bbc.co.uk navigation

Кыргызстан

Соңку жаңыланышы: 26-май, 2012 - 15:22 GMT
  • Кыргызстанда мугалимдердин айлыктары көтөрүлгөнү кадр тартыштыгы боюнча маселе акырындап чечилүүдө. Бирок, эми жогорку деңгэлдеги адискөй мугалимдер жетишсиз болууда.

    26-май, 2012

  • Саналуу күндөрдөн кийин Ысык-Көлдө туристтик сезон расмий ачылат. Жайдын бул үч айында тапкан киреше көптөгөн адамдарды калган тогуз ай бою багат. Ошондуктан сезондун ийгиликтүү болушу миңдеген үй-бүлөлөр үчүн өтө маанилүү.

    26-май, 2012

  • ИИМдин коррупция менен күрөшүү башкармасы паракордук фактысы боюнча жазалоо чараларын күчөтүү жөнүндө маселе коюуда. Анткени паракорлук фактысы боюнча жүздөгөн иштер сотко жетпей, жеткендери айып пул же башка жеңил жазалар менен кутулуп кетүүдө.

    25-май, 2012

  • Пассажирдик жана башка адистик унаалар үчүн гана текшерүү калтырылып, жеке унааларга жоюла турган болду. Айдоочулар мыйзамга киргизилген мындай өзгөрүүлөрду кубаттоо менен кабыл алып жатышат.

    25-май, 2012

  • Жогорку Кеңеш апрель-июнь окуялары боюнча айыпталып качып жүргөн адамдарды кармап келүү үчүн сыйлык акчаны көбөйтүү жөнүндө укук коргоо органдарына тапшырма берди.

    24-май, 2012

  • Эл аралык Amnesty International уюму жылдык билдирүүсүндө Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад аймактарына эки жыл мурдагы окуялардын кесепеттерин жоюу үчүн Кыргыз өкмөтү жетиштүү аракет көргөн жок деп сынга алды.

    24-май, 2012

  • Жогорку Кеңеш эки жыл мурдакы апрель жана июнь айында болгон кандуу тополоң окуялардын күнөөкөрлөрүн издөө, жазалоо боюнча укук коргоо органдарынын иши натыйжалуу жүрбөй жатат деп сынга алууда.

    23-май, 2012

  • Кыргыз өкмөтү менен НАТО Чикагодогу саммиттин жүрүшүндө жаңы келишимге кол коюшту. Анда Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу Афганистанга жердин үстү менен жүк ташуу мүмкүнчүлүгү каралган.

    23-май, 2012

  • БУУнун балдар фонду кайрылгандан кийин Кыргызстандагы мамлекеттик органдар Беловодскидеги атайын мектепти текшерүүгө киришти. Бул жактан качкан 26 бала аларды талаада иштетип, жакшы карабай жатканын айтып арызданышууда.

    22-май, 2012

  • Кыргызстандын Ош аймагында көчөгө чыгып кеткен балдардын көпчүлүгү үй-бүлөө зомбулугунан улам болууда. Бул туралуу балдар укугу боюнча иш алып барган уюмдар билдирүүдө. Алардын айтымында өлкөдөгү үй-бүлөө институтуна мамлекет тарабынан көңүл буруу жок.

    22-май, 2012

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.