
Мышыктын эти кытай ашканасындагы адаттан тыш тамак эмес.
2011-жылдын 23-декабрында Кытайдын миллиардери Лун Ли-Юан Гуандун аймагына мамлекет кызматчысы менен ресторанга барып ууланып каза тапты. Анын өлүмүнө Хуан Гуан аттуу чиновник күнөөлүү деп шектелүүдө.
Миллиардер мышыктын этинен жасалган жаркөпкө ууланып калганы айтылууда. Ал эми аны менен бирге тамактанган Хуан Гуанга тамак учурунда Юандын табагына уу чөп салып жиберген деген айып коюлду.
Полициянын айтымында, жергиликтүү мамлекет кызматчысы менен миллиардер акча үчүн араздаша кетишкен. Ал күнү Кытайдын айыл чарба тармагында иштеген чиновник Гуан миллиардерди ага таандык токой чарбасына алып барган.
Андан кийин экөө тең жергиликтүү ресторанга барышып, мышыктын этинен жасалган жаркөп жешкен. Хуан Гуан миллиардердин тамагына гельземий деп аталган ууну кошуп жиберген деп болжолдонууда. Тамактан кийин Юандын башы айланып, кусуп, ооруканага барары менен каза тапкан. Алар менен чогуу тамактанган башка эки адам эч кандай жабыр тарткан эмес.
Мышык, иттер – баалуу тамак
Жергиликтүү гезиттин маалымдоосу боюнча маркум Лун Ли-Юан ууланган тамактын бир аз бөлүгүн эле жеген. Бирок окуя болору менен полиция ресторандын ээсин дароо камакка алды. Ага санитардык нормаларды сактабаган деген айып коюлууда дейт «Ассошиэйтед пресс» агенттиги.
Бирок Лун Ли-Юандын үй-бүлөсү окуянын чоо жайын кылдат иликтөөнү талап кылып, туура маалымат бергендерге 16 миң АКШ доллары өлчөмүндө сыйлык беришерин жар салышты.
Мышыктын эти кытай ашканасындагы адаттан тыш алгачкы тамак эмес. Кылымдардан берки кытай салттары боюнча, алар жаныбарлар, канаттуулаордын бардык түрлөрүн, ал тургай Кытайдагы бардык курт-кумурскалардан тамак жасашат.
Буга чабалекей, чаян, курттардан жасалган тамактар мисал боло алат. Тамак жасоо үчүн союла турган атайын ит багуучу фермалар да бар.









