bbc.co.uk navigation

Орусия

Соңку жаңыланышы: 17-май, 2012 - 11:51 GMT
  • Орусиядагы оппозициячыл “Солидарность” аттуу кыймылдын өкүлү Илья Яшин полиция кызматкерлерине баш ийбегени үчүн 15 суткага камалышы мүмкүн экенин Би-Би-Сиге аталган кыймылдын адвокаты Вадим Прохоров билдирди.

    17-май, 2012

  • Индонезияда кыйраган орус учагы Sukhoi Superjet-100дүн калдыктары тоонун боорунан табылды, бирок, ага жетүү татаал болууда. Жөө куткаруучулар кырсык болгон жерге жеткен учурда дагы, көз жумгандарды тик учак менен гана чыгаруу керектиги айтылууда.

    10-май, 2012

  • Орусиянын мамлекеттик думасы Дмитрий Медведевди премьер-министрлик кызматка бекитти. 7-майда Владимир Путин президенттик үчүн ант берген эле. Эки лидердин орун алмашканы оппозициялык саясатчылардын сынына дуушар болууда.

    8-май, 2012

  • Бул азем президенттикке ант берүүгө караганда, тактыга олтуруу жөрөлгөсүнө көбүрөөк үндөшүп турду. Владимир Путин бир кездерде орустардын падышалары тактыга олтурчу Чоң Кремль Сарайында ант кармады.

    7-май, 2012

  • “Миллиондор маршы” жүрүшүннүн 650 катышуучусу Путиндин инаугурациясына чейинки түндү полиция бөлүмдөрүндө өткөрүштү. Ар кандай маалыматтар боюнча полиция тарабынан 400дөн 600гө чейин адам кармалган.

    7-май, 2012

  • Махачкала-Астрахан унаа жолундагы полиция өткөрмө бекетинде автоунаада бараткан жанкечтилер өзүн өзү жардырып жиберген. Дагестандын борбор калаасында болгон бул окуядан 13 киши каза тапканы айтылууда, 90 го жакын адам жаракат алган.

    4-май, 2012

  • Грузиянын жикчил аймагы Түштүк Осетиядагы президенттик шайлоодо мурдагы КГБ офицери Леонид Тибилов жеңишке ээ болду. Ал маалымат жыйындагы билдирүүсүндө өзү менен бирге бийликке жаңы команда келээрин белгиледи.

    9-апрель, 2012

  • Орусиянын баш калаасы Москвадагы соода борборунда өрт чыгып, 17 мигрант-жумушчу түнөгөн жеринде көз жумганы айтылууда. Айрым маалыматтарда, алардын баары Тажикстандан келген мигранттар экени белгиленген.

    3-апрель, 2012

  • Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, Тюмендеги учак кырсыгында, кеминде 31 киши көз жумду. Эки кишинин абалы өтө оор.

    2-апрель, 2012

  • Быйыл май айында Азербейжанда өтө турган "Евровидение" телевизиондук-музыкалык конкурсуна Орусиянын атынан "Бурановдук энелер" деп аталган фольклордук топ катышуу укугун утуп алды.

    8-март, 2012

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.