|
Пакистан. Бомба чабуулу
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
Пакистандын түндүк батышындагы Пешавар шаарына жакын Чарсадда шаарында бомба жардырылып, бери дегенде 20 киши каза тапты,
деп маалымдады полиция.
Булардан тышкары 40 киши жарадар болушту. Оор жаракат алгандар Пешавар ооруканасына жеткирилди. Жардыргыч зат эл көп базардын тушундагы машинеге коюлган. Окуяга күбөө болггондор маалымдагандай, жардыруунун күчүнөн тегеректеги имараттар катуу жабыркаган. Телеберүүдөн өрттөнгөн машине, кыйраган дүкөндөр көрсөтүлдү. Сонку 3 күн ичинде Пешавар аймагында үчүнчү жолу бомба жардырылууда. Алардын 15 киши каза тапты. Чабуулдар карапайым кишилерге каршы багытталганы байкалууда дейт эксперттер. Пакистан армиясы өткөн айда Вазиристан аймагындагы талибдерге каршы чабуулга өткөдөн бери жан кечти бомбачылардан 300дөн ашуун киши курман болду. |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||