Skip to main contentAccess keys helpA-Z index
BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 02 Август, 2010 17:24 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
Би-Би-Си угармандарынын пикирлери
 
Би-Би-Синин Кыргыз программасында чагылдырган окуялар боюнча берүү обого чыгып жаткан учурда угармандардан келип түшкөн кыскача пикирлер.

УГАРМАНДАРДЫН КӨЗ КАРАШЫ БИ-БИ-СИ ДҮЙНӨЛҮК КЫЗМАТЫНЫН
ПОЗИЦИЯСЫН БИЛДИРБЕЙТ



4 октябрь, 2010

1. Кыргызстандагы бул шайлоодо улутчул чакырыктар жеңишке жеткирүүчү күч боло алабы? Алар шайлоо өнөктүгүнө кандай таасир бериши ыктымал?

2. Кыргызстандагы айрым министрлер кызматтык кымбат машинелерин жөнөкөй унаага алмаштырып, жеке айдоочудан баш тартып, өлкөгө он миңдеген доллар каражат үнөмдөп калабыз дешүүдө. Бул кадамды министрликтин баары колдойбу?

Осмонбек. Бишкек:
Москвадагы кыргыз балдар митинг өткөрбөй эле, Орусиянын бүт шаарларында шайлоо участокторуна барып катталса болмок. Чиновниктер болсо, машинени көйнөк алмаштыргандай эле алмаштырат. Мындай болбойт да.

Марлен. Бишкек:
Биз Бишкекте турабыз, бирок катталган жерибиз Өзгөн. Президент Отунбаева өзү шайланаарда баарына добуш берүүгө ураксат берип, эми парламенттик шайлоого келгенде каттаган жеринен гана шайлоого койгону туура эмес да. Чиновниктер негизинен абдан кымбат баалуу машинелерди тебишет.

Мамажан. Ноокен:
Шайлоого катышуу үчүн атуулдар өздөрү каттоодон өтүшү керек. Антпесе өкмөттө эч кандай күнөө жок. Ал эми чоңдордун кымбат баалуу машинелерди, джиптерди минип жүргөнүн көрүп эле жүрөбүз.

Анара. Ош:
Биздин үй-бүлөдө төрт адам Россияда мигрант. Алар ал жакка мыйзамсыз кетишкен. Эми шайлоо укугуна ээ боло алышпайт. Бул адилеттүү эмес.

30 сентябрь, 2010

Жамгырчиев. Жети Өгүз:
Орусиянын НТВ каналынан каралоо аракети менин оюмча ишке ашпайт. Анткени, ал саясатчыны эл колдойт. Дагы деле ишене берет, аброю көтөрүлө берет деп ойлойм.

Кенжебек. Кочкор:
Орус маалымат каражаттарынын Кыргызстандагы орду чоң. Мен бир эле нерсени айтат элем, орус тилине расмий статус берген Акаев эмне болду. Азыркы саясатчылар дагы шайлоо алдында Москвага чуркап жатышат. Добушту Россия бербейт да, Кыргызстандын атуулдары – биз беребиз да. Ошону айтып койгулачы аларга.

Эрмек. Жалал Абад:
Россиянын массалык маалымат каражаттарынын таасири чоң. Анткени кыргыз гезиттеринин деңгээли төмөн болуп жатышат. Алардын телеканалдарын дагы бул жакта көп көрүшөт. Андыктан кыргыз саясатчылары орус гезиттерине интервью бергенди же Орусияга барып келгенди жактырышат.



29 сентябрь, 2010

Кыргызстанда 7 апрелдеги окуядан кийин камакка алынган бир катар кишилер ден соолугуна байланыштуу деген негизде камактан бошотулганы маалым. Ушу тууралуу кандай ой-пикирлер бар? Гумандуулукка негизделген бул көрүнүш акыйкаттыктын орношуна тоскоолдук эмеспи?

Кенжебек. Кочкор:
Албетте, чоңдорду камап, кайра үйгө чыгарганга эл нааразы болот да. Анткени алар канын төгүп бийликти алып берсе, анан мурдагы чиновниктер жылуу-жумшак олтурса болобу.

Төлөгөн. Өзгөн:
Үй камагына алынгандарды коргоп сүйлөгөн укук коргоочу Акин Токталиевдин пикирлерине кошулбайм. Токталиев адилетсиз пикир айтып койду. Жөнөкөй адамдардын канын төгүүгө алып келген чиновниктерди чинине карабай сөзсүз, камаш керек, соттош керек.

Эрмек. Ош:
Жалал Абад, Ош окуяларын уюштурган кишилерди сөзсүз жоопко тартыш керек. Аларды жоопко тартпаса, адилетсиздик болуп калат. Бул окуялар атайын уюштурулган.

Гүлбүбү. Бишкек:
Үй камагына чыккандар бирөөлөргө акча берип анан чыкты деп ойлойм. Аларды жазага тартуу керек.

Ниязамат Адишев. Ош:
Менин агам бир кылмыш ишине шектүү деп кармалып, бир жарым жылдан бери камакта. Ишин сотто карайлы десе, күбөсү келбей жатат. Аны үй камагына чыгарышкан жок.

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Түрмөгө түшкөн адамдар ооруп калдык деп эле үйгө чыгып кеткени, бул биздин тартиптүүлүктү сактоого чоң сокку урат. Абакта оорукана деген бар. Анын үстүнө алар үч-торт кун эле тамак ичбей койсо ооруп калышат да. Бул биздин тергөөчүлордун сатылып жатканы.



27 сентябрь, 2010

Депутаттын негизги милдети эмне? Болочок депутаттар туура убада берип жатабы? Аларга карата ишеним кандай?

Талант. Бишкек:
Ар нерсени убадалап жатышат. Угуп олтурсаң Кыргызстан бир айда эле оңолуп кетчүдөй. Эми чын эле ушундай болобу, партиялар ушуга жооп берип койсо.

Абдыкадыр.Бишкек:
Буга чейинки депутаттар жалаң эле базар, май куючу бекеттерди салышчу эле. Депутаттар андан башка эмне иш кылганын билбейт экем.

Самидин. Жалал-Абад:
Көпчүлүк партиялар берип аткан убадаларын аткаралбайт. Чоң ишкер катары таанымал талапкерлер деле өнүгүнүн экономикалык мыйзамдарын билбейт окшойт, ошон үчүн 7 пайыздык үстөк менен насыя беребиз деген сыяктуу убадаларды берип атышат да. Бул эми жомок.

Эрмек Алтынбаев. Жалалабад:
Депутаттын негизги милдети туура мыйзам чыгарып, өкмөткө жардам бериши керек. Бирок, бизде Швейцариядан көчүрүп келип, дароо эле ар нерсени убада кылышат. Ал деңгээлге жетиш үчүн дагы көп убакыт бар.

Эмилбек. Бишкек:
Мурунку депутаттардан көрбөдүкпү баарын. Ар бир депутат өздөрүн кишилери үчүн эле кам көрөт. Булардын иши кырк чоро дегендей эле болуп калды.



23 сентябрь, 2010

Лидерлердин Кремльдеги жолугушууларынын мааниси кандай?

Эрмек Алтынбаев. Жалал-Абад:
Партия лидерлеринин Орусия жетекчилери менен жолугушуусу биринчиден өзүн өзү рекламалоо. Экинчиден, Орусия, АКШ тараптан Кыргызстанга өз таасирин орнотуу үчүн атаандаштык бар деп ойлойм. Ошон үчүн, Кремль утур-утур кыргыз саясатчылар кабыл алып турат.

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Кээ бир партия лидерлеринин Кремлге чаап барып жатканынын себеби, шайлоочулардын көбүрөөк добушун алуу үчүн күрөш. Бул алардын Путин, Медведев менен жолугушуп, өздөрүн эл алдында абройлуу көрсөтүү аракети деп ойлойм. Анын үстүнө, көптөгөн кыргызстандыктар Орусияда иштеп жүрбөйбү. Андыктан кыргыз электоратынын айрым бир бөлүктөрү Орусия менен жакшы мамиледе болушунун каалайт. Ошон үчүн биздин саясатчылар орус жетекчилери менен жолугушуп, Кремль бизди колдойт, силер дагы бизди колдогула дегени да.

Гүлбүбү. Бишкек:
Шайлоо алдында биздин саясатчылардын байма-бай эле Орусияга каттап жатканын мен жакшы түшүнө албайм.

Айдар Турсун. Ноокен:
Орусия лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан партия лидерлеринин саясатын колдобойм.

Руслан. Бишкек:
Мен партия лидерлерин шайлоо алдында Орусияга байма-бай каттоосуна терс көз караштамын.

Абдыназаров. Ноокен:
Менимче бул уят иш. Андан көрө ушул акчаларды өлкөнү өнүктүрүү иштерине жумшашпайбы.

Шаршеев. Бишкек:
Жайнаган жыйырма тогуз партиянын кээ биринин жетекчилери Москвага чапкылап жатканынын бирден- бир себеби, Россия бийлиги менен байланышы бар экенин, эгер бизди колдосоңор Москва бизди колдойт, мына ошентип турмушубузду жакшыртып алабыз, деген үгүт маселеси менен жүгүрүп жүрүшпөйбү.

Шаршеев. Бишкек:
Эне тилибиз- мамлекеттик тил болгонуна жыйырма бир жыл толгонун белгилеп олтурабыз. Ага карабастан кыргыз тили мамлекеттик деңгээлде иш кагаздарына жетпей жаткандыгы өкүнүчтүү.

Тумар:Мен орусча сүйлөгөн кыргыз жаштарына нааразымын. Жада калса маршруттук таксилерде дагы эң жөнөкөй сөздөрдү орусчалап айтышат.



22 сентябрь, 2010

Улутчулдук күчөп баратабы? Мекенчилдик менен улутчулдук ортосундагы ажырымды кантип тааныйсыз?

Шаршеев:
Кыргызстанда улутчулдук өркүндөп баратат десе тап такыр калыстык эмес. Анткени бизде орус тили расмий статусту алган. Баары орусча сүйлөп жатат. Анан өзбек маселеси жөнүндө айтып жатышса дагы жаңылышат. Чырды кимдер баштаганын жакшылап иликтесе, билишет. Мен улутчулдук өөрчүп кетти дегенге кошулбайм.

Таалай. Нарын:
Улутчулдук болгон жок. Тескерсинче, башка улуттарга жакшы мамиле кылып жатабыз. Ошто маселен өзбектердин мектептери бар экен. Балдары өз тилинде билим жатышыптыр.

Канат. Талас:
Кыргыздардын патриоттуулугун күчөтүш керек. Башкаларга өзүбүздү басынтууга жол бербеш керек.

Исакбек. Жалал- Абад:
Кыргыз эли эч качан башка улутту кемсинткен эмес жана кемсинтпейт. Бирок, кыргыз элинин кең пейилдигинен пайдаланып кээ бир улуттун өкүлдөрү өтө байып алышып түштүк жергесиндеги каргашалуу окуяга алып келишти. Эгер башка улутундагылар босогодон өтүп алып, төр меники деген адатын койбосо, кыргыз элинин урмат- сыйынан ажырап калышы толук мүмкүн. Андыктан, кыргыз эли башка улуттун өкүлдөрүн сыйлаган үчүн өздөрү күнөөлүү деп эсептебейт. Ошондуктан, башка улутундагылар элибиздин сый- урматын билгенде гана Кыргызстанда тең укуктуу бейкут жашоого татыктуу болот.

Атын атабаган угарман.
Кыргыздар өз улутун сыйлашы керек. Эгер биз улут жөнүндө айтып чыксак эле, улутчул деп айтуу туура эмес.

Үрүлкан:
Кыргыздар улутчул эмес, бизди улутчул деп кордоп жаткандар өздөрү улутчул. Себеби, орус саясатчылары, кыргыздар баш көтөрбөй, алардын айткандарын кылышып, илгеркидей макулук болуп жашай беришсин деп ойлошот. Алар улутчубуз деп эч кимге айтпастан, астыртан басмырлай беришет. Бизди болсо тескерисинче көрүнө айтканыбыз үчүн улутчул деп табалап жатышат.

Абласов Расулдин. Ак- Өргө:
Россиянын империялык, шовинисттик дымагы дагы эле бар экен. Анткени шайлоого байланыштуу Бишкектин көчөлөрүндөгү көрнөк- жаранактарынын баары кыргызча болуп калгандыгы, орустун саясатчыларына “ Эмне үчүн орусча жазылбайт ” деп өөн көрүнүп жатат. Россия эч качан кыргыздарга жакшы дос болбойт. Алардын кандай гана иши болбосун, баары бир көмүскөдө өздөрүнүн максаттуу кызыкчылыктары бар. Ошон үчүн Кыргызстанда улутчулдук күчөп кетти деп жатышат.

Адилет. Бишкек шаары:
Россия саясатчылары кыргыздарды улутчул дегенине каршымын. Орустар өздөрү башка улуттун өкүлдөрүн өлтүрсө макулбу? Биз өзүбүздү басынтпай, Кыргызстанда кыргыздарды өйдө көтөрүшүбүз керек.



21 сентябрь, 2010

Ибраимов Кенжебек:
Мен партияларга такыр ишенбейм. Ошондуктан болочок депутаттар кыргыз элине жарамдуу иш алып кетишет деп ишене албайм.

Адылбек. Бишкек:
Азыркы партиялардын көбү жөн эле жомок айтып элдин башын айлантып жатышат. Мисалы, жети пайыздан насыя берем, электр энергиясын өздүк наркы менен сатам деген бул жомок, эч качан андай кыла алышпайт. Менимче булар элди алдап келишкен жана ошондой эле алдап жатышат. Ошондуктан элдер, жети өлчөп бир кесип, татыктуусун тандап алат деп ишенем. Мен татыктуу партияны тандап койдум, ошого добушумду берем.

Канышай. Бишкек:
Үгүт иши болгондон кийин кандайдыр бир программаны айтыш керек да. Болбосо башынан эле үйдө олтуруп, шайлоо күнү гана элдин алдына чыккыла деш керек болчу да.

Атын атабаган угарман:
Азыркы партияларга ишеним жок, анткени, мүмкүнчүлүк жок болсо да жок нерсени бар кылабыз деп жатышат. Себеби, электр энергиясын он сегиз тыйын кылыш мүмкүн эмес, анда ошол тармакта иштеген жарандар бош эле жүрө бериши керек.

Азамат:
Азыркы бийликке ишенбейм, кризистен чыгабыз деп жатып, мунун баары баягы эле төңкөрүш менен бүтөт деген коркунуч менен жашап жатабыз. Бирок ага карабастан жакшы үмүт менен жашайбыз.

Таалай:
Биз азыркы үгүт жүргүзүп жаткан партияларга ишенбейбиз. Себеби, партиялардын тизмесинде баягы эле эски, руху чириген саясатчылар. Булардын бир максаты эле бар, кайра болгон байлыгын көбөйтүү, кайра элдин оокатын талап-тоноо. Кыскасы сахнада баягы эле артист, шоумендер.

Медер. Бишкек:
Ат салышып жаткан партиялардын тизмесиндеги кишилердин бары эле табакташтар. Элдин көзүнчө кыжылдашып, кайра бир жерде күлүп жайнап, тамашалашып олтура беришет.

Асанбаев Самидин. Нарын:
Парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын үгүт иштеринде, баардыгы эле жыргатабыз, элди жумуш орду менен камсыз кылабыз деп жатышат. Бирок, кантип убадаларын ишке ашыраары жөнүндө программалары жок.

Гүлсара. Бишкек:
Партиялар, биринчиден концерт коюп, ар кай жакка акча чачкандан көрө борбор калаанын так ортосунда турган күйүп кеткен прокуратуранын имаратын оңдоп койсо жакшы болмок.

Мырзабек. Бишкек:
29 партия катышып жатат шайлоого, мен билгенден алардын ичичнен бир эле партия мамлекетке салык төгүп, элдин керегине жарап келе жатат. Кайсы партиялар салык төлөп жатышат, ушуну караса эле ким эл үчүн иштегени билинет. Жакырчылыкта пенсионерлер гана отурат. Мугалимдер окуучулардан акча өндүрүп атат, врачтар оорулуулардан акча алат.



14 сентябрь, 2010

Акчалуу партиялардын акчасын алып, бирок өз билгендей добуш берүү туурабы?

Жаркын. Бишкек шаары:
Акчалуу партиялардын акчасын алып, андан кийин өз каалаганыңа шайла дегенге, мен бир четинен кошулам. Анткени, ошол партиялар уятсыздык менен, 7- апрелдеги окуядан кийин, ушул өңдүү ишке барган соң, алардын акчасын эч аябастан урунуп, бирок өз жүрөгүң менен Кыргызстандын ал- акыбалын оңдоочу партияга добуш берүүгө макулмун.

Мирлан. Нарын:
Бекназаровдун кайрылуусу туура. Элдер таратып жаткан акчаны алып, өздөрүнүн көзү жеткен партияга добушун берип коюш керек. Ошондо акча таратып, элди акчага сатып алабыз деген партиялар өздөрүнүн ким экенин билип, элдер акчага сатылбастыгын түшүнүшөт.

Сооронкулов Сыргак. пенсионер:
Кыргыз деген акчаны алгандан кийин, добуш берүүгө милдеттүү болуп, добуш берет. Акча бериш да, алыш да парага жатат. Кылмыш кодексинде бул нерсе 109 - беренеден, 113 - беренеге чейин бар. Ошондуктан акча алганды да, бергенди да соттош керек. Тетири үгүттү токтотуу керек.

Нурлан. Бишкек:
Бекназаровдун айтканы абдан эле туура эмес деп ойлойм.

Бишкек шаарынын тургуну:
Азыркы кездеги Ата Мекен, Ак Шумкар, СДПК партияларынын баары элге акча таратып, Бакиевдердин Ак Жол партиясынан да өтүп, аша чапкандык болуп жатат.

Асанбаев Самидин. Нарын району:
Вице - премьер министр Азимбек Бекназаров туура айтат. Булар байлыкты элдин чөнтөгүнөн соруп жыйып алган немелер. Ансыз деле бүтүндөй карапайым эл түшүнүп бүткөнбүз. Элдин баары жана ошондой эле биздин айыл бүт ошондой кылып жатабыз.

Аматов Тыныбек. Базар- Коргон району:
Урматтуу кыргыз элим, эгерде биз коррупционер депутаттыкка талапкер кишилердин берген жүз, эки жүз, миң сомун алып ошолорго добуш берген болсок, биз балдарыбыздын, неберелерибиздин келечегин саткан болобуз. Ошону менен бирге акчаны алган жаран дагы коррупционерлердин катарына кошулат. Ошондуктан шайлоодо биринен да бир тыйын албастан, өзүңөрдүн жүрөгүңөрдөн жактырган партияга добушуңуздарды берүүнү суранаар элем.

Атын атабаган угарман:
Бекназаровдун айтканына мен толук кошулам. Баарынын акчасын ала берип, жүрөгүндөгү адамды шайлап коюш керек.

Исакбек. Жалал-Абад:
Бекназаровдун айтканына кошулса болот. Бирок, бул жерде дагы бир нерсе бар. Маселен, акчаны алып шайлабай койсо күнөө болуп калабы деп корккон адамдар да бар. Тыйын таркаткан адамдарга айтаар элем “ Таза шайлоо өткөрсөк, өзүңөрдүн күчүңөрдү сынап көрбөйсүңөрбү?” Бизде азыркы күндө кээ бир партиялардын түзүлгөнүнө бир топ жыл болгондуктан, биз 50 % добуш алабыз деп жатат.

Атын атабаган угарман:
Туура деп ойлойм. Партиялар өздөрү акча берип жаткандан кийин, акчасын алып, андан кийин каалаганыбызды шайлай беребиз.

Атын атабаган угарман:
Акчаларын ала бериш керек. Баары бир ал элдин акчасы да.

Айсалкын. Бишкек:
Шайлоодо акчаларын алып деле жыргап кетпейт эч ким, акчасын деле албай таза, татыктуу партияларды шайлаш керек.

Базаргүл Маманова. Ош:
Акча таратуу – бул азыркы партиялардын мыйзамсыз иштерди жасап жатканы. Бул парламентке ат салышып жаткандар өзүлөрү мыйзам бузуп атса, башкасы эмне болот. Ошондуктан, эл өзү түшүнүш керек, сатылабызбы же сатылбайбызбы деп. Экинчи жагынан, Бекназаровдун айткандары да туура, алар чачып жаткан акчалар таза тапкан акчалары эмес да ошончо чачып жатса, алып жеп, анан кийин татыктуу партияны шайлаш керек.

Эрмек Алтынбаев. Жалал-Абад:
Акча алгандын өзү аморалдуу. Акча алып, бирок өзү каалаганын шайлоо деле туура эмес. Муну айткан бийлик өкүлдөрү элди өзүлөрү кылмышка түртүп жатат. Акча да албаш керек, таза гана шайлоо өткөрүш керек.

Дамир. Бишкек:
Акчалуу партиялардын акчасын алыш керек, кандай болбосун алар өзулөрү таратып атпайбы. Ошондуктан, азыркы кырдаалда акчаларын алыш керек, бирок, көңүлдөрү менен добуш бериш керек дегенге кошулам. Бирөө албаса, башкалар алат.

Инамбет. Кара-Суу:
Партиялар баары бир акча берет, аны алып, жүрөк менен шайлай бериш керек.

Болотбек. Бишкек:
Акчалуу партиялардын акчасын аябай эле алыш керек, себеби ал элдин акчасы. Элди алдап, элди басып тапкан акчалар. Буга чейинки депутаттар деле элди жыргатабыз деп келген, бирок алар алдап келген. Булар деле ошентет, ошондуктан уялбай эле акчаларын алып, каалаганына добуш бериши керек.



13 сентябрь, 2010

Атын атабаган угарман. Ала-Бука:
Биз жакта шайлоо өнөктүгү кой союп, той менен башталды. Өтө жиркеничтүү таасир алдым. Мурдагы бийлик тушунда чоң болуп иштегендерин баары жүрөт, аларды ээрчиген карапайым бир дагы киши жок. “Баягы баягы, баягынын таягы” дегенден болуп, жалаң эле мурдагы чиновниктер бара жатыптыр го шайлоого.

Венера. Бишкек:
Партиялар көрнөк-жарнак, сүрөттөргө короткон акчаларын андан көрө чет өлкөдө кыйналгандарга, ооруп дарылана албай радио-телеге кайрылып жаткандарга берсе эң жакшы реклама болмок



9 сентябрь, 2010

Кызматтарга таза кишилерди алып, коррупциядан арылуу үчүн "калп детекторун" колдонобуз дегенге көз карашыңыз кандай?

Саипов. Бишкек:
Калп детектору менен текшеребиз дегенине ишенбейм. Себеби, акчалуу кишилер ошол жерде иштеп жаткан кишилерге акчасын берип эле өтүп кетет. Муну жаш бала да түшүнүп турат.

Үрүлкан:
Менимче детектордон өткөн адамдар деле кайра чоңдорду туурап коррупционер болуп калышат. Анткени, чоңдор бири- бирин жашырышат. Айтпай астыртан кыла беришет. Ошондуктан аны эч ким тыя албайт. Коррупция болбош үчүн акчасыз жашоонун системасын чыгарыш керек. Мына ошондо коррупция токтоп, бүт каражат мамлекетке топтолот.

Атын атабаган угарман:
Бул “детектор лжи” кыргыз элине жардам бербейт деп ойлойм.

Сабиров:
“Детектор лжи” менен иш алып барууга мен ишенбейм. Коррупцияга малынган кызматкер олтурган кызматкерлерге акча берип чыгып кете берет.

Мирлан. Нарын:
Азыркы чоңдорду детектор аппаратынын жардамы жок эле, айыл өкмөтүнөн баштап, район жетекчисин, губернаторлорду элдин өзүнө шайлатса деп ойлойм. Анткени, кайсы чиновник келбесин өзүнүн адамдарын айыл өкмөтүнө чейин дайындап жатышат. Ошондуктан чоңдорду шайлап алуу укугун карапайым элдин өзүнө берсе, таза адамдар келет деп ойлойм.

Кайырбек. Бишкек:
Бул “детектор лжи” аппаратынын эч жардамы болбойт.


8 сентябрь, 2010

Хадича. Бишкек:
Парламентке жаңы партиялар келип олтурбаса, баары эле мурунку бийликте жүрүшүп кайра келгендер.

Мирон. Бишкек шаары:
Тизмелерин карап көрсөм баягы эле эски карышкырлар. Арасында бир дагы жаштар жок, менимче жаштар келмейинче оңолбойт. Парламенттик шайлоо жакшы болуп өтөт, бирок, нааразычылыктар ушундан башталат да кайра.

Асанбаев Самүдин. Нарын району:
Бул шайлоо тынч өтөт. Мисалы эл, “Ата-Мекен”, “Ак-Шумкар” өңдүү беш, алты партияны эле колдойт.

Атын атабаган угарман:
Мен Аликбек Жекшенкуловго таң калып жатам. Нарын областында бул кишинин “Акыйкат” деген партиясын эч ким тааныбайт. Анан биз пикетке чыгабыз деп коeт, бул эмне деген акмакчылык.

Исакбек:
Бул шайлоо тынч өтүш үчүн, Кыргызстандын ар бир атуулу аракет кылыш керек. Эгерде шайлоо тынч өтпөй, граждандык согуш болуп, мамлекет жок болуп кетсе. Анда депутаттын кимге кереги бар. Ар бир депутат болом деген инсан, ушуну терең ойлонуп, туура чечим кабыл алынышын суранам.

Гүлүмжан. Бишкек шаары:
Аракет кылып эле жатышат, андыктан, шайлоо жакшы эле өтөт болушу керек. Кээ бир партиялар эле бузат болушу керек. Мисалы “Ата- Журт” партиясы жалаң криминалга аралашкан адамдардан турат деп жатпайбы. Мисалы Нариман Тулеев кайра кантип депутат болот, качкындардын баары депутат болуп алса кандай болот. Кара эле баары ак жолчулар келип алса, кандайча жаңы парламент болот. Ушулардын баарын териштирип, жолотпой эле чийип салса болот эле да.

Шаршеев. Бишкек шаары:
Президентибиз Роза Отунбаеванын шайлоого катыша турган партиялардын жетекчилери менен өткөргөн чогулушунда жасаган эскертүүсү “Эгерде жакшы шайлоо өтпөсө таркатып жиберем, бул шайлоо болбой калышы мүмкүн” деши таптакыр туура эмес. Менин оюмча президентибиз биздин парламенттик мамлекет болушубузга анча- мынча каршылык көрсөтүп, өзүнүн бийлигин уланткысы келгендей болуп турат.

Шаршеев. Бишкек шаары:
Миллиондогон долларларды уурдап качып кеткендерге мунапыс жарыялоо деген жөн эле элди алдоо, мына президентибиз иш жүргүзүп жатат деген гана максат менен кылган жарыя. Андан эч кандай натыйжа чыкпайт. Ошол ондогон, жүздөгөн уурулардын бири да келип миң долларды да өткөрүп бербейт. Тескерисинче ошолорго каршы бүткүл элдик күрөш жарыялап, четинен кармап келип, камап, өлүм жазасына тартып же өмүр бою отургузушу керек болчу. Кийинкилер мындай жолго барбаш үчүн. Эми биз жаздык, анан кийин алардын келип калышы мүмкүн деп жөн эле көз боемочулуктун кажети да кереги да жок болчу. Төрт, беш айдан бери Бакиевдердин бирөөсүн да кармап келген жок. Сасыткы жумурткадай болуп калып калган экөөнү эптеп колго түшүрүп алып, эртең эле кайра үй камагына чыгарып жибергендиги үчүн өкмөтүбүзгө жана президентибизге биз ишенбей калдык. Эл үчүн иштегендин ордуна, элди алдоонун аракети көрүп жатышат.

Алмаз. Бишкек шаары:
Парламенттик шайлоо менин оюмча баары жакшы болуп эле тынч өтөт. Бирок эл нааразы болот, баягы эле эски, бузукулар келет. Жаштар келмейинче тынч болбойт.

Анвар. Ош областы:
Эски бийликтегилер эгер уурдагандарын кайтарып бере турган болсо, аларга жеңилдик бериш керек деп ойлойм. Антпесе азыр Кыргызстанга акча керек болуп турган мезгилде, булар ушудан кутулуп кетишет, ошондуктан аларга жеңилдик бериш керек деп ойлойм.

Тайырбек. Бишкек шаары:
Албетте, биринчи таза шайлоо болсо, чыныгы элдин үнүн, элдин берген добуштарын көрсөтүп, чыныгы таза шайлоо болсо, шайлоо тынч өтөт. Андан башка нерселер болсо. тополоң болушу айдан ачык көрүнүп турбайбы.



7 сентябрь, 2010

Шайлоо күрөшү тынч өтөт деп ишенесизби, канткенде тынч өтөт?

Шаршеев:
Президентибиз эскертүү жасаган экен. Бул туура эмес. Акаев Бакиев тушунда шайлоону бурмалаган бийлик өзү болчу. 70%, 90% добуштарды алдык деп, шайлоону өздөрү каалагандай жыйынтыктар менен өткөрчү. Андыктан президент Роза Отунбаева башка партияларды коркутпастан, кайра шайлоону таза жана тынч өткөрөлү деп кепилдик бериш керек болчу.

Айдар Ташматов:
Эгер шайлоо тынч өтсүн десе, ар бир талапкер мамлекеттин азыркы абалына анализ берип, идеологиясын түшүнүп, анан реформа өткөрүү жолун билиши керек. Ушул үч суроону ар бир талапкер билгенде гана шайлоо жакшы өтөт.

Эсенбек:
Шайлоо тынч өтсүн десек, анда өлкөбүздөгү ар бир тараптын өкүлдөрү менен кеңешип, тең орун бериш керек деп ойлойм.

Темирбек Токтогулов. Базар Коргон:
“Атажурт” деген партияны Бакиевчил деп атышат. Бакиевдер кетпедиби. Эми жүздөгөн башка адамдарды деле Бакеивчил дей беребизби. Ушуну айтып койсонуздар. Минте берсек, элдин кыжыры кайнай берет.

Бекчайм Молдакунова. Бишкек:
Биздин элибиздин мүдөөсүндөгү саясатчылар жыйырма жылдан кийинки күрөштөн кийин бийликке келди. Бирок, алардын алдында көптөгөн көйгөйлөр бар. Анын бир азыр шайлоо алдында мурдагы “Акжолчулар” кечээгисин унутуп, башка партияларга кирип жатышыптыр. Элибиз эми алданбай, чыр-чатакка барбай тынч шайлоо өткөрүшү керек. Мен ошого чакырат элем.


6 сентябрь, 2010

Мамлекеттик казынага кол салган чиновниктер каражатты кайра кайтырып берсе сот жообуна тартылбай турган болду. Ушул боюнча оюңуз кандай? Мунапыс берилгени туурабы же сот жообуна тартыш керекпи?

Миргүл. Ала- Бука району:
Чиновниктердин акчаны төлөп беришин мен туура деп ойлойм. Себеби алар качып жүргөндөн көрө биздин бюджетибизге акчалар кирет деп ойлойм.

Жумабаев Үсөн. Баткен областы:
Аскар Акаев тууралу сүртүлгөн көө, айтылган дооматтар бардыгы калп, ал киши таптаза. Мындай акыйкат, мындай билимдүү, мындай аң-сезимдүү, мындай президент азыр таба-албай олтурабыз, бекер кубалаганбыз. Мунун артынан түшкөндөр уяты жоктук кылып, ыймансыздык кылып, адам өлтүрдү, атты, кырды деп жалган дооматтарды жабыштырган. Ал киши эч кимди аткан эмес.

Акылбеков Таалай. Кочкор району:
Ушундай кантип болсун, жеп-ичкендерге, Кыргызстанды тоногондорго мунапыс жарыялоо. Өзүбүз деле сазга батып бүттүк. Ошол жеп- ичкендер кайра баарын кайтарыш керек. Бул Роза эжекебиз кайра эле Бакиев менен Акаевдин кебетесин кийгени келген го.

Кубанычбеков Максат:
Роза Отунбаеванын айтканы туура акчаны кайтарып бериш керек. Ошол адамдар беш жыл жумушка келбеш керек.

Мирлан. Бишкек шаары:
Ушундай көрүнүштөр боло берсе, турмуш кандай болот. Буларды сот жолуна тартпаса, анда аларды өмүр бою мамлекеттик кызматка койбош керек. Кийинки келе турган чоңдор, элдин нанын жеп, билинсе төлөп берип, билинбесе качып кетип жүрө береби. Булар элдин камын ойлобойбу.

Атамбаев Самидин. Нарын району, Шоро айылы:
Президентибиздин чыгарган мунапысы туура. Алардан чыгым болгон зыяндарды мамлекетке өндүрсө.

Жамандык Келдибеков.Сокулук району:
Башталат терме шайлоодон.
Койлор түшөт жайлоодон.
Арасында эчки көп.
Ойлоном да, толгоном.

Рахматулло:
Мен президенттин мунапысына каршымын. Себеби ким болбосун уурулук кылабы же башка кылыбы, аны төлөп, кутулуп кетип калыш мүмкүн эмес.

Кеңеш. Бишкек шаары:
Бул эми адырың күлөөрлүк указ да. Андыктан бул указ болбойт. Ким эле келип акчасын төлөп коймок эле. Менимче кылмыш кылган киши акчасын да төкпөйт, өзү да келбейт. Биз бүтүндөй дүйнө жүзүнө шылдың болуп жатабыз.

Атын атабаган угарман:
Бул маселе боюнча түшүнүгүмдө туура эмес иш болду. Мындай болсо анда Бакиев бала- чакасы менен келип мунапыска ылайык айыбын төлөп кете берсин, бизге ошол эле калды. Менимче алар эч качан байлыгын кайтарып бербейт деп ойлойм.

Мамат. Ош:
Бул ойлонбой чыгарып алган мунапыс болду, буга эч ким келбейт, эч ким зыянды төлөп бербейт, калп эле өзүлөрүнүн беделин түшүрүп алышты.

Бакыт. Токмок:
Мынча болду “Ак үйдүн” үстүндөгү снайперлерге да мунапыс бериш керек, ошол эле калды. Булар ачык эле айтышкан турбайбы, баарын бошотобуз деп.

Абдылдаев Абдысатар. Токтогул:
Эгерде Отунбаева миллиарддаган акчаларды тоногондорду бошотсо, анда бир кой уурдап камалгандарды да бошотсун. Чиновниктерди төлөтүп, андан кийин камаш керек. Аларды бошотуп койсо, элдин нааразычылыгы күчөйт.

Бабаев. Кара-Суу:
Экономикалык кылмыштарга мунапыс жарыялоо мамлекеттин аргасыздан барган жумушу болуп атат.

Гүлбүбү. Бишкек:
Кыргызстандын казынасына кол салган чиновниктерди сөзсүз соттош керек. Кыргыздар айтат ко, колуң менен жасаганды, мойнуң менен тарт дейт.

Турсуналиев. Балыкчы:
Экономикалык чоң чыгымдарды жасагандарга мунапыс берүүгө каршымын, аларды соттош кана керек.

Жумабаев Үсөн. Баткен:
Эски бийликтер жегенин жеди жана кетти. Жаңы бийликчи: алар деле жыргатып койгон жок, Кыргызстанды жок кылды, бул үчүн ким жооп берет?

Болот. Ысык-Көл:
Мунапыс башыбыздан өтпөдү беле. Акаев кеткенден кийин, Бакиевдер келип, Акаев убагындагы чиновниктердин байлагын бөлүп алышкан. Эми булар Бакиевдин убагындагы чиновниктердин мүлкүн тартып алган атат. Менин оюмча, ууруларды түрмөгө отургузуш керек да, бардык мүлкүн конфискация кылыш керек, ошону менен эле бүтөт да. Орустардын жакшы сөзү бар: “ууру түрмөдө отуруш керек” деген.

Турдаалы. Ат-Башы:
Элдин мүлкүнө кол салган чиновниктер сөзсүз түрдө түрмөдө отуруш керек.

Бөлөкбаков Кубанычбек. Бишкек:
Кылмышкер чоңдорго мунапыс жарыялоо туура деп эсептейм.

Искендер Абдураимов. Бишкек:
Жеп ичкен чоңдорду соттош керек , алар тиешелүү жазасын тартыш керек.

Дамир Исмаилов. Балыкчы:
Прокуратура чыгарган мунапыс туура эмес деп ойлойм. Жеп ичкен чоңдор айыбын төлөп кайра чыгып кетсе, башкалары деле тоюп алып төлөчүсүн төлөп, кайра ээн эркин жүрө бербейби. Бул жерде азыркы бийликтин кызыкчылыгы бар окшойт.

Мирлан Чирикбаев. Бишкек:
Элдин баары эле каршы мунапыска. Менимче жеп ичкендердин акчасын алыш үчүн эле чыгарган иш болуш керек.



2 сентябрь, 2010

Кыргыз - өзбек чек арачылары кантип тез арада бир-бири менен тил табышып, маселеси чече алышат?

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Чек арада болуп жаткан окуяга өзгөчө басым жасоонун кереги жок. Себеби, бул жакта кыргыз-өзбек мамилелери кыйчалышып турганда, бул өңдүү маселелер абалды ого бетер курчутуп, эки мамлекеттин ортосундагы мамилеге жик салышы мүмкүн.

Атын атабаган угарман:
Кыргыз-өзбек чек араларында такай эле чатактар болуп келет. Менимче эки өлкө чек араларын тактамайын мындай көрүнүштөр боло берет. Андыктан, өкмөттөр тез арада чек араны такташы керек.


1 сентябрь, 2010

Сиздин биримчи мугалимиңиз же жакшы көргөн мугалимиңиз ким болгон?

Арыкбаев Шаршенбек:
“Чат Базар” айылындагы Асанбек Оторбаев атындагы мектепте окуганмын. 1988-жылы бүткөнбүз. Ага- эжелерибиздин көбү өтүп кетти. Айталиев Кененбай деген агайыбыз, кыргыз тилинен берген Кошбай агайыбыз бар эле. Ал убакта эжекелердин баары жакшы окутуп, жакшы тарбия берип жакшы болчу. Петр Иванович деген дене - тарбиядан берген орус агайыбыз бар эле. Негизи мага көп эле сабак жакчу дене: тарбия, математика, химия, физика.

Калыгул Бейшекеев:
Мен мектепти Теңир тоонун Кочкор районуна караштуу “Дөң Алыш” айылындагы Көкөнтаев атындагы орто мектепти аяктадым. Албетте, окуучулук жылдарымды мен үчүн кайталангыс десем болот. Себеп дегенде мага билим берген алтындай мугалимдерим, айрыкча кыргыз тили, адабияттан берген, үч китептин автору Өзүбек Абдыкалыков агайымды, ошондой эле “А” деген арипти тааныткан, биринчи мугалимим Мухтарова Бермет эжелердин эмгектерин эч качан унутпайм. Себеби, менин аз да болсо журналистиканын каалгасын черткилеп, анын астанасын ишенимдүү аттап жаткан жаш калемгер катары агайым Өзүбек Абдыкалыковдун эмгегин баса белгилейм. 5- класстан баштап 11- класска чейин айрыкча кыргыз адабияты сабагынан мага жакшы багыт, чыгармачылыктын миң түйшүктүү сапарында кандай иштеш керектигин, акыл насаатын деги эле сабак эмес, турмуштук сабагына алдыдагы келечегиме кам көрүп айткан акын агайым Өзүбек Абдыкалыковдун эмгегин баалайм.

Алаканова Бүсайра:
1-класстан 8- класска чейин “18 партсъезд” атындагы жатак мектеп - интернатында окуганмын. Биздин математика сабагынан берген Рыскулов деген класс жетекчи агайыбыздын кызыктуу кылып, көргөзмөлөр менен сабак өткөнү азыркы убакка чейин, карып калсам да эсимден кетпейт. Эң эсте калаарлык мугалимим кыргыз тил сабагынан берген Абдыразыкова Гүлайым эже. Ошол эжеден алган билимим азыркы убакытка чейин бар. Эженин берген таалим, тарбиясы дагы эле болсо көз алдымда турат. Мына азыркы учурда ошондой мугалимдер иштесе өтө жакшы болоор эле, окуучулардын билим денгээли, таалим - тарбиясы жогорулайт деп ойлойм.

Карамаали Бакиров:
1958- жылы Кара-Суу районундагы “Кызыл кайрак” 8 - жылдык мектебине 1- класска барган элем. Мени 1- класста Алымбаев Адам агай окуткан. Бизди окуткан маалда ага- эжелерди сыйлоо өтө жогору эле. Аларга тескери мамиле кылуу деген жок эле. Мен ошентип ал мектепти 1964 - жылы бүткөнмүн, эгер ошол окуу жылдагы ага - эжелеримди айта турган болсок: Муратов Абдуразак, Ражапов Зымды, Байланышов Жали агайлар окуткан. Бул агайлардын бардыгы жогорку билимдүү болушкан. Эгер азыркы ЖОЖдорду бүтүп жаткан педогогдорго салыштырсак, өтө эле чоң айырма бар экен. Мен ошол мугалимдерге туш болуп, ошолордун колунан таалим алгандыктан өзүмдү өтө бактылуу сезем.

Байказаков Чоробек, легендарлуу парламенттин депутаты:
Мен азыр 63 жаштамын. Менин биринчи мугалимим Жумагулова Алтын деген эже болгон. Бул 1953- жылы биринчи класска баргандагы биринчи мугалимим болгон. Эми ал кездеги мугалимдер канын, жанын таштап, өзүнүн жеке ишин унутуп, берилип, балдар билим алса экен деп сая түшүп иштээр эле. Эми алар коммунисттик партия учурунда, СССР тарбиялаган мугалимдер эле. Андан кийин дагы мыкты мугалимдер окутту: Мамбетказиев Аалы, Барктабасов Осмон, Наркеев Шергаазы деген агайлар окутту. Ошо кезде биздин бактыбыз болуп ушул агайлардан жеткиликтүү таалим, билим алып калдык. Эми азыр ошондой берилип сабак окутуу деген жок да. Көзү өтүп кеткен кыргыз тили жана адабияты сабагынан берген Мамбетказиев Аалы деген агай экөөбүз сабак учурунда бир китеп боюнча талашып кеттим, ал киши өзүнүкүн айтты, мен өзүмдүкүн айттым, андан кийин үйгө кеттим, ал аңгыча саат ондо бирөө эшикти койгулайт. Ачсам агай экен. Ал агай баягы китепти көтөрүп келип, мен туура эмес түшүнгөн жерин жарым саат түшүндүрүп берип. Саат он жарымдарда үйүнө кеткен. Мына ушундай агайлар менен окуганбыз.

Төлөева Бермет, Ат- Башы району, Казыбек айылы:
Менин биринчи мугалимим Токтобаева Шайлообүбү эже азыр пенсияда. Чындыгында бизге биринчи “Аа” деген тамганы үйрөтүп, жакшы билимин берген эже болчу. Ошондуктан биздин эстен азыркы күнгө чейин кетпейт. Эже жакшы окуткандыктан мен мектепти жакшы бүттүм. Шайлоо эженин кыймыл аракети, айткан акыл насааты эч эстен кетпейт. Биринчи класска 1968- жылы барганмын, ошол жылдан баштап алиппе майрамын майрамдап баштаган. Ошондо эң биринчи алиппе майрамы болуп ал эжени чакырганда, өзү менен кошо мени жакшы окуйсуң деп жетелеп чыккан, ошол күндөр азыркы күнгө чейин эсимде.

Бейшенбаев Түлкүнакун:
Мен 1932- жылы төрт жылдык мектепке биринчи класска барып ошол мектепти бүттүм. Ал мектептин директору Тайлаков Калый деген агай токойдон курулушка ылайык жыгачтарды эшек араба, өгүз менен сүйрөтүп келип, куруп, өзү мугалим болуп жүрдү. Коңуров Айтпай деген агай экөө эле сабак берчү. Ал агайлар бизди кылдаттык менен окутту. Мына ошондо мен, Кыдыров Касымбек, Салиев Эсентур, Урманбетова Зарлык төртөөбүз беш менен бүтүп, Сталиндин сүрөтү бар ардак грамота менен сыйланганбыз, ал сыйлыктар азыр дале бар. Мына ошол мугалимдер күн сайын тартипти, билимди талап кылып бышыктап турган. Мына ошолор берген таалим менен жашап келе жатабыз. Төртүнчү класстан кийин “Сталин” атындагы орто мектепке келдик. Ал мектепте “Ленин” ордени менен сыйланган Таранчиев деген агай директор болчу, Асаналиев Мукамбет деген агай завуч болчу. Көчөрбаев Кадыр, Бийбаев Абдырашид деген агайлардын колунан сабак алдык. Абдырашид агай азыр токсон беш жашта, мына кечээ эгемен күнүн чогу майрамдадык. Мына ошол кездеги мугалимдердин таалим, тарбия берүү сапаты. Сабакты күнүгө эле кайталабай, билимди жакшы берчү.


26 август, 2010

Кайсы партияларды жакшы билесиз? Алар бири-биринен айырмаланабы?

Шаршеев:
Биздин партиялар 150дөн ашып кетти. Бири-биринен эч айырмаланбайт. Жаңы парламентибиздин элдик болооруна ишенбейм. Булар деле өз кызыкчылыгын ойлогон депутаттар болобу, мурда Акжол болсо, эми көк жол болуп иштей береби деп чочулайм.

Гүлбүбү. Бишкек:
Азыр партия көп. Он чактысын гана билбесек, калганын билбейбиз. Алдыдагы шайлоодо жаштарды колдосок жакшы болот эле.

Эмилбек Кулматов. Бишкек:
Мурунку оппозиция жүргөн Текебаев, Атамбаевдер шайлоо учурларында биз жашаган Кызыл Аскер районунан көп келишкен. Эми парламентке шайланганда биздин көйгөйлөрүбүздү унутпаса экен дейбиз. Бизде соңку мезгилде нан кымбаттап кетти. 8 - сомдон сатылган токоч азыр 10 сомго чыкты. Бийликтегилер ушуга дагы көңүл бурушу керек.


25 август, 2010

Эмне себептен элдин саясый партияларга болгон ишеничи төмөн болууда?

Асанов. Ноокен:
Азыркы бийликтеги партиялар Оштогу окуялар учурунда аймакка келген жок. Ошондуктан аларга ишеним дагы азайды деп ойлойм.

Угарман. Ош:
Азыркы партиялардын бирөөндө дагы өнүктүрүү планы жок. Андыктан аларга элдин ишеними аз болуп жатат. Алардын ойлогону эле мансап. Башка эч нерсе жок.

Шаршеев:
“Акжол” партиясы өзүнүн убадасын аткарбай, элди жарга такап качып кете берди. Азыркы партиялардын деле программалары окшош. Аларга ошого эл ишенбейт. Азыркы бийликке келген партияларга эле бир аз үмүт бар деп ойлойм. Шайлоого улутчулдук эмес, баарыбыз бир эл катары барышыбыз керек. Ошондо гана биримдик болот.


24 август, 2010

Шаршеев. Бишкек шаары:
Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов эс алууга кетти деген каңшаар таркады. Жакында окуу жылы башталганы турса, 5-6 күн туруп, окууну ачып, жакшы жыйынтык чыгарып андан кийин кетсе болмок. Ошону менен катар Мелис Мырзакматовдун ашыкча улутчулдугу биздин жердеш өзбектердин кыжырын келтирип, дагы абалды татаалдаштырууга мүмкүнчүлүк түзүп коюшу мүмкүн. Эми биз кыргызчылыкты жогору кармап өзбектер менен түз сүйлөшүп, ынтымагыбызды калыбына келтирели дегендин ордуна, кээ бир угармандарыбыз бизге ушундай азаматтар керек деп айтып жатышат. Андыктан эл башкарган кишилер жалпы карап, элдин ынтымагы үчүн тынымсыз иштеп. Андан кийин жыйынтыгы жакшы болгонго элди ишендирип, көрсөткөндө гана баа берсек болот.

Молдоканов Келдибек. Бишкек шаары:
Азыркы шайлоого ат салышкан партиялар улуттук сепаратисттерге каршы күрөшөбүз деп айтыш керек. Маселен, Туркияда, Испанияда сепаратисттерге каршы күрөшкөн, ушул ураанды колдогон партиялар жеңишке жетишкен.

Руслан. Ош шаары:
Азыр өлкөдөгү стабилдүүлүктү сакташ үчүн, түштүктө болгон акыркы окуяны кайра болтурбоо үчүн, менимче ЕККУнун полицияларын өлкөбүзгө киргизбеш керек. Ошондо гана бизде улуттар арасындагы нааразычылыктар соңуна жетет деп ойлойм.

Кошбек. Бишкек шаары:
Мен Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовго каршы пикиримди айтат элем. Бул мэр эмне өлкөнүн президентиби? Балдарга 1- сентябрь эң жакшы күн. Окуу жылы 1- сентябрда башталыш керек.

Шаршеев. Бишкек шаары:
Биздин угармандарыбыздын бирөө Мелис Мырзакматовду мактап, ал келгенден бери Ош шаары гүлдөп кетти деп жатпайбы. Мурдагылар жөн эле келип, кызыкчылыгын аткарып кете берчү дейт. Ошол угарман азыркыга чейин билбесе керек. Мелис Мырзакматовдун жетекчилиги астында Ош шаарында жүздөгөн кишилер каза болуп, миңдегендери жарадар болуп жана нечен үйлөр, имараттар өрттөнүп, кыйрагандарын байкабай калган окшойт. Мелис Мырзакматов өзүнүн билгенин кылып, өтүгүн төргө илгиси келип, отуз биринчи август биздин улуттук майрам экенин унутуп калган окшойт. Болбосо майрамды салтанаттуу өткөрүп, эртеси 1-сентябрда окуу башталат деп элге кайрылып, баарыбыз балдарыбызды жакшынакай болуп мектепке жеткизип окууну баштайлы дегендин ордуна. Элдин жүрөгүн түшүрүп беш күнгө жылдырбаса болбойт дегени туура эмес. Аны биз колдобойбуз.

Дамира:
Ош шаарында окууну жылдыргандан көрө, ал жерде абалды оңдогонго аракет кылыш керек.

Атын атабаган угарман:
Айыл чарба министрлигинин штабы аябай чоң, бирок, бир маанилүү иш кылганын эч ким көрө элек. Азыр бул министрликти кыскартып койсо болот.

Миргүл. Аксы району:
Чындыгында Ош шаары бир аз коопту болуп тургандыгына байланыштуу, окууну кечиктирип койсо жакшы болот.

Сыдыков Айбек. Кочкор району:
Мамлекет түштүктөгү балдардын билим алуусунун коопсуздугун сакташ керек. Андыктан, балдардын окуусу өз убагында башталышы керек.

Шамидин. Жалал- Абад обласы:
Азыркы күндө элди бийлик өкүлдөрүнө жаккандар эмес, Мелис Мырзакматовдой элге жаккан адамдар башкарыш керек. Ошондо жыйынтык чыгат.


19 август, 2010

Мамат. Ош:
Ош тополоңун иликтеген комисcиянын кечээки жыйынтыгы негизинен туура. Бирок, анча-мынчасын ачык айтпай жатат. Бул тополоңду өзбектер чыгарышкан, Алай мейманканасынан башталган. Мечиттен азан айтышып, таң атканча кыргыздарга зордук-зомбулуктарды көрсөтүшкөн. Азиза Абдирасулованын айткандары такыр туура эмес, ал башынан эле калыс эмес болчу, эл ага ишенбейт.

Муса. Балыкчы:
Улуттук комиссиянын жыйынтыгына биз макулбуз. Ким каршы болсо алардын өз эрки. Артыков, Абдирасулова макул болбосо, жалпы кыргыз элинин ага иши жок. Алардын айткандары бир жактуу.

Арзыкулов. Токтогул:
Бул диверсиялык, террористтик согушту Максим Бакиев уюштурушу мүмкүн. Телефондон сүйлөшкөндө айтпады беле “500 куралчан адамды алып келебиз” деп. Ушуну карашпайбы өзбек-кыргыз дебей, ушуну эске алып коюшса.

Асанбаев Самидин. Нарын:
Улуттук комиссия туура жыйынтык чыгарат деп ишенебиз. Эркебаев, Жекшеевдер калыс адамдар.

Абдыназаров Мамажан. Ноокен:
Ал комиссиянын мүчөлөрү абдан компеттенттүү адамдар экен, өзгөчө Эркебаев менен Жекшеевдер абдан калыс, чынчыл адамдар, аларга ишенсе болот.

Сабыр. Ош:
Комиссия эң туура иштеп жатышат. Аларга каршы болгон чагымчыларга ишенбеш керек.

Самидин. Жалал-Абад:
Комиссияга ишенбей коюшка мүмкүн эмес, себеби алар 33 адам, бир-эки киши эмес. Анын ичинде Эркебаев, Жекшеевдер кара кылды как жарган адамдар. Артыковдун айткандары өзүнө өзү ишенбегендиги, анын көз караштары Кадыржан Батыровдор менен үндөшүп жатат.

Айдай. Ош:
Улуттук комиссиянын чечимине ишенем. Ал эми Азиза Абдирасуловага эл ишенбей калды, бир жактуу маалымат таратып өзүн көрсөтүп бүттү.

Миргүл. Аксы району:
Бул комиссиянын изилдегени так изилдей албайт деп ойлойм. Себеби, Оштогу болгон көп окуяларды, кыргыздардын кандай болгонун так айтышкан жок.

Алмакан. Ош областы:
Азиза Абдирасуловага айта турган бир сөзүм бар. Чек мамлекеттен акчаны алып, элдин душманы болуп, чечиле элек маселелерди ар- кайсы жакка жайып жатканы үчүн. Биз Оштун аялдары сотко беребиз.

Сыдыков Базарбек:
Ош, Жалал- Абадда болгон чатакка эч кандай жергиликтүү комиссия, эл аралык комиссия да туура баа бере албайт деп ойлойм. Себеби , ал жерде абдан каттуу чатак болду. Андыктан териштирип да кереги жок. Андан көрө кандайча ынтымакта жашоо жөнүндө ойлонуш керек болуп жатат. Ошондуктан Би- Би- Си ушул жөнүндө сөз козгосо деп ойлойм.

Чынара. Бишкек шаары:
Мен комиссияга абдан ишенем, так иштеп жатышат. Бизге мындан артык ким керек, эми кимге барабыз. Мына чет элдиктер бизди жаман атты кылып кетип жатышат. Кээ бир укук коргоочуларды комиссияга кошпой эле коюш керек болчу. Биздин комиссия сонун, жакшынакай эле жыйынтык чыгарат.

Атын атабаган угарман:
Ош окуясынын комиссиясынын бүтүмү боюнча Анвар Артыковдун “Комиссиянын мүчөлөрүнө ишенбейм” деп айтып жатканы - ал жердеги абройлуу адамдарга шек келтирип жатат. Бул өзү Артыков деген ким, эмне үчүн кыйын убакта комиссиянын мүчөсүнө кирбей коюп, кийин “Буларга ишенчилик жок” деп аброюна шек келтирет.

Муса. Балыкчы шаары:
Биз баарыбыз комиссиянын чыгарып келген жыйынтыгына макулбуз.

Самидин. Жалал- Абад областы:
Эмне үчүн комиссиянын жыйынтыгына ишенбеш керек. Алар отуз үч адам, эки, үч адам болсо ишенбей койсо болот. Ал эми Анвар Артыковдун ишенбей дегени, ал өзүмө өзүм ишенбейм дегенге барабар. Артыковдун пикири боюнча ал жерге Кадыржан Батыровду киргизип коюш керек экен да. Бул кишинин идеясы Батыровдун сөзүнүн жытын чыгарып турган адам экен.

Атын атабаган угарман:
Комиссиянын чыгарганы бүт баары туура. Ошондой эле болуп калды баары.

Адылбек. Бишкек шаары:
Комиссия абдан туура чечим чыгарат. Себеби, ал жерде аттуу- баштуу кыргыз элине, өзбек элине, тажик элине таанымал лидерлер кирген. Мына ошолор туура чечим чыгарат деп ишенем.

Азизбек. Бишкек шаары:
Ош окуясын изилдеген комиссияга мен толук ишенем. Себеби, комиссия мүчөсүндө ар улуттун өкүлдөрү бар.

Нурбек. Ош областы:
Согуш деп жатасыңар, а бирок өзбектер автономдук област болууну каалаган да. Андыктан эмне үчүн Роза Отунбаева Бишкекте олтуруп алып, Он-Адырды, Шаит-Дөбөнү, Нариманды тазалаганга солдаттарга буйрук бербей жатат. Ал жактарда курал бар, дагы эле чыгып алышып кыргыздарды ар- ар жерде атып жатышат. Ошондуктан ушул маселе боюнча чара көрүш керек.


18 август, 2010

"Алтай - Ала - Тоо Манастын жолу" кыймылы кандай олжого жетишти?

Төлөгөн Абдымарыш. Кытай:
Кандай эле болбосун, мен бул "Алтай - Ала - Тоо Манастын жолу" кыймылы аябай жакшы болду деп карайм.

Себеп, бул кыймыл учурдакы "чачылган кыргыз элинин руханий дүйнөсү булганып бараткан элдин дилине, турмушуна" кандай эле болбосун, асыгы көп тиет.

Мен өзүм Кытайдан болом. А бирок, ар убакыт Кыргызстандын жаңылык иштерине, келечегине, экономикасына көңүл бурам.

Силер бар болуп турушуңуздар бүт дүйнөгө чачылган кыргыздар үчүн чоң сыймык. Сөзү кыскартайын. Ар дайым бар болгула, биримдик силерден ар дайым алыс кетпесин.

Нооруз, Нарын шаары:
Алтайдан кайтып келе жаткан кырк чорону мен туура көрөм, колдойм. Өзүм бара албасам дагы, сүйүнүп олтурам.

Эң биринчиден, бул - Манас атабызды, ата- бабаларыбызды унутпоо иретинде руханий байлык.

Бул кыргыз эли тилин, каада-салтын жоготпоого демге-дем, күчкө-күч берет. Адамдын тилегин берет дегендей, тынчтык үчүн барып жаткандан кийин кудай буйруса дүйнөдө сөзсүз тынчтык болот.

Ушул жүрүштү уюштурган Мелис байкеге чоң ыраазыбыз.

Атын атабаган угарман:
Элдердин каны кайнап, жини келип, эмне кылаарын билбей турганда он бир, он эки бал жер титирейт деген сөздөрдү эфирге чыгарбай эле койсоңор болмок. Элдин өлгөн психологиясын дагы өлтүрүп жатасыңар. Элдер эми чөлгө көчүп кетсинби? Ушундай сөздөрдү абайлап бериш керек. Элдер жер титирөө эмес өздөрүнүн башын араң эле көтөрүп калышты.

Мырзабеков. Ала-Бука:
Комиссия жакшы иштеп жатат. Абдрасуловага нааразымын. Чатакты Кадыржан Батыров өңдүү өзбек лидерлери баштаганы айдан ачык болуп турбайбы. Ошолорду жоопко тартыш керек. Ал турсун ошонунун алдын-албаган азыркы бийлик өкүлдөрун дагы жоопко тартуу керек.

Бакыт. Токмок:
Укук коргоочуларга таң калып жатам. Элди бириктиргендин ордуна өздөрүн реклама кылып, куугунтукта жүргөн киши болуп чет мамлекетке чыга качып жатышат. Азыр талашып-тартыша турган мезгил эмес да.

Улуттук комиссияныны курамын элге таанымал компетенттүү адамдар кирген. Андыктан комиссиянын ишине ишенебиз. Ал эми айрымдар чет элден алган гранттарын актап жатышат.

Базаргул. Ош:
Комиссия жер-жерлерди текшерип жатышат. Ошондо алар комиссия курамына ар кыл улуттагы жергиликтүү калкты кошуу керек. Себеби бул комиссия курамында чет элден грант алып жашагандар көп, мен аларга ишенбейм. Укук коргоочулар эмне үчүн Оштогу SOS деген жазууларды ким жазганыны илктебейт. Жөнөкөй кишилер SOS деген эмне экенин дагы билбейт. Дүйнөлүк маалымат каражаттарына дагы ошол кук коргоочулар бир жактуу маалымат берип жатышты да.

17 август, 2010

Медер, Бишкек шаары:
Чындыгында, кыргыз эли мыйзамга баш ийген калк. Карап көрөлү: болгон курал-жаракты тапшырышты, бир жыйынтыкка келишти. Азыркы күнгө чейин жоголгон жарандардын ата-энелери издеп жүрүшөт, аларды өзбектер качан эле союп, из калтырбай көмүп салышкан. Эми алардын баарын өзбектердин үйлөрүн тинтип табыш керек да. А өзбектердин үйлөрүнө барышса алар мыйзам тебеленип жатат деп кыйкырып жатышат, анан албетте ЕККнун кызматкерлери ошолорду жакташат. Мына ушундай көрүнүштөрдөн улам көм кылмыштардын бети ачылбай кала берет. Келечекте өзбектер ЕККнун колдоосу менен өзүнчө эгемен мамлекет болобуз десе эмне кылабыз. Андыктан тез аранын ичинде өкмөт үйүн Ош шаарына көчүрүлүп барып тартипти жөнгө салбаса, мындай уу-чуулар токтобос болуп калды.

Мокеева Салкын, Бишкек шаары:
Дүйнөлүк укук коргоо уюмдарынын өзбек жарандарын кыргыз укук коргоочулары басмырлап жатат дегенге биз таптакыр кошула албайбыз. Токсонунчу жылдары дагы өзбектер куулук кылып эл- аралык уюмдарга арызданышып кыргыздар гана күнөөлүү болуп калган. Өзбектер биринчи согуш баштап, идеологиялык жактан жеңишке жетиш үчүн дүйнөлүк укук коргоо уюмдарын колдонуп жатышканын далилдеш керек.

Осмонова, Балыкчы шаары:
Оштогу болгон коогалаңдуу окуяны, жетинчи апрелдеги жаштардын каны төгүлгөн окуянын уланышы болуп кетти. Анткени Кадыржан Батыров деген өзбектердин лидери, “ушуну жыйырма жылдан бери күтпөдүк беле, өзбектин жаштары ойгонгула” деп жаштарды тукуруп, үгүттөп ушул абалга алып келген киши ушул. Ошондуктан жаңжалдын күнөөкөрлөрү өзбектер. Ушул нерселерди толук билбеген, көрбөгөн адамдар гана кыргыздарды жөндөн жөн жаман атты кылып жатышат. Бул туура эмес, мен таптакыр каршымын.

Нурлан, Бишкек шаары:
Менинче Батыров боюнча бир тараптуу доомат айтылып жатат. Батыров бул жерде көп деле күнөөсү жок. Себеби ал деле жетинчи апрелден кийин Бишкекте Бакиевдердин үйлөрүн өрттөшкөнүн көргөн.

Атын атабаган угарман:
Өзбектер тарабынан Сузак районундагы Топурак-Бел жергесинде алтымыш тогуз кыргыз жарандары өлтүрүлгөн. Кечээ күнү теледен он жети адам өлтүрүлгөн деп туура эмес айтылып жатат.

Исманов, Кулатов айылы:
Эл аралык коом а деген тополоңдун себептерин дааналап, тактабай туруп, кантип кайсы бир улут экинчисине кысым жасап, адилетсиздик болуп жатат деп айта алат. Андыктан так изилдеп. Жаңжалдын эмне себептен чыкканын баяндап, жөөлүү далилдери менен гана кыргыз өкмөтүн жана кыргыздарды күнөөлөсүн.

16 август, 2010

Адам укуктарын коргогон эларалык топтун Кыргыз коопсуздук күчтөрү Ош, Жалал-Абаддагы абалды турукташтырууда маселе жаратууда, көбүнесе өзбек улутундапгыларды кармап, аларды кыйноого алууда, деген билдирүүсу боюнча пикириңиз кандай?

Бердиев Эркин, Лейлек району:
Баарыбыз эле саясатка берилип кеттик, бирок элдин көйгөйүн эч ким укпай жатат. Он алты жылдан бери паспортсуз жүргөн Тойчиева Ыкыбал деген менин карындашым бар. Мына ушундай көрүнүштөр биздин райондо толтура. Өзбекстандан көчүп келген жарандар он беш, он алты жылдан бери паспорт алышалбай жүрүшөт. Казакстандан, Россиядан үч, төрт айдын ичинде эле жарандыкты алып жатышат, өзүбүздүн Кыргызстанда деле бир, эки жылда жарандык берсе болбойбу.

Сагын, Токтогул району:
Акаевдин кол тийбестигин алып салыш керек деп жатышат. Ал маселени качан гана жаңы парламент түзүлгөндө мыйзамдуу түрдө, депутаттардын макулдугу менен кол тийбестикти алып салса болот. Мейли Акаев акча алса алып кеткендир, бирок Бакиевчилеп элдин канын төккөн жок. Бакиев сексен жети балдарыбыздын өмүрүн алып кетти. Андыктан Бакиевди кармап келип жазалаш керек. Азыркы бийлик бирөөнү кармайт да кайра эле бир, эки күндөн кийин үй камагына чыгарып салат.

Жумабаев Үсөн, Баткен областы:
Аскар Акаевич жөнүндө бүтүндөй дүйнө жүзүнө бир нерсе айтып кетейин.Тарыхта мындай таза, Кыргызстанды дүйнө жүзүнө тааныткан адам болгон эмес.Үзөнгү-Кууш боюнча бул кишини каралап жатышат, бирок Кытайга бир сотик жер да өткөн эмес, булар илгертен талаш жерлер. Керек болсо бизге жетимиш, сексен пайызы өткөн. Биз азыркы күндө Акаевдай президентти кубалап алып эмне болдук. Өзбек улутундагыларга кысым көрсөтүп жатышат деген жалган. Бизде кыргызда макал бар эмеспи “уурусу күчтүү болсо доого жыгылат” булар доого жыгылып жатпайбы. Эмне үчүн кыргызды күнөөлөйт.

Султанова Тамара, Ош шаары:
Ошто онунчу июнда түнү өзбектер канча кыргызды кырып жиберген билесиңерби.

Атын атабаган угарман:
Эмне үчүн эл- аралык уюмдар өзбек улутундагылардын кыргыздын милициясын кыйнап өлтүргөнүн, солдаттардын атылып өлтүрүлгөнү жөнүндө айтышпайт. Бул эл аралык уюмдар акыйкаттуу деген бул миф. Кыргыздар өздөрүнүн кенебестигинен маалымат согушун уткузуп коюшканы чын. Ошондуктан эл-аралык уюмдар бир тараптуу маалыма берип жатат.

Абдулла, Бишкек шаары:
Биздин күч органдары өзбектерге туура эле мамиле кылып жатат. Эгер Өзбекстанда болсо булардын баарын эчак эле кырып, атып салмак.

Эрмек Алтынбаев:
Мен Хюман Райтс Воч уюмунун отчетуна ишенбейм. Алар бир жактуу каралап жатышат.

Мамажан. Ноокен:
Убактылуу өкмөт айыптуу деп ойлойм. Анткени, алар Ош, Жалал- Абаддагы кырдаалга көңүл буруунун ордуна кызматтык орун бөлүштүрүп олтурушуп алды.

Алимжан Мусаев. Бишкек:
Каргашалуу окуянын эмне үчүн айыптуусун таппай жатышат. Өзбек саясатчылар сегиз ай даярданып, көтөрүлүш кылбадыбы. Муну баарыбыз эле билебиз да. Ошону иликтешпейби.

Манас. Токмок:
Эл аралык уюмдардын бизге баа бергени жалаң каралоо менен коштолууда. 7-апелден бир эле кыргыздарды каралап жатышат.

Раимжан:
10-июнда ким баштаганын эмне үчүн айтпайсыңар? Эмне үчүн Кадыржан Батыровду согушка чакырганын айтпайсыңар? Эл аралык уюмдар бир жактуу баа берип жатышат.


12 август, 2010

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугуна толук ишенүү мүмкүн эмес. Айыл чарба министрлигинин көп маалыматы жалган. Быйыл түшүм аз, начар, сапатсыз. Этият карап, жыйналган түшүмдү тактабаса, кыйын болуп калышы мүмкүн. Орусия менен Казакстан жардам берээрин кудай билет.

Базаргүл. Ош:
Айылдарда нан жетиштүү, бирок шаар ичи кыйын болот го. Бирок, мен дан азыктары эмнеге кымбаттап жатканын түшүнбөй жатам. Монополияга каршы агенттик каякты карап жатат.


11 август, 2010

1. Чоңдор жансакчылары менен жүргөнүнө кандай карайсыз?

2. Артисттер саясатка аралашуусу керекпи?

Үрүлкан. Кемин:
Артисттерди шайлоого катыштырбаш керек. Анткени жарышка катышкан партиялар буга чейин элди чогултууда аларды колдонуп келишкен. Мындан ары дагы колдонуп, артисттердин дагы, саясатчылардын дагы кадыр-баркы кетет.

Манас. Токмок:
Чиновниктердин жан сакчы алып жүрүшү туура эмес. Анткени туура эмес иш кылып койгон, же элден корккон кишилер гана жан сакчы ээрчитип жүрөт. Ал эми азыркы бийлик элге кызмат кылам десе андай кылбашы керек болчу.

Мамажан. Ноокен:
Азыр эл абдан кыйын абалда турушат. Ушундай учурда биздин төбөлдөрүн джип минип, жан сакчыларды ээрчитип жүргөнү өөн учурайт. Туура эмес.

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Президент, премьер-министр сыяктуу жогорку деңгээлдеги 3 гана адамга жан сакчы алганга уруксат бериш керек. Мамлекеттин казынасы ансыз да куржалак калып атканда алардын элге сыр көрсөткөндөй кылганы туура эмес.

Мамат. Кара-Суу:
Жаңы бийликке келген чиновниктер эл арасына келгенде өтө маанилүү же өтө коркунучтуу адамдардай сезилип калды. Анткени, аларды куралчан адамдар, күчтүү жигиттер тегеректеп жүрүшөт. Алар менен элдин ажырымы чоң, алар менен сүйлөшүү мүмкүн эмес. Алар элдин арыз-арманын укпайт. Мына ЕККУнун полициясын да элдин үнүн укпай киргизебиз деп жатышат.

Осмонова. Балыкчы шаары:
Артисттердин саясатка аралашуусу туура. Анткени чиновник-байлардын ар кандай иштерин, алардын туура, туура эмес жүрүмдөрүн, артисттер сахна аркылуу өздөрүнүн ой-пикирлерин айтып жана көрсөтүп элге жеткирген. Илгери деле Шаршен Терметиков, Куйручук сыяктуу чоң куудулдар байлардын кылык-жооруктарын, элге көрсөткөн кордуктарын куудулдугу, айтуулары аркылуу элге жеткирип, байлардын жасаган иштерин өздөрүнө көрсөтүп турган. Ошондуктан артистер саясатка кийлигишүүсү керек.

Абылкасов Адашбек:
Артисттердин саясатка аралашуусуна каршымын. Кайсыл партиянын курамында артис болсо ал шылдың!!!
Чиновниктердин жан сакчылары менен жүрүшү, саясий маданиятсыздык деп ойлойм.

Шаршеев. Бишкек шаары:
Шайлоо кампаниясында кээ бир партиялар жана депутаттыка талапкер болобуз дегендер куудул, артисттерди пайдаланышы туура болбой калат. Алар өздөрүнүн өнөрүн көрсөтөбүз деп максатташтарын мактап, башкаларга басым көрсөтүп коюшу мүмкүн. Ошондо адилеттүүлүк болбой шайлоочуларды тескери жолго салып коюшу мүмкүн.Алар азаматчылык кылса өлкөбүздүн оор кырдаалында онөрлөрүн көрсөтүп жүрө берсе болмок. Анпесе акчалуулар илгерки Куйручуктай кылып куудулдарды зуулдатып артынан эрчитип алып башка талапкерлерди шылдыңдап же болбосо келекелейт, биз ага каршыбыз.

Болот. Ош шаары:
Жаңы өкмөт мүчөлөрүнүн жан сакчыларды алып жүрүшү туура деп эсептейм. Анткени Бакиевдин жан жөокөрлөрү, ал кишини колдогон адамдар, криминалдык элементтер тарабынан жаңы бийликтеги инсандардын өмүрүнө реалдуу коркунуч бар. Ошондуктан төрт, беш жан сакчыларды алып жүрүшү ашыкча эмес деп ойлойм.

Шаршеев. Бишкек шаары:
“Коопсуздук комитетинин кызматкерлери Ош, Жалал - Абад аймагындагы тополоңдорду алдын- ала көзөмөлдөө үчүн эмне кылыш керек эле?” деген суроого менин жообум. Алар өз милдеттерин ыйык аткарыш керек болчу. Алар шалаакылыгын, жөндөмсүздүгүн көрсөтүшүп ушул акыбалга келдик. Эми эң түшүнүксүз жери алар жооп бериштин ордуна, жөн гана чогулуштан отчет беримиш болуп чыгып кете беришти.

Мокеева Салкын. Бишкек шаары:
Мен Ош шаарында жашап келгенмин, тополоң учурунда да жашап жатканмын. Ошто өзбектер азчылык болуп кыргыз милициясы аларга күч колдонду деген маалыматка мен нааразымын. Биринчиден алар уюушулган топ, мына азыркы учурда айыл жергесинде канчалаган тургундар качкын болуп, өлүп, өлүгүн көмө албай, жогун таба албай жатат.

Кеңеш Бакир уулу. Бишкек шаары:
Июнь айында Ош аймагында чыккан каргашалуу окуяга биздин күч органдары эмес. Мында Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү абдан чоң күнөө кылышты. Булар Бакиевди, Батыровду кармашпай койберип жиберишти. Ошондуктан Ош жергесинде согуш чыгып кетти. Эртеби-кечпи убактылуу өкмөт кыргыз эли алдында, кудай алдында жооп бериш керек.

Жамиля. Бишкек шаары:
Күч органдары деп эле аларга күч келтире бериш кандай? Алар деле колунан келгенин жасап жатышат. Даагы абдан чоң кырсыктан аман калдык. Сөзсүз эле салдаттардыкы же милициялардыкы дебей. Жетинчи апрель күнү билинбедиби кыргыз жери, өлкөбүз баарыбызга эле керек. Ошондуктан кетсин дегенди коюп ынтымакта эмгектенип жашаш керек.

Жумабаев. Баткен областы:
Эми мындан ары Кыргызстан болуп, Кыргызстан мамлекетин куралы десек митинг, пикеттерди уюштурбай, мындай нерселерге жол бербейли туугандар. Бул кээ бир адамдардын өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн элдерди сатып алып, баягы ажаан катындарды сатып алып мамлетке тукуруп, ак үйдү басып бийликти жок кылууга максаттанган митингдер гана болуп жатат. Андыктан токтотуш керек ушуга окшогон көрүнүштөрдү. Мына азыр эгиндер күйүп жатат силитра жок, салярка жок эми курсагы ач калыш керекби кыргыздардын. Мына мамлекетти курган Акаевди да айдадыңар, андай киши дүйнө жүзүндө да жок. Ага биздин аң сезимибиз жетиш үчүн жүз жыл керек. Акчаны кылды, жолдорду курду, гимн түздү, Манасты көтөрдү, Ош 3000 кылды деги эле кылбаган иши калган жок. А биз болсо баарын буздук.


10 август, 2010

1. Коопсуздук, күч органдары бул окуяларды алдын алуу үчун эмне кылышы керек эле?

2. 10 октябрга белгиленген парламенттик шайлоо эмнеси менен өзгөчө болот?

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Биздин коопсуздук кызматтары Ош, Жалал-Абад окуялары боюнча шалаакылык көрсөтүп койду. Эми ошол боюнча эч кимди жоопко тартпаса анда, туура эмес болуп калат. Биздин президентибиз күнөөлүүлөрдү жоопко тартпаса, анда өлкөбүздүн келечеги үчүн жоопкерчиликсиз мамиле болуп калат. Жөн гана жыйын кылып тарап кетүүнүн кажети жок.

Төлөбек. Базар - Коргон:
Бир катар партиялар элди кыдырып жүрүшөт. Шайлоо жарыялана электе эле жер жерлерлерге барышууда. Бул мыйзамсыз үгүт иши болуп калат го. Борбордук шайлоо комиссиясы ушундай иштерге көңүл бурбайбы.

Бакыт. Жалал-Абад:
Ушул окуя болоор алдында Кажыржан Батыров, “Ош ТВ” жана “Мезон ТВ” дан бул күндү жыйырма жыл күткөнбүз, көтөрүлгүлө деп чакырып жатпадыбы. Анан эмне эле күнөөлүлөрдү эмдигиче таппай жатышканы түшүнүксүз.

Мамажан. Ноокен:
Уруштун негизги себеби биздин чиновниктердин акчага сатылганынан улам чыкты деп ойлойм. Башка бирөөлөрдү же Бакиевди күнөөлө туура эмес.

Ысакбек. Жалал-Абад:
ОБСЕнин полиция күчтөрүн киргизүүнүн кажети жок. Алар бизге кеңеш берет эмиш. Ар кандай кеңештерди угуп жатып ушул ахыбалга келдик.

Базаргүл. Ош:
Коопсуздук күчтөрү Оштогу коогалаңды билишкен. Элдер айтышкан. А эмнеге алдын ала чараларды көргөн жок.

Тыныбек Кадырбаев. Өзгөн:
Чет элдик полициядан кеңеш алгандан уялыш керек. 52 кишинин кеңешине муктаж болуп калдыкпы. Ушуну биздин жетекчилерге жеткирип койчу.

Өмүрбек Исмаилов. Талас:
Биз Исмаил Исаковду Бакиевдин тушунда коргогонбуз. Анан Жалал - Абадда ал коменданттык саатты алып салганына таң калдык. Ошондон кийин эле Ошто чыр чыкты. Мен ал кишиге ушул суроону берейин дегем.


09 август, 2010

Коменданттык саатты алып салуу учуру келдиби?

Эрмек Алтынбаев. Жалал Абад:

Коменданттык саатты алып салуу азыр эрте. Парламенттик шайлоо күнү гана бул режимди токтото туруп, анан жаңы жылга чейин улантыш керек. Анткени, коопсуздук абалы дагы деле коркунучтуу.

Митингге мараторий жарыялаган туура эмес. Уруксат бериш керек. Мыйзам боюнча иштеш керек. Акциялар мыйзам чегинде өтсө эле болду.

Орозбай Мүсүралиев:
Пикет деген кыргыз элине сөзсүз керек экен. Антпесе, карапайым элдин үнүн жогору жакта олтурган бийлик төбөлдөрү укпайт. Ак үйдү тегеректеп алып, бакырып, кыйкырып турсак, анан угушат. Андыктан карапайым элге митинг-пикет өткөрүп турган оң.

Муса. Балыкчы:
Митингге тыюу салуу болбойт. Биз демократиялуу мамлекет болгондон кийин эркиндик болуш керек. Тыюу салынса, анда кечээги демократтар, бүгүнкү автократтарга айланат.

Эмилбек Кулматов. Бишкек:
7-апрелден кийин Бишкекте күчөтүлгөн коопсуздук чаралары алып салынаары менен, түштүктө жаңжал чыкты. Эми кайра коменданттык саат алынса, анда эмне болуп кетээр экен. Ошону ойлош керек.

3 август, 2010

Араздашууну алдын алууга ата-энелер кандай салымын кошо алат?

Шаршеев. Бишкек:
Улуттар аралык жиктешүү болбош үчүн балдарыбызга туура тарбия беришибиз керек. Жашынан үгүт иштерин жүргүзсөк, кайсыл улуттан экенибизге карабай бир мамлекеттин атуулдары экенибизди түшүндүрсөк.

Бакыт. Талас:
Чатак чыкпашы эл сыйлаган аксакал, аттуу-баштуу адамдардан, этникалык топтордун, айыл-аймактардын лидерлеринен көз каранды ошолор элди биримдикке чакырып, үлгү болуп жүрүш керек.

Базаргүл. Ош:
Ата-энелер балдарынын жакшы болушун каалап, жакшы тарбия беришет. Бирок көбүнчө акчалуу адамдардын балдары мушташууларга көп аралашат. Күч органдары буга келгенде мыйзамга таянып катуу иштеши зарыл.

Интернет дил каттары

Уланбек Райымкулов. Алматы:
Ош шаарын кайрадан кооздоп жасап чыгыш керек эгерде чет элден келген жардамдар туура жумшалса ош шаары гулго айланмак.

Асель Лаваева. Москва:
Эмне үчүн жалаң өзбектер гана интернеттен ар кандай видеолорду таратып жатат? Эмне үчүн кыргыздар эмес? Дүнө жүзүнө кыргыздарды жаман атуу кыла бергенин токтотушсун.

Бектемир Тезекбаев. Ош:
Кыргыз элибиз эң бирдиктүү эл. Барыбыз бирдикте иш тутушубуз керек. Ал антти, бул минтти дегиче, дагы бир кырдаал чыгып кетиши мүмкүн.

Мамлекеттин кантип күчү жетпесин, жетет. Аны башкара билиш керек. Биз пикирлешип олтура берсек, оозубуздагы ашты да алдырып жиберебиз.
Андан көрө, аз сүйлөп, көбүрөөк иш кылбайлыбы?

Эч коркунуч жайы жок, элди, ар бир жаранды сакташ керек. Ал үчүн законду чыңдайлы, закондон корксун эл. Законду тоготбогондон да бул.

Күчтүү болуш үчүн байыбы, кедейиби, бардык балдарды армияга чакырыш керек. Эмне деген армия 22 күнгө? Анан куч жетбейт да.

Акча менен эч бир жакшы иш бүтпөйт. Мына акчасы көптөр эмне кылды? Баарын кырып жок кылды, душман кылды эки элди. Айтсаң, сөз көп, андан көрө иш кылалы.

Азамат Чомоевю Италия:
Кажыржан Батыровдун ойлору туура эмес, деп ойлойм. Салыштырып көргүлөчү Өзбекстан менен Кыргызстандагы өзбектердин жашоосун. Кыргызстанда жашаган адам кыргыз тилинде сүйлөшү керек.

Мирбек Исмаиловю Жалалабад:
Кайсыл партияга эл ишенсе болот?

Бекмырза Токотегин, Коомдук илимдер боюнча Босфор университетинин Эларалык мамилелер боюнча институтунун саясий жана эларалык мамилелер боюнча илимий кандидаты

Түштүк фактору

Кыргызстанга экинчи ‘Ош-ington’ керекпи? Азиянын чордонунда жайгашкан өлкөбүз бүгүн тарыхында болуп көрбөгөн оор күндөрдү жана сыноолорду башынан өткөрүп жатат. Бүгүн бир канатыбыз кыркылып, жүрөгүбүз жаралуу.

Ошто, Жалал-Абадда элибиз ач, үй-жайларыбыз жок, ансыз деле элибиз абдан жакыр, өлкөбүз таланып тонолгон, экономикабыз талкаланган!

Бүгүнкү күндө биринчи милдетибиз – түштүктө коопсуздукту жана стабилдүүлүктү сактап, тез аранын ичинде түштүк ордо калаабыз Ошту, жаштардын шаары Жалал-Абадды кайра куруу.

Мындай демилге - бийлик органдарынын гана эмес, ар бир мекенчил жараныбыздын милдети болуш керек!

Ошту мамлекеттик денгээлде кайра куруу маселесин борборду Ошко көчүрүү идеясы менен байланыштырып, бир багытта параллелдүү түрдө анализ кыла турган болсок, анда бул идея – саясий, экономикалык, социалдык, маданий аспектилери болгон, геостратегиялык мааниге ээ, көп тарамактуу жана чоң каражат талап кылган, өлкөбүздөгү азыркы саясий, социо-экономикалык коньюнктура жана потенциал менен байланышкан, абдан чоң масштабдуу жана улуттук орчундуу бир тема!

Биринчиден, өлкөбүздүн борборун бүтүндөй түштүккө көчүрүүгө абдан масштабдуу мобилизациялык күч, көп каражат жана убакыт талап кыла тургандыгын, анын баарын каржылоого реалдуу мүмкүнчүлүгүбүз жана каражатыбыз болбогондугун эске алып, экинчи жагынан өлкөбүздөгү азыркы курч саясий, социо-экономокалык кырдаалга жараша, эң оболу, күч структурасы болгон министерство жана коопсудук кызматтарын (Коргоо, Ички иштер, Коопсуздук) утурумдук болсо да (же болбосо биротоло) түштүк борборго которуу маселесин карап чыгышыбыз керек.

Мындай бийлик органдарынын кээ бир бутактарын башка региондорго, шаарларга көчүрүү маселеси дүйнөлүк практикада колдонулуп келген көрүнүш.

Мисалы, алыс барбайлы, жаныбыздагы Россия Федарациясынын кээ бир бийлик органдарын (Конституциялык Сот, Газпром башкармалыгы) түндүк борбор делген Санкт-Петербург шаарына көчүрүлгөнүн айтсак болотт.

Мындай заманбап жана конструктивдүү сунуш, биринчиден жана эң башкысы, бычак мизинде турган түштүктө суудай керек болгон коопсуздукту калыбына келтирүү жана бул региондордо дайыма коопсуздукту жана стабилдүүлүктү орнотууга шарт түзөт.

Экинчиден, өлкөбүздүн эгемендигин, көз карандысыздыгын, унитардык түзүлүшүун жана территориялык бүтүндүгүн камсыз кылуу, коргоо жана сактоо идеясына кызмат кылып, мамлекетибиздин геополитикалык жана геостратегиялык саясатына шайкеш келмек.

Үчүнчүдөн, өлкөбүздүн өнүгүуүсүндө дайыма артта калган жана кайдыгер мамиле кылынган түштүк региондорубузга болгон мамлекеттик саясаттагы жаңы багыт болуп, бул региондордун өнүгүүсүндөгү мамлекеттик приоритеттин белгиси катары, бул министирликтерди түштүктөгү экинчи борбор - Ошко көчүрүү менен түндүк-түштүк балансын сактоого жардам бермек.

Төртүнчүдөн, мындай чечим көп каражат талап кылбаган, ыкчам, оптималдуу жана практикалык бир вариант болмок.

Колдогондорду жана каршы болгондорду бир тарапка коюп, обьективдүү, реалдуу жана экыл-эс менен ой жүгүртүү керек.

Өлкөбүздүн түштүгүндө уюкташкан ар кандай сепаратист, экстремист, террорчу топтордун өлкөбүздүн коопсуздугуна каршы багытталган аракетерин жана коопсуздукту бузган потенциалын эске алуу зарыл.

Өлкөбүздүн түштүгүндө үзгүлтүксүз жана түбөлүктүү коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыз кылуу максатында, күч структурасы болгон министерство жана коопсуздук кызматтарын түштүк борборго которуу менен өлкөбүздүн унитардык түзүлүшү менен территориялык бүтүндүгүн гана камсыз кылуу керек.

Булардын баарын эске аласк, өлкөбүздүн эгемендиги менен көз карандысыздыгын сактоону негиз алган мамлекеттик башкы идеяга, ошону менен бирге, улуттук стратегиябыз менен геополитикабызга да кызмат кылмакбыз.



26 июль, 2010

Дайынсыз жоголгондорду издөөдө коомчулук кандай жардам бере алат?

Базаргүл Маманова. Ош:

Дайынсыз жоголуп кеткендерге өкмөт өтө салкын мамиле кылып жатышат. Канча адамдар жоголуп кетишти. Алардын көбү кыргыздар, эмне үчүн чет элдик уюмдар буга көңүл бурбайт? Булар эмне башка өлкөгө чыгып кетиптирби, алар киши колдуу болуп өлгөндөр да, эмне үчүн ушуга көңүл бурушпайт. Бул жаатта ыкчам аракет көрбөй эле уктап жаткандай туюлат. Анан эми полиция киргизебиз дешет, алардын кереги жок. Алар келип таныркап карап, кыгызуусу үчүн эле келишет, эч жардам бербейт.

Мээрим. Кара-Кулжа:
90-жылы эки бир тууганым Өзгөнгө барган. Алар Орусиядан жардамга келишкен эле, анда ошентип эле өз күчүбүз менен баспадык беле. Башка жактан жардам келишин каалабайбыз.

Аскат. Бишкек:
Чет жерден келген аскерлер өткөн-кеткен окуяларды, ким баштаганын, эмнеден башталганын билбейт да. Алар азыркы абалды көрүп, өзбек калкы бүт дүйнөгө талкаландык деп зар какшап жатканда, алар да өзбек калкын жабыр тартуучу катары карап, аларга болушуп абалды ого бетер курчутушу мүмкүн. Ошондуктан, мен башка күчтөрдүн киришине каршымын. Кырдаал турукташып эле калбадыбы.

Мадияр. Бишкек:
“Жыгылган күрөшкө тойбойт” дегендей баарын баштап алышып, эми көздөгөн максаттарына жетпей калган соң, талкаландык деп башка жактан жардам сурагандарга жол болсун. Кыргыздарга эч кандай жардамдын кереги жок, кыргыз эли эч кимге катылбаган, бирок, катылгандын катыгын берген эл.

Батма. Кара-Кулжа:
Башка өлкөлөрдөн миссия киргизебиз дегени эмне, дагы кырылсын дегениби? Жаным кашайып атат.

Жаныл. Бишкек:
Башка күчтөрдү киргизгени бир чети туура. Дүйнө жүзүндө бир жактуу айтыла бербей, келип өз көздөрү менен көрүп, кимдин ким экенин таанышсын. Биздин жашыра турган же ката турган эч нерсебиз жок. Бирок, эл аралык уюмдардын көбү деле бир жактуу мамиле кылып көнүлүбүздү калтырып жатышат. Ошондуктан, ишеним аз.


22 июль, 2010

Полиция күчтөрүнүн жайгашуусуна каршы чыгып, митинг уюштуруу туурабы?

Оңолбек Шаршеев:
Башка эле бир мамлекеттер эл аралык күчтөрдү Кыргызстанга киргизебиз деп чечим кабыл алганга кандай акысы бар? Бизге тышкы күчтөрдүн кереги жок. Алардын кандай максаттары бар экенин буга чейинки тарыхий мисалдар көрсөтпөдүбү. Алардын өз кызыкчылыктары бар экени ачык эле көрүнүп турбайбы. Бүгүн жаштар каршылыгын билдирип чыкты, эртең кары-картаңдар чыгат.

Жусуп. Жалал-Абад:
Бизге тышкы полиция күчтөрү керек. Себеби, биздин армиянын, күч стурктуралар туура эсем иш-аракеттерди жүргүзүп, элдин кыжырын келтирүүдө.

Мамасаалы. Ош:
Чет элдик маалымат булактары эмне үчүн Оштогу окуялар боюнча бир жактуу маалымат берип жатасыңар? Кагылыштын алдында ким кандай даярдыктар көргөнү белгилүү болбодубу, керек болсо снайперлер менен куралданып, КАМАЗ унааларды аскердик максатта даярдаган турбайбы. Чет элдик маалымат каражаттары булардын баарын көз жаздымда калтырып, жалаң эле кыргыздарды жаман атты кылып жатат.

Осмонбек Иманалиев:
Тышкы полиция күчтөрүн киргизүү керек. Анткени, кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы мындай кагылыштар биринчи жолу болгон жок да.

Сабира. Бишкек:
Жаштардын нааразычылыгына кошулам. Жаш эмес пенсионер мен деле нааразычылык акцияга чыкканга даярмын. Анткени, биздин өлкөнүн аймагына тышкы күчтөрдүн киришине эч кандай муктаждык жок.



21 июль, 2010

Ош менен Жалал-Абаддагы окуяларга баа берүүдөгү эл аралык уюмдардын аракети тууралуу эмне деп ойлойсуз?

Базаргүл. Ош:
Эл аралык уюмдардын туура эмес бир жактуу маалыматтарды бергендери кейиштүү. Туура өзбек улутундагырлардын үйлөрү өрттөлдү, бирок кыргыздардын көбү каза таппадыбы. Үй-жайды кайра ордуна келтирүүгө болот, а адам өмүрү кайра ордуна келбейт да. Эл аралык уюмдар туура эмес маалыматтарды берип, абалды ого бетер курчутуп жатат. Буга эми өкмөт дагы күнөөлү. Алар Кыргызстандын ички ишине кийлигиштирбөө керек болуучу. Анжиян окуясы болгондо өзбек расмйилери бир дагы эл аралык уюмдарды киргизбей эле койбоду беле.

Бишкек. Үсөн:
Бул уюмдарды биздеги тынчтыкты каалабаган сырткы күчтөр атайлап каржылап атабы деген дагы ой кетип жатат. Өкмөт дагы калыс сөзүн айтпай жатат. Жымсалдабай эки жактын тең кемчиликтерин айтуу керек.

Мокеева. Бишкек:
Улуттук азчылыктар дүйнөлүк маалымат каражаттарына оозунуп бир беткей маалымат берип, кыргыз элин дүйнөгө жек көрүндү кылып жатат. Дүйнөлүк басылмалар дагы окуяны бир тараптуу эле чагылдырып, кыргыздарды эле күнөөлөй бергени кечиримсиз. Бул эми кыргыздардын кең пейилдиги, куулук-шумдукту билбеген боелугунан болуп жатат да.

Жаныш. Ош:
Эл аралык уюмдар бир жактуу гана маалыматтарды берип жатат. Андыктан Ош окуяларын иликтей турган комиссиянын ишине алардын аралашуусуна мен дагы каршымын.

Алтынбек. Бишкек:
Бизде качан саясий эрки күчтүү бийлик орноп, сырткы күчтөрдүн, коңшулардын көзүн карабай жашайбыз?

Аскарбек. Бишкек:
Ош, Жалал-Абаддагы тургундарды жараштыруу керек. Анан албетте күнөлүүлөрдү таап жазага тартыш крек да. Эми бул жерде даттана берген менен маселе чечилбейт. Биз азыр жарандар өкмөткө жардам беришибиз керек.

Адилет. Ош:
Эл аралык уюмдар абдан чагымчыл, бир тараптуу маалыматтарды таратып жатышат. Буларды Кыргызстандан чыгарып жибериш керек. Иликтөө бүтпөй туруп эле чуулдап киришти. Ошто эмне окуялар болгонун үстүртөн эле сүрөттөп, өзбектерди кор болгон улут катары көрсөтүп жатышат. Ким баштады эле? Деген суроону иликтеп көрүшсүн.

Шаршеев. Бишкек:
Эл аралык уюмдар өзбектерди эле камап, кыйнап жаткандыгы туралуу чуу чыгарып, Кыргызстанды жаман аттуу кылып жатышат. Иликтөөлөр бүткөндөн кийин анан жыйынтык чыгарышпайбы.


20 июль, 2010

Кыргызстан бийликтеринен кандай армияны түптөөнү талап кылат элеңиз?

Бусурманкулов Жолдошбек. Полковник:
Кыргыз армиясы тууралуу чыккан бул декрет абдан туура. Аскерге жашы жеткен улан бир айда эмнени үйрөнөт? Ошондуктан армияда кызмат өтөө 1,5 – 2жыл болушу керек. Чептен эрдин күчү бек дейт кыргыз. Бизге мыкты даярдалган регулярдуу Армия болушу шарт.

Кубат. Бишкек:
Кыргызстанда армияны көтөрүү, күчтөндүрүү зарылдыгы бар. Анткени ар кандай террордук күчтөр тооруган чөлкөмдөрү бар. Ошондуктан армиия курагына келген балдарды союз кезиндегидей милдеттүү түрдө 2 жылдык кызмат өтөгө алуу туура болот.

Шаршеев. Бишкек:
Ар бир атуул Ата-Мекенди сүйүү зарыл. Өзүнүн эрки каалоосу менен кызмат кылыш милдет. Эч кандай акчага көз каранды болбош керек.

Чубак. Бишкек:
Азыр акча төлөп армияга 15-20 күндүк кызматка барып жатышат. Буга каршыбыз андан көрө 2 жылдык кызмат өтөө нормасын киргизүү зарыл.


19 июль, 2010

Ош менен Жалал-Абаддагы жагдайга байланыштуу эл аралык полиция күчтөрүн Кыргызстанга киргизүү кадамына көз карашыңыз кандай?

Манас. Токмок:
Мен ЕККУнун полицияларынын киришине каршымын. Жаман үйдү коногу башкарат дегендей эмнеге эле тышкы күчтөрдү карай беребиз?

Жаныбек. Бишкек:
Эгерде ЕККУ техникалык жардам берсе, өзүбүздүн эле күч органдар тартипти камсыздайт.

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Чет элдик полиция келип эле инструкция берип койсо эле элдер элдешип кетпейт. Аларга каршы кокустук болуп кетсе, ошондо чоң чатак чыгат. Себеби чет жердик полицияныны жүргөнү жергилктүүлөрдүн нааразычылыгын жаратышы мүмкүн.

Чолпон. Талас:
Тыштан полиция күчтөрүнүн кириши элдердин кыжырын келтирет. Бул жагдай, абалды турукташтырмак турсун, кайра жаңы толкундоолорду шарташы мүмкүн.

Базаргүл. Ош:
ЕККУнун полицияларын киргизүүгө болбойт. Себеби, бул эки улуттун ортосундагы чатакты кайра ырбатышы мүмкүн. Тышкы күчтөр ар кандай шылтоолор менен полиция күчтөрүн киргизүү менен түштүк аскерий полигон кылып коюшу мүмкүн. Мен буга каршымын. Элдин пикирин эске алуу керек.

Абдылда. Ош:
Эл аралык полиция күчтөрүн киргизүүнүн кажети жок, себеби азыр абал турукташып калды. Эл аралык полиция ошол коогалаң болуп жаткан маалда кайда эле? Алардын максаты эмне экенин эл аралык тажрыйба көрсөтүп жатпайбы. Өзбүздүн эле күч жетиштүү.

Таалайбек. Ош:
Роза Отунбаева дагы мурдагы президенттердин катачылыгын кайталап жатат. Эки жак менен тең мамиле түзөм деп. Эл аралык полиция күчтөрүн киргизүү Кыргызстандын кызыкчылыгына дал келбейт. Алар жергилктүү менталитетти билбейт, алардын Кыргызстанда өз кызыкчылыгы бар, аны буга чейинки тарых көрсөтүп жатпайбы.

Жакшылык:
ЕККУнун полиция күчтөрүнүн киришине каршымын.


15 июль, 2010

Ажар Калматова. Бишкек:
Жанагы сайттагы макаланы окуганда үрөйүбүз учкан. Керек болсо Роза Отунбаевага ачык кат жазып, уулу-кыздарынын атын айтып, алар ушундай кордук көрсө эмне болмок, керек болсо “кыргыздарды тукум курут кылыш керек” деген чакырыктарды да окуп алып кимден жардам сурап, кимге кайрылаарыбызди билбей калганбыз.

Даткайым. Ош:
Кээ бир эл аралык маалымат каражаттары, булгилүү эле укук коргоочулар бир жактуу маалымат таратып, кыргыздар мыкаачы, өзбектерди кордоду деп дүйнөгө таратып жиберишти. Ушуларга эмне мыйзам жокпу, ошолорду соттош керек.

Осмонбек Иманалиев. Бишкек:
Мадумаров менен Эдил Байсалов кычаштык сөздөрүн айтып, жаңы өкмөттү сындап жатат. Муну коюш керек да. Абал ансыз деле оор.

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Техникалык өкмөттү курамына таптакыр каршыбыз. Жалаң Акаевдин убагындагылар келип алышты. Эми жакында Акаев өзү келип кеңешчи болуп береби деп жатабыз.


13 июль, 2010

Тартип коргоо органдарына кысым көрсөтүү туурабы?

Майрам. Бишкек шаары:
Оштогу милиция кызматкерлерине кысым көрсөткөн туура эмес. Элдин колуна өтүп кеткен курал-жарактарды алыш керек. Дагы кандай тополоң чыгып кетет экен деп биз тынчсызданабыз. Албетте туура, тартип коргоочулар үйлөрдү издеп, көчөлөрдү тинтип курал-жарактарды алыш керек.

Шүкүр:
Бул иш биринчи өзбектерден чыккан үчүн өзбектердин үйлөрүн тинтүү бул зарыл иш. Себеби куралдын көбү ошолордо. Андыктан өзбек улутундагылардын үйлөрүн тинтүү зарыл.

Бекеев Мурут. Ош шаары:
Кылмышкерди жөнөкөй адам эч качан коргобойт,кылмышкерди кылмышкер гана колдойт.Эптеп аялдарды алдыга салып алышып чыгарабыз деген ниет да. Аларды эч качан чыгарбашы керек, тескерисинче камакты күчөтүш керек. Куралдардын баарын элден алып, жооптуусун жоопко тартыш керек. Мына ушундай гана принцип болушу керек.Убактылуу өкмөттүн ушул бир гана жолу бар.

Айдар. Ош шаары:
Кылмышкерлерди коргоп чыккан аял кишилер, НПОлор,алар чет өлкөдөн акча алышып,ошолор берген буйрукту аткарышып ошолодун гана кызыкчылыгын ойлошот да. Алар Кыргызстандын тынчтыгын ойлобойт. Ошондойду кылбасын деп айтам.

Калыбеков Жамалидин. Кара-Суу району:
Чыгып жаткан элдерге катуу эле чара көрүш керек, 30-40 миңден штраф салыш керек. Алар эл бузарлар, элди аткан кылмышкерлер болсо, анан чыгарып салса кандай болот. Андыктан Убактылуу өкмөт катураак иштеш керек.

Шакир. Токтогул району:
Уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат болуп кайра укук когоо органдарын күнөөлөгөнчө укук коргоочулар ошол курал менен элди коркутуп аткандарды кармоого жардам беришпейби. Ошондуктан соттун санкциясын алып, шектүү деген адамдын баарынын үйлөрүн тинтүү керек.

Ураев Рустам. Ош шаары:
Мен биздин укук коргоо органдарынын элдерден курал жарактарды алуу боюнча тазалоо иштерин колдоймун. Мисалы, Нариман айылында МЧСтин базасы басылып алынган, милициянын имараты өрттөлүп, Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы өлтүрүлгөн.


8 июль, 2010

Бийлик органдарын Ошко көчүрүү боюнча пикириңиз кандай?

Медер:
Ак үйдү Ошко салып туруп,бүт өкмөттүн баарын көчүрүш керек. Назарбаев орустардан жерин коргоп борборду Астанага көчүрбөдү беле. Кыргызстан Ошту көтөрсө оңолот.

Шакир. Бишкек:
Убактылуу өкмөттөгүлөр ар кимиси арды сүйлөп элдин башын оорутпай Акаев, Бакиев чапкан жол менен иштебей өзүнчө бир жол таап иштесе болмок. Ошко көчүрөбүз деп ошолор деле сүйлөп жүрүшпөдү беле, андан көрө тамы күйгөн элге там салып берсин.

Бахтияр. Токтогул району:
Качкын Бакиевтердин кесири тийип, канча үй-бүлөнү сыздатып, Ош, Жалал-Абад элдерин үй-жайсыз калтырды.Убактылуу өкмөттөгүлөр борборду Ошко көчүргөнчө элге үй салып берсе.

Айбек. Ноокат:
Борборду Ошко көчүрүү бул жөн гана саясый, алдыда боло турган шайлоонун үгүтү. Чындыгында ал ишке ашабы же ашпайбы аны мезгил көрсөтөт. Бирок талапкка жараша борборду Ошко көчүрүү туура болмок.

Артыков Алмаз. Ош шаары:
Борборду түштүккө жылдыруу туура сунуш деп эсептейм. Себеби чекара да бекемделмек, көптөгөн маселелер чечилмек.

Керим. Кара-Кулжа району:
Борборду Ошко көчүрүү мезгилдин талабы болуп турат. Эгер борбор Ошко көчсө стратегиялык жактан, шаарды оңдоо максатында дагы абдан жакшы болот эле. Түштүк аймакта, өзгөчө Ош шаарында акыркы жылдары миграция күчөгөндүктөн ар түрдү көйгөйлөр жаралды. Коңшу өлкөлөрдөн кирген адамдардын саны көбөйүп жатат. Ошондуктан Ош борбор болсо статусу да чоңойуп, мамлекеттин да коопсуздугуна туура келмек.

Сабыр. Аксы:
Борборду Ошко көчүрүү маселеси көптөн бери айтылып келе жатат. Ош окуясы да бул маселени актуалдуу кылды деп ойлойм. Менин жеке пикиримде азыр өлкөбүздө оор кырдал болуп жаткан мезгилде борборду Ошко көчүрүү бир аз эртелик кылат. Бирок кырдаал жөнгө салынгандан кийин этап-этап менен көчүрүүгө болот. Мындай мисалдар көп да, маселен Казакстан деле көчүрдү андан эч кандай утулуш алган жок, тескерисинче өнүгүүнү тездетти. Анан бизде дагы ошондой проблемалар бар, себеби экономикалык, саясый, маданий жактан Кыргызстандын жарымы болгон түштүк аймагы бир аз артта калып келүүдө. Ушундай кемчиликттерди толтуруу максатында борборду көчүрсөк келечекте мамлекеттин өнүгүшүнө өбөлгө болот эле.


7 июль, 2010

Бийлик органдарын Ошко көчүрүү боюнча пикириңиз кандай?

Нурлан. Ноокат:
Борборду Ошко көчүрүү биз үчүн абдан маанилүү болмок. Чек ара маселеси бизге кыйын көйгөйлөрдөн. Ошондуктан, чек арага жакын жашаган аймактар үчүн Ошту борбор кылуу абдан мыкты болмок.

Төлөн. Бишкек:
Эбак эле көчүрүш керек болчу. Эми азыр жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү, ушундан пайдаланыш керек. Акыры шаар кайра салына турган болгондон кийин бул ишти башташ керек.

Анара. Бишкек:
Азыркы кырдаалда борборду Ошко көчүрүү өтө актуалдуу. Сөзсүз Ошко которуу керек.

Эрмек Алтынбаев. Жалал-Абад:
Парламенттик өлкө болгондон кийин парламентти Ошко көчүрүш керек. Өкмөт менен президентти Бишкекке калтырып, калган баардык министрликтерди көчүрүш керек. Баарын көчүрүп барууга азыр кудурет жетпейт.

Зирек Асанова. Жалал-Абад:
Бул маселени мен колдойм жана туура деп эсептейм. Мындан жыйырма жылдан мурда бул демилгени көтөргөндөр мокочодой көрүнчү, азыр бул замандын талабы болуп турат. Баарын дароо көчүрүү керек деп айтпайм, бирок, негизги министрликтерди, күч органдарын көчүрүү керек.

Керим. Нарын:
Негизи борборду Ошко көчүрүүнү колдойм. Себеби, бул Кыргызстандын келечеги, бүтүндүгү, биримдиги үчүн керек. Анткени, түштүктө Тажикстан, Өзбекстан, Афганистан тараптан да чек ара жылып келатканы байкалат. Чек араны караган азыр эч ким жок. Ошондуктан, көчүп барып, бекитиш керек. Экинчиден, түштүктөгү инфраструктураны көтөрүш керек.

Эсенбай Төлөгөн. Бишкек:
Бекназаровдун Ошко көчүрүү керек деген демилгеси болбогон кеп. Үй-жайсыздарга үй сала албай атканда борборду көчүрүүгө өтө көп каражат керек да.

Мелис. Бишкек:
Мен борборду көчүрүүнү колдойм. Бардык жагынан туура болот. Акаевдин убагында көтөрүлгөн түндүк-түштүк темир жолун салуу идеясы эми ишке ашат деп ойлойм.


5 июль, 2010

Мүсүралиев. Бишкек:
Орус калкы жакшы калк, булар менен сүйлөшкөндүн ыгын билиш керек. Сүйлөшкөндү билсек, алар ар тараптан жардам берет.

Медер. Бишкек:
Мына азыр чатактар болуп, шаар талкаланбадыбы. Эми Оштогу талкаланган имарат, үйлөрдү бошотуп, ошол жакка ак үйдү сала башташ керек. Беш жылбы, он жылбы мындай чатактар боло берет. Мына азыр ансыз деле курулуш башталып жаткандан кийин, акырындап Ак үйдү сала башташ керек. Азыр атасын жоготкон балдар эртең эле чоңоет, алар анан сураштыра баштайт, эмне үчүн деп. Ошондуктан, борборду азыртан көчүрүш керек Ошко. Ал жакта үйү жок калган өзбек кварталдарынын жашоочуларына Чүйдөн жер бериш керек.

Кочкорбай. Жалал-Абад:
Азиза Абдрасулова өзбек улутуна жан тартып, жалаң ошол жакта жүрдү. Мына өзүлөрү барып текшерип көргөндө ар бир үйдө окоптор табылган экен, эмне үчүн ошолорду айтпайт, бул чатак атайын даярдалганын эмне үчүн айтпайт, өзбектердин үйлөрүнөн толтура курал-жарак чыгып жатканын эмне үчүн айтпайт?

Асанбаев Самүдүн. Нарын:
Кыргызстан Орусияга көп деле көз каранды болбошубуз керек. Өзүбүз биримдик болсок эле кыйын абалдан чыгып кетебиз.

Эрлан. Бишкек:
Орусиянын Кыргызстандагы туруктуулукту калыбын келтирүүгө жардам беребиз дегени эки жүздүүлүк саясат. Акыркы болуп өткөн революция Орусиянын көмөгү менен өттү.


30 июнь, 2010

Ошту жаңыча курууну кандайча элестетесиңер?

Анара. Бишкек.Ош шаарын сөзсүз кайра куруп чыгуу керек. Ал Кыргызстандын сыймыгы болгон байыркы шаарыбыз. Керек болсо өлкөнүн борборун Ошко көчүрүү керек.

Абдирашит. Токмок.
Оштогу абалды турукташтыруу керек. Оштун инфраструктурасы жакшырса, мен тез арада Ошко көчүп бармакмын.

Акылбек. Бишкек.
Ошту кайра куруп, ал жерге өндүрүштү, жумуш менен камсыз кыла турган ишканаларды көбүрөөк куруу керек. Кыргыз жаштары чет өлкөлөргө жумуш издеп чыгып кетип жатышпайбы. Ошолорго шарт түзүш керек.

Мирбек. Бишкек
Ош шаарын оңдогонго көп убакыт кетет го. Кышка чейин турак-жайлар курулат дегенге ишенбейм дейт.

Кенжебек. Кочкор.
Ош шаарын эми абдан купулга толоорлук кылып, кооз кылып кайра салыш керек.

Даткайым. Ош
Ош шаары эч убакта жакшы болот деп ойлой албайбыз. Анткени азыркы өкмөттүн кадрлары чукул арада оңдоп жиберет дегенге ишеним жок болуп турат.



21 июнь, 2010

Мыйзамдуу бийликти орнотуш үчүн референдум өткөрүү зарылбы же коопсуздук кырдаалдан улам аны койо туруш керкпи?

Гүлжан. Бишкек:
Референдумду сөзсүз өткөрүш керек. Өкмөт кандай болгондо да укуктук таалага келүүсү керек.

Адил.
Референдумду өткөрүүгө азыркы кырдаал жол бербейт. Убактылуу өкмөт Түштүктөгү жагдайды жайгарып алсын.

Самат. Жалал-Абад:
Бизде негизинен элдин көпчүлүгү референдум өтсө да убактылуу өкмөттү колдобойбуз деп жатышат. Ош, Жалал-Абадда соңку кырдаал дале курч, барымтага түшкөндөрдү бошотуу, жоголгон адамдарды издөө иштери болуп жатат. Убактылуу өкмөт кандай жол менен референдум өткөрсө да биз колдобойбуз. Нааразычылык күчөй берет.

Батма. Кара-Кулжа району:
Убактылуу өкмөт кырдаалды карабайт экен. Азыр Ошто шайлоо өткөрө турган абал жок. Шаардан качып чыккан кыргыздар мына биздин тоолуу аймактарга өтө көп качып келишти. Коркуп, кооптонуп жатабыз. Анан кайдагы шайлоо.

Даткайым. Ош:
Ошто канча адамдар өлдү, гуманитардык жардамдар жетпей элдер ачка калып жатса, дүкөндөр, үйлөр өрттөлдү ушуну көрүп туруп анан кантип референдум өткөрөт? Бул туура эмес. Зордоп өткөрсө да кийин ызы-чуусу чыгат. Муну жылдырыш керек же курултай аркылуу, башка жолдор менен чечиш керек. Шайлоого канча чыгым кетет, а бул жакта элдер ачка, шаар талкаланып жатса ким референдум өткөрөт. Тушүнүшпөйбү ушуну.

Шаршеев:
Референдумду жылдыралы дегендер референдумдун түздөн-түз душмандары. Алар референдумду жылдырса кубанышат. Андыктан, добуш берүүнү жылдырбай өткөрүү керек. Афганистанда деле шайлоо өткөрүп жатпайбы.

Орозбек:
Мурда бир да жолу шайлоого барган эмесмин. Азыркы бийликти колдоп, ишенип бул жолу биринчи жолу добуш берүүгө барайын деп турам. Кошуналарымды дагы үгүттөп жатат.

Жүзүм. Бишкек:
Ушул референдумду Ниязов, Суваналиевдер туура эмес айтып жатышат. Элди туура эмес жакка үгүттөп жатышат. Референдумга баарыбыз катышабыз. Ошол күндү күтүп жатабыз.

Токтогул Анарбаев:
Референдум өтүш керек. Ага каршы болуп жаткан кишилерди түшүнбөйм. Кыргыздар эртерээк баш мыйзамын кабыл алып, өнүгүшү керек.

Гүлгакы. Бишкек:
Азыркы референдумга каршы чыккандардын баары эле Бакиевдин куйруктары. Өкмөттү колдогондун ордуна кычык сүйлөп, бут тосуп жатышат.

Тыныбек Маматов. Базар Коргон:
Референдум Кыргыз мамлекетинин тагдырын чечүүчү маселе болуп турат. Андыктан ушул референдумга ар бир кыргыз атуулу катышып бериши керек деп ойлойм.

Исмаилов. Карасуу:
Азыркы бийлик бизге тынчтык камсыз кылып бербейби. Же болбосо, референдумду жылдырып койбойбу. Азыр биз көчөдө олтурабыз.

Бакыт. Баткен:
Өлкөдө тезирээк туруктуулукка жетишүү үчүн референдумду сөзсүз өткөрүү керек. Аны кийинкиге жылдыр дегендерге кошулбайм.



10 июнь, 2010

Убактылуу өкмөт мындан ары шайлоочулардын отуз пайызы катышканда гана добуш берүү өттү деп эсептелинээрин жарыялаган. Отуз пайыздык босогону дагы алып салуу туурабы?

Жороев. Баткен:
Боло турган референдумда альтернативдүү долбоор жок жалгыз долбоор сунуштаганы туура эмес. Эми 30 пайыздык чекти алып салуу да туура эмес. Добуш берүүгө 10 эле пайыз эл катышса, башкалардын укугун ким коргойт?

Нуркамил Чокоев. Токтогул:
Убактылу өкмөттү кандай болгон күндө да коргош керек. 30 пайыз чекти алып салса да колдойбуз. Буга каршы чыккандар жөн гана тоскоол болуп жатышат.


9 июнь, 2010

Конституциянын атаандаш, альтернативдүү долбоорун добушка коюу сунушуна мамилеңиз кандай?

Онолбек Шаршеев. Бишкек:
Альтернативдүү долбоор чыгарган 27 уюмдун эми ойгонгону туура эмес. Шайлооогоо 17 күн калганда бул ишти кантип ишке ашырмак эле. Ага жол бербеш керек.

Жамгырчиев. Жети Огуз:
2-долбоорду сунуштагандарды маданиятсыз адамдар деп эсептейм, элдин барын тынчтык болсун деп тилек кылып жатканда алардын чыкканы туура эмес. Кыргызстандын жерлери сатылып атканда алар кайда эле?

Алмаз. Баткен:
Жаңы Конституцияда 120 депутат болгонуна каршыбыз, аларды бакканга акча көп кетет.

Кенжебек. Кочкор:
Альтернативдүү долбоор алып талкуулаганга деле Кыргызстандын чамасы келбей калбадыбы. Эми 27-июньда шайлоону жакшы өткөрүп алышыбыз керек, калганын оңдоп алабыз. Референдумда өтпөй калса, анан башка долбоор сунуштаса болот. Бирок, өткөөл мезгилдин президентин бир сурроо кылып киргизип койгону туура эмес.

Саткынбай. Талас:
Бүткөн ишке сынчы көп, бышкан ашка тынчы көп. Муну токтотуш керек. Ушул долбоор эң жакшы вариант, ошону референдумга коюш керек, колдоп бериш керек. Кыргызстандын кийинки өнүгүп кетишине эч ким сөз айта албайт дагы анан сындап жатышат. Бул туура эмес.

Жетиген. Бишкек:
Атаандаш долбоор дегендин өзү абалды татаалдаштырат деп ойлойм. Баш мыйзамдын азыркы долбоорун иштеп чыккандар такшалган эле саясатчылар деп ойлойм. Идеалдуу болбосо да канааттандыраарлык деп ойлойм.

Жапар. Бишкек:
Альтернатива дегенде Акаев менен Бакиевди көрбөдүкпү. Менимче жаңы баш мыйзамды баарыбыз колдойбуз, андан башка альтернатива жок.



8 июнь, 2010

Референдумга коюлган суроо элге түшүнүктүбү?

Жамгырчыев. Жети-Өгүз:
Бул Конституция менен Отунбаеваны бекитүүнү бир маселе деп түшүнсөк болот. Отунбаева оор кырдаалда жоопкерчиликти мойнуна алды. Ошол эле учурда баш мыйзамдын жаңы долбооруна чоң эмгек сиңирди.

Каныбек. Бишкек:
Мурдагы “ооба”, “жок” дегендей баш айлантма ыкманын бир түрү турбайбы. Албетте бул түшүнүксүз.

Чындык. студент:
Негизинен Конституция менен Роза Отунбаеванын шайланышы тууралуу маселе бирдей коюлганына каршы элем. Шайлоочу катары бул туура болбой калды деп эсептейм.

Базаргүл Маманова. Ош:
Ошто шайлоого жарактуу атуулдардын көпчүлүгү чет жерде иштеп жүрүшөт. Анан референдумга коюлган баш мыйзам шашылыш жана түшүнүксүз кабыл алынып калды деп ойлойм.

Ала-Букадан атын атабаган угарман:
Референдумга коюлган суроолор элге түшүнүксүз. Бул боюнча мыкты билген адистер чыгып элге түшүндүрүшү керек.

Абдымиталип. Ош:
Референдумга келип, колдоп беришибиз керек. Анткени бул мамлекеттин келечеги үчүн зарыл болуп турат.

Тынычбек. Бишкек:
Бюллетеньдеги суроо түшүнүктүү баарына. Бирок, чыгым кетирбей курултай өткөрүп туруп эле өкүлдөр кабыл алса туура болмок.

Кочкордон Мамырбаев Алымбек:
Бюллетеньдеги коюлган суроолор туура. Биз колдошубуз керек. Бул убактылуу өкмөттү укуктук талаага алып келип, стабилдүүлүк орноорун түшүнүшүбүз керек.

Шаршеев. Бишкек:
Баш мыйзам тууралуу долбоор менен тааныштык. Карапайым адамдар түшүнбөсө бири-биринен сурап билип алсак болот. Биз бул долбоорду колдошубуз керек.

Адыл. Бишкек:
Референдумду колдойбуз, бирок Конституциядагы өз улутун аныктоо ар бир кишинин өз ыктыярына берилген экен. Мунун өзу туура эмес. Маселен, ата-энеси кыргыз болсо баласы француз деп ала береби? Муну кантип түшүнсө болот?



31 май, 2010

Оор жүк ташыган унаалардын айдоочулары убактылуу өкмөттөн тараза акыcын алып салууну талап кылып пикетке чыгышты. Тараза акысын алып салуу талабы туурабы? Айдоочулар пикетке азыркы учурда чыкканы боюнча пикириңиз кандай?

Оңолбек Шаршеевю Бишкек:
Айдоочулардын пикетке чыкканы туура эмес. Башка атуулдардын деле аларга окшош маселелери бар. Убактылуу өкмөткө кысым көрсөтө бергенде болбойт. Убакыт берип, анан маселелердин ирээти менен чечилишин күтүш керек деп ойлойм.

Мырза:
Айдоочулардын таразаны алып салгыла дегени туура эмес. Андан көрө, ошол таразага тарткан жердеги коррупцияны жоготкула деш керек. Чоң акы албастан, азыраак төлөм киргизиш керек. Анан ошондон түшкөн акча-каражатка жолдорду оңдосо, айдоочулар каршы чыкпайт болчу.

Бактыбек:
Айдоочулардын чыкканы туп-туура. Анткени биздин жол коопсуздугу боюнча кызматкерлер чет өлкөлөрдүн 50-60 тонналык машинелерин тоспойт дагы, биздин 10 тонналык машинелерибизди тосушат.

Жеңишбек:
Таразаны алгыла дегени туура. Анткени ага төлөнгөн акча мамлекетке эмес, бирөөлөрдүн чөнтөгүнө кетип жатат деп ойлойм.

Мурат. Бишкек:
Тараза боюнча чыккан жигиттер, мурда каякта элеңер?! Бакиевдин чыгып кетишин күттүңөр беле? Эрдигиңерге баракелде!

Садык. Ыссыккөл:
Кытайдан жүк кеклет деп нааразы болбош керек. Бизди казак, өзбек блокадага алганда Кытай эле багып жатканы көрүнбөдүбү. Алар менен жакшы карым катыш түзө берели.

Гүлжан:
Чындыгында эле азыркы убакыттта убакытылуу өкмөт иштеп жатканда айдоочулардын чыгып жатканы кыйын. Анткени аларга тоскоол болбой баарыбыз жардам бере турган учур да. Анан ар ким өз кызыкчылыгын ойлой берсе эмне болот?

Чоробек Байгазаков, мурдагы легендарлуу парламенттин депутаты. Атбашы:
Биздин Торугарт бажыканасында дагы оор жүк тарткан машинелер бар. Алардын ар биринен жүз доллардан алып жатышат. Бул кимдин чөнтөгүнө кетип жатканы белгисиз. Азыркы өкмөт башчы Роза Отунбаева ушуну текшерип көрсө болот эле.

Канат:
Таразаны толук алып салбаш керек. Тарифтерди түшүрүш керек. Мамлекет ала турган тарифтерди эле калтырыш керек.

Таштанбек. Бишкек:
Тараза маселеси боюнча коррупция барбы же жокпу текшерүү керек. Таразаны биротоло алып салуу туура эмес болуп калат. Өкмөткө киреше түшпөй калат.



27 май, 2010

Аскар Акаевди экс-президент укугунан ажыратуу демилгесине кандай карайсыз?

Тойчу. Ноокат:
Бакиев менен Акаевдин кол тийбестигин калтырыш керек. Анткени эртең эле ушул өкмөттү бирөө кууп чыкса, соттой берсек, анда кыргыз калабы.

Базаргүл. Ош:
Акаевди сөзсүз соттош керек. Кол тийбестигин алып, үй-бүлөсү менен чогуу жаза тартыш керек деп ойлойм. Коррупциянын көбү ошол бийликтин тушунда башталган да.

Нуралы. Бишкек:
Акаевди дагы, Бакиевди дагы кармаш керек. Кошоктоп жоопко тартыш керек. Аксы окуясынан баштап, Үзөңгү Кууш жана Каркыра боюнча соттош керек.

Замир:
Акаевдин дагы, Бакиевдин дагы экс президент деген укугун алуу туп туура деп эсептейм. Экөө тең жакшынакай шайлоо жолу менен кетишсе болмок. Анын ордуна бир топ туура эмес иштерди жасашты.

Абдыкерим. Бишкек:
Биринчиден Акаевдин кол тийбестигин алуу бул мыйзамдуу эмес да. Убактылуу өкмөттүн андай укугу жок. Өздөрү мыйзамсыз болуп туруп, башкалардын укугун кантип алмак эле.

Бактыкан:
Акаевдин экс-президенттик кол тийбестигин алып салууга мен каршымын. Ал Кыргыз мамлекетин түптөөгө чоң салымын кошкон. Кетип жатканда дагы бийлик үчүн элдин канын төкпөйм деп айткан.

Бейшеналиева:
Бекназаров Акаевге асылгандан көрө Кыргызстандагы азыркы кырдаалды оңдоп алса боло. Ал Бакиевге окшоп элди аттырган жок да. Андыктан, кайра чакырып, сый урмат көрсөтүш керек. Мен Акаевдин жактоочусу эмесмин. Калыс пикиримди гана айтып жатам.

Асыл. Бишкек:
Акаевдин кол тийбестигин алуу керек. Эки президентти тең жоопко тартса эртеңки күн үчүн чоң сабак болуп калмак.

Гүлсүн. Бишкек:
Акаевди кол тийбестигин алуу менен бирге кылмыш жообуна тартыш керек.

Аскарбек. Бишкек:
Акаев дагы туура эмес иштерди жасаган. Бирок, азыркы учурда кол тийбестигин алабыз деген популисттик чакырык.

Ырыспай. Бишкек:
Бул ынанбай турган демилге. Бекназаров муну 2005-жылы да айткан. Кагаз жүзүндө алып койгон менен эч нерсе чечилбейт.

Азамат. Талас:
Бул туура эмес деп ойлойм, ал баары бир Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан тунгуч президент катары калды.

Нуркамил. Токтогул:
Бакиевден айырмаланып Акаев бир кишини өлтүргөн жок. Анын көп эмегеги бар Кыргызстан үчүн. Ошондуктан анын кол тийбестигин албай эле өз өлкөсүнө алып келүү керек.

Шаршеев. Бишкек:
Акаев тууралуу маселе экинчи жолу козголуп жатат. Күнөөсү болсо кол тийбестигинен ажырап, жоопко тартылышы керек.

Элмира Саламатова. Бишкек:
Кол тийбестигин алуу туура эмес, анткени ал бир да кишинин канын төккөн эмес. Бакиевден кийин Акаевди жоопко тартабыз деген туура эместей сезилип калды.



26 май, 2010

Партиялардын бир биринен айырмасын билесиңерби? Айырмасы эмнеде?

Шаршеев. Бишкек:
Биздин Кыргызстанда партиянын саны 100 дөн ашты деп айтылып жатат. Бири-биринен эмне айырмасы бар экенин эл билбейт. Андан көрө алар биригип саны кыскарып, өздөрү күчтөнсө жакшы болот эле.

Алтынай. Бишкек:
Биздин алакандай Кыргызстанда партиялар өтө эле көп болгон үчун алардын бири-биринен айырмасы жок. Болгону бийликтин анан оппозициянын партиясы деп эле айырмалайбыз.

Дамира Арыкова:
Партиялардын бир дагы программалары элге кеңири тараган эмес. Эл аларды айырмалаш үчүн алар коомчулук менен иштеши керек.

Болот. Бишкек:
Партиялардын баарын эл билбейт. Шайлоолордо эле чыга калып жатышпайбы.

Алмаз. Бишкек:
Партиялардын айырмасы деле жок. Иш алып барууларында гана бир аз айырмачылык болбосо өзгөчөлүгү деле байкалбайт.

Миңбай. Бишкек:
Партиялар айырмаланбайт. Алардын максаты жок. Болгону бийликке келүүнү гана максат кылышат. Мурда коммунисттерди билесинер да кандай нукта иш алып барган. Азыр андай партия жок. Бир гана СДПКда аракет бар.

Бакыт Баткен:
Жалал-Абаттагы эки элди кагыштырган чагымчыларды катуу жаза бериш керек. Жазаланбаса андай окуялар кайталанышы мүмкүн.


25 май, 2010

Убактылуу өкмөттөгү саясий интригалар коомчулуктун маанайына кандай таасирин тийгизүүдө?

Жеңиш. Бишкек:
Азыркы өкмөттүн кандай иш кылып жатканын азыркы козу карындай жайнаган жаштар уюмдары, коомдук кыймылдар көзөмөлгө алышы керек эле да. Алар бийлик талашкандан көрө. Мындай болсо өлкөдө стабилдүүлүк болбойт. Эртен кайра митинг-пикеттер болушу мүмкүн.

Аскарбек. Бишкек.
Азимбек Бекназаров илгери Токтогул районунда иштеп келген тергөөчү болуп. Кийин баатыр болуп кетпедиби.

Анаркул Турдукулов. Бишкек.
Бул уят эле иш болуп жатат. Болгондо да Бекназаровко таң калам. Эми партия түзөм деп жатат. Атамбаев чынын айтып жатат. Сариевди да, Бекназаровду да өкмөттүн катарынан кетириш керек.

Жусуп Дүйшөеев. Ат-Башы.
Атамбаевди чынчыл адам деп билебиз. Баарын баштаган Бекназаров деген пикирдемин. Ал киши элге туура эмес маанай жаратып, ансыз да аран турган кырдаалды курчутуп жатат. Ошондуктан Отунбаева бул кишини кызматтан четтетиши керек.

Чынгыз. Бишкек.
Азыркы учурда жаңы өкмөттөн көп нерсени күтүп жатканбыз. Жаштар мындай өкмөттү кантип колдойт, керек болсо кайра митигке чыгууга даярбыз.

Кенжебек. Кочкор
Убактылуу өкмөт бир катар убадаларды берип, элди жубатып жатпайды беле. А кылгандары болсо бул. Ошондуктан булар токтоосуз түрдө кызматтан кетиши керек. Бүт коомчулукка жаман көрүнүшүп болуп жатышат.

Марат. Бишкек.
Бул окуялар элге жаман таасир берип жатат. Анткени буларга эл ишенип жаткан эле. Булар болсо элди экиге бөлүп, дагы тирешүүлөргө түртүп жатат. Мындан көрө кызматтарын тапшырып, кетип калгандары оң.

Алтынбек. Бишкек.
Бул Акаевдин, Бакиевдин тушунда иштеген адамдар. Булар эмнеге убактылуу. Элдин акчасын жеп анан кетип калышат ошон үчүн убактылуу. Таза, жаңы ысымдар, жаштар келиш керек бийликке.

Кишимжан. Бишкек.
Коомдук көзөмөл түзүп, бул сүйлөшүүлөрдү иликтеп чыгыш керек. Эгер чын эле акча туралуу сөз болуп, максаттары ошол акчаны кымырып алуу болсо, анда буларды бийликке жолотпош керек.Отунбаева актанып жатпайбы, ага деле ишенбей калдык.

Атын атабаган угарман:
Асанов менен Бекназаровдун сүйлөшүүсүн уккандан кийин жөнөкөй атуул катары пикирим, азыртан отставкага кетсе жакшы болмок, элдин тынчтыгы үчүн.

Ырыскүл. Бишкек:
Элге угулуп турганы эн жакшы, кээ бирөөлөр бул жасалма деп жатышат. Азыртан уяты жок чиновниатерди жоготуш керек. Азыркы бийликте ичип жегендер, өлгөн балдардын канынан коркпогондор.

Тыналиев. Бишкек
Балдардын канынан коркпогон немелерби булар. Буларга эл эми ишенбей калды. Бир гана Отунбаевада үмүтүбүз калды.

Медер. Бишкек:
Жеке ишкермин. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн ансыз да оор кырдаалды күчтөткөнү туура эмес. Бүгүн өз ара мамилерди тактабай экономиканы ойлошсо жакшы болмок. Жеке ишкерлерди текшерүү уланууда, кысым жүрүп жатат. Биздин ишке тоскоол болуп атат, ушул жагын да токтотушса. Үчүнчүдөн, Кыргызстан кенедей мамлекет болгондуктан, аны жоготуп албаш үчүн биримдикте иш кылып, аксакалдар кеңешин түзүп убактылуу өкмөт мүчөлөрү бир пикирге келишсе.

Мойноков Алымбек. Бишкек:
Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсүндө бардыгында эле Бекназаров катышып жатат. Бекназаров мурдагы оюнун баштады деген пикир пайда болуп атат. Түндүк-түштүктү курал катары колдонгусу келип жатат.

Гүлбара Табалдиева. Чүй:
Угуп алып абдан жаман болуп атам. Отунбаева эмне үчүн аларды актап атат. Отунбаева бир жыйынтык чыгарбайбы.

Сайнеке. Бишкек:
Карапайым эл Атамбаев, Сариев, Текебаевге абдан ишенишет. Жанагы сөздөрдүн баары эле жалаа болуш керек. Алар 80 баланын канын унута эле. Бекназаровду билбейм, ар ким менен сүйлөшүп эле коркутуп атат, ошондон шек санап атабыз азыр.

Даткайым. Ош:
Телефон сүйлөшүүлөрдү чыгаруу өтө уят иш. Дүйнөгө шылдың болуп атабыз. Эмнеге Текебаев, Отунбаевалардыкы жок. Алар эмне сүйлөшпөй иштеп атабы. Муну атайын Бекназаров, Атамбаев, Сариевдерди жамандагысы келген өз ичичбиздеги адамдар эле жасап жатат.

Гүлжан. Бишкек:
Менин оюмча, Бекназаров, Сариев, Атамбаевдердин баарын Отунбаева кетириш керек. Эл ишенген адамдар ушинтип атса, калганы эмне болот, ошондуктан, мамлекеттик кызматка жаңы жаш адамдарды алып келиш керек.

Атын атабаган угарман:
Булар минтип чабышып отуруп, элге жакшылык алып келбейт.

Арипа. Бишкек:
Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүлөрүн, балким 3-күчтөр жаздырып жарыялап жатышат. Аларды алсыратып, кансыз маалымат согушун жарыялап аларды кетирип, ордуна балким мурдагы бийликти алып келүү жүрүп жатат. Ошондуктан, элдин биримдиги үчүн аларды кандай болбосун колдошубуз керек. Алар актанууну токтотуп чыныгы иштер менен алек болсо.

Умарали. Бишкек:
Убактылуу өкмөткө ишенбей деле калдык. Эгер булар түндүк-түштүк маселесин көтөрсө дароо кетириш керек.

Ыраат. Кара-Кулжа:
Баарыбыз эле саясатчы болуп калдык, жаңы өкмөт отставкага кеткени туура го, азыртан эле ушундай баштаса.



24 май, 2010

Ушул окуядан кийин өкмөттүн кадыр баркына доо кеттиби? Убактылуу өкмөт өзүнө болгон ишенимди кантип бекемдей алат?

Райхан. Кара-Кулжа:
Жаңы өкмөткө эч ичибиз чыкпай жатат. Азыртан ушинтип атышса, кийин кандай болот, кандай жашоо болот билбейм.

Базаргүл.Ош:
Убактылуу өкмөт мүчөлөрү мындай иштерди жасабайт. Алар кандай жол менен келишти. Мен кепил боло алам. Мисалы, Атамбаев эч качан пара албайт, Исаковдун бир мышыгы да жок болуш керек, бул үчүнчү күчтөрдүн жасаганы деп ойлойм. Биздин ички иштерибизди теледен уктуруп-көрсөтүп жатканы башкаларга уят кылды. Ичибизде ушинтип атсак, башкалар эмне болот. Мындайды чыгарганы уят, сыр калбай калды, душмандарыбызга баарын ачып бердик.

Жапар. Бишкек:
Демократиянын туура жолуна түшкөнүбүз деп ойлойм, буга чейин баарын жашырып келишкен. Эл билип турса, алар эл алдында жооп берип, керек болсо отставкага кетээр мезгил келип калды. Бирок, мындан үчүнчү күчтөр анча-мынча пайдаланып жатышат. Эми сындаганга көнүш керек. Бул туура, мен колдойм, эл баарын билиш керек.

Нуркамил Чокоев. Токтогул:
Булар бир-бирин көзөмөл кылат да ушинтип, ошону чоң нерсе кылбаш керек. Миллион доллар туштүктөгү операцияга кетти деп атышат, ошого ишенип эле коюш керек да.

Муса. Балыкчы:
Азимбек Бекназаров, Атамбаев, кимиси болбосун азыркы бийликтегилерге чон үмүт артып турабыз, элди аддыга тартат десе көңүл суутуп жатышат, кыжырдануу пайда боло баштады. Булардан чоң сураныч, эптеп Кыргызстанды оң жолго салып кетсе.

Алмаз:
Менин оюмча, азыркы келгендер ойлоп жатса керек: бийликке келдик болду деп, азыртан миллион жеп атса кийин кандай болот? Андан көрө ушунчасында отставкага кетип, жаштар келсин. Исаковго булар эч иштегенге мүмкүнчүлүк бербей жатат.

Иличбек. Ысык-Ата:
Булар убактылуу өкмөткө жеп-ичкени келгенби, булар эми президенттик, парламенттик шайлоолордо рейтингин түшүрүп алышты.

Бектурганов. Бишкек:
Бекназаров, Сариев, Атамбаевдар ушундай ишке барса чоң уят. Бирок кечүүдө ат алмаштырбайт деп коет. Азыр эмес кийин териштириш керек. Азыр Отунбаеванын айланасына чогулуп азыркы кырдаалдан чыгыш керек. Ушуну эл-журт түшүнсө.

Динара. Бишкек:
Негизги эле убактылуу өкмөт ишенич жок деп жалпысынан айтуу туура эмес. Айрым адамдар бар мисалы, Исаков, Текебаевге ишенем. Ошондуктан азыр президенттик шайлоо өткөрүш керек. Президент шайланса баары ордуна келет деп ойлойм. Азыркылар баары жооп бериш керек күнөөсү болсо.

Эрмек Алтынбаев. Жалал-Абад:
Өкмөт мүчөлөрүнүн өз ара келишпестиги булардын кадыр-баркын кыйла түшүрдү, аны ордуна келтирүү эми абдан кыйын.

Мурат. Бишкек:
Булардын моралдык акысы жок өкмөттө иштегенге. Революцияны эл жасаган, даяр нерсеге келип, мурунку акча жасап жүргөн методдорун колдонуп атышат.

Кубан. Токмок:
Акаевдин убагында эле Атамбаевдин заводунда болгонмун. Чыныгы социализмдин учурун көрүп калгамын. Андыктан мен Атамбаевдин таза адам экенине ишенем.

Абдрахманов. Бишкек:
Убактылуу өкмөттүн кылганы туура эмес. Телефон сүйлөшүүлөр көрсөтүп турат. 87 атуулдун каны бекер төгүлдүбү? Андыктан Отунбаева буларды тезинен отставкага кетириши керек деп ойлойм.


20 май, 2010

Баткыт. Баткен:
Роза Отунбаеванын Президенттике тандалышын туура деп ойлойм. Таза, дипломат, эр жүрөк аял экен. Мына ушундай кырдаалдан анын жоопкерчиликти моюнуна алып олтурганын биз баалап, колдошубуз керек.

Шаршеев. Бишкек:
Аял кишинин президент болгонуна биз кубанышыбыз керек. Феодалдык көз караш менен ойлонуп, аял киши эл башкара албайт деп каршы чыккандар дагы болушу мүмкүн. Антсе да, Отунбаеванын жетеги астында өнугүүгө бет алышыбыз керек.

Анара. Бишкек:
Биздин эркектерге мансап, акча эле керек экени да бир ирет далилденди. Ошол эле лидермин дегендер. Эртеңки папкесин ойлоп, дымып калганда Отунбаева элдин жүгүн моюнуна алды. Аны эл колдошу керек.



19 май, 2010

Эки эл ортосунда ынтымакты бекемдөөнүн кандай жолдору бар?

Роза. Бишкек:
Улуттар аралык арыздашуу болбош керек эле. Өзбектердин чагымчыл аракет кылган лидерин жазага тартуу керек.

Мукай. Бишкек:
Араздашуу болбош үчүн убактылуу өкмөт папка талашкандын ордуна ошол аймакка барып, жолугуп, кырдаалды колдон чыгарбаш керек эле. Булар болсо тескерисинче ал тарапты такыр көңүл сыртында калтырышты.

Тыналиев Рыскул. Бишкек:
Бул кырдаал мына тилден улам келип чыгууда. Орус тилинин статусун алып салуу керек эле. Карабайсыңарбы эми, ошонун айынан башка улуттар да көтөрүлүп жатпайбы. Бул өтө чоң кемчилик болду.

Cабира. Бишкек:
Бул окуялар патриот атуул катары биздин абдан кыжырыбызды келтирет. Өзбектер Кыргызстанда ээн-эркин жашайт. Ошол нерсе буларды эсиртип жатса керек. Өзбекстанда жашаган кыргыздардын абалын көргүлөчү кандай жашайт экен.

Атын атабаган угарман. Нарын:
Өзбектер эмнеге мындай мамиле кылат?


18 май, 2010

Тамара. Ош:
Газга чектөөлөр киргизилгени чын. Биздин кварталдарда газ берилбей калды. Айрым кварталдарга берилип жатыптыр. Анын себеби эмне экенин билбей жатабыз.

Осмонбек. Бишкек:
Кыргыз-өзбек айтышын болтурбоо керек. Батыровго айтып койгулачы: өзбек, кыргыз, казактар баары бир тууганбыз. Кыз алып, кыз беришип, боордош элбиз. Өзбектерди бир топ кылып чогултуп алган туура эмес. Алар деле биздин эл.

Бакыт. Баткен:
Би-Би-Синин Батыровго берген суроосуна ыраазы болдук. 90-жылдагы окуя дагы ушундай чагымдардан улам чыккан. Батыровдун аракеттерин биз чагым деп ойлойбуз. Ал 90-жылдары дагы депутат болгон.

Алтыш. Жалал Абад:
Батыров бул жерде өзбек азчылыгы тууралуу туура эмес айтып жатат. Советтик мезгилден бери эле улуттук азчылыкка жакшы көңүл бурулган. Өзбек мектептери бар. Деги эле кысым болгон эмес. Андыктан, кысым болду деген сөздөрдү чагымчылдык деп эсептейм.

Марат:
Кыргызстанда ар бир улуттук азчылык ар түрдүү талаптар менен чыга берсе, анда мамлекеттүүлүгүбүздү жоготобуз. Кыргыз бирдиктүү болбосо, биздин өлкөдө жашаган башка улуттар дагы биздин айланабызда бирикпейт. Ушуну эске сактайлы.

Базаргүл. Ош:
Кадыржан Батыровдун айткандарына кошулбайм. Маселен мен жашаган Ошто кыргыз мектептерине караганда, өзбек мектептери көп. Өзбек улутундагы кыргызстандыктар кыйла бай жашайт.

Төлөгөн Жолдошев. Өзгөн:
Кадыржан Батыров саясий жактан жаңылыш пикирлерди айтып жатат. Кыргыз өзбек укуктары бирдей. Ошон үчүн ал депутат болуп, көптөгөн мамлекеттик мекемелерди менчиктештирип, байып алган. Эки элдин ортосуна от жаккан адамдарды жоопко тартыш керек.

Расул:
Өзбек тилине расмий тил беребиз деген туура эмес Батыровдун. Эгер андайды кааласа, анда Өзбекстанда деле кыргыз тилине расмий тил статусу берилсин.


17 май, 2010

Кыргызстанда улуттар аралык мамилеге кандай баа бересиздер?Чагым салуу аракеттери барбы?

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Улуттар аралык мамилебиз Искра, Петровка окуяларын эсепке албаганда жакшы деп айтса болот. Ортодон чагымчылдар ушундай учурдан пайдаланып от чыгырып жибериши мүмкүн. Ошон үчүн Убактылуу өкмөт мындай маселелерге кылдаат мамиле кылуусу зарыл болуп турат. Оштогу 90-жылдардагы окуялар деле чагымчылар тарабынан уюштурулган эмес беле.

Ислам. Бишкек шаары:
Кыргызстандагы кыйчалыш кырдаалдан пайдаланып калалы деп улуттук чакырыктарды көтөрүү чыккынчылык.

Муса. Бишкек:
Өзбек-кыргыздар ортосундагы мамилеге жик салгандар мурдагы бийликтин чагымчылары болушу мүмкүн. Мына мен карапайым адамдардын биримин, убактылуу өкмөттү азыр элдин калың катмары колдоп жатат. Ушундай чагымчыл аракеттерге убактылуу бийлик кескин чара көрүүсү керек.

Турат. Бишкек:
Өлкөдө жашап жаткан кайсыл бир улут өзүнүн кызыкчылыктарын таңуулаганы туура эмес. Анда башка улуттар кайда барат. Ар ким өзүнүн маселесин айтып, бөлүнүп-жарыла бериш керекпи? Мындай көрүнүш элдин кыжырын гана келтирүүдө.

Бубусара. Бишкек:
Өлкөдө стабилдүүлүк толук орной электе өзбек-кыргыз ортосундагы чагымчыл аракеттерди уюштуруу аракети болушу мүмкүн, муну алдын алуу керек. Ал эми өзбек тилине расмий тил статусу берүү маселесине каршымын, мына орус тилинин да статусун алып салуу керек.

Авазбек Саипов. Ош:
Өзбек-кыргыз мамилесин курчуткандар бийликте олтургандар. Сокур саясатчылар. Ошолордун айынан мамилеге жик түшүп жатат.

Жумамидин Сулайманкулов. Ош:
Өзбек-кыргыз маселесин кыргыз тараптан көтөрүлгөн жок. Ал эми айрым өзбек улутундагы биздин атуулдарыбыз жергиликтүү медиалардан байма-бай чыгып сүйлөп, ушул күндү жыйырма жыл күткөнбүз деген маанайда чагымчылдык аракеттери жүргүзүп жатканы байкалууда.

Курманбеков:
7-апрелден кийн эле түштүк аймагында айрым чагымчылдар өзбектерди топтоп, 90-жылдагы окуяларды козгоп, биз күткөн мезгил келди, башыңарды көтөргүлө деп коомчулукта тополоң салып жатат. Ушуга убактылуу өкмөт көңүл бурса.

Атын атабаган угарман. Ала-Бука:
Өзбекстанда, Казакстанда дагы Кыргызстандагыдай окуялар кайталанышы мүмкүн деген массалык маалымат каражаттарынан айтылып жаткан божомолдор туура эмес. Анткени, ал жакта темирдей бекем тартип. Андыктан мындай билдирүүлөрдү токтотуу керек.

Алмаз. Бишкек:
Улуттар аралык араздашууну күчөтүүгө кызыктар күчтөр бар. Ал эми өзбек туугандардын өз тилине расмий статус берүү суроосу туура эмес. Кыргызстан көп улуттуу өлкө. Анан, бүгүн өзбектер, эртең дагы бир башка улуттар өз тилине расмий статус сурап чыкса, анда биздин мамлекеттүүлүгүбүздүн эмнеси калат?

Нурзада. Ала-Бука:
Мен азыр Ошто окуйм. Азыр Ала-Букадагы кырдаалга тынчсызданып турабыз. Чатак чыгып кетпейби деп кооптонуп жатабыз.

Алсейит. Жалал-Абад:
Кадыржан Батыров жыйырма жылдан бери ушул кырдаалды күткөнбүз деп теледен сүйлөп, улуттар аралык маселени көтөрүүдө. Бул туура эмес го деп ойлойм.

Гүлшат. Ала-Бука:
Ата-энем Ала-Букадагы чек аралаш айылда турат. Ал жакта азыр айрым чагымчыл күчтөр өзбек-кыргыз мамилесин ого бетер курчутуп, эки элди бири-бирине кайрап, ал турсун кол салуу аракеттери дагы көрүп жатыптыр. Андыктан, мен кыргыз элин ынтымакка чакырат элем.


13 май, 2010

Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы абалдын түзүлүшүнө убактылуу өкмөттүн жоопкерчилиги канча? Мындай аракеттер өлкө үчүн опурталдуу деп ойлойсуңарбы?

Каныбек. Бишкек.
Бул окуялардан уламУбактылуу өкмөт активдүү ишмердүүлүгүн көрсөтпөй жатат деп айтса болот.

Бүбүсара. Бишкек.
Ош жана Жалал-Абадда түзүлгөн жагдай Кыргызстандагы жалпы абалга сөзсүз кедергисин тийгизет. Бул маселеде Убактылуу өкмөттүн чабалдыгы көрүнүүдө.

Нуркамил. Токтогул району.
Ош жана Жалал-Абаддагы окуяларга каршы чара көрүш керек. Убактылуу өкмөттү эл колдоп турат. Ал эми эл биримдиктүү болуш керек.

Шуру. Бишкек.
Чындыгында бөлүнүү боюнча буга чейин пикирлер айтылганда каршы болгон элем. Азыр ойлоп жатам бөлүнсөк туура эле болот го деп. Анткени элдин канын төккөн адамды кайра келсин деген адамдар менен мекендеш болууну каалабайм.

Бейшен апа. Пенсионер.
Бийлик тезинен легитимдүү болушу зарыл.

Кенжебек. Кочкор.
“Ак Жолдун” кеткенине бир ай болду, эми кайра бийликке келебиз дегени күлкүлүү. Эл керек болсо Бакиевдин куйруктарын өлкөдөн кууп чыгат.

Дооран. Бишкек.
Убактылуу өкмөттун колунан эч нерсе келбей жатат. Бакиевдер күчөп баратат. Бакиевдерди кармап келип, адилеттүү жазаласа абал бир топ стабилдүү болмок. Тилекке каршы Бакиевчилерге чара көрүлбөсө, алар күчөп кетет.

Осмон. Ош.
Акимчиликти басып алгандарды армия менен болсо да айдап чыгуу керек. Алар элдин биримдигин түшүнбөгөндөр, Бакиевдин тушунда иштеп, азыр жумушсуз калгандар.

Аким. Бишкек.
Элди экиге бөлүүдө убактылуу өкмөттүн күнөөсү чоң деп ойлойм. Маселен, эмне үчүн Ошто күйүүчү май кымбат? Жакшы иштегендерди да жумуштан алып жатышат. Элге тең караш керек.



12 май, 2010

Коомдук кошуундар тартипти орнотууга кандай салым кошо алат, алар бир бирине каршы күчкө айланып кетпеспи?

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Курман болгондорду эскерүү күнүн тынч өткөрүп алсак болмок. Ар кандай саясий күчтөр ушул күндөн пайдаланып, тополоң уюштурууга аракет кылып жатканы абдан өкүнүчтүү.

Токтогулдук угарман:
Убактылуу өкмөткө мүмкүнчүлүк бериш керек.

Басира. Бишкек:
Ар кандай митинг боло берсе чек ара албетте ачылбайт. Биз ал жакта 10 жылдан бери иштейбиз. 7-апрелден бери ишке чыкпай отурабыз. Ал жактагылар менен сүйлөшсөк 17-апрелде тополоң болот экен деген кабарды бизден биринчи угушуптур. Убактылуу өкмөт катуу талап коюп митингдерди токтотпойбу.

Батма. Бишкек: Элдик кошуундар 7-апрелде деле чыгып андай болсо элди тыйып койбойт беле?

Мүсүралиев. Бишкек:
Акаевдин келгенине каршымын, ал Бакиев менен бирдей эле. Анын келишин референдумга коюш керек.


11 май, 2010

Төлөгөн Жолдошев. Өзгөн:
Казакстандын кылганы бул Бакиевдин заказы болуш керек. Кыргызстандан пансионат алган Казакстан Бакиевди жана Бакиевчилерди дагы колдоп жатат. Мындай аракет ынтымакка доо келтирет. Биз Казакстан жетекчилерине нааразылык билдиребиз.

Үсөн Жумабаев. Баткен:
Атамбаевдын, Бекназаровдун атын сатып, айыл өкмөттөрүн басып алуу аракеттери болуп жатат бул жакта. Ошого убактылуу өкмөт көңүл бурушу керек. Убакыттан пайдаланып, жергиликтүү бийликтерди бандиттер ээлеп албашы керек.

Бүбүсара Калыкова. Бишкек:
Кыргыз-Казак чек арасынын жабык турганынын кесепети экономикалык жактан эле эмес, эки элдин ортосундагы бир туугандык карым катнашына дагы доо кетирет деп ойлойм.

Аятулла. Ош:
Казак жолун тосуп алыптыр. Бул не деген шумдук. Азыркы өкмөттүн мүчөлөрү ар кимиси ар башка сөздү айтпай, маселени чечсе болбойбу.

Гүлнара. Кант:
Казакстан президенти Назарбаевтин бир тууганбыз дегени кайсы. Анын ордуна Кыргызстанды сындап, чек арасын жаап алды. Биз Текебаев, Отунбаева, Атамбаев сыяктуу лидерлерди колдошубуз керек.

Бектурган:
Казак-кыргыз чек арасынын жабылышынын экономикалык кесепети чоң. Көп кыргыз мигранттарын депортация кылышты. Күйүүчү май келбей калып, түшүм начар болот, жер айдалбай калды, көп азык – түлүк келбей калды. Аялы казак же күйөөсү казак туугандарыбыз бири-бирине өтө албай кыйналып атат.

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Казак туугандардын бул мамилесин күткөн эмеспиз. Отунбаева Москвага барганда Путинге айтып жардам сураса болмок. Казактар коркуп жатышат да бизде да тополоң болуп кетет деп. Аларда турмуш жакшы болсо эч андай болбойт. Алардын президенти да куулуп кетемби деп коркуп атат да. Казак туугандар 32-жылды унутуп калышкан го. Мындай мамилени күткөн эмес элек.

Талант. Бишкек:
Чек араны жапканы коопсуздук үчүн эмес, казак туугандардын биздеги демократияга кысымы десек болот. Бул дагы ар кандай жолдор менен улана берет. Мен ал жакта 10 жыл иштегем. Алардын саясатын жакшы билем. Убактылуу өкмөттөн болуп атат деп эсептебеш керек. Пансионаттарды берип деле аларга жагына алган эмеспи, мигранттарга кордук көрсөтүп келишкен. Биз демократиялык аралча болуп атпайбызбы. Бул чөлкөмдө, ошого жараша коңшуналарыбыз да демократиялуу өлкөлөр болсо жакшы болмок.

Осмонбек Иманалиев. Бишкек:
Ниязовдун сүйлөп атканы туура эмес. Азыркы бийликтин ишин туура эмес деп атканы болбойт. Бул киши Акаев менен да Бакиев менен иштешкен. Текебаев 4 жолу депутат болгон. Роза Отунбаева чыгаан дипломат.

Айбек. Бишкек:
«Досунду бир жакшылыкта сына, бир жаманчылыкта сына» дейт. Кыргызга кыргыз күймөйүнчө эч ким күйбөйт.

Бектурсун. Бишкек:
Казакстан менен чек ара ачылбаса биздин экономика абдан чоң зыян тартат. Жумушсуздук да күч алат.

Атын атабаган угарман:
Аябай капа болуп атабыз, алар эмне үчүн жабат. Жапса жапсын, эми өзүбүздү кармап жан багалы. Намысты колдон чыгарбайлы, бизге эмне жетпей атат, иштешибиз гана керек - кыргыздарга ушуну айтат элем.

Догдурбай. Ысык-Көл:
Ниязовдун пикирен кошулбайм. Ал убактылуу өкмөткө ишенбөөчүлүгүн айтат, ишенбесе жардам бербейби. Өлкө турукташканга чейин коомдук ишмерлер акылман сөздөрүн айтып жардам беришпейби.


10 май, 2010

Атын атабаган угарман:
Акаев, Бакиев баш болуп, калгандары төш болуп, президенттик, парламенттик кызматтардын аброюн өтө төмөн түшүрүшүп, мамлекетти оор абалга алып келишти. Кыргызстанга элдик курултайдын диктатурасын киргизбесе болбойт. Анткени, кайра эле манкурттардын мансапка жулунуп атканын эл көрүп турат. Андыктан баш мыйзамга көзөмөлдөөчү кызмат катары элдик курултай институтун киргизиш керек. Элдик курултайдын иш кагазын жүргүзгөн 5-6 кызматкерди гана мамлекет каржыласын. Элдик курултай байыртадан бери элдин бекемдигин, ынтымагын, тилектештигин бекемдеп келген. Өкмөт башчысын элдик курултай дайындашы керек. Парламентти, өкмөт башчыны отставкага кетирүү укугу элдик курултайда болушу керек. Президенттик кызматты жоюш керек.

Үрүлкан. Кемин:
Учурдагы убактылуу өкмөттү колдоо керек, албетте мен колдойт элем. Бирок, мындан аркысы жакшы болушун каалайм.

Шарипа. Жалал-Абад:
Бакиев 5 жылдын ичинде эч иш аткарган жокпу? Жакшысын жакшы, жаманын жаман деп айтсын. Азыркы бийлик иштетпей койбодубу, пикетке чыга берип. Баардыгы кыргыз элинин балдары, туура иш кылсын азыркы бийлик.

Фатима. Ыссык-Көл:
Убактылуу өкмөттүн жетишкендиктери абдан эле жакшы деп ойлойм. Келечекте баары жакшы болот деп эл үмүттөнүп жатат. Күйүүчү май бир аз кечиксе дагы келип жатат. Эл жерин айдатып жатат. Элдин ишеними артып жатат. Бирок, арада Бакиевчилердин тоскоолдуктары да болуп келүүдө.

Чынаалы Касымбаев. Бишкек:
7-апрелден бери бир топ убакыт ичинде убактылуу өкмөт жакшы иштерди жасап жатат. Эң негизгиси Бакиевди кулаткандан кийин аларды алып келип камоого аракеттерди кылып жатат.

Атын атабаган угарман:
Жазгы талаа иштерине 5-10 күн эле калды. Бизде күйүүчү май жок. Эмне менен айдап, эмне менен эгин себебиз? Анан жер басып алгандарга катуу эле мамиле кылыш керек. Бүгүн 30-50 кишилерди кармап барды деп жатышпайбы, алар чыккандан кийин кайра эле барышат. Ошолорго көңүл буруш керек.

Чапырашты Базарбаев:
Убактылуу өкмөттун бир айлык ишине “2” деген баа коет элем. 1700 гө жакын адамды атып салган, анын 86сын өлтүргөн, мурунку режимди ушул убакытка чейин алып келип жазалаган жок.

Керимбек Алиев. Жумгал:
Убактылуу өкмөткө мен ыраазымын. Ушундай тездик менен мамлекетти тартипке келтирген.

Атын атабаган угарман:
Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өтө оор учурда иштеп жатышат. Аны биз баарыбыз эле көрүп түшүнүп турабыз. Аракеттери чоң. Бир айдын ичинде эле койгон талаптарды аткарып жибериш бул бийлик эмес башкалар келсе дагы ишке ашыра алмак эмес. Бул өтө аз убакыт. Бирок ошондой болсо дагы менин өкмөткө нааразычылыгым бар.

Атын атабаган угарман:
Убактылуу өкмөттүн жетишкени Бакиевдин жеп кеткенин кайра кайрып жатат. Ал эми жетишпегени Бакиев, Үсөновдорду Кыргызстандан кармабай чыгарып жибергени болду.

Бейшенаалы Жамгырчиев. Жети-Өгүз:
Убактылуу өкмөт өтө оор жагдайда кызматка келди. Бирок көп нерселерди жасоого үлгүрдү. Жыл бою эркиндиги тебеленип жаткан Исаков Исмайыл баштаган адамдар түрмөдөн чыкты. Ошол эле мезгилдерде элдин байлыгы тонолгон, уурдалган нерселерди кайрып келди. Менин каалом ушул убактылуу өкмөт принципиалдуулукту күчөтсө. Ошондой эле бөлүп жарууга багытталган күчтөр дагы күчөп жатат.

Эркин:
Алмаз Атамбаев бийликке келгенден бери дыйкандар үчүн солярканын сатылышы 24сом болот деген. Ошол айтылган убадалары аткарылган жок. Мындай кылгандарына ишеним жоголот экен.

Токтобек:
Убактылуу өкмөттүн жетишкени 70 тыйынга түшүргөнү эле болбосо, бөлөк эч нерсе деле жок. Баягы кадр маселеси ошол бойдон эле калып жатат. Ачык айтканда туугандарын алып келип жатат. Эмне үчүн профессионал балдарды алып келбейт.

Өндүрүш Токтонасыров. Сокулук:
Саясий жактан да, экономикалык жактан да эч кимге көз каранды болбой турган өзүнчө бир модели бар Кыргызстанды өнүктүрүүгө мезгил келип жетти. Ал үчүн бизде толук мүмкүнчүлүктөр бар. Кыргызстанды өнүктүрүүгө илимий концепсиясы деген борбор ачып, ага бардык акылкөй адамдарды тартканыбыз оң. Кыскасы, аз сүйлөп көп иштегенге убакыт келип жетти. Ошондо гана мекен үчүн курман болгон баатырларыбыздын арбагын сыйлаган болор элек.

Жороев. Баткен:
Жаңы өкмөткө кайрыла турган өтүнүчүбүз бар. Эски бийлик мугалимдердин айлыгын апрель ичи карап беребиз деп айткандары бар эле. Бирок жаңы бийликте бул жөнүндө дагы деле сөз жок. Жогорку категориядагы мугалимдин айлыгы 2 миңге жетпейт.


5 май, 2010

Башмыйзам долбоорунун талкууланышы Сизди канааттандырабы?

Рыскул Кыдыралив. Бишкек:
Азыр референдумга 93-жылдагы конституцияны кошо чыгарса болмок, эл өзү тандап алат. Жаңы долбоорду деле окуп чыктым, өзүлөрү үчүн эле жазылган конституция сыяктуу көрүнүп жатат.

Бейшенаалы Жамгырчиев. Жети Өгүз:
Конституция боюнча массалык маалымат каражаттарында кеңири берилип жатат. Кат сабаты барлар окуду. Мурдагы кландык конституцияга караганда, асман менен жердей, жакшы кабыл алынып кетсе жакшы эле жашооо болот.

Убактылу өкмөткө ишенебиз, алар акыйкат жашоо үчүн 20 жылдык өмүрүн беришти. Кээ бир саясатчыларга түшүнбөй жатам, алар өлкө таланып тонолуп отурганда кайда жүрдү эле.

Нуркамил. Токтогул:
Бул конституция кандай болгон күндө да, бул бийликти колдоп, кабыл алып беришибиз керек. Көп кишилер шашылыш болуп калды деп, шыйрактан бөйрөк чыгарганды токтотушса.

Алымкул Чымырбаев. Нарын:
Сунушум бар эле, сот бийлигин кайра депутаттар шайлап атат деп атышпайбы, ошону эркин кылып, эл шайлаш керек. Эң негизги нерсе - президентке чектөө койгону туура, аны өзүнчө бир бутак кылбай эле аткаруу бийлигине кошуп койсо. Төрт бийлик жасап алып төрт жагынан ичип жесе кандай болот?

Бакыт:
Конституциянын долбоору шашылыш даярдалып жатат. Бул жолу дагы чийки баш мыйзам кабыл алынып калабы деген тынчсыздануу бар.

Айбек. Бишкек:
Коснтитуцияны алтын тамга менен жазып койсо да курсак тойгузбайт. Жаштар жумушсуз, курсак ач. Убактылуу өкмөт качан экономикалык программасын айтат, качан кыргыздар тентибей калат?

Ашыракаманов Алтышым, Бишкек:
93-жылкы конституция чындыкка жакыныраак дегени ырас. Андан бери канча жолу өзгөрдү, референдум боюнча өттү деп айтышат, референдум деген алдамчылык жол болуп калган бизде.

Кийинки эле шайлоо, референдумдарды алсак, ашып кетсе 30 пайыз добуш берилген. Азыр эми Текебаев айтып атпайбы, парламенттеги көпчүлүктү түзгөн партиялар 50 пайыздан ашык алыш керек. Анда бүт Кыргызстан партиянын мүчөсү болуп калабызбы. Бүт партиялар биригип, 50 пайыздан ашпаш керек, калганы коомдук уюмдардан, партиядан тыш кишилер болуш керек.

Кубаныч. Нарын:
3 жылдан бери кыймылсыз мүлк талашып жүрөм. Кыргызстанда баш мыйзамда кыргызчасына караганда, орусчасы көп колдонулат. Ошондуктан менин чырым бүтпөй келет. Ошондуктан, бир гана кыргыз тилинде болсо жакшы болот эле.



4 май, 2010

Чек аранын жабык турушу кедергисин тийгизеби?

Төлөгөн Мусаев. Ысык-Көл:
Азыр келген өкмөт мүчөлөрү популисттер да, алар Каркыраны, пансионаттарды алабыз, деп жарыялап жиберип чек ара жабылды. Назарбаевдин саясий эле чечими бул, эч кандай коопсуздук, курал-жарак деген маселе жок бул жерлде. Өзбекстан болсо тескерисинче өз пансионаттарын алыш үчүн кысым кылып атат.

Алима. Ала-Бука:
Биздин көчөнүн асты Өзбекстан, үстү Кыргызстан. Жакында эле биздин айылдан 3 уй уурдап кетишти, артынан издеп баруу мүмкүн эмес. Бир баланын бир тууган агасы каза болуп, чек арадан өткөрүшпөй көмүүгө бара албай калды. Биздин акыбалыбызды сурап койгон киши болобу?

Шаболотов Алтынбек. Кара-Суу:
Убактылуу өкмөт казак президентине, Орусия президентине ыраазылыктарын айтып жатышты эле бир апта мурда, эми чек ара маселесин өзүлөрү барып чечип келсе болбойбу, элчилерге тапшырбай.

Биздин Кара-Сууда чек ара жабык, товарлар келбей соодабыз токтоп калган, эрте чечип бершисе жакшы болот эле.

Кыдык. Балыкчы:
Назарбаев жөн эле сактанып жатат деп ойлойм. Киши карыган сайын сак боло берет эмеспи. Бул негизи туура эмес мамиле деп ойлойм.

Бадаш. Бишкек:
Өзбек-казак чек арасын жаап атканы казак-өзбек эли эмес, президенттери Назарбаев менен Каримовдун жеке керт башы үчүн эле коркуп атканы , Кыргызстандагы революция экспорттолуп кетпсе экен деген чочулоодон башка эч себеп жок.

Атын атабаган угарман:
Казакстандын Кыргызстанга кылып атканы албетте кыйынчылыкты туудуруп атат, бирок Назарбевге айтып коеюн дедик эле, Назарбаевдин ата-энеси 1932 - жылы Шамшы свохозуна келип, кийин 39- жылдын аягында кайра көчүп кетишкен. Ушуну унутпашы керек. Бир тууганчылык кылганбыз, боордош деп ошон үчүн айтат. Назарбевге айтаар элем тууганчылык кылып чек араны ачып коюш керек. Дили башка Тажикстан ачып эле койбодубу. Эми Казакстанга Кыргызстандан ок дары барып бир нерсе кылып иймек беле.



3 май, 2010

Орус тилинин расмий статусун алып салыш керекпи?

Нурбек Исмайлов. АКШ:
Азыр элдин, өзгөчө жаштардын эрки, кыймылы керек, анан азыр башташ керек, анткени Конституция жакында жазылат. Эртең кеч болуп калат. Жаштар келечегин азыр тандаш керек. Мурункудай жашай беремби же мен жаңы өлкөдө, бир тилде сүйлөгөн өлкөдө жашаймынбы, деген суроону өздөрунө бериш керек.

Азыр Кыргызстан экиге бөлүнүп жатат: "Киргиз" жана "Кыргыз" болуп. Өлкө бөлүнгөндө, өзүңөр билесиңер, өлкө өнүкпөйт, патриотизм жок болот. Патриотизм жок болгондо, коррупция күчөйт. Азыркы негизги маселе - бул жаштардын жана бүт элдин партиоттук, өз өлкөсүн сүйгөн сезими жогу. Ошол үчүн азыр убактылуу өкмөттүн биринчи максаты болуп, өлкөнү бириктирип, элдин патриоттук сезимин өнүктүрүш керек.

Ошого жетиш үчүн, кыргыз тили гана Кыргызстанда официалдуу таанылыш керек. Ошондо элдин патриоттуулугу көтөрүлөт, эл бөлүнбөйт.

Касымбаев Чыналы. Бишкек:
Орус тилинин расмий макамы кыргыз тилин толук жокко чыгарат, анткени бул тилдер бири-бирине конкурент, жана кубаттуу орус тили турганда кыргыз тилине орун кайда.

Биз расмий орус тилди алып салсак конституциядан , Убактылуу өкмөт коркпой эле койсун, Орусия өкмөтү түшүнүү менен мамиле кылат, жеп деле жибербейт.

Кыргызстандан башка деле республикалар сопсонун эле жашап жатпайбы. Мисалы блокададагы Армения, керек болсо, бардык орус мектептерин жаап салбады беле. Ошондой эле Канададагы француз тилинин абалы англис тилине карата ошондой эле радикалдуу.

Менин сунушум: cт.1 Кыргызстанда мамлекеттик тил кыргыз тили. ст.2 Кыргызстанда эл аралык иш чаралар орус, англис жана башка ООН тааныган дүйнөлүк тилдерде өтөт жана ал тилдерди Кыргыз мамлекети тааныйт.

Жогоркудай кылып жазсак, орустар капа болбйт, кыргызга да зыяны тийбейт. Анткени эл аралык иштер ансыз деле орус, англис тилдеринде жүрөт. Көңүл бурууңуздарды өтүнөм жана толугураак түшүндүрүү үчүн мени чакырып кабыл алууңуздарды суранам.

Шабаева. Бишкек:
Орус тилин расмий тил боюнча калтырыш керек. Себеби маданияттын баары, окуу куралдарынын көпчүлүгү орус тилинде жазылган.

Атын атабаган угарман.
Мамлекеттик тил кыргыз тили болушу керек. Орус тили офицалдуу болгону үчүн кыргыз тили анын көлөкөсүндө калып жатат. Ошон үчүн жалгыз эле кыргыз тили болушун каалайт элем.

Садыр уулу Жумагазы:
Сөзсүз түрдө конституциядан орус тили макамын алдыруу керек.

Айдай. Нарын:
Орус тилинин расмий тил деген статусун алып салганга макулмун. Буга көпчүлүк атуулдар макул болсо керек. Каршы болгондор кыргыз тилин жакшы билбеген гана адамдар болушу мүмкүн.

Гүлжан. Бишкек:
Республиканын конституциясында мамлекеттик тил - кыргыз тили деген бир гана фраза менен жазылышы керек. Ал эми башка тилдер жөнүндө сөз болбош керек. Биздин өлкөдө сексенден ашуун улуттун өкүлдөрү жашайт. Эгер ар бир атай берсек анда кандай болот? Ошон үчүн башка өлкөлөрдөй эле бир гана тилди калтырыш керек.

Надырбек. Жалал-Абад:
Орус тили кыргыздар үчүн дүйнөгө ачкыч. Жаңы технологияга, жаңы илимге ачкыч. Орус тили менен гана кыргыздар өнүгө алат.

Керим. Бишкек:
Орус тили болбосо биз башка улуттар менен кантип байланышабыз. Ошондуктан расмий тил статусу алынбасын, мурдагыдай эле кала берсин.

Чынара:
Расмий тил макамын алып салгандан орус тили өнүкпөй калбайт. Орус тили улуттар ортосундагы достук тили катары милдетин аткара берет деп ойлойм. Дүйнөдө бир дагы мамлекет өз тилине мындай өгөй мамиле жасабайт. Кыргыз тили Кыргызстанда сүйлөнбөсө, мамлекеттик тил катары кызмат кылбаса Кыргызстан мамлекети деп кантип айта алабыз. Ал эмне дейт деген жалтак мүнөзүбүздөн качан арылабыз? Мына ошону жетекчилик ойлонуп, мамлекеттик тил катары кыргыз тилин калтырышын суранабыз.

Атын атабаган угарман:
Кыргыз тили качантан бери басынып келе жатат? Орус тилине колдоонун кереги жок. Каалагандар орусча, ангилисче деле үйрөнүп жатышат. Эми кыргыз тилди өзүбүз сүйлөбөсөк, өзүбүз көтөрбөсөк, мамлекеттик тил катары кабыл албасак, анын эмне кереги бар!

Тенти Сатыбалдиев:
Кыргыз мамлекеттине бир гана кыргыз тили мамлекеттик тил болушун каалар элем. Бизге орус тилинин кереги жок.

Кадырбек. Бишкек:
Баш мыйзамда орус тилин расмий тил катары калтыруу бул кыргыз тили, дили, маданияты жоголо берүүсүн уланта берсин дегендик. Кайсы улут орус тилин расмий тил деп кабыл алган? Жок андайлар. Орус тилин англис, кытай ж.б. тилдерди окуп үйрөнгөндөй эле үйрөнө берсин каалагандар.

Бакыт Нарынбаев:
Баш мыйзамдагы орус тили расмий тил деген мыйзамды алып салуу керек. Анткени ошол расмий тилдин айынан эне тилибиз мамлекеттик жыйындарда, иштерде, билим алууда колдонулбай орус тили тарабынан сүрүлүп чыгып, жоголуп кетүү абалында турат. Ушундай абал уланса 20-30 жылдан кийин кыргыз калбай калат. Бул жөн эле сөз эмес, бул келечектеги кыргыздын тагдыры. Ошондуктан бул маселени эч кимден тайсалдабай чечүүбүз керек. Болбосо кеч болуп калат.

Динара. Бишкек:
Бул мамлекеттик тил боюнча Конституциядагы анын ролун жогорулатуу керек. Расмий тил деген түшүнүктү алып салгандан эмнеге коркушат биздин жетекчилерибиз? Тил болбосо улут болбойт, улут болбосо мекен болбойт. Демек биздин мекенибиз Кыргызстан болгондон кийин кыргыз тилине маани беришибиз керек. Биздин коңшу өлкөлөрдү деле алып карап көрсөк, алар эч нерседен коркпой эле өз тилин биринчи орунга койуп жатпайбы. Эмне үчүн биз ал жак бул жактан коркуп, жардам бербей коет деп тилибизди арткы катарга сүрүп салышыбыз керек. Өкмөттүк деңгээлдеги жыйындардын баарына котормочулар жетиштүү эле го. Мына ушуну жетекчилик эсек алып, расмий тил деген түшунүктү алып койсо абдан жакшы болоор эле.

Кубанычбек. Бишкек:
Керек болсо кыргыз тилин билген киши гана мамлекеттик кызматка барышы керек. Ошондо гана мамлекеттик бийликке кыргызды сыйлаган, урматтаган кишилер келиши мүмкүн.

Өмүрбекова Анара:
Орус тилинин статусун алып салуу керек. Себеби элдин басымдуу көпчүлүгү орусча сүйлөп, кыргыз тили басылып калып жатат.

Атын атабаган угарман.
Эне тилим, эне сүтүм деп бизде макал бекеринен айтылган эмес. Азыр бизге жакшы мүмкүнчүлүк келип турганда орус тилинин статусун алып салуу керек. Качанкыга чейин өз тилибизди башка тилдердин алдында кор кылып келебиз? Казактар, өзбектер, тажиктер орус тилине эч кандай статус бербей эле жакшы жашап жатышпайбы.

Нурмат. Бишкек:
Орус тили боюнча суроолорду көтөрүүнүн убагы эмес азыр. Андан башка өтө керектүү маселелерди чечүү зарылдыгы бар. Расмий тил болушу керекпи же жокпу талаша турган маселе эмес. Азырынча бул убакыттын гана суроосу болуп турат. Кыргызстан белгилүү бир убакыттан кийин өнүгүү жолуна түшкөндөн кийин орус тилин алып салуу суроосу өзү эле чыгат. Ал сөзсүз түрдө расмий статусунан ажырайт.

Бүбүсара. Бишкек:
Орус тилине берилген макамды алып салганга биз макулбуз.

Нармырза уулу Алмаз:
Кыргызстанда бир гана мамлекеттик тил - кыргыз тили болуш керек. Орус тилине статус бергенге каршымын.


29 апрель, 2010

Мамлекеттик аппаратта иштеген катардагы чиновниктер бийлик менен кошо алмашууга тийишпи?

Гүлжан Исмаилова. Бишкек
Кадрларды алмаштырып, иштей турган адамдарды алып келгени туура. Себеби Бакиевдин убагында тааныш аркылуу эле иштин көзүн билбеген, сабатсыз адамдар келип калган.

Бакыт. Баткен:
Акаевдин Кыргызстанга кайтып келүүсүнө каршымын.

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Ылдыйкы деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлер саясатка эч таасир кылбайт. Аныдактан алардын иш тажрыйбасын пайдаланып, өз орундарында калтыруу керек. Себеби, алардын баарынан эле кызматтан алып салса, кайра алардын ордун ким менен толтурат.

Заирбек. Бишкек:
Азыр деле Бакиевдер менен жакын мамиледе болуп, өткөн бийликтин тушунда иштегендер азыр деле иштеп жатышат. Менимче булар убактылуу өкмөт жолтоо болбосо, жардам деле кылбайт.

Жылдызбек. Жалал-Абад:
Мен жаштар министрлиги дегенди түшүнө албай жатам. Бул эмне иш аткарат, мамлекетке жардамы болобу. Анан азыр жаштар бүт эле бийликке умтулуп атышат, менимче алар алгач тажрыйба топтоп, тепкичтерди басып өтүүсү керек.

Кенжебек. Кочкор:
Бийлик алмашып атат, ар бир бийлик алмашкан сайын кадрларды алмаштырып жатабыз. Бул туура эле деп ойлойм. Себеби, ылдыйкы деңгээлдеги кызматкерлер дагы улам кийинки жетекчинин камчысынын чаап, баардык мыйзамсыз иш-араткеринин коштоп атпайбы. Муну биз шайлоолордо деле көрдүк. Ошон үчүн эл керек болсо айыл өкмөттөрдүн аппарат кызматкерлерине чейин алмаштыргыла деп жатат. Алардын аябай таза иштегендер болсо, киийн деле кызмат берсе болот.

Жумабек. Бишкек:
Бийликке коррупцияга тиешеси жок аппарат кызматкерлер иштей бериш керек. Болбосо алардын ордун ким менен толтурушат.

Алмаз. Таш-Көмүр:
Бийлик алмашса эле баардык тармактагы жетекчилерди алмаштырган туура эмес. Менимче катардагы жетекчилердин күнөөсү деле жок.

Базаргүл. Ош:
Кадрларды толук алмаштыруу керек. Себеби, жалаң эле сабатсыз кишилер тааныш аркылуу кызматка алынган. Мен бир эле мисал айтайын: мени менен окуган бир таанышым төрт жылдык оокууну жети жылда аран бүткөн. Ошол президенттин аппаратында иштеп келген. Анан кантип биздин экономика өнүгөт? Андыктан, баардык кызматкерлери сынак аркылуу гана кызматка алуу керек.


28 апрель, 2010

Кыргызстандын түштүгүн Демократиялык Республика деп бөлүүгө үндөгөн баракчалар таркатылганы кабарланууда. Бул тууралуу эмне деп ойлойсуз?

Жайнакан. Бишкек:
Биздин бала-бакырабыз Ошто, түштүктүн кээ бир тургундары бул жакка келип, окуп-иштеп жатышат. Анан эмне чагымчылдар мамлекетти экиге бөлөбүз десе эле бөлүнүп калмак белек. Биз бир эл, бүтүн мамлекетбиз да. Мага окшогон карапайым кишилер чагымчылардын бул өңдүү чакырыктарын колдобойт.

Осмонбек Иманалиев:
Азыр жаштар форум өткөрүп, жогорку кызматка жаштар шайлансын деп жатышат. Азыр жаштардын бийликке умтулуусу эрте, алар өсүп-жетилиши керек.

Исаева Калыбүбү. Чүй
Түндүк-түштүк болуп эл эч качан бөлүнбөйт. Бул бийликтен кеткен Бакиевдин жакындары кылып жаткан иштер деп ойлом. Алардын акчалары түгөнгөндө эле токтойт.

Абдилраби Сыдыков. Бишкек:
Мен өзүм Өзгөндөнмүн, бирок Бишкекте жашайм. Түштүктө жашаган Түндүктүн кишилери бар. Биз баарыбыз бир бүтүн элбиз. Өзүбүз кичинекей эл болсо бөлүнүп калмак беле. Буга Түштүктүн дагы Түндүктүн дагы элдери каршы, бул чагымчылардын жасап атканы. Бул маселе боюнча убактылуу өкмөт кыргыз элине кайрылуусу керек деп ойлойм.

Жылдызбек. Ысык-көл:
Мен Баткенде төрөлгөм. Кыргызстан эки бөлүнүүсүн эч качан элестете албай. Анын бетин ары кылсын, эгер бирөөлөрдун чагымынын кесепетинен бөлүнүп кетсек кыргыз улуту такыр эле жоголуп кетет. Негизи кыргыздар өз ара эч качан бөлүнбөйт, муну ар дайым саясатчылар курал кылып колдонуп келген. Убактылуу өкмөт бул маеселини биринчи орунга коюп, чара көрүүсү керек.

Бүбүсара. Бишкек:
Түштүк демократиялуу Кыргызстан республикасын түзөбуз деп жургөн эл бузарларды биз айыптайбыз. Биз буга каршыбыз. Кыргызстандын бүтүндүгү биз үчун баарынан маанилүү.

Азизбек.
Мына азыр Түндүк-Түштүк деп бөлүнгөндөрдү эл душманы катары эсептеп, радио-теледен көрсөтүп жазалаш керек. Мен өзүм Түштүктөн болом. Азыркы бийлик биринчи ушул маселени чечкенге бүт күчүн жумшаш керек.

Атын атабаган угарман.
Мен Ат-Башыдан чалып жатам. Түндүк-Түштүк деп бөлүнүү айтылып жатпайбы. Аны Бакиев менен Кулов тандем кылабыз деп бөлгөн. Андан башка эч ким бөлгөн жок.

Атын атабаган угарман.
Бөлүп аткан адамдар каргышка калат. Акчасы жоктор, байкуштар ээрчибесе гана, эч ким ээрчибейт. Алардын акчасы да түгөнөт. Андай баракчаларды тытып, таштандыга ташташ керек. Болбогон кеп.

Максат.
Кыргызстандын Түндүк-Түштүк бөлүнүүсүнө мен каршымын. Эч качан антип бөлүнбөшүбүз керек.

Атын атабаган угарман. Ала-Бука району.
Түштүктү бөлүп республика кылабыз дегенди карапайым эл айтпайт. Аны ошол кимдин доору болбосун жакшы жетиштүү жашаган, элдин эсебинен байлыкка ээ болгондор айтат. Эл бөлүнбөйт, бөлүнүшү да мүмкүн эмес.

Эркинбек. Бишкек.
Айланайын жаштар, силердин эрдигиңерди эч ким унутпайт, тарыхта калат. Бирок ошентсе дагы бийликти биз алдык деп муштумуңарды түйүп, жаңы бийликке кичине жардамыңарды берсеңер жакшы болот. Кызмат талашпай, бийлик талашпай. Бул бийлик силердики да келечекте.

Шаршеев. Бишкек.
Мурунку бийликти колдогон күчтөр миллиондогон долларларын өкмөткө жөн эле өткөрүп беришпейт. Ошол күчтөр азыр Түштүк жакта баракчаларды таратып жүрсө ошону менен токтобойт. Мына борборго да келип таркатышып, өздөрүнүн ойлорун ишке ашырышка аракет кылышат.

Эркин. Ош.
Түндүк-Түштүк боюнча менин пикирим: кыргыз негизи баарыбыздын түпкү атабыз бир. Ортодо бир гана саясый оюндар болуп, жеке кызыкчылык үчүн ушундай сөздөрдү айтып элди удургутуп жатат. Түндүк-Түштүккө эч качан бөлүнбөйт. Кыргыз мамлекетине мен ишенемин.

Атын атабаган угарман.
Түштүк Кыргызстан республикасын түзүү чакырыктары мамлекеттик коопсуздукка чоң коркунуч алып келет. Алар менен Улуттук коопсуздук комитети катуу күрөшүп, жазасын бериш керек.

Абдымомун Насыров. Ош.
Баракча тартыптыр, Кыргызстан Түндүк-Түштүк болуп бөлүнөт экен деген үндөө жүрүп жатат дейт. Сандырак, көр саясат берилген, криминалдык топтордун иши деп эсептейм.


27 апрель, 2010

Жолдошбек.
Эки аялдуулук жөнүндө. Бакиевдин биз инсан катары карашыбыз керек. Анын алган аялдары өз каалоосу менен барды да. Мен муну үй-бүлөөлүк ич-ара маселе деп түшүнөм. Буга мамлекет да кийгилишпеш керек.

Атын атабаган угарман.
Көптөгөн жаштардын убалына калып, кан төгүүгө алып келген Бакиев мырза Кыргызстанга кайтарылышы керек. Ал эми илгертен калган сөз бар, “эки аялың болсо үйүң толо чатак, эки эчкиң болсо үйүң толо быштак” дейт. Бакиев элдин башчысы болуп үч-төрт аял алып, президент болгондо Татьянанын кереги жок болуп калган. Өз үй-бүлөөсүн барктабаган башканын баркына жетет беле.

Чынара Мураталиева.
Бакиевди бул жакка алып келгенден көрө ошол жакта эле жок болсунчу. Ал бир гана кырсыкты алып келет. Андан көрө ошол күнөлүү бир туугандарын кармаса, ал өзү эле келет. Ал акыры жазасын тартат.

Кубаныч.
Макисм Бакиев менен Данияр Үсөнов келгенде Курманбек Бакиев айныган. Азыр эми Бакиев мигрант болуп жүрөт да. Ага ушул чоң жаза. Убактылуу өкмөт бажыканаларды ачкыла, саясат курсак тойгозбойт. Эртең эле кыш келет.

Атын атабаган угарман.
Адамдар эми шылтоо таппай көп аялдуулукту кылмыш деп эсептей башташыптыр. Негизи куранда бар бул нерсе. Эгерде адамдын мүмкүнчүлүгү болсо төрт аял алууга чейин мусулманчылыкта уруксат берилген. Бирок ушуну кылмыштуулук деп эсептесе мен аларды мусулман эмес деп ойлойм.

Сагын. Токтогул.
Бакиев мейли кырк-отуз катын алсын, балдарды аттырбай койсо болот беле. Балдардын каны төгүлүп калды го.

Атын атабаган угарман.
Бакиевди кармай албайт го. Создуктурбай туугундары, колдоочулары менен пикетке чыкканда эле кармаса болмок. Кармамак түгүл Белоруссияга качырып жиберишти. Ал жактан деле Лукашенко качырат эми.

Абдыпатта. Бишкек.
Бакиев Минскиде турат, аны качан болсо алып келсе болот. Жаныбек Бакиевди, Данияр Үсөновду кармоо жөнүндө эч кандай маалымат жок, элди бүдөмүк кылып. Качан кармалат, качан жоопко тартылат.

Атын атабаган угарман.
Бакиевди колдоп жаткандардын баары “күрүчтүн шылтоосу менен күрмөк суу ичет” болуп Бакиевдин артынан май-көлдө жашап аткандар. Ал эми жанагы 85 баланын арбагы, ата-энесинин көз жашы силерди коркутпайбы? Бакиев сөзсүз түрдө жазасын алышы керек. Ал деген Кыргызстандын гаранты болчу.

Атын атабаган угарман.
Мен Өмүрбек Текебаевке кайрылайын дегем. Эмне үчүн БШК мүчөлөрүн кайрадан мыйзам ченемдүү каратпай жатасыз. Төлөйкан Исмаилова тарабынан айтылган сын-пикирге кайдыгер карап жаткандайсыз. Сизге биздин ишенимибиз чоң. Сиз өз позицияңызды бекем кармаган туруктуу лидерсиз.

Алымбеков. Таш-Көмүр.
Убактылуу өкмөттүн тандаган жолу туура эмес болуп жатат. Кечээги окуядан кийин өндүрүштүн бардык тармактарын мамлекеттештирүү керек эле. Менчик ММКларды жабуу керек эле. Анткен жок.

Атын атабаган угарман.
Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө сунушум. Жаңы конституциянын долбоорун ачык талкулоо үчүн республикадагы бардык ММКлардан билимдүү юристер чыгып референдум болгонго чейин элге чечмелеп айтып берип турса жакшы болот эле. Экинчи сунушум, эгерде демократиялык өлкө түзө турган болсок анда бардык жарандар мыйзам алдында тең укуктуу болушубуз керек. Кониституциянын бир да беренелеринде өзгөчөлөнгөн президентке, парламен мүчөлөрунө кол тийбестик иммунитети бар деген сөз болбош керек. Мындай кол тийбестик иммунитет кимди болсо да мыйзам бузганга, уурулук кылганга жол салаарын көрдүк. Таза иштегендерди эле өзү эле сыйлап алат.



26 апрель, 2010

Атын атабаган угарман:
Азыр Бакиевди Кыргызстанга алып келгенде жарандык согуш чыгып кетет. Андыктан аны кое туруп, анын балдарын, бир туугандарын бирден кармап жазалаш керек. Ошондон кийин гана Курманбек Бакиевдин өзүн алып келүүгө болот.

Арсен. Ош:
Бакиевдин канча аялы бар экенин билейин дедим эле.

Атын атабган угарман:
Бакиев ушул жерде турганда качырып жиберишти эле, эми аны кармап келээрине ишенбейбиз.

Эрмек:
Азыр жаңы бийлик жалаң эле Бакиевке жалаа жаап жатат. Бакиевдин кандай күнөөсү бар экенин так айтса болот эле.

Базаргүл. Ош:
Бакиевдин экинчи аялы туурасында маселени кое туруп, анын ишин караш керек.

Бакыт. Бишкек:
Кыргызстанда көп аялдуу мырзалар көп эле. Буга чейин алардын бири дагы жоопко тартылбай келген. «Балык башынан сасыйт дегендей» биринчи ушу Бакиевди жоопко тартса көптөргө сабак болот эле деп ойлойм.

Бурул. Нарын:
Акаев качканда дагы тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн көп маселелер жашырылып калган. Беш жыл өттү ал тергөөдон дайын жок. Эми азыр болсо бири качкын, бири куугун болуп атат да. Бакиевди ушул жерден эле кармаганга мүмкүнчүлүк бар эле да.

Мамат. Бишкек:
Бакиев Беларусияда турат. Ал эч жакка качпайт. Биринчи качып кеткендерди кармаш керек да. Баарынан мурда Данияр Үсөнов менен Жаныш Бакиевди кармап жоопко тартуу керек.

Салиман. Бишкек
Бакиевдин үй-бүлөөсүн, депутаттарды, мурдагы чиновниктердин баардыгын кармап, жазаламайын биздин турмуш оңолбойт.



26 апрель, 2010

Рыскулов. Пенсионер. Бишкек шаары.
Борбордук шайлоо комиссиясынын курамына саясый партиялардан киргизүү керек эмес. Бейтарап органдардан киргизиш керек. Мисалы, өкмөттүк эмес, диний уюмдардан, аксакалдардан, жаштардан киргизүү зарыл.

Кадыралы. Чүй.
Милиция кызматкерлери саясатка аралашпаганына макулмун. Милиция деген коопсуздукту сакташ керек. Парламенттик републикага да көз карашым түз.

Адилет Полотов. Ош шаары.
Мына азыркы кырдаалга жараша Кыргызстандын келечегине ким жооп берет? Текебаевби, Сариевби, Шерниязовбу, Бакиевби? Ким? Ойлонушпайбы, кресло талашып Кыргызстанды кайсыл жакка алып баратканын. Мен суранаар элем, токтоткула! Токтоткула, айланайын кыргыздар! Кечээ эле Бакиевдин тушунда эч кимден карыз болбой жүрдүк эле. Мына бүгүн дубана болуп ар кимге кол суна баштадык. Ойлонгула.

Атын атабаган угарман. Бишкек.
“Ток бала менен ач бала ойнобойт” дегендей үйү барлар айтып жатат. Жерге муктаждар толтура. Кандай болгондо да аларга жер берилиш керек. Бишкек кичине шаар, келечеги чоңойуш керек да. Кийин кабат-кабат үйлөр түшсө кайра азыркы салынган үйлөрдү келишим менен сатып алып, кайра этаж куруп кете берсе болот.

Шамил Казакбай уулу.
Кыргызстан парламенттик республика болот деп жатпайбы. Биз буга азыр даяр эмеспиз. Бизде башынан эле бир хан болгон кыргызда. Бизге жакшы президент керек. А эгер парламенттик болгондо ар бир депутаттын тууган-туушкандары жайнап, талоондо калабыз. Элүү депутат болсо ошолордун талоонунда калабыз.

Зуля:
Эмнеликтен биз алтындан кымбат түндүгүбүздү, Ата-журтубузду, Кыргызстаныбызды артка тартып жатабыз. Эмне биз ушунчалык эле адеби жок, билими жок ташбоорбузбу. Биздин болгон алга тарткан күчүбүз ынтымактуулук деп ойлойм.

Атын атабаган угарман.
Бакиев деген Президент деген атка татыктуу эмес. Президент эле эмес адам деген атка татыктуу эмес. Ал Кыргызстандын керегинен чыккан жаран. “Ит үрө берет, кербен жүрө берет”. Отунбаевага айтаарым Бакиевдин сөзүнө маани бербей иштей бергиле.

Нурлан. Бишкек.
Бакиевден коркпой эле аны кармап соттош керек. Бакиевдин туугандары эмне үчүн дале кармалбайт түшүнбөйм.

Атын атабаган угарман.
Бакиев жөн эле психологиялык чабуул жасап жатат кыргыз элине. Ал эч нерсе кылалбайт. Анан Лукашенкого кайрылат элем, жаныңызда коркунучтуу вирус жүрөт, жуктуруп албаңыз, абайлаңыз. Ал Кыргызстан элине кереги жок, ошол беларус элине керек бекен?

Осмонова. Балыкчы.
Бакиевтин Лукашенконун жанына барып олтуруп алып, кыргыз элине түрдүү кайрылуулар менен чыгып жатканы, бул өзүнүн Акүй астындагы кылмыштарын жабууга жасап жаткан аракети. Экинчиден, кыргыз элин коркутуу, башын айландыруу иретинде ойлорун айтып жатат.

Нуркамил. Токтогул району.
Бакиевдин Минскиде айткан сөзү боюнча. Токсонго жакын жаш балдар өлүп жатса, кайра туруп алып мен президенттигимди тапшырган жокмун деп жатата. Бул кишиде бет барбы? Бул кишини эл сотуна тапшыруу керек.

Атын атабаган угарман. Ыссык-Көл.
Бакиевдин айтканы боюнча пикирим. Былтыркы 2009-жылкы Президенттик шайлоодо комиссиянын мүчөсү катары өзүм күбө болгом - мен Бакиевди президент деп да баалабайм. Анан барып алып мен 77 пайыз добуш алгам дейт. Кайдагы 77 пайыз?

Диана Айдарбекова, студент.
Курманбек Бакиевтин кылып жаткан иш-аракеттерине кыргыз эли эч кандай реакция кылбай деле койсо болот. Менин жеке пикиримде ал кишини Кыргызстандын жараны эмес деп эсептесе деле болот.

Жыргал Абдылдаев. Бишкек.
Ушуга чейин көрсө Курманбек Бакиев бандиттин ролун аткарып жүрүптүр да. Эми азыр Белоруссияга барып алып кайра келем дегени эли-жеринен уялбагандыгы. Уялыш керек да.

Рустам. Ат-Башы.
Курманбек Бакиевдин Минсктен берген интервьюсу, буга чейинки жасаган аракеттеринин баарына пикирим. Буга чейин өзү интервью бергенде Акүйдүн алдындагы балдарды зомби катарында баалап, буларга бир наркотик катары психотропный бир нерсе ичтирип коюшкан деген жалаасына өзү окшошуп турат да. Өзү ошондой зомбиге айланып калгандай байкалат. Аркасында үчүнчү күч башкарып, куурчак катары башкарып жаткандай сезилип жатат.

Салия. Бишкек.
Курманбек Бакиев бир сөзүнө турбай мен кеттим-келдим деп ар сөздүн башын бир чыгарат. Бул жердеги элдин бүт байлыгын сатып коюп кантип келем деп жатат? Бул жерде эл аны көрөюн деген деле каалосу жок.

Казыбек. Токтогул.
Бакиев Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” тарыхый романындагы Мусулманкулдун кейпин кийип турат. Бакиевди элдин алдына зордук менен алып келиш керек, элдин талабы ушул. Бир эле Бакиев эмес Жанышы, Акматын дагы. Мен Токтогулдан Казыбек деген болом. Былтыр Жалалабатта ооруканага жатып калганымда дал ошол жердештери сузактыктар, тайгараевдиктер Бакиевдин алты бир тууганын тойгончо Кыргызстанды соруп бүтөт деп күйүп-бышып айтышканын угуп келгем. Менин колу-бутум иштебеген биринчи топтогу майыпмын.

Тойчубек. Бишкек.
Хан бир гана жолу сүйлөйт. А бул Бакиев эркек эмес, хан дагы эмес. Отставкасын берип коюп кайра мен Президентмин дегени туура эмес. Бул киши Кыргызстанга деле келе албайт. Келсе эле ошол сексен үч баланын каны деле койо бербейт деп ойлойм.


22 апрель, 2010

Парламенттик башкаруу системасы Кыргызстан үчүн көбүрөк ылайыктуубу?

Эрмек Алтынбаев. Жалал-Абад:
Мен Ниязовдун айтканына кошулам, биз азыр даяр эмеспиз парламенттик республикага өткөнгө. Ошондуктан, президентти калтырып, анын укуктарын чектеп, парламент көзөмөл кылышы керек. 1999-жылкы конституция бир аз жакыныраак.

Муса Сапаев. Ош:
Мен Ниязовго кошулам. Бизде партиялык система өнүккөн эмес. Алар сөз жүзүндө гана бар. Ал эми президенттик башкаруу болгон тажрыйбабыз бар. Андыктан, дароо эле партиялык тизме менен башкаруу натыйжа бербейт.

Абдыласбек Койчиев. Бишкек:
Бизге парламенттик бийлик керек. Болбосо президент келип, баарын менчиктеп алып, элди кыйнай берет экен.

Айнура. Ош:
Ниязовдун айткандарына кошулабыз. Чындыгында калк кыйналып атат, улам конституцияны өзгөртүп акчаны кетирип атабыз. Шайлоо бизде эч качан таза болбойт баары бир. Көчөгө чыккан аялдарга тан калам, аял атын сактап үйдө эле отурбайбы.

Бакыт Чаткалбаев. Талас:
Кыргыздар өлкө катары жоголуп кетет дегенге кошулбайм. Анткени, мындан да кыйын учурлардан биз чыкканбыз.

Алимжан Мусаев, адвокат. Бишкек:
Ниязовдун айткандарына толук каршымын. Биринчиден, парламенттик башкаруу Манастан эле башталган. Ал 40 жигити менен башкарган. Ошон үчүн чоң кыргыз мамлекетине ээ болгон. 40 жигит кырк уруунун өкүлү. Бул азыркы парламенттик башкаруу да. Ал эми Орусиянын кыргыздар үчкө бөлүнүп кетет деп кыргыздарды билбегендер жазган. Убактылуу башкарууга келгендерге толук ишенебиз.

Ала-Букалык угарман:
Кыргыздарды уруу-урууга бөлүп, ар түрдүү курултайларды өткөргөн интеллигент сөрөйлөргө караганда, Мирослав Ниязовдун айткан ойлору орундуу болуп жатат.

Орозов Турсунаалы Баткен:
Рим папасы сыяктуу аксакал керек бизге. Текебаев айткандай, президент төрдө отурган аксакал болот деп айтканы туура, бирок ошондой аксакал табыш керек. Азыр аксакалдардын сөз өтүмү болбой калган сыяктуу. Ошондуктан сөзүн уга турган аксакалды таап алып анан бул иштерди кылсак деген оюм бар.



21 апрель, 2010

Жумабаев Үсөн. Баткен:
Кыргызстандын келечегине мамлекет болуш өтө кыйын. Басмачы заман, ууру заман, курулай заман кылып жиберишти. Биздин бийлик жеп-ичкенди гана билишет. Бийлик үчүн элди канга бойоп коюшту.

Айгүл. Ыссык-Көл:
Жерлерди басып алуу боюнча айтайын дедим эле. Айланып кетейин эл-журт! Чөөгө айланабызбы? Көлдүгүн Көлгө кетип, Нарындыгың Нарынга кетип, Таластыгың Таласка кетип, Оштугуң Ошко кетип жер айдасаңар болбойбу? Ээ, кагылып кетейиндер! Бир 10 чакты ажылдаган аялдардын артынан түшүп алып, келесоо болуп калабызбы? Бала-бакыранын келечегин ойлосоңор болбойбу? Өзгөчө аялдар мен эне катары айткым келет. Уят! Дүйнө жүзүнө көрүнүп жатабыз. Кыргызда кыркына чейин эч нерсе кылбайт дечү эле. Кайда кеткен биздин энелик, аялзаттык уят, намыс, ийкемдүүлүк кайда кеткен! Токтоткула! Кеч болуп кала электе токтоткула!

Атын атабаган угарман. Сокулук:
Жер басып алгандар бул-элдин душманы. Булар мамлекетке чыккынчы. Буларга күч колдонуп жоопко тартыш керек. Ички ичтер министрлигине Куловду алып келиш керек. Жалал-Абаддагы болгон Бакиевдин жактоочуларына дагы күч колдонушу керек. Башчыларын жоопко тартыш керек. Күч колдонбосо бул күчөйт. Жаңы убактылуу бийлик жай иштеп жатышат. Булар коркуп жатышат. Коркпош керек.

Акылбек. Кочкор:
Жер тилкеси боюнча айткым келет. Ошол жакта инилерим, карындаштарым жер алабыз деп жүрүшөт. Силер өзүңөрдү кармасаңар. Ушундай шартта бийликке дагы шарт түзүп берсеңер. Эми булар Бакиевдин үй-бүлөөсү эмес да.

Атын атабаган угарман. Баткен, пенсионер инвалид:
Менин көзүм көрбөйт. Мен Бакиевди жаман дебеймин. Бакиев келгенден бери жакшы заман болгон. Бизге окшогон бей-бечаралар жакшы жашап калдык эле. Бакиев президент болуп келгенде мен неберемдин атын Азат койдум эле. Кыргызстанды Азаттыкка чыгарды деп. Акаевдин заманында биз эң жаман жашоодо болдук. Арпа, жүгөрү нан жеп калдык эле. Бакиев келип кичине бутка туруп, жакасы агарып баштаганда, тиричилигибиз оңолуп баштаганда Бакиевди кетирип жатасыңар. Бакиевдин жүрөгү таза, эл үчүн кызмат кыла турган адам эле. Бакиевде эч кандай айып жок. Болгону баласын койгону эле болбосо башка зыяны жок эле. Мен Бакиевдин кеткенине нааразымын.

20 апрель, 2010

Кыргыз милициясы жөнүндө

Нурбек Исмайлов. АКШ:
Менимче, милицияны ревизиялап, көбүн пенсияга жн такыр жумуштан кетирип, алардын оордуна жаш, чет өлкөдөн окуп келген балдар жана кыздарды алыш керек. Антпесе, коррупцияланган милиционерлер иштей берсе, өлкө оңолбойт. Грузияда 3-4 жыл мурун ошентип реформалангандан кийин, ал жакта коррупция азайган.

Шаршеев. Бишкек:
Жакында 7-апрелдеги окуя болгондон кийин биздин белгилүү инсандарыбыз Каракеев, Усубалиев, Кондучалова, Рысалиев, Жыргалбеков жана башкалар жаңы Өкмөткө кайрылуу жасашты. Алар: “Биз сизден мындай кан төккөн үчүн күнөөлүүлөрдү жазалашыңарды талап кылабыз” дешти. Ошол белгилүү инсандарыбыз кыйналып, тетиги ызы-чуу болуп атышканын, конституциянын бузулганын, Таластагы чыр-чатакты көрүшкөн жокпу? Көрүп туруп унчукпай, жаңы өкмөткө эми кайрылышабы?

Үрүлкан:
Жөн эле жерди басып алганга болбойт. Бир келин: “Булар эмне кылса мен ошону кылам” деп айтып жатат. Ал адамдар көргө түшөбүз десе артынан кошо түшөт бекен? Бир киши: “2 гектар жерим бар, бул жакка баламды окутуу үчүн келдим” деп жатат. Эгерде ал кишинин 2 гектар жерин, үйүн басып алса анда кандай болот эле? Ошону дагы ойлош керек.

Гүлжан. Бишкек:
Таң калганым милиционерлер ушул күнгө чейин ант бергенин билбегени. Менин оюмча милиция тартип орнотуучу, законду коргоочу болуп иштеш керек. Демек, ушул күнгө чейин өзүнүн милдетин билбеген милиция тартипти да, законду да бузуп келген. Ал нейтралдуу болуш керек. Бийликтегилер эл бузду дебей баарына тегиз болуп, өлкөнүн ички коопсуздугун сактап, тартипти же законду бузгандарды иликтеп, чечим чыгарып, жазалоону соттон сураныш керек.

Жамалбек Келдибеков. Сокулук:
Жер басып алгандарга биз “мародер” деген ат койебуз. Иса Өмүркуловдон суранарыбыз ошолорго аесуз жаза колдонсо. Эл эмне болуп жатат?

Касым. Бишкек:
Бир гана президентти эмес анын баласы Максимди, Марат, иниси Жаныш сөзсүз түрдө жоопко тартылбаса эл эч убакта ыраазы болбойт. Азыркы Өкмөт дагы элдин ишеничин эч убакта актабайт.

Урмат. Бишкек:
Менин сунушум милиционерлерди бир жумага жоюп көрүш керек. Ошондо Кыргызстандын абалы кандай болот билинмек.

Шамил Казакбаев. Бишкек, студент:
Жер басып алгандарга мен айтат элем - таакыр уяттары жок экен. Өзүңөрдүн туулуп өскөн жерлерде үлүш жерлер бар да. Мурун Бакиевдин убагында эмнеге келип басып алган жоксуңар? Эми жаңы бийлик келгенде алардын күчү аздыгынан пайдаланып жатасыңар. Акылыңар болсо токтоткула эртерээк!

Султанбек. Бишкек, пенсионер:
Жер басып алгандардыкы туура эмес го деп ойлойм. Бул нерсени мыйзам чегинде караш керек. Кыргыздар биримдикке келели, айланайындар!

Бакыт. Бишкек:
Милицияны мынчалык кордой бергенде болбойт го. Булар өздөрүнүн милдетин аткарды деп ойлойм. Бийлик менен элдин ортосунда калган.

Нурлан. Бишкек:
Бул өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп жатат. Жер басып алгандардын мындай жоругу туура эмес.

Чынара:
Кандай тоскоолдуктар болсо дагы жаңы Өкмөткө чоң ийгиликтерди каалаймын. Ким тоскоол болсо дагы баары бир тилегине жетпейт деп ойлойм. Элдер бир үй-бүлөө үчүн ушундай азап чеккенибизди билбей жатышат.

Бактыбек Жумуков. Ат-Башы:
Эмне үчүн Бакиевдин убагында жерлерди басып алышпайт? Эми убактылуу өкмөт келгенден баштап жерлерди баса башташты?

Мурзабаева. Бишкек, пенсионер:
Жерлерди басып алгандар ойлонушса. Жаштар азыр жер басып ала турган убакытпы? 7-апрелден кийин элдердин көздөрүнүн жашы кургай электе ушундан пайдаланып, Кара-Жыгач, Маевкалардын баарын басып алып, элдин баарын үндөп, кайра кайраштырып атат. Бул туура эмес. Булардын баарына каршылык көрсөтүш керек деп ойлойм. Мен 1957-жылдан бери шаарда жашаймын. Менин өзүмдүн эле эки комнат квартирамда бүт баардыгы окуп чоңоюшту. Ушул убакка чейин үйлөрү жок эле жашап жатабыз. Бул нерлелерди кылып жаткан жаштар эмес.

Атын атабаган угарман:
Мен ички иштер министрлиги боюнча айтсам. Булар өздөрүнүн милдетин аткарбай эле митингке чыккандарды кубалашат. Болот Шерниязов келиптир. Ага көпчүлүк эл ишенет. Эркекче жүргөн киши. Ал байкенин МВДдагы мусорлорду тазалайт деген ишеничтебиз.

Сейил. Нарын:
Милициялар элдин эсебинен маяна алып иштешет. Аларды эч качан унутпаш керек. Ошон үчүн элге кызмат кылыш керек деп ойлойм. Буйрук алган күндө дагы адам бойдон калыш керек. Элге ок атпаш керек. Ошону ойлонушса жакшы болор эле.

Качкынбай Жолдошов. Бишкек:
Милиция саясаттан алыс болуш керек деп мээсинде мандеби бар адам айтпаса, түшүнүктүү адамдар айта албас. Кааласа, каалабаса да милиция милдеттүү иши боюнча саясатка аралашпай кое албайт. Кептин баары алардын иш үстүндө колдорунун таза эместигинен катардагы милициядан министрине чейин алдым-жуттумдардын бошоно албагандыгында. Аны эл бүт билишет. Ошондуктан элдин каарына калып жатышпайбы. Мындан кутулуу жолу бар. Айрыкча, борбордогуларга колдон келишинче турак жай тургузуп, ипотека жолу боюнча пайызын азыраак төлө мезгилин көбүрөөк коюп, үй-жай берип, айлыгын бир аз көбөйтүп, анан эгерде колдору дагы бошоп жаткандарына, мыйзам бузуп бара жаткандарына, ипотеканын мөөнөтүн азайтып, төлөмүн көбөйтүп тетирисинче жасап коюш керек.

Чапрашты. Бишкек:
Кыргыз милициясы - бул милиция эмес. Бул - элден акча сордургучтар. Бакиевдин, Конгантиевдин үй-бүлөөлөрү, буга чейинки Акаевдин үй-бүлөөсү Алакүш деп койсо элди талаган башка бир айбанатка окшош. Булар өзүнүн атын, өзүнүн намысын, өзүнүн формасын унутуп калып, өзүнүн бир туугандарын сабаганга барышат. Менин колдоп алчум бийлик деп турушат.

Мырзахалим Каримов. Жазуучу:
Милиционерлер өздөрү күнөөлү эмес.

Мурат. Бишкек:
Милиция Бакиевдин сегизинчи бир тууганы болуп калган. Булар Бакиевдин убагында эмнелерди кылчу эле? Үй-бүлөөлөрдүн барын кордоп, кыйнап, чөнтөгүн гана ойлочу эле. Булар азыркыдай ызы-чуу түшкөндө барбайт да. Себеби, чөнтөгүнө акча түшпөйт. Азыр УВД, ГУВДнын астында турган машиналарын карагыла. Жөнөкөй адамдардын мындай машиналары жок. Үйлөрү да жок. Биз мындай, тигиндей деп атышат. Ошондой болсо анда иштешпей эле койсун.

Атын атабаган угарман:
Уулумдун Бишкекте жашаганына 15 жыл болду. Ошондон бери ар кимдин кепесинде жашап жүрөт. Ал кепеге жок дегенде эле 5 миң сом деген акчаларды төлөйт экен. Колуктусу дагы мен ушундай жашоодо кантип жашайм деп туруп, бир баласы менен ажырашып кетти. Балам 15 жылдан бери же жер ала албайт, же Өкмөткө кайрылса Өкмөт сөзүн укпайт. Анан темселеп жер баскан жерде жүрсө жүргөндүр! Элдин баары кыйналып жатат. Кайрылчу жерлерге кайрылса эч ким такыр укпай коюптур. Айласыздан жерлерди алып жатышат да.

Сүрбүбү. Бишкек:
Менин шаарга келип иштегениме 16 жыл болду. Айылда да үйүм жок, шаарда да үйүм жок. Мен бардык нерселерди закон-ченемдүүлүк менен жүрүшүн каалайт элем. Эми каалагандар эле жерди басып алса, бул кандай көрүнүш. Сиздин эле үйүңүзгө же бирөөлөрдүн үйүнө барып эле “Мындай туруңуз же нары жылыңыз, мен бул жерге жашайын” кандай болот? Айыл жеринде жашагандар жакшы билишет “арыктын аркы четине көч, берки четине көч” деп атып эле уруш чыгат. Эми ачуу кыйкырык, куу сүрөө менен жерлерди ээлеп албай эле законду да караш керек.


17 апрель, 2010

Бакиевдин Казакстандан кетиши жөнүндө:

Жамалдин Келдибеков. Сокулук:
Каркыраны карматып,
Баатырларды жайлатып.
Кайдан бердиң казака,
Роза айым алдатып.

Атын атабаган угарман:
Менин азыркы Өкмөткө сунушум. Бакиевди кармап калуунун миң жолу бар болчу. Булар Бакиевди мамлекеттен чыгарып жибергени жалпы элдин эртеңки үмүтүн дагы бир жолу өчүрдү деп эсептеймин.

Руслан. Бишкек:
Бакиевди узатып жибергениңер бул мындайча айтканда калптык эле болуп калды. Бул туруп эле түндүк-түштүк кылып урушту сөзсүз чыгарат. Мисалы, бүгүн Болот Шерниязовду милициялар сабагандыгы бул-түндүк-түштүк согушу башталганы. 84 баланын өлүмү жөн эле өлүмбү?

Тамара. Ош:
Би-Би-Синин программалары боюнча айтайын дедим эле. Дайыма калыс, акыйкат, адилет кайсы учур болбосун дайыма бир калыпта болуп элге маалымат жеткизет. Би-Би-Синин радио уктурууларын 19.00 дагысын таптакыр жок кылып койду. Мен массалык маалымат каражаттары боюнча айткым келип жатат. Азыркы убактылуу Өкмөт өздөрүнүн тааныштарын, инилерин жетелеп келип, бир бирден жакшы жетекчиликти алып бара албаган элдерди койо берсе, анда мен ага каршымын. Би-Би-Сиде берген маалыматтары таптак, калыс, материалдарынын арты жагында бир кара ою жок, эмне болсо ошону так беришет.

Атын атабаган угарман. Бишкек.
Мен жаштардан суранат элем. Элдин магазиндерин тонобой, 80 ден ашкан курман болгон балдардын арбагын сыйлап, тонообосту тоноп, тоноочуну тонобойсуңар. Бикиевдин кулаганы Ак-Жолчулардын кулаганы. Бакиевдин качканы-бул Ак-Жолчулардын качканы деп билсе болот. Мына, кыргыз балдары кимди тоноп, кимди бастырбаш керек өзүңөр талдагыла!

Марипа Осмоналиева. Ош:
Кыргызстандан Бакиев мырза качып кетти. Эми болорунча болду, бойоосу канды. Бакиевдин кылаар ишин барыбыз көрдүк. Аны менен кошо кол алдында иштеген жакшы кадрлар бар да. Ошолорду сактап калсак болор эле. Буларда күнөө жок. Бир үй-бүлөө болгондон кийин атасынын сөзүн анча-мынча угат да.

Атын атабаган угарман:
Бакиевди мейли куудуңар. Анын жакшы жагын айтпастан жаман жагын айтып куудуңар. Эми жаңы болгон бийлик эмне үчүн тынчып калбайсыңар? Элге тынчтык керек го? Жакшы жагын айтпасак биз чындыгында көр болобуз.

Таалайбек Акылбеков. Кочкор:
Жалал-Абаддык жердештериме Бакиев канкор деп айтат элем. Ушул канкорду жактабай эле элдин тынчтыгын ойлойлу. Эми кенедей Кыргызстанды жок кылып алабызбы жердештер! Бир ууч элбиз! Эсиңерге келгиле! Силер деле Бакиевге алданып жатасыңар.


16 апрель, 2010

Элимбеков Элим
Менин пикирим: 1) Кыргызстанга жанын берип иштей турган "президент" жаңы муундардан керек. Азыркы убактылуу өкмөттүн курамында Акаев жана Бакиев менен үзөнгүлөш иштеген адамдар. Алар бийликте турганда эч кандай өзгөрүүлөрдү жазабайт. 2) Убактылуу өкмөт Бакиевдин ишин сотко ашыра турган болсо, анда, Акаевдин жазаган иштери боюнча да иш козгош керек. 3) Президент болгон адамга кол тийбестик укугун бербеш керек. Эгерде кылмыш кылса, жөнөкөй граждандар катары закон ченеминде жоопко тартылыш керек. 4) Бардык бийлик бутактарына бийликти элдик шайлоонун негизинде иштей турган адамдарды коюш керек.

Илгиз

Бакиев мырза, Сиз жалган айтпаңыз. Эми баары артта калды.

Айжан Уралова
Бул окуя Кыргызстан үчүн аябай өкүнүчтүү окуялардын бири болду. Кыргызстан 84 мырзасынан ажырады. Булар Кыргызстандын келечеги эле. Мындай чара көргөн адам да өз айыбын түшүнөөр.

Турганбаев. Бишкек:

Эң туура кадам, күнөөлүлөр жазаланышы зарыл, ал эмес 2005-ж. эле жазаланууга тийиш болчу. Бирок бир нерсени түшүнүүгө тийишпиз. Кеп Бакиев же Акаевде эмес. Кеп, ошол кишилерди күн менен айга теңеп, кеменгер, гений кылып жиберген биздин өзүбүздө.

Азыр да бийликке ким келбесин, мактап-жактап жатып, акыры бузуп бүтөбүз. Күндө эртеден кечке чейин эле сени бирөө жерге-сууга тийгизбей мактап жатса, акыры ага сөзсүз ишене баштайсың.

Убагында Акаевге жагынгандар Майрамды Каныкейден ашыра жасап “Канайым” кылып салса, К. Бакиевге кантип ачык кошомат кылышты билген М. Эшимканов КТР колуна тиер замат эле Максим Бакиевдин “гений экенин мурун билбей жүргөнүн” мойнуна алды.

Мындай кемчилик адамзаттын, анын ичинде кыргыздардын гана пешенесине жазылса керек. Канчабыз баштан өткөрдүк, дагы алдыда канча өткөрөбүз белгисиз. Азыркы цивилизацияда кимдин-ким экенин даана билүү кыйын. Өзгөчө интеллигенциянын бүгүнкү жүзүн так билүүгө такыр мүмкүн эмес.

Мындан 1-2 кылым мурун алар эл үчүн кызмат кылса, кыргыздын азыркы (анын ичинен эң алдыңкылары) интеллигенттери элге таянып, жеке керт башынын кызыкчылыгын гана ойлойт. Болбосо 2005-ж. төңкөрүш, андан мурунку 15 жыл баарыбызга сабак болбойт беле? Сабак болбойт. Анткени биздин саясий-психологиялык деңгээлибиз ушул.

Анан кантебиз? Бирибиз кайсы бийлик болбосун кызмат кылууга даярбыз (мисалы, Ч. Баекова, З. Курманов ж. б.). Экинчибиз, кызматка жетсек деп бир бийликти жамандап жүрүп, андан дагы төмөн даражадагы бийликтин кызматын аткарууга жулунабыз (М. Эшимканов ж. б.).

Үчүнчүбүз, өткөн бийликти жамандап, өзүбүз алардан дагы ашкан байлык топтоп, алардан жаман саясат жүргүзөбүз (К. Бакиев, Д. Үсөнов, А. Жапаров ж. б.). Төртүнчүбүз, көр дүнүйөдөн ажырап калбоо үчүн кандай гана бийлик болбосун, мактоого аргасыз болдук (М. Байжиев, Б. Мамакеев ж. б.).

Дагы бирибиз кайсыл жол менен болсо да, эптеп, бир кызматка жетүүнү көздөйбүз (А. Мадумаров, К. Иманалиев). Санасак түгөнбөйт. Өз башындагы күнөөсүн алиге чейин көрө элек “гений” Акаев табасы кана теледен түшпөй жымыңдап турат.

Кыргыздын канча деген алдыңкы интеллигенти өткөн 20 жыл ичинде кур убада берип атып, канчалаган эл оокатын менчиктеп алды. Аларды күндө көрүп турган айылдык чиновник, шайлоо комиссиялары (интеллигенциянын төмөнкү катмары) азезилдин өзүнө кызмат кылуудан баш тартпайт.

Элге каршы саясат жүргүзгөн бийлик менен кызматташуудан саналуу гана интеллигент баш тартты (М. Ниязов, И. Исаков). Бирок эң башкы бийликке ээ болгондон кийин эмне болот – ага да эч ким кепил боло албайт.

Америкадай өнүккүбүз келет. Идеалыбыз ошолор. Бирок эч качан алардай болуп өнүгө албайбыз. Эмне үчүн? Анын баары айтылып, жазылып бүтсө да, сабак ала албадык. Американын биринчи президентинин мөөнөтү аяктап жатканда, бизге окшогон кошоматчылар “шарт”, “кырдаалга” карата конституцияны өзгөртүп, мөөнөтүн узартып алууга кеңеш беришкен. Бирок Ж. Вашингтон канча суранса болбой, жети өлчөп бир кесип, баш тарткан. Ошондон бери (эки жүз жылдан ашты) ал салт так ошондой уланып, президенттик орунга кандай гений келбесин мыйзам баарынан улук болуп, кебелбей келе жатат.

Чыныгы интеллигенттин жүзү ушундай. Мамлекетти ошондой адамдар түптөгөн үчүн өлкө солк этпей өнүгүп, чындык издеген канча деген адам ошол өлкөгө баш пааналайт. Ошондуктан, “…Принцип ведения политику великого соседа (өз мамлекети – АКШны айтып жатат), в отношении к менее слабому соседу (Мексика), с целью заставить его продать часть своей страны – принцип не только постыдный, но и позорно бесчестный! …Никогда не думал, что увижу тот день, когда руководитель страны заявит во всеуслышание, что великий сосед только одним могуществом может требовать , что ему подарили кусок земли, хоть и каменистые горы, или пустынные земли!” деген конгрессмен А. Стивенс (1847-ж.) эмес, өзүбүздүн Үзөңгү-Кууш маселесин чечүүдө бир добуш жетпей калса, кайра добушка салдырып, “оңго” чечип бергендер сабак болбойт.

Ал ким? Ал биз. Эл үчүн эмес, кызмат, байлык, мансап үчүн сынайбыз (өзүбүздү эмес, дал өзүбүзгө окшогон башка бирөөнү), сүйлөйбүз, ураандайбыз. Албетте элдин атынан.

Эл бизге эмес, биз элге кызмат кылууга тийиш экенибизди түшүнбөйбүз. Эл алдында бакылдап жатканды карасаңар баягы эле бийликте жүргөндөр. Интеллигентибиздин жүзү ошолор, демек жакын арада оңоло албайбыз.


13 апрель, 2010

Нурбек Исмайлов. АКШ:
Убактылуу өкмөт, биринчи кезекте, Бакиевди колго түшүрсө болмок, анан Ош жана Жалалабадка убактылуу элдик губернаторлорду орнотуу зарыл. Бакиев күч топтоп жатат деп уктум, теледен. Ош, Жалалабад элине кайрылыш керек, Бакиевди тапканга жардам бергиле, деп. Бакиевди түрмөгө отургузуп туруп, соттош керек, мыйзам чегинде.

Үрүлкан:
Бакиевдин Жалал-Абаддан элдерди чогултуп митинг уюштурганы туура эмес. Бул бир элди бири-бири менен кайраштыруу. Кеткенден кийин болду.

Замир:
Оппозициядан эмнеге адамдар өлбөйт, жаштар өлдү? Буга эмнеге мурдагы бийлик күнөөлү?

Атын атабаган угарман:
Баткендеги губернатордун ордун талашканы тууралуу айтайын дедим эле. Эми жаштарга орун берилсин. Буларга орун берилбесин.

Руслан Дөкиев. Чаек:
7-апрелде шейит кеткен 10 гүлүнүн бир гүлү ачыла элек кыргыздын жаш жигиттеринин жанын алып, канын төккөн Бакиевдер кайсы бети менен актанып Жалал-Абадда элди экиге бөлүп, дагы деле президентмин деп, тилине киргендерге мыйзамсыз куралдарды берип, дагы деле бейкүнөө адамдардын канын төккүсү келип жатабы?

Темиралиева. Бишкек. Пенсионер:
Бакиевдин кылган кылыктарынын бардыгын тең биз көрүп олтурабыз. “Жаш балдарды курал алып атты” дейт. Курал албай эле ушул проспект Чүйдөн түз кеткен балдар. Өздөрү ак үйдүн үстүнө чыгып алып ошол жерден снайперлер балдарды талкалады. Бул президенттин уяты жок экен. Пенсионерлерге карабайт, ооруган инвалиддерге карабайт. Өзүнүн гана жыргалчылыгын көздөгөн президенттин бизге кереги да жок. Булардын балдарынын колдорунда куралдары да жок. Буларды биз көргөнбүз. Жаш балдардын өмүрүнө зыян келтирди. Жаңыдан өкмөт кургандар булар жашасын!

Айнеке. Бишкек:
Каза болгон балдардын ата-энелерине, туугандарына кайрат айткым келет.

Атын атабаган угарман:
Мурунку президент Курманбек Бакиев эркек болсо, кеч боло электе элдин алдына келип башын ийип өзү күнөөлүмүн деп сот алдында жооп бериш керек.

Атын атабаган угарман:
Бакиевти адамдардын ыйын, адамдардын жүрөгүн ойлогон жок. Уялбай дагы ООНго кайрылып жатат.

Атын атабаган угарман. Жумгал:
Ушул Бакиевдер уй-бүлөөлөрү менен уяты жок экен. Буларга сөз жок.

Улара:
Эми жалпы эл ынтымакка келсе жакшы болот эле. Бакиев өз ыктыяры менен отставкага кетсе жакшы болот.

Темирбек:
Мурунку президент Бакиевди шайлоодо көпчүлүк эл колдогон эмес. Аны ЦИК эле колдоп баарын жасап кошкан.



12 апрель, 2010

Үрүлкан:
Бүгүнкү бийликке келген адамдардын бардыгын жеңиши менен куттуктайм. Аларга ийгилик жана жакшылык каалайм. Элди жакшы абалга алып келет деген үмүттөмүн. Бул жеңишке жетишине Би-Би-Синин жана Азаттыктын, оппозициянын дагы чоң салымы бар деп ойлойм. Алардын бардыгына рахмат.

Таалайбек Акылбеков. Кочкор:
Кырчындай өмүрү кыйылгандарды эстеп жаман болуп, аза күтүп жатабыз. Бакиев кантип, кайсы бети менен басып жүрөт? Кантип уюуштурам деп коркутуп жатат? Кайсы бети менен жашайт? Курманбекти элдин колуна берсе болот эле. Аянт кызыл канга боелду. Кудай жеткирет. Кудай бар.

Эркингүл. Кочкор:
Курманбек канча деген жаштарды кызыл жаян кылып кырдырды, анан кайсы бети менен Кыргызстанга келип отурам деп жатат?

Атын атабаган угарман:
Акаевдин убагында деле баары жеп, ичип алып качып кетти эле. Кыргыздардын балдарын атып жаткандан кийин Бакиевдин жазасын бериш керек. Мына Жаныш Бакиев приказ берди дейт. Мен аттырган жокмун дейт. Эми буга жеткирбей эле курултайдагы нерселерди аткарса ушундай болбойт эле. Биз 7-де ошол жерге бардык. Барганда эле милицияларды тосуп, калгандарын ошол жерден өздөрү ууларын чачып башташты. Андан кийин мурунку күнү оппозициянын баарын камады деп угуп калдык. Бүт бардыгы эле жаштар экен. Алар ушунчалык ичинен бук болуп азапка тартып турган убакта окко учту. Бардык жер кан. Жанагы алынып келинген ок аткычтар үйлөрдүн үстүнөн атты дейт. Баягы кытыратып эле карышкырларды аткандай эле атып жатышты. Эми бул эмне деген шумдук?

Атын атабаган угарман:
Мен набыт кеткен биздин бир туугандардын ата-энелерине, бир туугандарына, бала-бакыраларына терең көңүл айтам. Жанагы Жаныш, Курманбек Бакиевдерди 20дай кароолчулары менен жүрөт деп айтып жатышат. Эмне үчүн биздин СНБда иштеген Кеңешбек Дүйшөбаев аларды тез аранын ичинде алып келбейт? Издөө салдык деп атышат. Издөө салбай эле, эл кимдин кайсы жерде жүргөнүн билип атат. Дагы куралданган балдары менен Бакиевдер жер которуп Чүй өрөөнүндө жүрөт дейт. Жанагы өрттөлүп, граната жарылып жаткан жерлерди ошонун группасындагы адамдар аттырып жатпасын. Элдин талабы Жаныш Бакиев менен Максим Бакиевди элдин алдына өткөзүп бергиле деген талап. Кызматты кылган жаштар болуп атат, үзүрүн ак чач болгон карылар көрүп жатат. 2005-жылкы окуяны кайталагыңар келип жатабы? 75 адамбы, 7 адамбы, 1 адамбы анын каны кимдин колунда? Деги эле ошол ишти аткарсаңар жакшы болот эле. Көпчүлүктүн талабы ошол болуп жатат.

Атын атабаган угарман:
Би-Би-Си радиосу сиздердин жардамыңыздар менен ушул элдик бийлик орноду деп ойлойбуз.

Эрмек. Ош:Азыркы бийликтин алмашканы жакшы болду. Мен ушуну көптөн бери күтүп жүргөм. Парламенттик башкарууга мен кошуламын. Себеби президенттик бийликти талашышпайт.



7 апрель, 2010

Бек. Бишкек:
Кыргыз калкым туура иш жасап жатат. Ал эми бийлик эмне дегенин теледен уктуңуздар. Эми кечээ кечкээ маал кетип бара жатсам милиционерлерди "тровога" - деп Таласка жонотуп жатыптыр, (алды 50 милиция кетиптир жана кечке жуук 200 дөй милицияны алып кетишти) бул эмне деген окуя, "тревога" деген согуш учурда колдоно турган иш аракет да...

Атын атабаган угарман
Убакыттан уттуруп жибербегиле,азыр ар бир мунөт алтынга тете. Бийлик машинасы эми силерге каршы болгон күчүн жумшайт,тем более, озүлөрү чакырган курултайы ишеничин актабасы эмитен эле көрүнүп калды.


6 апрель, 2010

Атын атабаган угарман
Элдин талабы туура. Ал эми тариф масалесиде паракорлук бар, себеби тариф элдин жашоо-турмушу жана мамлекеттеги ишканалар иштеп турса ошол учурда тендеп (балансировка) туруп көтөрүүгө болот. Ал эми Данияр мырзанын дөөрүгөнү бекер кеп - деп орой мааниде айтаар элем. Себеби, бул бийлик эл сөзүн уккулары келбейт, тескерисинче кыйроосун каалагандай эле корунуш калды.

Эрмек. Ош:
Нарын Айыптын айткандарына такыр кошула албайм. Жердин баары кымбатчылык, кысым көрсөтүлүп жатса кантип чыкпайт эл. Ошондуктан эл оппозиция менен да.

Бакыт. Токмок:
“Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу” дейт. Азыр оппозиция элди эмес, эл оппозицияны чыгарып атат, жашай албай калганынан чыгып атат, биздин өлкө полиция өлкөсү болуп калды. Сөз сүйлөй албайбыз, жөн эле пикиримди айтып коеюн деп силерге чалган угармандардын да телефондору текшерүүдө, менин ким менен сүйлөшкөндөрүм азыр укук коргоочулардын алдында жатат.



5 апрель, 2010

Элдик курултайды жер жерлерде өткөрүүнүн зарылчылыгы эмнеде? Оппозициянын жана расмий бийликтин аракеттери тууралуу оюңуз кандай?

Оңолбек Шаршеев:
Оппозиция 7-апрелдеги курултайды өткөрүшү ыктымал. Мурдагы эле талаптарды коет деп ойлойм. Абал ырбап кетпеши үчүн бийлик оппозиция лидерлери менен сүйлөшүү керек. Эми Орусия дагы мунайзатты кымбаттатып жатса, биздин элибизге кыйын эле болуп калат.

Кошоев:
Жер-жерлерде курултай өткөрүүнүн кереги бар. Себеби, бийликтин курултайына көбү бийликке кошомат кылган кишилер келди.

Базаргүл:
Ошто жергиликтүү чиновниктер элдин талабын аткарбай жатат. Ошого элдин кыжыры келип жатат. Президентке алардын үнү жетсе, анан ушул жетекчилер элдин мүдөөсүн аткарса, анда маселелер дароо чечилмек.

Калия. Пенсионер:
Песияга кошулган компенсациясын алып салыптыр. Бүгүн пенсия алганда кайра алып салды деп айтышты. Президент кошот. Өкмөт алып салат. Булар бири-бирин укпайбы деген ой пайда болуп жатат.



2 апрель, 2010

Чоробек Байгазаков. Ат-Башы:
Уруу-урууларга бөлгөндөргө айткым келет, мурда мамлекеттик кызматтарда жүрүп, Акаевдин убагында мамлекетти тоноп, анан азыр бийликтен четтеп эч нерсе олжо таба албай калганда, уруу-урууга бөлүүнүн эсебинен бийликтин көңүлүн бурууга аракет кылган чиновниктер. Бул апийимдей эле нерсе, мындай нерсени жолотпош керек кыргызга.

Осмонова. Балыкчы:
Таластагы 11-класстын кыздары 9-класстын кыздарын сабап, кордук көрсөтушсө, ошончолук алган жазалары туура деп эсептейм. Анткени, 9-класстын кыздары кандай кордук көрүп, жандары кейишсе, 11-класстын кыздары өздөрү да сезишет. Жана башка кыздарга да, башка өспүрүмдөргө да үлгү болсун.

Марс. Бишкек:
Менин оюмча, уруучулукка бөлүнүү - кээ бир жеке топтордун бийликке келүүгө болгон бир амалы. Тарыхты карап көрсөк, уруучулук өнүккөн жерде эч бир мамлекет өнүккөн эмес. Тескерисинче, ал жерде уруу-уруу болуп согушуп, ал мамлекеттер ылдыйлаган.



1 апрель, 2010

Уруучулдук тууралуу оюңуздар кандай?
Эски уруулук түзүлүштү, кыргыздардын оң канат, сол канат деп бөлүнүшүн калыбына келтирүү аракети улуттук биримдикке залакасын тийгизеби?

Акылбек. Ош
Уруучулдук эскинин калдыгы. Улут болуп калыптанган этнос эч качан артка кайрылган эмес.

Оңолбек Шаршеев. Бишкек
Кыргыз эли өзүнчө мамлекет катары өнүккөнгө уруучулдук тоскоолдук жаратып жатат. Буга үгүт жүргүзгөндөргө каршы пикиримди билдирем. Анте берсек кайра мамлекеттүлүгүбүздү жоготуп алабыз.

Дүйшөкул. Бишкек
Уруучулдук, оң канат, сол канат, ичкилик деген туура. Кыргыз ушундай жол менен жашап келген эмеспи. Эгер уруулар ынтымак үчүн бириксе мен колдойм.

Жамгырчыев Бейшенаалы
Кыргыз эли бир кылымдан бери биригип келе жатат. Эл аралык денгээлде мамлекет катары таанылганбыз. Уруучулдукту кайра көтөрүү бери дегенде тарыхты билбегендик, адепсиздик. Бул мамлекетти талкалоочу көрүнүш.

Калык. Бишкек.
Уруулук түзүлүш атом куралынан да коркунучтуу. Улутту бөлүп жаруучу көрүнүш деп билем.

Эрмек Алтынбаев. Жалал-Абад
Бул уруучулдук бөлүнүү деген 2 кылым артка кетүү. Кыйчалыш кырдаал тузүлүп жаткан шартта ушундай чакырыктар менен элди алдап жатышат.

Осмонбек Иманалиев. Бишкек
Уруучулдук бөлүнүү деген кантип болсун. Мындай пикирди айткандар ойлонушпайбы. Мониевдин пикирине толук кошулабыз.

Динара. Бишкек
Бул ураанды көтөрүп жаткан кишилерди биз түшүнбөй калдык. Элдин душманыбы булар?



31 март, 2010

Кыргыз оппозициясы АКШ бир жагынан демократиялык баалуулуктар үчүн жан үрөгөну менен авторитардык режимди ачыктан-ачык эле колдоого алууда деп сындады. Сиздин пикириңиз кандай?

Үсөн Жумабаев. Баткен:
Максим Бакиевдин колунан биз дыйкандар жүз миңдеген кредиттерди алып жатабыз. Кытайга барып көп маселелерди чечип келди. Оппозициянын көзү жакшы иштерди такыр көрбөйбү?

Базаргүл. Ош:
Американын Максим Бакиевге жасаган мамилеси кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы келет. АКШ өз кызыкчылыгын гана көздөп, пайда тапкысы эле келет. Американын мындай аракеттери биздин Орусия менен болгон мамилебизди дагы суутушу мүмкүн. Бирок биз унутпашыбыз керек, ал жакта биздинин миңдеген кишилер жан багып жүрөт.

Омор. Бишкек:
Эл үчүн эч ким иштебейт. Ушуга ишендим.

Эрмек Алтынбаев. Жалал-Абад:
Америка дайым эки жүздүү болгон. Өзүнүн кызыкчылыгын жогору коет, Орусия деле ошондой. Америка Орто Азияга орношуп, базасын сактап калуу үчүн кыргыз бийлигин колдойт.



30 март, 2010

Оппозициянын аракеттери элдин кызыкчылыгына дал келип жатабы?

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Оппозиция азыр элдин көйгөйүн талкуулап, ошол маселелерди чечүүгө аракет кылып турат. Өкмөт өз чечимдерин шашылыш кабыл албай, элдин абалын эске алса Нарындагыдай көтөрүлүштөр болмок эмес. Эми эл оппозицияны колдоп кетет. Андыктан бийлик менен оппозиция сүйлөшүүлөргө баруулары керек.

Исмаил Закиров. Ош:
БЭКтин чакырыгы туура эмес. Оппозиция менен бийлик кармашканда ортодо элге кыйын болот. Андан көрө диалогко барып, оппозиция өкүлдөрүнө дагы кызмат берүү керек.

Атын атабаган угарман:
Оппозиция койгон жети талап - бул элдин эң негизги мүдөсү. Эгер бийлик ушул талаптарды аткарса эле, эл эч качан бийликке каршы чыкпайт эле. Андыктан оппозицияны колдойм. Ал турсун, аларды элдин жыргалчылыгы үчүн иштеп жаткан адамдар деп айтат элем.

Атын атабаган угарман. Нарын:
Кече күнү Нарындын эли Данияр Үсөновду тегеректеп алып, курч суроолорду беришти.

Бакыт. Ош:
Оппозиция артка кайтпашы керек.

Үсөн Жоробаев. Баткен:
Оппозициянын татыктуу программасы жок. Буларды чет элдик булактар каржылайт окшойт. Оппозиция Бакиевди кетирип деле тынчыбайт.

Талипова:
Президент Кыргызстандын сотторун жазаламайын, өлкөдө тартип болобойт. Соттор “акты кара, караны ак” дешет, ошондуктан эл нааразы болууда.

Атын атабаган угарман. Нарын:
Эмне үчүн Нарын облусунун мурдагы губернатору Чекиев шашылыш көчө качты? Ушуну тактап бергилечи.

Беккул. Бишкек.
Оппозициянын талаптары туура, анткени курултай аны көрсөттү.

Абдылас:
Албетте оппзициянын талабы элдин мүдөсүнө дал келет. Оппозиция элдин тилеги боюнча иштеп жатат деп ойлойм.

Кенжебек. Бишкек:
Оппозициянын аракеттери туура. Бүт элдин баары колдойт деп ойлойм.

Эрмек Алтынбаев. Жалал-Абад:
Чын-чынына келгенде кыргыз бийлиги Орусия менен болгон келишимди бузуп, Камбар-Атага кытайларды тарта баштады. Орусиялык телеканалдар эч кандай деле жалган маалыматтарды айткан жок. Алар болгонун болгондой эле айтып жатышпайбы. Андыктан Кыргызстандын нааразычылык нота бериши туура эмес деп ойлойм.

Жамалбек Келдибеков. Сокулук:
Анык Манастын урпактары нарындыктар экен. Рахмат.

Атын атабаган угарман:
Электр энергиясынын кымбатташына мен каршымын. Анткени менин тапкан айлыгым үй-бүлөөмдү бакканга жетпейт. Свет айына 3 миң сомду түзүп калды. Ушул боюнча мен өкмөт башчыларына кайрылып, тарифтерди төмөндөтсүн деп сурангым келет.

Осмонова. Балыкчы:
Бийлик Россия менен башынан эле өтө кылдаттык менен мамиле кылса болмок. Орус элинен ажырап калуу кыргыз эли үчүн орду толгус өтө кайгылуу, өтө өкүнүчтүү болуп калат.

Кубанычбек Алымжанов:
Светтин кымбаттаганы жалаң эле алыскы эмес, жакынкы айылдардагы адамдарды азапка салды. Баары ичтен сызып араң турат. Ошондуктан өкмөт светти арзандатпаса акыры эл Нарындай толкуйт.


29 март, 2010

Шаршеев:
Биздин өкмөтүбүз электр энергияга болгон төлөмдөрдү Казакстан, Өзбекстанга теңейбиз деп жатпайбы. Алар электирди жылуулук энергиясынан алат. Алар менен теңелбейли. Алыскы тоолуу аймактардагы элди ар кандай убадаларды айтып, жоошутуу дагы туура эмес. Тоолуу жерлерде жашоо чыны менен татаал. Эгер аларга өкмөт көңүл бурбаса, алар дагы Бишкекке көчүп келип алышат. Анда эмне кылабыз ошону ойлошубуз керек.

Калканбаева. Бишкек:
Эгерде Бакиев тартипке чакырам десе, анда өлкөдөгү сотторду эле оңдосо, абал жакшырмак. Тилекке каршы андай болбой жатат.

Жылдызбек. Атбашы:
Эгерде Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы мамиле бузулса, бизге анда оор болуп калат. Кытай менен Америкага эле карап калабыз.

Атын атабаган угарман:
Электр энергияга болгон тариф боюнча. Бул тоолу жерлерге жеңилдетебиз деп атышат. Тоого электр зымдарын тартып баруу ансыз деле кымбат болуп атпайбы. Мисалы, Чүйдү, Ошту алалы. Белгилүү акчалары 100 сом болсо, ал эми тоого 200 сом.

Чырмашова. Бишкек:
Бакиев сотторду 1 жылдын ичинде оңдойм, тазалайм деди эле. 5 жылдан бери оңдобой, тазалабай жатат. Эми кетпегенден кийин ушул ишке киришсе болот эле. Эл ушул сотту оңдойт экен деп добуш берип күтүп жатабыз. Соттор 5 жылдан бери акты кара деп жатышпайбы.

Токчокеева Шайыркүл. Токмок:
Мен бул тарифтин дагы көтөрүлүшүн каалабаймын.



25 март, 2010

Кыргыз парламенти кылмыштарды алдын алуу максатында коопсуздук кызматтарына маалымат алуу үчүн жарандардын телефондорун тыңшоого уруксаат берүү жөнүндө мыйзамды жактырды.

Бакирдин Юсупов:
Кыргызтан полицейский мамлекет болуп баратат.

Атын атабаган угарман:
Телефондорду угуу боюнча. Бул - чоңдорду тыңшоо үчүн керек.Чоңдор бири-бири менен тигиндей, мындай кылалы, бузуп жиберели деп сүйлөшөт. Ошолорду тыңшаш керек. Карапайым элдин колунан эмне келет.

Атын атабаган угарман. Бишкек:
Телефондорду тыңшоо үчүн Жогорку Кеңеш законду кабыл алганга даяр экенин
угуп жатабыз. Себеби журналисттер, оппозиция өкүлдөрү, Кыргызстандын эстүү баштуу жигиттери чет мамлекеттерде куугунтукта жүрүшөт. Кыргызстандан чет мамлекетке, чет мамлекеттен Кыргызстанга бири-бири менен сүйлөшүүгө тыюуу салып, сөздөрүнөн бир кынтык тапса, буларды камоого аракеттенген бул бийликтердин амалы.

Айнура Давлетова:
Телефондорду тыңшатууга мен 100 пайыз каршымын. Бул, биринчиден, адам укугун тебелөөгө барабар.
Курултай боюнча айта кетсем. Бул куучулук. Ал жакта деле баягы дежурлар болду. Кантип шайланганы белгисиз. Билинбеген кишилер барып олтуруп калышыптыр. Кайсы жактан, кайсы кишилер шайланганы билинбей калыптыр.

Атын атабаган угарман. Ат-Башы:
Телефондорду тыңшоо, сүйлөшүүлөрдү аңдуу, жазылган каттарды окуу - бул цензура катарында бардык бийлик зомбулугу астында жүргүзүлүп келген көп мамлекеттерде болуп келген нерсе. Буга чейин деле уруксаты жок эле тыңшап атышкандыр, балким. Анан бул - адам укугуна кол салуу, тебелөө деп ойлойм. Ансыз деле, светтин тарифин көтөрүп койду. Эми сүйлөшкөнүбүздү тыңшаса, жакында дем алганыбызга счетчик коюп, ошого дагы эсеп-кысап кылабы деп корком.

Айдай. Бишкек:
Бул телефондорду тыңшоо - адам укугун бузуу болуп эсептелет. Атайын кызматтагы текшерилүүчү кишилерди гана текшериш керек. Бул жерден президенттин, депутататтардын жасаган иши туура эмес.

Мирлан:
Бул кандайдыр бир мамлекеттик коопсуздук үчүн колдонулса жакшы болот эле. Ал эми карапайым элге ушундай кылуу бул элдин укугун тепсеп, жеке жашоосуна кийлигишүүсү болуп саналат. Мамлекетке шек келтирип чыккынчы, кандайдыр бир чоң сумманы уурдап кеткен коррупционерлерге мындай телефондук уктурууларды коюшса деп ойлойм.

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Атайын кызматтар керектүү адамдардын сүйлөшүүсүн угуу советтик мезгилде колдонулуп келген метод. Эми ошол мезгилге кайтып баратабызбы? Мындай угуулар буга чейин деле угулуп жүрсө керек, бирок, мыйзам бар деп массалык түрдө жарандарды угуу туура эмес.

Эрмек Алтынбаев. Жалал-Абад:
Түркмөнстандагыдай опера жакпайт биздин элге, балет жакпайт деп алып салган сыяктуу, бизде да элдин эркиндигин чектөө башталат ко.

Атын атабаган угарман:
Президент сот системасын оңдоосун каалайт элем. Бакиев беш жыл мурда сөз берген эле, сот системасынын көз карандысыздыгын камсыздайм деп.



24 март, 2010

Курултайлар жөнүндө

Атын атабаган угарман. Чүй:
Президент Курманбек Салиевичке жолдогон 7 талаптын бири да аткарылбаса, анда Чүй эли дагы алдыга койгон кадамдарын уланта берет. Ошол 7 талапты аткаруу - бул президенттин милдети болуп саналат.

Жекшен. Бишкек:
Урматтуу депутаттар! Россия тигини кылып жатыптыр, Казакстан муну кылып жатыптыр дебей, ошол Россия, Казакстандын кылгандарын кылып, жумушчулардын айлыктарын көтөрбөйсүңөрбү? Качанкыга чейин тигил жак кымбаттап жатыптыр, бул жак кымбаттап жатыптыр деп жүрө бересиңер.

Шаршеев. Бишкек:
Быйыл бир эмес, эки курултайдын болгонун өз көзүбүз менен көрүп, радиодон уктук. Ошол эле убакта, биздин өлкөдө “Кыргызстан элдеринин ансамблеясы” деген бар эле. Ал уюм азыр барбы, жокпу? Бар болсо эми азыр эмне иш кылат? Түшүнүксүз. Бул жөнүндө эч ким элге кайрылуу жасабады. Өзүбүзчө эмне болду экен деп жүргөн убактыбыз.

Атын атабаган угарман:
Мен буга чейин курултайды колдогон эмес болчумун. Бирок мен 2 күндөн бери абдан көңүл коюп уктум. Менимче бул жерде өтө көп жакшы иштер бар. Эми мындар аркысы жакшы болсо экен деп ойлойм.

Атын атабаган угарман:
Мен Исаковду коргоо комитетинен. Алайлыктар ачка калганынан Ош шаарына келген жок. Күйүп-бышып, чыркыраган чындыкты издеп Ош шаарына 30 киши эмес 300 кишидей келген. 80 жаштагы ата-энелерибизди эчки баскан жерге жөө бастырып, ал эми кече күнү митингге чыккан 70, 80 жаштагы ата-энелерибизди зордуктап автобустарга салгандыгы үчүн эл алдында болбосо дагы кудай алдында жооп беришет.

Чолпонкул Жунушаалы. Бишкек:
Мен бүгүн катышкан курултайда чет мамлекетте жүргөн оппозициянын жигиттери жөнүндө сын айтып кетишти. Оппозициядан качып чет мамлекетте жргөнү дурус болуп жатат. Себеби, Иран революциясында дагы ушундай болгон. Аятолла Хамени Францияда 5 жыл жүрүп анан Иран эли революцияга даяр дегенде төңкөрүш жасаган. Ошол жакта өздөрүнүн пикирин айтып, эл аралык абалга көздөру жетип биздин элди көтөрөт го деген ойдомун.

Атын атабаган угарман:
Кыргызстандын эли үчун күйгөн бир гана Текебаев Өмүрбек деп ойлойм. Анткени, кыргыз үчүн күйгөн, жанын аябай берген бир гана ошол адам.

Тынычбек Жумакеев:
Мына 4 күндөн бери Ысык-Көлдө “Азаттык” программасы берилбей калды. Себебин эч ким билбейт. Революция деп бардыгын концерт берип жыргатып жатышат. Бирок “Азаттыкты” укпай калдык.

Максат. Кара-Балта:
Биринчиден, азыркы өкмөт жакшы иштей албай жатат. Ошондуктан бул өкмөттү алмаштырыш керек. Экинчиден, Исмайыл Исаков коргоо министри болуп турган мезгилде мен аскерде кызмат өтөгөм. Анын эч кандай күнөөсү жок. Анын күнөөсүн актап чыканга мен жогорку соттон суранар элем.

Анарбек:
“Ынтымак” конушунун элинен чалып жатабыз. Бизде жашаган элдердин шартын карап туруп эле Кыргызстандын элинин жашоосун көрүп койсо болот. Свет жок, суу жок.

Элес Мажыпов. Бишкек:
Курултай негизинен элдин мүдөөсүнө жооп бере ала тургандай деңгээлге жеткен жок. Чындыкты так жарган адамдар аз эле болду. Өтө таасирдүү сүйлөгөн адамдардан Азиза Абдрасулова, Бөдөш Мамырованын айтканы жакшы болду. Бул адамдар чындыкты так жана далилдүү берди деп ойлойм. Булардын сөзүнө каршы чыккан ички иштер министри Конгантиевдин сүйлөгөнү татыксыз болуп калды. Себеби, азыр күч органдары өтө ыплас иштеп жатышканын бардыгы билет.

Атын атабаган угарман:
Курултайда Бөдөш Мамырованын сүйлөгөнүн угуп ушунчалык ыраазы болдум. Аялзаты болсо дагы көкүрөгүндөгү элдин ичинде болуп жаткан маселелерди так таамай, эч нерседен жалтанбастан сүйлөп берди. Себеби, анын айтып жаткан көйгөйлөрдүн баары бардык жерде бар. Анча-мынча мырзаларыбыз коркуп эч нерсе айта албай кылтырап, титиреп олтурганда ушундай тарсылдап, так, бардык мааалыматты жеткирип турган ошол Бөдөш Мамыровага ыраазычылык айтат элем. Радиодон сүйлөгөн сөздөрүнүн баарын угузду, бирок телевизордон сөздөрүнүн барын берген жок. Ошонун баарын толук бергенде эл кандай ыраазычылык менен угат эле. Мелис Эшимкановдун сөздөрүн радиодон уктум, ал эми телевизордон толук көргөздү. Андай кылбаш керек болчу.



23 март, 2010

Атын атабаган угарман:
Бул бийликтин келгенине алтынчы жылга кетти, ошондон бери элди алдап келе жатат. Курултайга келген делегаттарды далыга таптап, жакшы тамак берип алардан колдоо алуу үчүн гана чакырып жатат. Алар алданып келе жатат жана алдана берет. Кыскасы, бул курултай элдин келечегине жол ача турган кеңеш болбойт. Бул курултайда негизинен бийликтин айланасындагы сөздөрдүн баарын жокко чыгарып, бийлик өз күчүн сактап калуу аракетинде болот.

Сүйүн. Бишкек:Элдик курултайдан эч нерсе чечилбейт, бийликтин курултайына эч ким ишенбейт.



22 март, 2010

Бактыбек Көчкөналиев. Жумгал.
Би-Би-Си берүүсү - элдин үнүн бийликке угузган жалгыз радио. Рахмат. 24-мартта боло турган оппозициянын жыйынына кыргыз эли бардыгы катышат деген ойдомун. Ынтымак курултайын Бакиев эмне себептен жасап жатканы элге белгисиз болуп атат.

Альбина. Студент.
Акыйкатсыздыкдар көп болуп жатса кыргыздын ар намыстуу патриот уул-кыздары кайдыгер карап турасыңар. Андайга жол жок. Эгерде андай болсо кыргыз элинин келечеги жок. Эгерде биз өзүбүздү патриотбуз деп эсептесек андайга эч качан жол бербейбиз. Кашык каныбыз калганча элибиздин жаркын келечеги үчүн күрөшөбүз.

Дамира Токтосунова.
Коррупциялык системага каршы күрөшүү жана элдик патриоттук революциялык кыймылынын мүчөсүмүн. Кыргызстан патриоттук партиясынын активдүү мүчөсүмүн. 20 жылдан бери чексиз созулуп келе жаткан экономикалык каатчылыктын кесепетинен кыргыз эли башынан ар түрдүү кыйынчылыктарды өткөрүүдө. Анын үстүнө алакандай элибизди бүткүл глобализациянын ташкыны менен финансылык каатчылыгы дагы каптап келе жатат. Ошол мезгилдин ичинде Кыргызстанда канча шаарлар, завод-фабрикалар, чарбалар талкаланып жок болду. Канча адамдардын тагдырлары талкаланып кор болду. Коррупциянын кесепетинен кыргыз эли гана эмес мамлекет дагы жоголгон чегине жетип калды. Туш тарапка тентип чилдей тарап кетти. Социализмде, капитализмде деле жыргап олтурган баягы эле бийликтеги коррупционерлер, чиновниктер. Азап чегип кыйналган 90 пайыз эл.

Кенже Нуржабаева. Бишкек. Пенсионер.
17-мартта элдик курултайга катыштым. Азыркы татаал турмуштун кыйынчылыгын канча жылдан бери көтөрүп келе жатабыз. Ушул кыйынчылыкка карабай дагы эле баягы эле кыйынчылыктын үстүнө биздин чоңдорубуз кыйынчылык туудуруп жатат. Коммуналдык төлөмдөрдүн барын көбөйттү. Пенсияга жарыбаган акчаларды кошту. Алган пенсиябыз үйдүн акысына жетпей калды. Өзүбүзгө нандык тыйын да артпай жатат. Азыркы турмушка мен абдан чон нааразымын. Аткени, биз деген адамбыз да. Өмүр бою иштеп эми пенсияга чыкканда буту-колубузду сунуп, бир жакшы турмушта жашайбызбы десек мындайча айтканда тиги дүйнөнүн кишиси болуп жашап жатабыз да. Курсагыбыз тойбосо, каалаган тамагыбызды алып ичпесек, балдарыбыздын баары өз оокаттары менен өздөрү эптеп - септеп жашап жатышат. Алардан бизге пайда жок. Биз өзүбүздү өзүбүз бага албай калдык. Кыйын турмуш болуп кетти. Ошон үчүн мен айтаар элем оппозиционерлер туура иш кылып жатышат. Ушул биздин кыздарыбыз, балдырыбыз азамат.

Сали Сагынбаев. Бишкек.
Эмне үчүн электр энергияны ушунча кымбаттатып, элди кыйнашат. Эмне үчүн жылуулукту, ысык сууну, муздак сууну кымбаттатып жатышат. Буларды кымбаттатышып, эми бүт продукциянын баары кымбаттап жатат. Сахар 53 сомга чыкты, нан 15 сомго, эт 220 сомго, суу май 360-370 сомго чыгып кетти. Жалган сөздөрдү айтып тамак-аш кымбаттаган жок деп элди алдап жатышат.

Атын атабаган угарман.
“Азаттык» радиосу, “Назар”гезити жабылды. Акаевдин учурунда дагы КТРден кеткен «Азаттык» жабылып ушундай куугунтуктар болгон. Бүт бардыгы ачыктан ачык айтылса, жазылса эмне үчүн чычалашат? Мунун аягы элдин толкушу менен бүтпөсө эле болду.

Атын атабаган угарман. Ала-Бука.
Акаевдин убагында нан 5 сом болсо, төмөнкү айлык 100 сом эле. 2 ставкага жакын иштеген мугалим 500 сомго жетпеген акча алчу. Азыр 5000 сом акча алат. Акаевдин убагында бир дагы жолу айлыгын толук албаса, азыр ай сайын берилип жатат. Мындан тышкары ушул болор-болбос акчадан райондук маданият, спорт, ден-соолук фонду деп ар бир мугалимден 5 сомдон кармап калчу эле. Анан буудай базарда 2 сом болсо, 3 сомго аласыңбы-албайсыңбы зордоп берчү эле. Акаевдин падышачылыгында эмгек стажы үчүн төлөнбөгөн акчаны азыр Бакиевден алып жатабыз. Бакиевди колдойбуз, анан кимди колдойбуз? Падыша жакшыбы - жаманбы баары бир колдош керек. Акаевди дагы өтө сыйлаганбыз, бирок ал өзү сыйга татыктуу болгон жок.

Сүйүн. Бишкек.
«Ак-Жолдун» депутаттары чыныгы элдин үнү 23-мартта болот деп айтып жатышпайбы. Чыныгы элдин үнү качан чындык сөздү айтканда гана, кайсы жерде болбосун акыйкаттыкты айткан жерде чыныгы элдин үнү болот.

Атын атабаган угурман. Пенсионер.
Мен айылда жашайм. Эмне үчүн мал жайлоого чыгыш үчүн ар бир малдан 86 сом кармайт? Анда айыл эмне болот? Малы, жаны жок болсо же завод жок болсо. Ушуну карашпайбы? Кымбаттата бербей.



18 март, 2010

Өкмөт менен оппозиция ортосунда соодалашуу мүмкүнбү? 17- мартта Элдик Курултайдын талаптарына өкмөт моюн сунабы?

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Элдик курултайда көтөрүлгөн маселелер оппозицияга эле тийиштүү эмес, бул жалпы элдин көйгөйү. Оппозиция болгону ошолорду топтоштуруп бийликтин көңүлүн бурууга аракет кылып жатпайбы. Ал эми өнүктүрүү боюнча борбордук агенттик өкмөттү башкарып атат. Бул дагы элдин кыжырын келтирип жатат.

Атын атабаган угарман:
Өкмөттүн баа саясатын эч ким колдобойт. Андыктан Нарындыктардай болуп тик турсак болот эле.

Зуура. Ысык-Көл:
Бийлик кечеки элдик курултайда көтөрүлгөн маселелерге көңул бурбайт. Элдик курултайга аймактардан барып катышабыз дегендер чоң тоскоолдуктарга дуушар болду. Бийлик элдин толкунунан коркуп ошон үчүн катуу кысымга алып жатат. Эмнеге бийлик биздин укуктарыбызды тебелейт?

Абдубали. Бишкек
Оппозиция менен бийликтин ортосундагы соодалашуу элге пайда алып келбейт. Бийлик эптеп күнүмдүк кызыкчылыгын ойлоп алдап коет. Андыктан оппозиция артка кайтпашы керек.

Базаркүл. Ош:
Оппозиция менен бийликтин соодалашуусу мүмкүн. Ошол эле Каптагаев, Отунбаева, Сариев, Текебаевдар мурун бийлик менен кошо иштешкен. Кийин кызматан алып салса эле, оппозиция болуп чыга келди. Азыр эл оппозицияга дагы, бийликке дагы ишенбей калды. Эл кыйналып турат.

Кубаныч. Бишкек:
Оппозиция өкмөттү алмаштыра албайт. Оппозицияда мурдагы эле лидерлер, эски эле стратегия менен чыгып жатышат. Эгер жаңы көз караш менен чыкканда, анда демократиялык система түзүүгө мүмкүнчүлүк болмок.

Марат. Бишкек.
Бул бийлик менен соодалашканга мүмкүн эмес. Булар “ооба» деп коюп оппозицияны алдашат. 4,5 чиновникти кызматтан кетиришет дагы, мына биз ушундай реформага бардык деп алдашат.

Сүйүн. Бишкек.
17де болгон карапайым элдик курултайында коюлган элдик талаптар аткарылса, анда бийлик менен сүйлөшүүгө болот. Эгерде ал талаптар аткарылбаса, анда такыр эле сүйлөшүүгө болбойт. Артка чегине турган биздин эч нерсебиз жок.

Атын атабаган угарман. Нарын.
Оппозиция менен бийликтин соодалашып турушу такыр туура эмес. Эл тагдыры, Мекен тагдыры-бул соода эмес. Бул баардык атуулдардын коргоого болгон ыйык милдети. Буга чейин деле оппозиция бийлик менен соодалашып, ымалага келип кызматка олтурушуп, элди таштап кеткен. Ошондойлордун азабынан кыргыз эли кыйналып бүттү. Азыркы оппозиция башчылары бийлик менен келишимге келбестен элдин талабында бекем турушу керек.

Станалиева. Кочкор.
Данияр Үсөновдун отчетун «Акжолчулар» канааттандырарлык дешти. Эмнеси канааттандырарлык? Светти кымбаттатса, «Северэлектрону» арзан сатса, көлдөгү пансионатты 25 миң сомго арендага берсе, казактарды аяп, элдин канын сооруп бүттү. Данияр Үсөнов эл үчүн күйбөйт. Оппозициялар Данияр Үсөновдун ордун алалы деген жок. Алар эл үчүн күйүшөт.

Атын атабаган угарман. Нарын.
Сиздердин радиону уктуруу убактысын көбүрөөк кылып койсоңор. Кыргыз өкмөтүнүн берген программалары бүт сүрсүгөн маалыматтар болуп жатат. Жалгыз эле силердин берүү объективдүү маалыматтарды берип жатасыңар.

Атын атабаган угарман:
Мен Мелис Эшимкановдун сүйлөгөн сөздөрүнө таң калып жатам.

Жаныш. Бишкек.
Оппозиция элдик курултайда койгон талаптарды бийлик аткарыш керек. Бирок, алар талаптарды аткарбайт го.

Бактияр. Ыссык-Көл.
Мен бийликтин бир да саясатын колдой албайм. Бийликтин жүргүзгөн экономика саясаты болобу же башка тармагы болобу - бардыгы бирдей.

Асанкулова. Бишкек.
Мелис Эшимканов дагы эле оппозицияга асылып жатпайбы. Курултай кечээ сонун эле өттү. “Бул оппозициянын чакырган чакырыгы, бул кайсы жактан келген эл?” деп Улукбек Ормонов элди кемсинтип сүйлөп жатат. Өздөрүнөн башка эл эл эмес бекен? Бул курултай жарабайт, анча-мынча көчөдөн келген элдер сүйлөйт дейт. Ушинтип олтурса эл кантип ынтымакка келишет?

Атын атабаган угарман. Кочкор.
Рашид Тагаевдин айткандарын туура эмес деп кабыл алдым. Андан бөлөк адамдар, «Ак-Жолду» колдобогондор, оппозицияны колдогондор дагы элдер.

Гүлжамал.
Өкмөт менен оппозиция ортосундагы эсептешүүлөр болот. Азыр биз эч кимге ишенбей калдык. Азыркы бийликке дагы оппозицияга дагы ишенбейбиз.

Диля. Бишкек.
Өкмөт башчылары оппозиция койгон талаптарды аткарбайт деп ойлойм.



17 март, 2010

Атын атабаган угарман:
“Ак Жолдун” депутаттары айтып жатпайбы, бүгүнкү курултай элдик курултай эмес деп. Мен айтайын дегеним, дал ушул бүгүнкү иш-чарада элдин мүдөсү айтылды. Ал эми, бийлик чакырган курултайга жалаң бийликтегилер барат. Андыктан, алар элдин көйгөйүн көтөрөөрүнө ишене албайм.

Атын атабаган угарман. Ала-Бука:
Бакыт Бешимов элдин кызыкчылыгын көздөгөн мыкты жигит. Азыр минтип чет жакта баш калкалап жүрөт. Андан көрө Бакиев менен келишип иштесе, анча-мынча министрлердин ишин кыйла мыкты аткармак.

Жылдызбек. Бишкек:
“Жоголгон бычактын сабы алтын” дегендей мурунку президентибиз Аскар Акаевге дагы ыраазы болбогон, наалыган адамдар, аны эстеп өкүнүп жатышат го. Эгерде жаңы бийлик келип, жаңыдан баарын баштаса убакыт жөн эле кетип калат. 5-10 жылдан кийин кылычыңды ташка чап болот. Токтогул ГЭСи бузулуп же өткөндөгүдөй болуп токтоп калса, электр энергиясына дагы төлөбөй калабыз. Өзүм дегенде табып жатпайбызбы. Болгонду болгон деп жатпайбызбы. Биз жашаган жерде жашоо биз ойлогондой эмес. Президент мамлекетти гүлдөтүп жибере албайт. Баштаган ишин аягына чыкпай калышы мүмкүн. Бирок, биз жашап жаткан нугубузду башка жакка буруш керек деп ойлойм. Бул нукта дагы жашап көрдүк. Бийликтен күткөн үмүтүм бар. Бийлик элдин колунда – кууйм десе кууп, түшүрөм десе түшүрүп жиберет. Ошон үчүн Ынтымак курултайын колдоймун.

Мирлан. Ыссык-Көл:
Оппозициянын курултайын бүткүл Ыссык-Көл тургундары колдойт. Азыркы бийликтин курултайына эч ким кошулбайт.

Атын атабаган угарман:
Урматтуу биздин бийликте олтургандар! Тарифтерди туура эмес кымбаттатып жатышат. Эмне үчүн өзүбүздө турган сууну өзүбүзгө эмнеге кымбаттатып жатышат? Ошону арзандатып коюшун суранат элек.

Абдували. Бишкек:
Ак-Жол фракцияларынан элдик курултайды элдин атынан сүйлөөгө акысы жок деп айтайын дедим эле. Бул Ак-Жол партиясы бүт эле чыгарган өкүмдөрүн бүт элдин атынан колдоп жатышпайбы. Булар бийликтин же байлыктын кулубу? Элден сурабай эле элдин атынан бүт баарын колдоп берет.

Таалай Акылбеков. Кочкор:
Оппозициянын курултайын колдоймун. Светти арзандатыш керек. Кочкор районундагы менин кошуналарым акчаларын төлөй албай ыйлап жатышат. Ак-Жол партиясы радиодон айтып оппозициянын курултайы курултай эмес деп жатышат. Эл эл эмес бекен. Эл толкуса көл болот деген макалды билишет бекен? Бардыгы элдин колунда. Элдин жашоосу кыйналып кетти. Мисалы, мен жашмын. Эмне кылсам да кутулам. Ал эми кары-картаңдарга 200 сом пенсиясын кошуп коюп, коштум деп жатышат. Жаштар эптеп грузчик болсо да акча табышат. Калгандары болсо кыйналып эле жатышпайбы.

Какиш. Нарын:
Элдин чындыгы үчүн чыркыраган үнүн, кыйналгандан келип чыккан аргасыз үндөрүн, элдик курултайда айтылганын Ак-Жолчу депутат Рашид Тагаевдин бүгүнкү айткандары өтө уят иш. Кантип элдик киши ушундай түшүнүктө болсун: “Бүгүнкү элдик курултайга келген чыныгы элдин үнү эмес” дегени. Чыныгы элдин үнү мына бүгүн анык угулуп олтурат. Ал эми 24-марттагы бийликтин курултайында айтылган сөздөр жөн гана элди дагы бир жолку алдоо, сооротуу. Ал курултайга келүүчү адамдардын, жер-жерлерде шайланган элдердин элдин сыйына ээ эмес, өз байлыгын коргогон, жер-жердердеги айыл өкмөттөрүнүн адамдары шайланып келе жатканын биз өз көзүбүз менен көрүп, билип олтурбайбызбы.

Айгүл. Ыссык-Көл:
Оппозицияда жалгыз Текебаев калды. Элдин үмүтү жалгыз Текебаевде. Текебаев аман болсун! Биз оппозиция менен.
Атын атабаган угарман. Кызыл-Кыя:
Биз Би-Би-Сини уга албай жатабыз. Ошону айтайын дедик эле.

Үпөл:
Би-Би-Си! Сиздерге чоң рахмат. Элдин үнүн обого чыгарып, бүткүл элдин мууңун угузуп, алардын ички көйгөйлөрүн угузганыңыздарга абдан ыраазыбыз. Мен генерал Исаковдун коргоо комитетинин атынан сүйлөп жатам. Исаков эл жүгүн арткан эр азаматтардын бири. Анын камалышы Алай элин тынчтандырып жатат. Кечээ эле тоо ташка таянып, кыя жолго салып жүрүш жасоонун өзү эле бул элдин укугун бийлик тибелеп жаткандыгы деп түшүнөбүз. Алайда акыркы күндөрү ОМОНдор менен милиционерлер көп. Алайда согуш башталдыбы же Алай эли душмандык кылып жатабы? Алар өзүнүн уулу Исаковду бошотууну талап кылып жатышат. Ушул күнгө чейин аны бийлик укмаксанга салат. Эгерде дагы ушундай улана берсе, канчага чейин эл чыдайт?

Атын атабаган угарман:
Мен дагы Би-Би-Си передачасына кошулат элем. Болгон чындыкты абдан айтып жатышат. Рахмат.

Атын атабаган угарман:
Би-Би-Сини укпай калдык. Өчүрүп салышты. «Миң кыял» радиосунан концертти коюп, Би-Би-Сини өчүрүп салды. Укпай калдык.

Турат. Бишкек:
Менин айтарым “Азаттыкты» обого чыгарбаганы, кээ бир электрондук сайттарды чыгарбаганы, гезит беттерине Гуревич боюнча маалыматты жаздырбаганы, Алайлыктардын атчан жөө жүрүшүнө тоскоолдук кылгандырынын баарын эл билиш керек. Ушунун барын Би-Би-Си берип жатат. Рахмат. “Азаттык” чындыкты жазып, чындыкты берчү эле. Бийликтегилер “Азаттыкты” обого чыгарбай коюшунун себеби, эл азыр Алайдан, Нарындан баштаg толкуй баштады. Азыркы маалыматка караганда эл жөө жүрүштү тоскоолдугуна карабай, тоонун боору менен көчөнү карап кетип жатышат. Ошону эл билсе. Эл электр энергиянын көтөрүлгөнүнө кантип чыдайт? Чыдабайт.

Таалай. Кочкор:
Ынтымак курултайына мен таптакыр каршымын. Светти арзандатпаса эл кыйналып жатат. Бийликтегилер өз кызыкчылыгы үчүн жасап жатышат. Бийликке татыктуу адамдар келиш керек. Бийлик аны түшүнгөн жок.

Нурдин. Бишкек:
Светтин баарын кымбаттатса эл ДаниярҮсөновдун үйүнө барып жашайлы анда.
Атыркүл Карасаева. Бишкек, пенсионер:
«Азаттык» деп Отунбаева чыгып жатат. Анын жашоосу коркунучта. Чындыкты айтам деп чыркырап ажалга кабылып калба. Булар адамды аяшпайт. Адамды чымын ордуна көрүп калышкан. Эмнени айтып, эмнени коюшту билбей калдың.

Атын атабаган угарман:
Президенттин айткан сөзү бар эле “эл өкмөт үчүнбү же өкмөт эл үчүнбү” деген. Азыр андай болбой жатат го.

Атын атабаган угарман. Пенсионер:
Исаковду Бакиевден кечиримди кайсы кылмышы үчүн сурайт? Ал эмне өзү багып, өзү өстүрүп алган бала беле? Кичинекей бала эмес да. Генералдардын алды. Эми адамды алдаган дагы туура келбейт. Барын кымбаттатып эми Ынтымак курултай деп жатышат. Ынтымагын коюп туруп согуш чыкпаса экен деп коркуп олтурабыз.

Атын атабаган угарман. Кочкор:
Мен Ынтымак курултайына такыр каршымын. Светти эртерээк арзандатышсын да. Бийликтегилер өз кызыкчылыгы үчүн гана отурушат. Бийликке келерде карапайым элдин үмүтүн жактайбыз деп келген.

Шергазы. Балыкчы:
Ынтымак курултайынын делегаттарына жалаң дежурлар шайланды. Бир карапайым элге күйгөн адам жок.

Замира. Бишкек:
Мен коммуналдык услугаларды кайрадан ордуна келтирүүнү суранат элем. Болбосо Нарын, Алай элдерине кошулуп чогу митингге чыгабыз. Кыргыз эли оппозиция менен.

Айсана. Бишкек:
Элдерге павильондорду, киоскторду берип коюшат дагы 2, 3 жыл өткөндөн кийин алынсын деп жатышат. Карапайым эл деген чоң супермаркеттерди курууга бийликтеги бай эмес да. Же башынан эле уруксат бербеш керек болчу. Эл-журтту оюнчук кылган болбойт да.

Асанкулова. Бишкек:
Азыр бир байбиче Акаевдин учурунда оппозиция кайсы жакта эле деп сүйлөбөдүбү. Ал убакытта нан 5 сом, сахар 16 сом болчу. Сариев, Текебаевдер шайланган убакта ушуларды кымбаттатпай, элди, жерди саттырбай, сууну саттырбай баарын кармап турган ошолор болгон. Эми ушундай сөздөрдү кичине абайлап, байкап сүйлөбөйбү? Эл кыйналып жатат.

Алмаз. Бишкек:
Мени бүт коммуналдык услугалардын баары кымбаттаганы таң калдырды. Биз өзүбүздүн айлык акыбыз менен дагы берип бүтө албай жатабыз.



16 март, 2010

Бакыт. Бишкек:
Президент айтып жатат Кыргызстанда сөз эркиндиги бар деп. “Азаттыкты” муунтуп жатышат. Ал эми өкмөттүк маалымат каражаттар болсо бир кишинин этегине намаз окуп жатпайбы.

Кабыл. Бишкек:
Элди чакыраарым маңкурт болбой эртең укугубузду коргоп алалы. Мурунку Акаев бийлиги Бакиевке сабак болушу керек эле го.



15 март, 2010

Алымбек. Ош шаары.
Бүгүнкү митингти жергиликтүү бийликтер эле таратып салды. Элдин баары азыркы бийликтин кемчилигин айтып чыкпаса, жалгыз жарым чыккандарды оңой эле таратып салат.

Эмилбек. Бишкек.
Бакиев электр жарыгынын кымбатташы боюнча атайын комиссия түзүп, туура эмес көтөрүлгөн болсо жоопко тартабыз деген эле. Эми өкмөт башчы артка кайтпайбыз деп жатпайбы. Биринин сөзүн экинчиси жокко чыгарса бул кандай болот?

Айнагүл. Бишкек.
Баалар кымбаттаганына байланыштуу өкмөт 200 сомдон жардам бергенин коюп кымабаттатпай эле койсо болмок. Мектеп мугалимдери арасында да нааразылыктар болуп жатат.

Тынчтык. Бишкек.
Нарындагы, Алайдагы элдин талабы туура болуп жатат. Алардын койгон талаптары чындык болуп жатат.

Мира. Талас.
Бийликтин кемчилигин айтып, туура эмес саясатын айтып чыккан оппозицияга ыраазычылык билдиребиз.



11 март, 2010

Нурлан. Бишкек:
Ынтымак курултайын өткөрбөй эле койсо болот эле, мен буга каршымын.

Сүйүн. Бишкек:
23-мартта боло турган бийликтин курултайына мен ишенбейм. Мен азыркы өкмөттүн баа саясатын колдобойм, андыктан 17-мартта оппозициянын курултайына барам.

Атын атабаган угарман:
Ынтымак курултайына делегаттарды аябай тандашты. Андыктан ага келгендер эч чындыкты айта албайт. Эгер курултайга чындап эле каалоочулар келип, негизги көйгөйлөрдү көтөргөн болсо анда ишенет элек.

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Ынтымак курултайы элди ынтымакка чакыраарына ишенүү мүмкүн эмес. Себеби кымбатоолордон улам, эл нааразы. Эртең же бир канча жылдан киийн жашоо оңолуп кетет деген так программа жок болсо, тарифтер жарым жылдан кийин дагы кымбаттайт десе эл кантип бийликке ишенсин& Ошон үчүн митингке чыгып жатышпайбы.

Атын атабаган угарман. Нарын:
Биз жакында Грециянын кейпин киебиз. Бизди оппозиция деле шыкактаган жок. Алган акчабыз бир жарым миң сом болсо эмнебизге жетет? Ошон үчүн Нарын эли нааразычылык акцияларга чыгып жатат.

Алмаз. Нарын:
Эмне үчүн Нарын менен Алай өкмөттүн баа саясатына каршы чыгып жатат же башкалар үчүн баары бирби же коркуп жатышабы?

Эрмек.Ош:
Мен Ормонов менен Трудубаевдин сөзүнө таң калып жатам. Алар кайсыл жөлөк пулду айтып жатышат. Ынтымак курултайына ишенбейм, бул жөн гана элди алдоо.

Асаналиев Талант. Бишкек:
Бул бийлик менен оппозициянын курултайы элди чабыштырган курултай болот го. Түндүк- түштүк маселеси курчуп кетет го.

Темир. Бишкек:
Ынтымак курултай дегендей эмне бири-бирибиз менен согушуп жаттык беле башкача ат койсо болмок.

Ажыбек. Нарын:
Ынтымак курултайы эч нерсени чечпейт. Мен светтин акчасын төлөбөйм, мындан ары дагы нааразычылык акцияларга чыга берем.

Атын атабаган угарман. Чүй:
Элдик курултайга дежур чалдарды, чоңдорду, байларды чогултушту. Андыктан мен ага ишенбейм.

Эрмек Алтынбаев. Жалал-Абад:
Эки курултайдан тең жакшы жыйынтык чыгаарына мен ишенбейм. Себеби, оппозициянын өзүндө ынтымак жок. Ал эми өкмөт электр энергиясын кымбаттатып, анан элге компенсация бербей эле, ошол акчаларды чогултуп энергетика тармагын оңдоп алса болмок. Ал эми тарифтерди кымбаттатбай эле койсо жакшы болмок.


10 март, 2010

Омбудсмен айткандай, саясий талаптарды койо туруп экономикалык жагдайды жайгарып алуу туурабы?

Чынар. Ыссыккөл:
Турсунбек Акун эки фронтто ойнобосо жакшы болот эле. Электрдин кымбатташына бир эле Нарын эмес, бүт Кыргызстан нааразы болуп турат. Чыйкан деле толо берип жарылат. Элдин чыдамы кетип, жарылып жатат. Турсунбек антип саясатташып кетти деп айтпасын. Акыйкат болсун.

Шаршеев:
Нарындыктардын талаптары эң туура. Турсунбек Акун бийликке жагынып, экономика менен саясатты аралаштырбагыла деп жатат. Бул экөөнү кантип бөлүүгө болсун?!

Гуревич сыяктуу адамдарды Кыргызстанга жолотпош керек болчу. Миллиондогон акчаларды кайда жибергени белгисиз. Эми кат менен коштошкону эмнеси?! Өз кадрларыбыз тентип жүрсө, каяктагы адамдарды алып келип мамлекетти башкартканыбыз туура эмес. Эми Гуревичтин айланасындагы адамдардын баарын текшерип, күнөөлүүлөрү болсо кармап бериш керек.

Эрмек. Ош:
Турсунбек Акундун сүйлөгөнүнө биз такыр кошулбайбыз. Элдин баары кыйналып жатат.

Сагын. Бишкек:
Саясатты экономика туудурат. Турсунбек Акун саясатташып кетти дегени туура эмес. Албетте, электр энергия кымбаттап жатса, саясатчылар үн катыш керек да.

Мусабек. Базаркоргон:
Турсунбек менин түшүнүгүмдө Омбудсмен эмес. Нарында болуп жаткан, Алайда болуп жаткан нааразылыктарга бүт Кыргызстан кошулат.

Бектур. Бишкек:
Электр энергиянын кымбатташы бир саясатчылар же экономисттер эмес, жалпы Кыргызстанга тиешелүү маселе.

Мирбек. Карасуу:
Нарындыктар Турсунбек Акундун айткандарына арданбасын. Биз аларды колдойбуз.

Адыл. Нарын:
Турсунбек Акунга түшүнбөй жатабыз. Элдин баары эле талаптарын айтып жатпады беле. Өзүнөн өзү саясатташып кетти бул маселе.

Майрамбек. Бишкек:
Акылбек Жапаров менен Данияр Үсөновду кызматтан кетирмейин Кыргызстан оңолбойт. Жапаров кой, уйга паспорт берүү керек дейт. Эми тоокторго дагы паспорт чыгарып, анан абага салык киргизип коюшсун.

Фарида. Бишкек:
Нарындыктар азаматсыңар! Дагы деле өзүңүздөрдүн укугуңуздарды коргоп чыга бериңиздер.

Атын атабаган угарман:
Акыйкатчы мурун пикетке чыгып жүргөндө кайда экен? Нарындыктар туура сунушту сүйлөп жатышат. Биз колдойбуз! 17де баарыбыз чыгышыбыз керек.

Раимбек Нурманов:
Саясат менен экономика тыгыз байланышта.

Асель Жапарова:
Мен Нарындагы митингте болуп келдим. Эмне үчүн Исмайил Исаковду колдогонго болбойт? Аны кыргыз эли бүт колдоп атат. Светтин дагы мага кереги жок. Ал ансыз деле кымбаттап, өчүп жатат. Мен Исмайил Исаков үчүн чыгам.

Салия:
Бийликтегилер кыргыз элин келесоо деп ойлоп жатышабы? Элдерде холодильник, килем болсо ачып-кычыган тамакты жеп отравление болуп олтура бериш керекпи? Бийликтегилер өздөрү холодильниги жок, килеми жок жашап көрүшсүнчү? Эл туура кыласыңар.

Нурлан Абдрахманов. Кара-Кол:
Мен Нарындыктарды колдойм. Турсунбек Акунга кошула албайм. Ал саясатты токтотуп, биринчи экономика маселесин чечип алсын деп атпайбы? Негизгиси саясатта болуп атпайбы. Саясатка аферисттерди алып келип алып, баарын кымбаттатып жатышат. Биринчи кезекте саясат менен экономиканы чечиш керек.

Атын атабаган угарман:
Алгач саясат маселесин чечпесе, экономиканы чечүү мүмкүн эмес.

Атын атабаган угарман. Ош:
Биз Турсунбек Акундун айтканына каршыбыз. Убагында Акаев маалында Бакиев өзү “Түндүкэлектрону» сатканга каршы чыккан. Биз ызаланып атабыз.

Рустам. Ат-Башы:
Турсунбек Акундун жогоруда айтып кеткенине биз кошулбайбыз. Ал жерде 3 - 4 миңден ашык киши өздөрүнүн көйгөйлөрүн айтууга аракет кылды. Бирок бул саясаттан экономика көтөрүлөт.


9 март, 2010

Кыргызстанда электрди чектеп берүү өнөкөтү токтотулду. Электрдин үзгүлтүксүз бериле баштагынын сиз кандай кабыл алдыңыз. Кыргыз өкмөтүнүн мындай кадамына ыраазысызбы?

Майрамбек. Ыссык-Көл:
Электр энергиясын чектеп, 1-2 жылдан бери тарифти кымбаттатып светти күйгүзүштү. Муну менен эми эч кандай деле пайда жок.

Осмонова. Балыкчы:
Светтин баасы кымбат бойдон калып, бирок өчүрбөй калышынын элге эч кандай пайдасы жок.

Нурлан. Кара-Кол:
Светти таакыр эле өчүрүп салса болот. Ансыз деле кымбаттап, төлөй албай кыйналып жатабыз.

Чынара. Бишкек:
Светти ар бир датага арнап өчүрбөй, таакыр өчүрүп салса болот. Мурун эле ойлоп тандаган пландары да. Өлкөнү оюнчуктай эле көрүп жатышат. Акылбек Жапаров Нарындын губернаторун алып таштады. Андан көрө өзү кетсе болмок.

Батма. Талас:
Буга эч ким сүйүнбөйт. Элди түшүнбөйт деп ойлошпосун. Эл абдан нааразы булардын кылган кылыгына.

Атын атабаган угарман:
Светти кезектеп өчүрүүнү токтотконун мен жооткотуу деп ойлойм. Себеби, жаз жакындап келип жатпайбы. Бийликке элдин көпчүлүгү нааразы. Көпчүлүгү жакыр жашайт. Ошончолук эле элди ойлосо кыштын кычыраган суугунда светти эки эселеп кымбаттатып өчүрбөй коюшат эле го.

Кадича. Бишкек:
Эмне үчүн биз бийликке ыраазы болушубуз керек? Светти өчүрбөй койгондугу үчүнбү? Бул деген элдин менчиги. Бийлик кышы менен бизге свет бербегендиги үчүн жооп бериши керек.

Атын атабаган угарман. Бишкек:
Аккан суу түгөнбөйт болчу эгер биздин жетекчилер ак иштеп, так иштеп, ууру кылбаса. Ошол үчүн азыркы светти өчүрүшүп, элден уурдагандыгы үчүн свет жетпей жатты да. Бул жөн гана элдин көзүнө чөп салган нерсе. Антип өкмөт башчылары, мамлекетти башкаргандар эл көзүнө чөп салып жеңил авторитет алганына уялса боло?

Кайыркүл. Нарын:
Электр энергиясына чектөөнү алып салгандыгы өкмөттүн мен үчүн жана үй-бүлөөм үчүн эч кызыксыз жана кубанычтуу деле эмес. Электр энергиясынын кымбаттаганына байланыштуу өзүбүз деле үнөмдөп жатпайбызбы. Мен үчүн эң жакшы кабыл алуу Нарындын губернатору Тынчтыкбек Чекиевдин кетиши. Өкмөткө бул үчун рахматымды айтамын. Нарын өрөөнүнө Субаналиевден өткөн жетекчи табылбайт жана иштей албайт.

Жекшен. Бишкек:
Светти өчүрүүнү токтойпой эле уланта бергени жакшы. Антпесе төлөмдөр кымбат чыгып келет. Токтотконго чейин эле 1500-2000 сом болуп жатат.

Кубанычбек Алымжанов:
Электрдин үзгүлтүксүз бериле баштаганы менен акчабыз жок, колдонгон жокпуз. Өкмөткө ыраазы эмеспиз. Анткени, элдин байлыгын менчикке сатып ийди. Эми менчик ээси светти өчүрбөйт, бааны кымбаттатып, элди мындан да жаман азапка салып, шорун катырат.

Максат. Бишкек:
«Северэлектрону» 3 миллионго сатканын эл биле элек. Свет менчикке өткөнүнө, кымбаттаганына байланыштуу өчпөй калган.

Атын атабаган угарман:
Учурда электр эсептегич деген бир балээ пайда болду. 1 киловаттын ордуна 2-3 киловатт соруп турушат. Ошонун эсебинен биз абдан көп төлөп атабыз. 1 айда 1500 сом төлөйт деген эмне жакшылык.

Шаршеев:
Электр энергиясын үзгүлтүксүз бере баштаганына Кудай бизге кар, жамгырды көп берип, Токтогул суу сактагычындагы суу деңгээли жогору болгону себеп болду деп эсептейм. Бирок, муну өкмөт өзү жасап койгон иштей көрсөткөнү туура эмес. Өкмөт эми мындан кийин дагы энергетикалык оор абалга дуушар кылбаса болду.

Орузбай:
Жылуу мезгил башталганда гана электр энергиясын үзгүлтүксүз бере баштаганы кимге кереги бар. Кыйын болсо, кышында ушундай кылбайт беле?

Жамиля:
Бишкектин Октябрь районунда жашайм. Калп айтып жатышат. Бизде дагы деле түнкүсүн свет өчүп жатат.

Жамал. Беловодский:
Светтин өчпөй калганына эмнесине сүйүнөбүз. Лампочкаларыбызды аларсыз деле өчүрүп коюп олтурабыз. Эки эсе кымбаттап кетсе, кенен жага алмак белек.

Асанбек. Бишкек:
Тарифти көтөргөнгө каршымын.

Айжамал:
Буга өкмөт электрдин кымбатташына күнөөлү.

Мирбек. Карасуу:
Электр энергияны токтотпой беребиз дегени убактылуу эле көрүнүш. Элди алдай беришет. 5-6 айдан кийин кайра өчүрө башташат. Биз бийликке ишенбей калдык.

Эмилбек Кулматов. Бишкек:
Кургакчылык жылдары деле свет күйгөн илгери. Азыр неге Токтогул суусу кемиди деп эки жыл бою светти өчүрүштү. Буга ким жооп берет?

Асылкан:
Светти өчүргөндү элди кыйнап бүткөндөн кийин токтотушту. Биз электрдин баасына чыдабай калдык. Нааразылык чыга берет эми. Токтобойт.


8 март, 2010

Интернетти колдонуу адам укугу деп эсептейсизби?

Оңолбек Шаршеев:
Би-Би-Синин кыздарын 8-март майрамы менен куттуктайм. Ал эми интернет жөнүндө айтсам, бул айрыкча жаштардын колундагы маалымат алышуучу, демократиялык коомду куруучу курал болуп калды. Биз дагы аны үйрөнүп алып колдонобуз. Интернетке

 
 
акча Акчалуу партиялардын
акчасын алып, бирок өз билгендей добуш берүү туурабы?
 
 
"Калп детектору" "Калп детектору"
коррупциядан арылууга жардам береби?
 
 
шайлоо Шайлоо күрөшү тынч өтөт деп
ишенесизби, канткенде тынч өтөт?
 
 
мунапыс Мунапыс берилгени туурабы
же сот жообуна тартыш керекпи?
 
 
мугалим Сиздин биримчи мугалимиңиз
же жакшы көргөн мугалимиңиз ким болгон?
 
 
газета Кайсы партияларды
жакшы билесиз?
 
 
балдар Ошто окуу
жылын артка жылдырыш керекпи?
 
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат