
Соңку учурда, эки өлкөнүн лидерлеринин ортосундагы кайым айтышуулар курч мүнөзгө өткөн.
Армения жана Азербайжан президенттери мындан жырма жыл мурда араң жетишилген тынчтык келишимин талкуулоо үчүн жолугушууда.
Эки тарап тең өздөрүнүн аскерий күчүн бекемдеп келет.Соңку учурда, эки өлкөнүн лидерлеринин ортосундагы кайым айтышуулар курч мүнөзгө өткөн.Орусия ортомчулук кылган бул сүйлөшүүлөрдөн кандайдыр бир натыйжа күтүү эрте, анткени эки тарап тең буга чейин бир дагы жолу ийкемдүүлүк көргөзө элек деп айтылууда.
Бүгүн Орусия президенти Дмитрий Медведев Сочиде Армения жана Азербайжан президенттеринин ортосунда саммит өткөрүүдө. Армения менен Азербайжан Тоолу Карабах аймагы боюнча совет мезгилинен бери чатакташып келет. 1994-жылы ок атуунун токтотуу боюнча келишимге кол коюлганча, он миңдеген адамдар курман болуп, миллиондогон адамдар үй-жайынан айрылышты.
Азыр деле мезгил-мезгили менен чек арачылар ортосунда атышуулардан эки тараптан тең жоготуулар болуп келет. Ошондуктан, бул чатак кайрадан ырбап, Түркия, Орусия сыяктуу өнөктөрдүн кийлигишүүсүнө мажбур кылган согушка айланышы мүмкүн деген коркунучтар бар.
Тынчсыздануу убактылуу жетишилген келишимдин туруксуздугунан келип чыгууда. Эки тараптын тең Азербайжандын жана Армениянын президенттери мезгил-мезгили менен агрессивдүү билдирүүлөрдү жасап келишет. Дагы бир тынчсызданткан жагдай, Эл аралык кризистик топтун өкүлү Лоренс Шесиндин айтымында, эки тарапта тең куралдануу жакшырууда.
-Азербайжан азыр куралданууга, армиясына Армениянын улуттук бюджетине караганда көп каражат жумушап жатканын эс алсак, беш жылдан кийин согуш тутанса өтө кымбатка турат. Чатактын ырбашына дагы бир чоң себеп бар, азыр эки тарап тең согушту азыр баштабаса кийинчерээк ынгайсыз болуп калат деп ойлойт.
Дүйшөмбү күнү Орусия тарап жүргүзгөн сүйлөшүүлөр чатакты чечиши арсар. Эки тарап тең бир чечимге келүүгө макул экенин билдире элек. Бирок, Орусия өзү Азербайжан менен Армениянын ортосунда тынчтык болушуна кызыктар эмес деген да шектенүүлөр бар.
Азербайжандын саясий серепчиси Арастун Оружлунун айтымында, учурда болуп жаткан чатактар Москванын бул аймакта аскерлерин кармап туруусуна шарт түзөт. Айрыкча Иран менен саясий туруктуулук болбой турган чакта Орусия үчүн бул өтө манилүү.
-Орусиядагы саясий кырдаал анча туруктуу эмес. Ошондуктан, Орусия бул аймактагы айрым өзгөрүүлөро же өнүгүүлөргө кызыктар эмес. Орусия түштүк Кавказды колго кармап турууга муктаж, анткени, Иранда бир нерсе болуп кетсе, ал чатакты Ирандан чыгарбаганга кызыктар. Анткени, Ирандан чыга турган болсо, ал Орусиянын чек арасын кескенге барабар болот. Ошондуктан, Орусия аймакты тирүү геосаясий кызыкчылык катары көрөт.
1990-жылдын башында Азербайжан менен Армения ортосунда тутанган согушта 30 000дей адам көз жумган. Азыркы күндө эки тарап тең мыкты куралданганын эске алганда, кайрадан согуш тутана турган болсо чыгымдар өтө көп болот.









