|
Оппозиция энергия бааларын көтөрүүгө каршы
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
Кыргызстандын оппозициясы электр энергияга жана жылуулукка баалардын кескин көтөрүлүшүнө байланыштуу калкты нааразылыкка акцияга
чыгууга чакырууда.
Алардын айтымында, өкмөттүн баа саясаты элдин жашоо турмушунун деңгээлин эсепке албагандык болуп саналат.
Андан сырткары бааларды көтөрүү тар чөйрөнүн кызыкчылыгы үчүн багытталган кадамдар деп эсептешет. Оппозиция буга чейин дагы бир нече жолу нааразылык акцияларга элди чакырган, бирок, ага коомчулуктун калың катмары кулак салган эмес. Өкмөт электрдин баасын 72 тыйындан бир жарым сомго, жылуулуктун дээрлик беш эсеге көтөрүлүшүн - энергия системасын кыйроодон сактап калуу жана бааларды эл аралык стандарттарга жакындаштыруу кадамы катары түшүндүргөн. Бирок оппозициялык “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өкмөттүн баа саясаты тар чөйрөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн гана жүргүзүлүүдө деп сынга алууда. “Тарифтердин эселеп көтөрүлүшүн кыргыз элинин жана улуттук экономиканын кызыкчылыгына жооп бербеген кадам деп эсептейбиз. Бул элге каршы аракет. Бул аракеттер эптеп базардагы баасын чыгарып, Кыргызстандын энергетикалык объектилерин сатып жиберүүнүн амалы”, - деди оппозиция лидери. Ошого байланыштуу “Ата Мекен” партиясы жалпы Кыргызстан атуулдарына кайрылып, өкмөттүн мындай кадамдарына каршы нааразылык акцияларына чыгууга чакыраарын билдирди. Анын айтымында бул акциялар саясий мүнөздө эмес, социалдык негизде болушу ыктымал.
“Бүтүндөй карапайым калкка, коомдук уюмдарга кайрылып буга каршы чыгууга чакырабыз. Күрөштүн формалары ар кандай болушу мүмкүн. Пикет, митинг, жыйналыштар түрүндө. Социалдык нааразылыктарды өткөрүүнүн тартиби башкача, бул саясий талап эмес”, - деди Текебаев. Энергияга баалардын кымбатташы – кандай болбосун, калк арасында нааразылыкты пайда кылаарын саясий серепчилер дагы моюндап жатышат. Марс Сариев, Кыргызстанда буга чейин элеттик тургундар саясий активдүү болуп келген болсо, бул жолу шаардыктардын козголушу мүмкүн экенин божомолдоодо. “Азыр кырдаал башкача. Жашайсыңбы же сыртта калып, суукта өлөсүңбү дегендей абал түзүлдү. Шаардыктар эс-ушун билбей турат. Февраль айында алгачкы төлөмдөр келе баштаганда анан баары көчөгө чыгышат”, - деди Сариев. Аналитиктер баалардын кескин көтөрүлүшү элдик нааразылыктарды пайда кылаары дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун далилденип келгенин жүйөө келтиришүүдө. Сариев, эң соңку мисал катары Боливиядагы окуяларды атады. Кыргызстандагы абал алсырап бара жаткан оппозицияны кайрадан жандантуу менен айырмаланышы ыктымал деди ал.
“Оппозиция стагнация болуп, жоголуп, жаңы муунга алмашуу алдында турган. Өкмөттүн бааларды кымбаттатып жибергени аларга сонун социалдын себеп түзүп беришти. Эми алар шаардыктардын күчтүү колдоосун алышат. Нааразылыктар оппозициянын отуна май тамызат”, - дейт Сариев. Электр энергиянын кескин кымбаттаганын, президент Бакиевдин командасында дагы анчейин жактырбагандар бар. Бирок, алар өкмөт элге абалды терең түшүндүрө алды жана элдин аяр катмарына жөлөк пулдарды жетиштүү бөлүүдө деп эсептешет. Парламенттеги “Акжол” фракциясынын депутаты Бегалы Наргозуев, оппозициянын чакырыктарынан майнап чыкпайт деп ишендирүүдө. “Тарифтин көтөрүлгөнү мага дагы жаккан жок. Бирок, өкмөт түшүндүрүү иштерин жакшы жүргүздү деп ойлойм. Айрымдар айтып жаткандай, элдик массалык нааразылыктар болбойт. Чакан акциялар болушу ыктымал. Бирок, чоң нааразылыктар болбойт”, - деди Наргозуев. Кыргыз өкмөтү атуулдарынан жаңы жылдан баштап, электр энергиясы үчүн эки эсеге, жылуулукка беш эсеге көбүрөөк баа бычканын өткөн аптада билдирген. Бийликтер бул кадамдар өлкөнү бир нече жылдардан бери созулуп келаткан энергия кризисинен алып чыгаарын түшүндүрүшүүдө. Бирок, серепчилер жаңы баалар катардагы кыргызстандыктардын жашоо-турмушуна катуу сокку болгонун айтышып, абалды “өйдө тартса
өгүз өлөт, ылдый тартса араба сынат” деген элдик макалга салыштырып турган кези. |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||