
Өткөн жылы декабрь айында Жанаозенде болгон окуялар
Human Rights Watch казак бийликтерине кайрылып, өткөн жылы декабрь айында Жанаозенде болгон зомбулктарга байланыштуу соңку күндөрү камакка алынган бир катар активисттерди бошотууга үндөдү.
Камалып, суракка алынып жана үстүнөн кылмыш иши ачылгандардын арасында каттоодон өтпөгөн оппозициячыл "Алга" партиясынын мүчөлөрү жана "Взгляд" деген гезиттин редактору жана башка активисттер бар.
Human Rights Watch уюму активист "коомдук тартипти бузууга үндөгөн" деген берене боюнча айыпталып жатканына кабатырлануусун билдирген.
Алардын айтымында, бул айыптоо - өтө кеңири, так эмес аныктаган беренеге негизделген жана негизги адам укуктарын бузууга жатат.
Борбор Азия боюнча уюмдун директору Хью Уильямсон Би-Би-Синин суроолоруна жооп берген. Ал соңку камакка алуулар кандайча Жанаозендеги окуяларга байланыштырылып жаткандыгы тууралуу айткан:
-Казакстандын улуттук коопсуздук комитети 23-январда жасаган билдирүүсүндө, негизинен, оппозициячыл активист жана "Алга" аттуу каттоодон өтпөгөн оппозициячыл партиянын мүчөсү Айжангүл Аримованын камалышы тууралуу айтылган.
Анда Аримованын 6-январда Жанаозенде же анын жанында камалганы жана элди коомдук тартипти бузууга шыкактаган деген айып тагылып жатканы, ошону менен бирге, бул кылмыш ишине байланыштуу тергөө башталганы айтылат.

Human Rights Watch казак бийликтерине өткөн жылы декабрь айында Жанаозенде болгон окуяларга байланыштуу соңку күндөрү камакка алынган активисттерди бошотууга үндөөдө
Ал эми, 23-24-январда болгон камакка алуулар, анын ичинде "Алга" партиясынын башчысы Владимир Козловдун кармалышы тууралуу бул билдирүүдө камтылганын биз биле албадык.
Би-Би-Си:
- Бул камакка алуулар жалпы жонунан коомдук тартипти бузууга шыкактаган деген жүйөлөргө негизделип жатканы бонча эмне деп ойлойсуз?
-Бул - кылмыш кодексинин аша чаап колдонулушу. Кодекстин өзүндө - атайылап эле кастык же каршылаштык жаратууну көздөгөн үндөө жөнүндө айтылат. Бул кылмыш үчүн он жылга чейин түрмөгө камашат. Биздин пикирибизче, эл аралык мыйзамдарга салыштырсак, бул берене юридикалык жактан өтө эле жайык жана так аныкталган эмес жана адам укуктары боюнча мыйзамдарга жана Казакстандын эл аралык милдеттемелерине жатпайт. Андыктан, мындай учурларда бул мыйзам колдонулбашы керек эле. Бул коомдук тартипти бузууга үндөө тууралуу берене Жанаозенде иш таштоого чыккан жумушчулардын юристи Наталья Соколованын өткөн жылы август айындагы ишинде колдонулуп, аны алты жыл абакка кесишкен. Ал учурда дагы биз терең кабатырлануубузду билдиргенбиз. Ал кезде дагы бул мыйзам өкмөт сынчыларына каршы колдонулган.
Би-Би-Си:
-Бул маселеду силердин суроо-өтүнүчүңөр боюнча бийликтер кызматташып жатабы?
-Эми, алар бир-эки билдирүү жасашты. Бул бир аз көмөк болду, десе болот. Бирок алар камакка алынган кишилер кандайча коомдук тартипти бузууга чакырганы тууралуу фактыларды ажыратып бере алган эмес. Алар эч кандай далил келтирген жок жана качан келтирээри белгисиз. Бул боюнча тап-такыр ачыктык болгон жок. Дагы белгилей кетчү нерсе, абдан белгилүү журналист-редактор Игорь Веньямский дагы абдан жайык, так эмес айыптоонун негизинде, 72 саатка камалган. Анын камалышы тууралуу маалыматты дагы коомчулуктан оолак кармашты. Ал эми соңку камакка алууларды милиция эмес коопсуздук кызматы тарабынан жазалганы дагы кабатырлантууда. Ал эми толкундоолорго байланыштуу президент Жанаозенге барганда көз карандысыз тергөө ждүргүзүлүп, бул иштер ачык каралат, деп соз берген эле. Бирок, белгилүү оппозициячыл активисттердин камалышы - иш президенттин айтканындай болбогонун ырастап турат. Бирок, биз баары бир, ачык жана калыс тергөө жүрөт, деп үмүттөнөбүз.








