеш темалар

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.