bbc.co.uk navigation

Сүрөт галереясы

Соңку жаңыланышы: 17-май, 2012 - 19:06 GMT
  • Би-Би-Си "Кереметтүү Кыргыз Жери " аттуу сүрөттөрдүн түрмөгүн улантат. Окурманыбыз Манас Саматов жолдогон сүрөттөрдө айыл чарбасы, кооз жерлер жана элеттиктер чагылдырылган.

    17-май, 2012

  • Кыргызстанда жеңиш майрамы шаңдуу белгиленди. Экинчи Дүйнөлүк согушка 365 миң кыргызстандык катышкан. Учурда өлкөдө 2200дөн ашуун согуштун, 8 миңден ашуун ооруктун ардагери бар. Би-Би-Синин Оштогу кабарчысы Айбек Абдылдаев жолдогон сүрөттөр.

    9-май, 2012

  • Владимир Путиндин ант берүү аземинин алдында Кремлдин тышында жүзгө жакын киши наарызылык өткөрүштү. Алардын кеминде он бешин атайын күчтөр кармап кетишкен. Андан бир күн мурда болсо, ушундай эле нааразылыктарда жүздөгөн кишилер кармалган.

    7-май, 2012

  • Кыргызстандык фотожурналист Бектур Стамкуловдун «Кереметтүү Кыргызстан» деп аталган сүрөттөрүнүн түрмөгү тоолуу өлкөнүн кооз аймактары жана шаарларын чагылдырат. Би-Би-Си Кыргыз кызматы башка окурмандарынан дагы кызыктуу сүрөттөрдү күтөт.

    3-май, 2012

  • Ош, Баткен облустарында сел жүрүп, 1000ден ашуун турак-үйлөрдү каптаган. Селдин кесепетинен Баткендин Лейлек, Оштун Өзгөн, Кара-Суу аймактары жабыркаган. Лейлекте сел жууган үйлөр саны 400дөн ашуун экени кабарланууда.

    30-апрель, 2012

  • Америкалык сүрөтчү Рейчел Хюлин "Учкан бөбөк" деп аталган фото-сүрөттөрдүн түрмөгүн тартууда жөнөкөй ыкмаларды колдонгон. Ал эми анын каарманы - он төрт айлык өз наристеси.

    19-апрель, 2012

  • Дүйнөдөгү эң ири кемелердин бири "Титаник" мындан жүз жыл мурда чөккөн. 14-апрелде түнкү саат 23:40та кеме Ньюфаундлендден 740 чакырым алыстыкта музтоо менен сүзүшкөн.

    12-апрель, 2012

  • Кыргызстандагы оппозициялык топтор Жалал-Абад калаасында нааразылык акция өткөрүп, өкмөттүн отставкасын талап кылды. Буга чейин Ош, Баткен аймагында демонстрациялар болуп өткөн.

    10-апрель, 2012

  • 2-апрелдеги кырсыкта отуздан ашуун киши көз жумду. “ЮТэйр” авиакомпаниясынын учагында 39 жүргүнчү жана төрт экипаж мүчөсү болгон. ATR-72 жүргүнчү учагы Тюмендени “Рощино” аэропортунан учуп чыгып, саналуу минуттардан кийин кыйрап түшкөн.

    2-апрель, 2012

  • Прокудин-Горский Борбор Азияда жүргөндө жүздөгөн сүрөттөрдү тарткан. Анын максаты падыша Николай II нин ээлигине кирген жерлердин кооздугун бардык түс менен чагылдырып, жакшылап таанытуу эле.

    2-апрель, 2012

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.