
Судандын жана Түштүк Судандын президенттери Эфиопиянын башкалаасы Аддис Абебада нефти талашы боюнча сүйлошүлөрдү өткөрүүдө.
Түштүк Судан нефтини тышка чыгарып сатуу үчүн Судандын инфраструктурасын колдонууга мажбур. Бирок анын акысы канча болушу керек экени чечилген эмес.
Судандын жана Түштүк Судандын президенттери менен чогуу сүйлөшүлөргө Кениянын жана Эфиопиянын президенттери да катышып жатат. Андыктан бул аймакта нефти согушу чыкпаспы деген кооптонуулар канчалык терең экенин болжоого болот.
Өткөн жылдан тартып Судан Түштүк Судандын нефтисин өз аймагы аркылуу өткөргөндүгүнүн акысына нефтини алып калчу болгон. Түштүк судан нефтини минтип уурдатуудан көрө аны өндүрүнү токтотом деп, учурда жарым эсеге азайтты.
Эки өлкөнүн экономикасы тең нефти өндүрүшүнө көз каранды. Бул сүйлөшүлөр келишимди иштеп чыкпаса дагы тирешүүнү бир аз жеңилдетет дейт Судандын тышкы иштер министрлиги.
Эгер толук макулдашууга жетишпесе нефтинин айынан бул аймакта согуш чыгып кетиши ыктымал. Соңку чатак 20 жылга созулуп, эки миллион кишинин өмүрүн кыйган. 2005 жылы кол коюлган тынчтык келишимине таянып өткөн жылдын июль айында Түштүк Судан өзүнчө мамлекет болуп бөлүнүп кетти.








