BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 13 Ноябрь, 2009 17:16 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
Обаманын Азияга биринчи сапары
 
Президент Обаманын Азияга биринчи барышы, ал Америка кайтып келди деген ураанды ала келди. Кытайдын кудурети күн санап артып жаткан чакта ал Азиядагы достукту чыңдоого умтулууда.

Обаманын Азияга биринчи барышы
Обаманын Азияга биринчи барышы

Обама Жапонияны жөн жерден тандап алган жок. Жапония Американын жакын союздашы, ал жерде Американын кырк жети миң жоокери жайгаштырылган.

Ал күчтөр Жапонияны гана кайтарып тим болбостон, Американын таасирин да сактап турат.

Жапонияда эки ай мурун эле бийликке келген жаңы премьер министр дагы өзгөрүүлөрдү убада кылууда.

Обама Жапонияны жөн жерден тандап алган жок. Жапония Американын жакын союздашы, ал жерде Американын кырк жети миң жоокери жайгаштырылган
Обама Жапонияны жөн жерден тандап алган жок. Жапония Американын жакын союздашы, ал жерде Американын кырк жети миң жоокери жайгаштырылган

Бирок, ал өзгөрүүлөр теңчиликке негизделиши керек дейт. Ал ортодо, Америкалык базаны көчүрүү жөнүндөгү маселени көңүлдү бузду.

Экономикасынын көлөмү жагынан Кытай жакында Жапониядан ашат. Президент Обама Кытайга да барып, андан кийин Азиянын бир нече мамлекетин кыдырат.

Обама-мания деген моданын күнү өтүп бараткандыктан, президент Обама Азия аркылуу өзүнүн беделин көтөрүүгө да умутулууда.

Азиянын өлкөлөрү ондогон жылга созулган Америкалык үстөмдүктү силкип салып, бул аймакта дүйнөлүк жаңы тартип орной баштады. Андыктан Обаманын иш сапары Американын Азиядагы таасирин сактап калууга багытталган.

 
 
Атыңыз
Фамилияңыз*
Дарегиңиз
Өлкөңүз
Email
Телефонуңуз*
* Кажет деп тапсаңыз
Пикириңиз
 
  
Сиз тууралуу жеке маалыматтар Би-Би-Си Кыргыз кызматы тарабынан сиздин суроону аткаруу үчүн гана колдонулат.
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат