
Умида Ахмедова
Умида Ахмедова менен Олег Карпов - дүйнөгө таанымал мыкты сүрөтчү жубайлар. Алар фото-сүрөткерлик жана көркөм тасма жаатында чогуу эмгектенишип, чыгармалары китептерди кооздоп, даректүү жана кыска метраждуу фильмдерге тартылып, гезиттерде байма-бай жарыяланып турган. Көркөм өнөр тууралуу Ахмедова менен Карповдун ортосундагы пикир алышуулар - алардын чыгармачылыгынын түгөнбөс илхам булагы.
Ошондой болсо да алар Өзбекстандагы көркөм чыгарма жаратуунун көп кырдуу кыйынчылыктарын белгилешет. Өткөн жылы жубайларга Швейцарияда жолукканымда эларалык чууга айланып, алардын жашоосун бурган соттук иштин кыйынчылыктары кыйыр түрдө айтылды. Ошентсе да алар шайыр, зирек жана өз жашоосундагы оор окуяларга жылмаю менен караган адамдар экен.
2009-жылдын аягында Умида Ахмедовага анын Швеция тарабынан каржыланган сүрөт долбоорунан кийин жалганчы жана Өзбек улутун каралаган адам деген айып коюлган.
Сүрөтчүнүн Аял жана эркек: Таң аткандан күн батканга чейин деген китебинде Өзбекстандагы күнүмдүк жашоо даректүү түрдө берилип, жакыр аймактардын турмушу жана таң атпай көчө тазалаган Ташкенттин кары аялдары чагылдырылган. Ушул сүрөт соттук иште ага каршы коюлган айыптоонун өзөгү болгон.
Эларалык масс-медиада көптөгөн журналисттер Ахмедованын соттук ишин эркин сүрөтчү менен жеткинчек Өзбек мамлекетинин салгылашы деп жарыялашкан. Ошентсе да, мындай коогалуу окуяларга жогорудагыдай баа берүү сүрөткердин жеке сезимдерин чагылдырабы деген суроону аз гана адамдар берген.
2010-жылы Цюрихтин жумшак желдүү кышкы күнүндө Ахмедова менен Карповго жолукканымда бул жагымсыз иштин жабылганына аз эле болгон. Ахмедова күнөөлүү деп табылып, бирок дароо эле мунапыска учурап, эркиндикке чыккан. Анткени менен алардын Аруулуктун жүгү деп аталган даректүү тасмасы дагы да катуу сынга алынып, өзбек салтынын өткөн учурун чагылдырды жана бул өлкөнү орто кылымдагы мамлекет катары көрсөттү деп айтылып жатса да, Ахмедова жана Карпов кийинки кыйынчылыктары тууралуу сөз козгошкон жок.

Умида Ахмедова жана анын күйөсү сот угуусу учурунда
Кандай болгон күндө да алар өз ишин кайрадан жаңы күч менен жандандырып, ал тургай Ташкенттин метросунда кыска метраждуу фильмдердин фестивалын уюштурушкан. Швейцариянын паркындагы баарлашууда биз жалаң эле соттук иш тууралуу сүйлөшпөй, Өзбекстанда чыгармачылыкка чектөөлөрдү койгон тарыхый жагдайларды эскердик.
Ахмедова үчүн советтик кайра куруу жана 80-жылдар анын жаштыгына байланышкан эле эскермелерден турбай, чыгармачылыгындагы чоң эркиндик учур катары эсинде калган. Тескерисинче, 1991-жылы Өзбекстан көз карандысыздыкты алгандан кийин 80-жылдардагы искусстводо эркин ой жүгүртүү тууралуу калыптанган түшүнүктөрү кыйраган. Азыркы Өзбекстандын искусство майданында куугунтуктоо көп кезигип, Ахмедова сыяктуулардын абалы кадыресе көрүнүшкө айланды. Карповдун пикири боюнча жубайларды өзгөчө таң калтырып, капа кылган нерсе аларга карата коюлган айыптар эмес, сот мезгилинде алардын укугун коргоо кызматынын иштебөөсү болду.
Элге жарыялана электе Ахмедова менен Карпов өз эмгектерин алгач расмийлердин көзөмөлүнөн өткөрүшкөн. Айрым мамлекеттик чиновниктер сүрөттөрдү жактырышып, авторлорго алкыш айтышкан. Албетте, бул сүрөтчүлөр үчүн күтүлбөгөн окуя эмес болчу. Анткени алар Өзбекстан боюнча таанымал болуп, теледен мезгил-мезгили менен чыгып турушчу. Карповдун айтымында, түрдүү табитке ээ кээ бир расмийлер чыгармалар тууралуу сурамжылай баштаганда кооптонуулар жаңыдан козголгон. Баарлашуубуздун соңунда Карпов сылык гана күлүп койду.
Каймана маанай менен ал Өзбекстан тек гана бир мемлекет эмес, андан да чоң деген сөзүнөн бул өлкө ар түрдүү системалар жана атаандашып турган адамдар менен кызыкчылыктардан турарын элестете алдык. Айрым мамлекеттик чиновниктер Ахмедованын реалдуу чагылдырылган сүрөттөрүн жактырып жатса, ошол эле мезгилде башкалары чыгармаларды түшүнбөй, борбордогу кооз имараттарды чагылдыруунун ордуна сүрөтчү эмнеге жакыр жашоону ачыкка чыгарды деп чыгышты.
Өзбекстан искусствосундагы жакшы менен жамандын ортосундагы конфликттик көз караштардын себеби бир гана сүрөтчүнүн мамлекетке каршы болуусунда эмес. Өзбекстанды караңгы тараптардан арыла албаган жеткинчек инсан катары карабай, Карповдун пикириндей, абдан назик жана көп кырдуу система катары кабылдоону сунуштайбыз. Мындай система өнөрпоздор үчүн аларды коркутуп-үркүтүүдөн баштап (Ахмедова менен жакында эле тартылган Нафс тасмасынын режиссеру Фаррух Соиповдой) алардын өмүрүнө да чоң корунуч туудурат (диссидент акын Жусуп Жуманы буга мисал келтире алабыз).
Карпов менен Ахмедованын бул окуяларга карата жеке анализинен улам Борбор Азиядагы режимдерди чагылдыруудан мурда ал жерде жашагандардын пикири менен эсептешүү канчалык жүйөлүү экенин көрсөттү. Мына ушул кыйынчылык сүрөтчү жубайлардын сүргүндү кабылдабай жатканынын бирден бир себеби. Мекенге карата терең сүйүүдөн улам алар келечекте идеологиялык карама-каршылыктарды жеңе алабыз деген илгери үмүттө. Алардын Ташкент метросунда өткөргөн кино фестивалы бүтүндөй бир өнөрканага айланганы бул сөзүбүзгө далил боло алат.










