Дүйнөлүк жаңылыктар

Соңку жаңыланышы: 22-февраль, 2012 - 16:05 GMT
  • Британияда жогорку кызматтагы өкмөт өкүлү, бул өлкөгө келип жашаган мигранттар, жергиликтүү коомчулук менен жуурулушуп жашашы үчүн, англис тилин жана британ салттарын жакшы билиши керек деп билдирүүдө.

    22-февраль, 2012

  • Италия өкмөтү өлкөдөгү баардык министрлердин жеке финансылык абалы тууралуу маалыматтарды интернет сайтына жарыялоодо. Бул кадам жаңы администрациянын иш-аракеттерин коомчулукка ачык кармоого багытталган.

    22-февраль, 2012

  • Британияда жогорку кызматтагы өкмөт өкүлү бул өлкөгө келип жашаган мигранттар жана улуттук азчылыктар жергиликтүү коомчулук менен жуурулушуп жашашы үчүн англис тилин жана Британ салттарын жакшы билиши керек деп билдирүүдө.

    22-февраль, 2012

  • Абхазия президенти Александр Анквабды коштогон унаалар Сухумиге бараткан жолдо жардыргыч затка тушугуп, жансакчыларынын бири мерт болду. Коопсуздук кызматкерлердин дагы бири оор абалда ооруканага жеткирилген.

    22-февраль, 2012

  • Афганистандагы АКШ күчтөрүнүн башчысы, генерал Жон Аллен коалициялык күчтөрдүн аскерлери Ыйык Куранды өрттөп жоготкон деген маалыматтарга байланыштуу кечирим сурады. Бул окуялар текшерилээрин билдирди.

    21-февраль, 2012

  • Германиянын оппозициячыл Социал-демократтар жана жашылдар партиялары президентикке талапкер катары укук коргоочу Иоахим Гаукту көрсөттү. Өлкөнүн канцлери Ангела Меркель бул талапкерди колдой турганын айтты.

    20-февраль, 2012

  • Японияда соода-сатык дефицити январь айында рекорддук деңгээлге төмөн түшүп, импорттун көлөмү экспорттон 19 миллиард долларга ашып кетти. Бир катар жагдайлар өлкөдөгү экспорттун көрсөткүчүн былтыркыга салыштырмалуу 9.3%га төмөн болушуна алып келген.

    20-февраль, 2012

  • Түштүк Корея Түндүк Корея менен чектешкен аралдарда аскерий машыгуу өткөрдү. Иш-чарага байланыштуу Түндүк Корея эскертүүлөрдү жолдогон, ал эми батыш аралдарында жашаган Түштүк Корея тургундарына аймакта чыга турууга кеңеш берилген.

    20-февраль, 2012

  • Германиянын президенти Кристиан Вульф отставкага кетээрин жар салды. Прокуратура соңку айларда коррупциялык ишке аралашкандан чыккан чуудан улам парламентке президенттин кол тийбестик укугун алып салуу боюнча расмий кайрылган эле.

    17-февраль, 2012

  • Австралиянын окмуштуулары изилдөө жүргүзүп, Европа менен АКШдагы окуучулар жетишүү көрсөткүчү боюнча өзү теңдүү азиянын айрым аймактарындагы окуучулардан үч жылга артта экенин айтып чыгышты.

    17-февраль, 2012

Би-Би-Си Кыргыз

Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.

bbc.co.uk navigation

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.