bbc.co.uk navigation

Казакстанда оппозициялык гезиттин редактору камалды

Соңку жаңыланышы: 24-январь, 2012 - 12:20 GMT

Казакстандын оппозициялык гезитинин редакторуна өкмөттү кулатууну көздөгөн деген айыптар тагылууда. Дүйшөмбү күнү өлкөнүн улуттук коопсуздук кызматы бир катар оппозициялык ишмерлердин кеңселерин жана үйлөрүн тинтүүгө алышкан.

Казакстандагы өкмөттү ачык сындаган саналуу гезиттердин бири "Взгляддын" башкы редакторун камакка алуу, коопсуздук кызматкерлеринин дүйшөмбү күнкү тинтүүлөрүнөн кийин орун алды. Гезиттин кабарчыларынын бири Олесья Шелковая, окуя болгондо иш ордунда олтурган. Ал көргөндөрүн айтып берди:

-Он чакты коопсуздук кызматкери кирип келди. Алар баарыбызды бир бөлмөгө камашып, уюлдук телефондорубузду өчүрүүнү талап кылышты. Биздин компьютерлерибиздин баарын, атүгүл жеке китепчелерибизден бери алып кетишти- деди журналист.

"Взгляд" гезитинин башкы редакторун коопсуздук кызматынын жергиликтүү абак жайына камашып, конституциялык бийликти кулатууга аракет кылган деген айыптар тагылган.

Казак бийлиги бул иш-чаралар декабрь айында Жанөзен калаасында болгон башаламандыктарга байланышкан тергөө иштерине тиешелүү экенин айтууда

Дүйшөмбү күнү Казакстандын улуттук коопсуздук агенттиги, каттоодон өтпөгөн "Алга" аттуу оппозициялык партиясынын кеңсесин тинтүүгө алган эле. Анын лидери Владимир Козловский да камакка алынган.

Бийликтердин айтымында, бул тинтүүлөр декабрь айында Жанаозен калаасында болгон башаламандыктарды иликтөөгө байланыштуу деп түшүндүрүшүүдө.

Анда мунайзат жумушчуларынын жети айга созулган нааразалык акциясы полиция менен кагылышууга алып келген. Коопсуздук күчтөрү куралсыз кишилерге ок чыгарып, кеминде 16 киши көз жумган жана жүзгө жакыны жарат алган. Бул окуядан кийин бийликтер демонстанттарга, көз карандысыз медиага жана өкмөттү сындаган оппозициялык партияларга куугунтук баштаган эле.

Тектеш темалар

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.