bbc.co.uk navigation

Казакстандагы парламенттик шайлоо

Соңку жаңыланышы: 16-январь, 2012 - 14:13 GMT

Жекшемби күнү болуп өткөн Казакстандагы парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары чыгарылууда. Маалыматттар боюнча бийликтеги “Нур Отан” партиясы добуштардын 80 пайыздан көбүн жеңген.

Казак бийликтери шайлоо таза жана эркин өттү деп билдиришти. Бирок Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулары добуш берүү катуу көзөмөлдөнгөн абалда өтүп, оппозициячыл партияларга шайлоого катышууга жол берилген жок деп жатышат.

Президентти жактаган "Нур Отан" партиясынын бул ишенимдүү жеңиши эч кимди таң калтырган жок. Мурунку шайлоолордо ал 90 пайызга жакын добуштарды алган. Партиянын лидери Нурсултан Назарбаев “Казакстандын эли дагы бир ирээт туруктуулук жана улуттун бакубаттыгы үчүн добуш берди” деп айтты:

-Парламент эми көп партиялуу болду. Үч партия парламент орундарына жетишти. Демек, “Нур Отан” партиясы атаандашууга бел байлашы керек. Ошондо биз алдыдагы он жалдар бою элибизди жеңиштен жеңишке жетелеп турмакчыбыз-деди Н.Назарбаев.

Ошондой эле казак Президенти өлкөнүн батыш тарабындагы Жанаозен шаарында өткөн жылы декабрда болгон толкундоолор тууралуу да токтолду:

-Биздин биримдигибизге эч нерсе доо кетире албайт. Кээ бирлер саясый учурдан пайдаланып кетүүнү көздөп, Жанаозендеги окуялар жөнүндө сүйлөп туруп алышты. Бирок, булардын баарына Жанаозендин калкы жетимиш пайыз добушун “Нур Отанга” бергени жооп болмокчу.

Коммунисттик партия жана бизнес багытындагы “Ак Жол” партиясы дагы парламентке өтүүгө талап кылынган 7 пайыз добуштарды алып, парламентте орундарга жетишти. Бийлик шайлоолор эркин жана ачык өттү деп билдирди. Бирок оппозиция тараптагы байкоочулар үкөктөрдү бюллетендер менен толтуруу сыяктуу эреже бузуулар кеңири орун алганын айтышууда.

Эл аралык байкоочулардын пикирлери

Эл аралык байкоочулар жекшембиде болгон Казакстандагы парламенттик шайлоону демократиянын жөнөкөй талаптарына да жооп бербейт деп билдирүү таратышууда.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча байкоо салуучу миссиясынын жетекчиси Миклос Харашти бул шайлоолор атуулдардын шайлоо укуктарыны олуттуу түрдө чектеген, дыкат көзөмөлдөнгөн шартта өткөнүн айткан.

“Чыныгы плюрализм, биз күбө болгондой, атайылап уюштурууга муктаж эмес. Ал - ар бир адамдын негизги эркиндиктерин урматтоодон келип чыгат," - деди ал. ЕККУ миссиясынын айтымында, маалымат каражаттары "өзүн өзү цензуралаган" мүнөздө иштешти жана талапкерлердин катышуу укуктарына ашыкча чектөөлөр коюлду.

Борбор Азия боюнча эксперт Жоана Лилис Би-Би-Сиге берген маегинде:

- “Акжол” партиясы президенттик администрацияга өтө жакын. Иш жүзүндө партиянын лидери мурда бийликтеги “Нур Отан” партиясынын көрүнүктүү мүчөсү болгон. “Нур Отан” партиясынан чыгып эртеси күнү эле Акжолдун лидери болуп калган. Акжол партиясы президенттик администрацияга жакын, ал президент Назарбаевти же анын бийлигин сындабайт.

- Демек, казак бийликтери жаңы казак парламенти көп партиялуу дегени менен оппозициячыл пикир билдирчү партия жокко эсе турбайбы?

Жоана Лилис:

-Ооба казак бийликтери көп партиялуу парламент куралганы тууралуу айтууда. Бирок көп партиялуу парламент сөзсүз эле плюралисттик партия боло бербейт. Бул парламентке бийликтеги “Нур Отан” партиясы, андан сон эки чакан партия – “Ак Жол” жана Элдик коммунисттик партия кирип отурат. Элдик коммунисттик партия мурунку Казакстан компартиясынан бөлүнүп кеткен. Партиянын Назарбаевке каршы бөлүгүн шайлоого катыштырбай коюшту. Ал эми бул элдик коммунисттик партиясы жана “Ак Жол” партиясы экөө тең президенттик саясатты колдойт. Андыктан бул парламентте чыныгы дебат болоору арсар, аны көп партиялуу, плюралисттик деп атоонун өзү да орунсуз.

Тектеш темалар

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.