bbc.co.uk navigation

Кыргыз саясатчылары

Соңку жаңыланышы: 4-май, 2012 - 08:22 GMT
  • Баш мыйзам 19 жылдык тарыхында 8 ирет өзгөрдү. 2010—жылы кабыл алынган конституцияга 2020-жылга чейин өзгөртүү киргизилбейт деп жазылган. Бирок буга деле карабай, азыр 93-жылкы контитуцияга кайтуу талаптары туш-туштан айтылууда.

    4-май, 2012

  • Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Акмат Бакиевди өлкөдөн чыгаруу планын Казакстандык саясатчы Булат Утемуратов менен талкуулаганы жөнүндөгү маалыматы төгүндөдү. Ал депутаттардын суроосуна жооп берип жатып Акмат Бакиевди өмүрүндө көрбөгөнүн айтты.

    26-апрель, 2012

  • Кыргыз президенти А.Атамбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Роберт Блэйкти кабыл алып, 2014-жылы Манас аба майданында аскер күчтөрсүз атуулдук жүктөрдү ташыган борбор түзүлүшү керек деп билдирди.

    2-апрель, 2012

  • Кыргызстанда 17 март Аксы окуясын эскерүү күнү деп жарыяланды. Бул күнү өлкөдө Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү чаралары өтөт.

    16-март, 2012

  • Президент Алмазбек Атамбаев башка өлкөлөрдүн атайын кызматтарын Кыргызстандагы шайлоодо акча таратып жатат деп айыптап, мындай мыйзамсыз кийлигишүүнү токтотууну талап кылды.

    2-март, 2012

  • Парламенттеги “Ата-Журт” оппозициялык фракциясы 1-март күнү Ошто миңдеген кишилердин катышуусу менен тынчтык митингисин өткөрөөрүн айтууда. Бул тынчтык митингисине оппозиция 30 миңден 50 миңге чейин киши алып чыгаарын жар салды.

    24-февраль, 2012

  • Белорусиянын “Белапан” деген кабар агенттиги Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев Белорусия атуулдугун алганын билдирүүдө. Агенттиктин маалымдашынча, Бакиев 2010-жылдын август айында атуулдук алып, баш калаа Минскиден үй сатып алган.

    8-февраль, 2012

  • Кыргызстандын шайланган президенти Алмазбек Атамбаевдин ант берү аземи 1-декабрда өтөт. Ал ортодо жеңилген талапкерлердин бири Кыргызстандын төртүнчү президентине ачык кат жолдоп, “ажыдаар” жөнүндөгү айтылуу саясий уламышты эсине салууда.

    15-ноябрь, 2011

  • Алмазбек Атамбаев кандай саясатчы, мамлекетти жетектоо ишинде ал эмнеге таянат? Кыргызстандын калкы жаны шайланган президенттин алгачкы билдирүүлөрүнө кылдат кулак туруп турган кези.

    1-ноябрь, 2011

  • Атамбаевдин алдыңкы талапкер экенин байкоочулар шайлоолордун алдында эле божомолдоп жатышткан. Бирок, он алты талапкер катышкан жарышта чоң айырмачылык менен алдыга чыгышына эмне себеп болду? Атамбаевдин Би-Би-Сиге берген эксклюзивдүү маеги.

    31-октябрь, 2011

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.