bbc.co.uk navigation

Лондон Олимпиадасына туура бир жыл калды

Соңку жаңыланышы: 27 июль, 2011 - 11:25 GMT
Лондондогу Олимпиада стадиону

Лондондогу Олимпиада стадиону

2012-жылы Лондондо өтө турган Олимпиадага бүгүн туура бир жыл калды. 2012-жылдын 27-июлунда Лондонго Олимпиада оту келип, ачылыш аземи өткөрүлмөкчү.

Буга байланыштуу бүгүн Трафальгар аянтында Эларалык Олимпиада Комитети жана Лондондун жетекчилеринин катышуусу менен атайын азем уюштурулат.

Спорттун суудагы түрлөрү үчүн атайын жасалган Страдфорддогу бассейнге илгери үмүт менен эки жолку олимпиаданын алтын медалынын ээси, британиялык Том Дейли аттуу спортчу алгач секирип “ачуу ырымын” жасамакчы.

Трафальгар аянтындагы аземде болсо Эларалык Олимпиада Комитетинин президенти Жак Рогге 2012-жылкы Лондон олимпиадасынын медалдар менен тааныштырат. Лондондун мэри Борис Жонсон бул аземде дүйнө жүзүн олимпиаданы көрүүгө чакырат.

Жаңы комплекстер даяр

Жаңы комплекстер даяр

“Лондон-2012” комитетинин төрагасы Лорд Коунун айтымында олимпиадага байланышкан иш чаралардын бардыгы өз тартиби менен убагында ишке ашууда. Оюндарды көрүүгө 2 миллион билет даярдалган, бирок бир жыл мурда эле билет алууга 23 миллион адам өз каалоосун билдирген.

Лорд Коу бул көрсөткүчтү сыймыктануу менен билдирди.

Кыялдар жакындоодо

Уюштуруучулар даярдыктын өз убагында жана өз тартибинде өтүп жатканын айтышып, олимпиадага арналып курулуп жаткан имараттардын көбү бүткөнүн билдиришти.

Билеттер болсо эчак эле сатылып бүткөн. Олимпиаданын бюджети Лондон жетекчилиги тарабынан 15 миллиард доллар деп белгиленип, бул суммадан ашыкча тыйын иштетилбейт деген божомолдор айтылып жатат.

Оюндарга арналган курулуш иштеринен улам Лондондогу айрым метро жолдору да өзгөрдү.

Кыялдар орундалат

Кыялдар орундалат

Олимпиада учурунда Лондондун атактуу жана тарыхый жайлары да меймандар үчүн ачык болмокчу. Оюн учурунда шаарда 12 миң тартип сакчысы нөөмөттө турмакчы. Коопсуздук үчүн атайын операциялык пландар түзүлүүдө.

Ал эми операцияларды жетектей турган Крис Аллисон тартип сакчыларынын иш аракеттери меймандарга билинбей ишке ашарын билдирди.

Тектеш темалар

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.