Кытай -Тибет тирешүүсү

Соңку жаңыланышы: 26-январь, 2012 - 15:04 GMT

Кытайдын Тибет аймагы апта башындагы кандуу кагылышуулардан кийин толук изоляцияга алынган сыяктуу деп маалыматтар айтылууда. Сичуан провинциясында динге байланыштуу репрессияларды токтотууну талап кылган демонстрация учурунда 2 киши курман болгон эле.

Тибеттин бозгунчулукта аракеттенген өкмөтү бул кишилердин өлүмүнө кайдыгер болууга мүмкүн эмес, Кытай өкмөтү сүйлөшүүлөр жолу менен кризисти чечиши керек деп билдирди.

Окуяга күбө болгондор Сичуан провинциясына ондогон полиция унаалары жана автобустар өткөнүн маалымдашты. Провинциядагы тибеттиктер байырлаган Седа жана Лухуо шаарларында апта башында каршылык акциясы чыгып, демонстранттар менен полиция кагылыша кеткен.

2008- жылы Тибетте Кытай бийлигине каршы ири акциялар өткөн эле. Эми Сичуан провинциясында да демонстрация болуп, учурда бул аймак менен бардык байланыштын түрү токтотулган өңдүү. Телефондор иштебейт. БиБиСи аймактагы өкмөттүк мекемелерге, бизнесс борборлоруна чалып байланыша алган жок.

Коопсуздук күчтөрү катуу кайтарууга алгандан улам журналисттер да ал жакка өтө алышпайт. Тибетти боштондукка чыгаруу үчүн күрөшкөн уюмдар Кытай бийликтери тынч бараткан кишилерге ок чыгарган деп айтууда.

Демонстранттар диний жана маданий репрессияны токтотууну талап кылып чыккан эле. Кытай бийликтеринин айтуусунда болсо каршылык билдирип чыккандар полицияга кол салган. Өткөн жылдан бери Кытайдын Тибеттеги саясатына каршылык билдирип 16 киши өздөрүнө өрт койду.

Тектеш темалар

bbc.co.uk navigation

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.