Skip to main contentAccess keys helpA-Z index
BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 13 Ноябрь, 2009 17:52 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
Кытайда мектептин курашынан 3 бала каза болду
 
28 бала жабыр тартып, жергиликтүү ооруканада аларга жардам көрсөтүүлүдө
28 бала жабыр тартып, жергиликтүү ооруканада аларга жардам көрсөтүүлүдө
Кытайда эки башка провинцияда каардын калың жаашы мектептин кулашына алып келип, натыйжада 3 бала каза болуп, көпчүлүгү жаракат алышты.

Буга чейинки мектептерди оңдойбуз деген өкмөттүн убадасы балдардын өлүмүнөн кийин катуу сынга алынды.

2008-жылкы Сичуань жер титирөөдөн көп мектептер начар абалынан кыйрагандыгынан миңдеген бала каза тапкан.

Хебей провинциясында калың каар жаашынан мектептин төбөсү кыйрап 3 окуучу: 2 кыз, 1 бала каза болушту. 28 бала жабыр тартып, жергиликтүү ооруканада аларга жардам көрсөтүүлүдо.

Бул Хебей провинциясында 50-жылдан берки эң катаал каар жаашы болду. Провинциянын борбору Шижашхуаньда мектептерди жабууга буйрук берилди.

Ушундай эле мектептин төбөсүнүн кулашынан коңшу Хенан провинцияда 1 бала каза таап, бир нечеси жаракат алышты. Алардын үчөөсү оор абалда. Кытайдагы көпчүлүк мектептер эң начар абалда.

2008-жылкы Сичуаньдагы жер титирөөдө мектептин кулашынан миңдеген бала каза болгон. Мектепке жакын имараттар кыйраган эмес. Андыктан ата-энелер жергиликтүү расмийлерди коррупцияга баткан деп сынга алышкан.

Кытай премьер-министри Вен Жибао бул суроону ачык жана толук караштырууга убада берген, бирок коомчулук үчүн бул суроо бүдөмүк бойдон кала берди.

Азыркы болгон өлүмдөр кытай мамлекеттик гезитинин эмне үчүн мектептин коопсуздугу дагы эле маселе боюнча кала берүүдө деген суроосун пайда кылып, кытай балдарына жакшыраак камсыздоону талап кылууда.

 
 
Атыңыз
Фамилияңыз*
Дарегиңиз
Өлкөңүз
Email
Телефонуңуз*
* Кажет деп тапсаңыз
Пикириңиз
 
  
Сиз тууралуу жеке маалыматтар Би-Би-Си Кыргыз кызматы тарабынан сиздин суроону аткаруу үчүн гана колдонулат.
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат