 |
|
| Президент Барак Обама АКШ менен Кытайдын жакын кызматташтыгы дүйнө үчүн пайдалуу болмок деп белгиледи |
Барак Обама Бээжинде Президент Хи Житао жана өлкөнүн башка лидерлери менен жолугушат.
Ошондой эле ал Шанхайда жаштар менен талкуу учурунда сөз, маалымат жана дин эркиндиги Америка гана эмес жалпы адамзатка таандык
баалуулуктар деп белгиледи.
"Биз башка өлкөгө башкаруу системасын таңуулабайбыз. Ошону менен бирге биздин улут карманган баалуулуктар бизге гана тийиш
деп ойлобойбуз. Сөз эркиндиги, саясий ишмердик, маалымат эркиндиги - булар универсалдуу укуктар. Улутуна, динине карабай
бардык адамдарга таандык болуш керек", деди Барак Обама.
 |
 "Биз башка өлкөгө башкаруу системасын таңуулабайбыз. Ошону менен бирге биздин улут карманган баалуулуктар бизге гана тийиш
деп ойлобойбуз. Сөз эркиндиги, саясий ишмердик, маалымат эркиндиги - булар универсалдуу укуктар. Улутуна, динине карабай
бардык адамдарга таандык болуш керек". 
Президент Барак Обама
|
Экономика боюнча сонку билдирүүсүндө Кытайдын лидери дүйнөлүк финансы кризиси үчүн АКШ күнөлүү деп айткан эле.
|
|
|