Би-Би-Си Равиль Бухараевди эскерүүдө

Соңку жаңыланышы: 25-январь, 2012 - 12:54 GMT

Равиль Бухараев

Көп жылдар боюу Би-Би-Синин орус кызматында эмгектенген талантуу жазуучу жана мыкты журналист Равиль Бухараев дүйнө салды. Кесиптештери ал бул жашап өткөн өмүрүндө ишенимдүү дос жана жандүйнөсү сезимтал мыкты адам эле деп эскерүүдө.

Равиль Бухараев жөнүндө кесиптеши орус кызматынын башкы редактору, жазуучу Андрей Остальский эскерет:

-Биз Равиль менен Би-Би-Сиде ийиндешип 15 жылдан ашуун убакыт бирге иштедик. Кудай талантты аябай мол берген бул адамдын турган-турпаты, сүйлөгөнү кимди болсо да таасирлентчү. Кесиби математик, өзү талантуу лирик, кудайга чын-ыкласынан берилген мусулман эле. Бул байланыштарды караңызчы!

Кайсыл гана нукта, кандай гана темада болбосун ал эң сонун аңгемелеше билген жан эле...

Ислам жана иуда-христиан дүйнөсүн ичара тил табыштыруу үчүн көпүрө болууга чоң күч үрөгөндөрдүн бири - Равиль эле. Ал ушул эмгеги үчүн БУУнун орденин алган.

Р.Бухараев Би-Би-Сиде көп жылдар боюу эмгектенген

Кандай кайгылуу жана кандай азап, “болгон”, “жазган” деп жазуунун өзү.

Жашоодо Равиль эч качан эч жерден кечиккен учуру болгон эмес. Ошон үчүн ал эч нерседен артта калган жок. Үналгыда эмгектенип жүрүп эле ондогон ырларды, китеп, роман, пеьесаларды жаратты...

Бирок ал соңку жазып жаткан опера либертосун бүтпөй кетти, аны Казандын музыка дүйнөсү чыдамсыздык менен күтүп жаткан эле.

Равиль өз мекени Татарстанда белгилүү жана легендарлуу кишилердин бири.

Бул жашоодо ал үй-бүлөөсү үчүн да, адамзат үчун да кам көрүүгө жетишип, бирок өз ден-соолугу үчүн кам көралбай кетти...

Тектеш темалар

bbc.co.uk navigation

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.