Skip to main contentAccess keys helpA-Z index
BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 02 Март, 2010 16:48 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
Дарыгерди кызматтан алуу энелердин өлүмүн азайткан жок
 
Өткөн жылы эки айга жетпеген убакытта бир эле төрөт үйүнөн 6 эне мерт болгону коомчулукту дүрбөлөңгө түшүргөн.
Өткөн жылы эки айга жетпеген убакытта бир эле төрөт үйүнөн 6 эне мерт болгону коомчулукту дүрбөлөңгө түшүргөн.
Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрлиги энелердин өлүмүнө күнөөлүү деп табылган баш дарыгерлерди жумуштан алуу жазасынан баш тартып, сөгүш берүү менен чектелди.

Анткени, өлкө боюнча медицина тармагында адистердин жетишсиздиги чоң көйгөйлөрдү жаратууда.

2009-жылы өлкө боюнча 97 эне төрөттөн каза таап, анын 27си дарыгерлердин күнөөсүнөн болгону аныкталса, 49у өнөкөт оорусуна байланыштуу сактап калууга мүмкүн болбогон. Дагы 21 аялдын өлүмүнө ким күнөөлүү экени талашты жаратууда.

Өткөн жылы эки айга жетпеген убакытта бир эле төрөт үйүнөн 6 эне мерт болгону коомчулукту дүрбөлөңгө түшүргөн. Оорукананын жетекчилери кызматтан алынып, кылмыш иши да козголгон. Бирок, мындай чаралар энелердин өлүмүн кыскартууга таасир бербегендигин адистер белгилешүүдө.

Саламаттыкты сактоо министри
 “Ар бир өлүм боюнча укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, күнөөлүүлөр өз жазасын алат, андыктан министрлик сөгуш менен гана чектелүүнү чечтик”
 
Марат Мамбетов

Саламаттыкты сактоо министрлигинин кезектеги отурумунда энелердин өлүмүн кыскартуу боюнча бир катар жетекчилер кызматынан алынат деп күтүлгөн.

Бүгүнкү жыйында жооптуу кызматкерлерди жумуштан алуу менен абал оңолбой тургандыгы, алардын ордун баса турган кадрлар жок экени баса айтылды. Анткени, акушер-гинекологдор өлкө боюнча өтө тартыш дейт Сокулук аймактык ооруканасынын башчысы Замир Момбеков. Бул төрөт үйүндө өткөн жылы 3 эне көз жумган.

Саламаттыкты сактоо министри Марат Мамбетов энелердин өлүмүнүн саны өсүп жатканын себебин териштирүү максатында ар бир жооптуу кызматкерди угуп чыккан сон, өз чечимин жарыялады.

“Ар бир өлүм боюнча укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, күнөөлүүлөр өз жазасын алат, андыктан министрлик сөгуш менен гана чектелүүнү чечтик” дейт министр Мамбетов.

2009-жылдын август айында, Бишкектеги перинаталдык борбордо кыска мөөнөттүн ичинде 6 аял каза болгону ачыкка чыгып, коомчулукта кызуу талкууланган болчу.

Бул борбордогу окуялардан кийин энелердин өлүмү боюнча маселе Жогорку Кенеште да талкууланып, Саламаттыкты сактоо министрлигинин дарегине бир катар сын-пикирлер да айтылган. Анда оорукананын баш дарыгери, орун басары кызматтан алынган.

Бирок, жаңы жетекчилик дайындалгандан бир жума өтпөй, ал жерде дагы эки аял көз жумган. Перинаталдык борбордун жаңы жетекчиси Мира Султанова бул окуялардын чоо-жайын мындайча түшундүрөт:

“Республикалык төрөт үйү жабылып, бизге оорулар абдан көп келип жаткан убак болчу. Бир күндө 35 төрөт кабыл алып жатканбыз. Согуш майдандагыдай шартта иштеп жаттык, бардык операциялар күндүзгү маалга туш келип, 7 операцияга чейин болуп атты. Биз жаңы кызматка келгенден 3 күндөн кийин бир эне каза болуп калды. Ал башынан бери геппатит менен каттоодо турган аял экен, өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк болбоду. Аз өтпөй дагы бир аял көз жумду. Ал операцияга макул болбой өзүм төрөйм деген. Бирок төрөт убагында кыйналып, кесерово кылганга туура келди. Тилекке каршы, бир нече күндөн кийин каза болуп калды. Азыр бул иш боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жатат” дейт Мира Султанова.

Энелердин өлүмүнүн себебин иликтеген топтун маалыматына караганда, көп учурда аялдардын өнөкөт оорулары өлүмгө алып келет. Көп аялдар бойдо бар кезде медициналык кароодон өтүшпөйт, начар тамактанышат, ден-соолугуна кайдыгер карашат.

Саламаттыкты сактоо министрлиги энелердин өлүмүн азайтуу бир гана министрликтин колунан келчү иш эмес экенин моюндап, жалпы коомчулукту жардамга чакырууда.

Ал эми дарыгерлердин катасынан мерт болгон энелер үчүн ким кандай жоопкерчилик алаары 9 ай сыноо мөөнөтүнөн кийин угузула турган болду.

 
 
Атыңыз
Фамилияңыз*
Дарегиңиз
Өлкөңүз
Email
Телефонуңуз*
* Кажет деп тапсаңыз
Пикириңиз
 
  
Сиз тууралуу жеке маалыматтар Би-Би-Си Кыргыз кызматы тарабынан сиздин суроону аткаруу үчүн гана колдонулат.
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат