bbc.co.uk navigation

Лондон 2012: Олимпиадага саналуу күндөр калды

Соңку жаңыланышы: 16-январь, 2012 - 13:44 GMT

2012-жыл жаңырары менен Олимпиада жана Параолимпиада оюндары менен аларды коштоочу маданий иш чараларды уюштурган жооптуу адамдар алдына койгон ой-максаттарын Би-Би-Сиге айтып берди.

Себастиан Кое, Лондон-2012 нин төрагасы

"Мына 200 күндөн да аз убакыттан кийин биздин Олимпиада жана Параолимпиада оюндарыбыз башталганы турат. Биз бул керемет оюндарга даярбыз. Улуу Британиянын заманбап учурдагы эң ири эларалык долбоорунда улутубузду, өлкөбүздү жана Лондонду мүмкүн болушунча мыкты көрсөткөнгө аракет кылабыз.

Себастиан Кое

Себастиан Кое

Алдыдагы алты айдын ичинде биздин негизги максатыбыз Улуу Британия сыймыктана тургандай оюндарды өткөрүү болмокчу. Оюндарга катыша турган ар бир спортчу, көрүүчү, мейман, Олимпиада отун көтөрүүчү атлет жана жөнөкөй адамдар Лондон 2012ден ийгиликке жетишип, өмүрүндөгү кымбат көз ирмемдерге ээ болот деген ишенимдебиз.

Улуу Британиядан жана дүйнөнүн башка бардык булуң-бурчунан оюндарга катышуу жана көрүү үчүн келе турган адамдардын саны укмуштуудай көп. Лондон үчүн бул олимпиада жаңы муунга ачылган жаңы мүмкүнчүлүк жана өзүн туш тараптан көрсөтүүнүн мыкты учуру.”

Борис Жонсон, Лондон шаар башчысы

"Саналуу гана айлардан кийин Лондон шаарыбыз дүйнөдөгү укмуштуудай чоң окуянын ээси болору баарыбызды кубантууда. Лондонду эң эле кызыктуу спорт жана маданий иш чаралар толугу менен ээлеп алмакчы.

Борис Жонсон

Борис Жонсон

Олимпиада оюндарына бир нече күн калганда өлкөбүз королева Елизаветтанын Алтын мааракесин да майрамдайт. Мына ушундай фантастикалуу окуялар менен быйылкы жылдын көңүл чордонун Лондон шаары ээлеп алмакчы.

Оюндарга болгон даярдыгыбыз толугу менен план боюнча ишке ашууда. Олимпиаданы ар бир лондондук сыймыктана тургандай өткөрөрүбүзгө терең ишенемин.

Хью Робертсон, Спорт жана олимпиада министри

Хью Робертсон

Хью Робертсон

"2012-жылдын жай айларында Лондон бардык конокторго жана спортчуларга өзүнүн меймандостугун, ар тараптуу өнүккөндүгүн жана бийик маданиятын көрсөтөт деп терең ишенемин.

Баарынан да Британия спортчуларынын медалдары көп болсо деп тилеп жатам. Алардын ийгилиги биздин жаңы муундун спортко болгон мамилесин жакшыртууга бирден бир өбөлгө болмокчу.

Сэр Крис Хой, Велоспорт боюнча алтын медалдын ээси

Крис Хой ортодо

Крис Хой ортодо

"Менин 2012-жылдагы эң башкы тилегим кайрадан алтын медалды алып, өлкөмдүн сыймыгы болуу. Оюндардын ар бир мүнөтүн кызыгуу менен көрүүнү пландап жатам"

Tом Делий, суучул

"2012-жылкы олимпиадада мен эң мыкты көрсөткүчкө ээ болуп, менин жашоомдогу эң жакшы сууга секирүүнүн алты түрүн көрсөтсөм дейм. Бул жыл мен үчүн жана менин кесиптештерим менен жакындарыма да унутулгус, үмүттөргө жык толгон жыл болот.”

Сара Стивенсон, Таэквандо боюнча дүйнө чемпиону

Сара Стивенсон

Сара Стивенсон

"2012-жылдагы мен чыдамсыз күткөн нерсе өз күйөрмандарымды кайдыгер калтырбай, алардын ишеничин актап, жеңишке жетишүү. Ал эми көрарман катары мен Параолимпиада оюндарындагы коляска менен ойноочу баскетболго барамын. Мен бул оюнду абай жакшы көрөм жана аны өткөрүп жиберүүнү каалайбаймын!”

Ребекка Адлингтон, Сууда сүзүү боюнча олимпиаданын алтын медалынын ээси

Ребекка Адлингтон

Ребекка Адлингтон

"2012-жылы Британия өзүн мыкты деңгээлде көрсөтөт деп ишенем. Ошондой эле көрүүчүлөрдү керемет Суу борборуна да чакырмакчыным."

Жессика Эннис, күрөшчү

Жессика Эннис

Жессика Эннис

"Ар дайым абдан оор көнүгүү учурунда бул кыйынчылыктар олимпиададагы ийгилик үчүн деген ой мага келип, бул ойдон күч-кубат алып турдум. Мурдагы алган жаракаттарымдын ооруганын эстегенде мындай жаракаттар мен үчүн спорттогу жетишкендиктеримдин өбөлгөсү экени айгинеленди жана бул оюндарга сыймыктануу, чоң үмүт, мыкты даярдык менен бара жатамын.”

Хелен Женкинс, Триатлон боюнча дүйнө чемпиону

"2012-жылда мен үчүн 4-август өтө маанилүү. Себеби бул күнү аялдар арасында триатлон боюнча таймаш өтөт. Мен бул күнгө өзгөчө даярдык менен барамын жана азыртадан толкунданып жатам."

Алистейр Браунли, Триатлон боюнча дүйнө чемпиону

"2012-жылдагы олимпиаданы мен чыдамсыздык менен күтүп жатамын. Балким буга менин тажрыйбам да шык берүүдө. Бул спорт жана маданияттын керемет фестивалында спортчу катары эле эмес, көрүүчү катары да катышып, абдан жакшы эскермелердин ээси болом деп турамын.”

Алистейр Браунли

Алистейр Браунли

Дэвид Вейр, Параолимпиада оюндарынын коляска атлетикасы боюнча алтын медаль ээси

"Жакынкы бир нече күндө мен Австралиянын жылуу абасында машыгып келүүнү пландап жатам. Албетте бул менин Лондон олимпиадасындагы оюндарга карата умтулуумду билдирет. Жакшы көз ирмемдердин ээси болуп, “мыкты даярдыктамын” деп айтууга не жетсин. Албетте жеңиш үчүн күрөшүү да керек.

Дэвид Вейр

Дэвид Вейр

Мен коляска менен 800, 1 500 жана 5000 метрлик марафондорго катышам. Ошондой эле апрелдеги Лондон марафонуна да даярданып жатам. Балдарымды таштап, алыскы Австралияга кетүү мен үчүн оор болгону менен элиме жеңиш алып келүү ары сыймыктуу жана жоопкерчиликтүү. Ал эми июль айында Португалияга барып машыгамын. Параолимпиада оюндарынан жеңишке жетүү абдан оор.”

Эдвард Барбер, Жей Осгерби, Олимпиада – 2012 отунун дизайнерлери

Эдвард Барбер жана Жей Осгерби

"2011-жыл биз үчүн абдан олуттуу болду. Анткени биз Олимпиада отун жагуучу шамдын дизайнын жана ошол ошол шамдын өзүн жасадык. Мындай жоопкерчилик биз үчүн чоң тажрыйба болуп, Олимпиаданын башталуусун чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Олимпиада оту алгачкы мекени болгон Грецияда тутанган салтанатка да катышабыз.”

Барат Закрар, Олимпиада 2012 отун көтөрө турган марафончу

Барат Закрар

Барат Закрар

"Быйыл мен Постмоуз университетинин Финансы жана бизнес факультетин бүтүрүп жатам. Андыктан бул жыл мен үчүн абдан толкундандыруучу болууда. Ошондой эле олимпиада отун көтөрүү милдетим да бар. 6-июль, жума күнү мен бул ыйык отту көтөрүп чуркайм. Үй-бүлөм, досторум, коңшуларым мени көрүп сыймыктанат деп ишенем.

Бул күндү миң түрлүү кыялданып жатам. Жеңил атлетика, стол тенниси жана олимпиаданын жабылуу аземине билет ала алдым. Параолимпиаданын да айрым оюндарын көрөм. Мурда олимпиаданы теледен эле көрчүмүн, эми өз өлкөмдө, анын бир бөлүгү болуу мен үчүн абдан сыймыктуу.”

Руз Маккензи, Олимпиаданын маданий жетекчиси

"2012-жылдын жай айларында өз ишибизди жогорку деңгээлде аткарсак, Улуу Британия үчүн да, бул өлкөгө келген ар бир мейман үчүн спорт менен маданиятта унутулгус жыл болот. Биз дүйнөгө Англия маданий туризмдин борбору деп жар салдык жана алтын медалга татыгандар үчүн мыкты деңгээлдеги уюштуруу иштери жүрүп жатат.

Руз Маккензи

Руз Маккензи

Быйылкы жылдын маданий иш чаралары Лондон – 2012 фестивалы менен 21-январда Дэвид Хокнейдин керемет көргөзмөсү менен Королдук искусство академиясында ачылат. Бул фестивалдын алкагында көптөгөн кызыктуу маданий иш чаралар бар. 23-апрелде В.Шекспирдин туулган күнүнө карата Би-Би-Си менен Королдук Шекспир компаниясы тарабынан Глоббе театрында керемет шоулар болмокчу.

Бирок 21-июнда биздин эң масштабдуу иш чарабыз болгон 10 миллион адамдын катышуусу менен өтүүчү дүйнөлүк искусство фестивалы бар."

Сейз Лейкмен, музыкант

Сейз Лейкмен

Сейз Лейкмен

"Мен бул жылы өмүрүмдө алгач ирет Би-Би-Си оркестринин коштоосунда март айында Улуттук Музыка фестивалында ойномокчумун. Бул окуя жашоомдогу олуттуу бурулуш деп эсептейм. Мурда мен жалгыз ойночумун.

Оркестр менен чогуу ойноо мен үчүн чоң тажрыйба жана сыймык болмокчу. Ошондой Англия жана Европа, Австралияга концерттик турларым бар. Эң негизгиси 2012-жылы мен үйлөнгөнү турам. Демек бул жыл сөзсүз эсте каларлык болот.”

Тектеш темалар

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.