BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 06 Ноябрь, 2009 16:45 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
АКШ аскер базасындагы ок атышуу
 
Базадагы аскерлер
Базадагы аскерлер

АКШ армиясынын офицери Техастагы аскердик базада 13 жоокерди атып өлтүрүп, 30 чамалуусун жаракат кылды.

Мусулман дининдеги Майор Нидал Малик Хасан өзү жарадар болуп, кайтаруу алдында ооруканада жатат.

Форт Хууд базасында психиатр болуп иштеген Майор Нидал Малик Хасан медициналык борбордун тушунда жоокерерге карай ок чыгарган.

Ал жакын арада афганистанга жөнөтүлмөк.

Президент Обама бул окуяны акылга сыйбаган зомбулук деп атап, курман болгондордун туугандарына көңүл айтты

 Америкалык аскерлер ансыз да сыртта согушуп жүргөндө жоокерлердин өз жеринде каза табышы өзгөчө кейиштүү, деди Барак Обама.
 
Барак Обама

АКШ армиясы менен Эф-Би-Ай (FBI) тергөөчүлөрүнүн эң негизги максаты – бул өлтүрүүнүн себептерин аныктап, анын алдын ала белгилери болгонбу деген суроого жооп табуу.

Атышуу болгон “Fort Hood” аттуу аскердик базасы – дүйнөдөгү эң ири аскердик базалардан. 850 чарчы километр аянтта жайгашкан бул базада 45 000 аскер кызмат өтөйт.

Алардын кыйла бөлүгү аскердик операцияларга жөнөтүлүп турат. Ирак менен Афганстандагы миссияга аскердин көбү – ушул “Fort Hood” базасынан жөнөтүлгөнү – базанын өзүнө да, анын жанындагы Киллиин шаарчасынын тургундарына да залакасын тийгизди.

Согушта бул базадан кеткен жүздөгөн аскерлер набыт болду. Аларды кеңири эскерүүгө жергилитктүү мектептер да катышат. Мектептерде согушта ата-энесин, бир туугандарын жоготкон балдардын саны арбын.

Аскерлер саны абдан көп Фort Hood базасы бир топ кабатырланууларды жаратып келген. Дегеле, АКШ армиясында согушка катышып келген аскерлердин психикалык абалы – көйгөйлүү маселе.

Мурунку командир бул маселени чечүүгө аракеттенип, атайын кадамдарга барган. Буга карабастан, үстүбүздөгү жылы эле бул базада он аскeр өз өмүрүн кыйган.

 
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат